Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Үч ааламды бириктирген “Саякбай” тасмасы


Кыргыздын залкар инсандарын бириктирген тасмада Чыңгыз Айтматовдун ролун жазуучунун уулу - Элдар Айтматов, Саякбайдын ролун - актер Марат Жанталиев ойногон.

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасынын бет ачары 24-августта Канадада, 7-сентябрда Кыргызстанда өттү. Жергиликтүү кино күйөрмандары аталган фильм менен эгемен кыргыз киносунда эпикалык жанр башталганын айтып жатышат. Ошол эле учурда тасмадагы башкы каармандар, айрым эпизоддор тууралуу сын-пикирин билдиргендер да бар.

- Манас болгонбу? Же кыргыз эли өксүгөнүнөн улам Манастай баатырды ойлоп чыгарган каарманбы?

- Болгонбу дегени эмнеси? Манас бар да. Манас болбосо кыргыз эли сакталып калат беле да, мен Манас айта алат белем. Өзүңөр тамгага түшүрүп, 600 миң сап деп санап чыктыңар го. Манастын бардыгынан, улуу касиеттин күчүнөн улам айтыла турган ыр саптар төбөмдөн куюлуп жатпайбы...

Бул “Саякбай” тасмасындагы башкы каармандар Чыңгыз Айтматов менен Саякбай Каралаевдин сүйлөшүүсүнөн үзүндү.

"Саякбай манасчы" тасмасынын басымдуу бөлүгү улуу манасчы жашаган Көлдүн күңгөй тарабындагы Ак-Өлөң, Тоң айылдарында жана Боз-Салкын жайлоосунда тартылды.
"Саякбай манасчы" тасмасынын басымдуу бөлүгү улуу манасчы жашаган Көлдүн күңгөй тарабындагы Ак-Өлөң, Тоң айылдарында жана Боз-Салкын жайлоосунда тартылды.

Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма негизинен Саякбай манасчы менен атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.

Кыргыздын залкар инсандарын бириктирген тасмада Чыңгыз Айтматовдун ролун жазуучунун уулу - Элдар Айтматов, Саякбайдын ролун - актер Марат Жанталиев ойногон.

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова фильм тууралуу өз оюн айтып жатып, тасмада эки улуу инсандын мамилесинин кичинекей гана бир үзүмү баяндалганын кеп кылды:

- Чыңгыз Төрөкулович Саякбай Каралаевдин өнөрүн аябай барктап, өзүнчө, өзгөчө мамиле кылар эле. Ал убакта азыркыдай манасчылар көп болгон эмес. Чыңгыз Төрөкулович "Манас" китебин чыгарганга аракет кылды. Азыр ал убактагы идеологиялык каршылыктарды эч ким билбейт. "Манас" китебин чыгаруунун тегерегинде канчалаган салгылашуулар болду. Бул ишке канчалаган окумуштуулар өз өмүрлөрүн беришти. Чыңгыз Төрөкулович да өз алдынча аракет кылды. Бул фильмде эки инсандын мамилесинин бир үзүмү гана чагылдырылган экен.

Айтматова ал эми Чыңгыз Айтматовдун образын жараткан уулу Элдар Айтматовдун актерлук чеберчилиги тууралуу көрүүчүлөр баа берсин деди.

Мария Айтматова.
Мария Айтматова.

Тасмада Манас ааламы, Саякбай Каралаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү, улуу манасчыларга гана тиешелүү аян алуу түшүнүгү азыркы көрүүчүлөргө жеткиликтүү тил менен баяндалып берилген.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Саякбай тууралуу китеп жазган Каныбек Иманалиев кеп салды:

- Негизи бүгүнкү мезгилде эпиканын заманы бүткөн. Азыр аны киного алып келүү өтө татаал. "Саякбай Каралаев аян алыптыр" десе азыркы мезгилдин көрүүчүсү анын кантип аян алганын түшүнбөйт. Андыктан аянды өзүбүзгө түшүндүрө албай жатып аны чет жакка алып чыгып жогорку байге алыш - кыргыз киносунун өнүгүүсүндөгү жакшы саамалык. Саякбай өзүнүн жөнөкөй жашоосунан кантип эпикалык дүйнөгө өтүп кетти? Муну кинонун тили менен бериш өтө татаал. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров ошол сезимди көрүүчүлөргө жеткире алган.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 24-августта Канадада өтүп, эл аралык Монреал кинофестивалынын "Мыкты инновациялар үчүн" категориясында "Алтын Зенит" сыйлыгына татыган.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев.
Улуу манасчы Саякбай Каралаев.

Акценти бар Айтматов жана “Бопуш”

Фильм буга чейин чакан чөйрө үчүн жабык көрсөтүлүп, кинону көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү тасма мыкты деңгээлде тартылганын айтса, айрым киносүйүүчүлөр актерлук курамдын тандалышын сынга алышкан. Мында алар Элдар Айтматовдун орусча акцент менен сүйлөгөнү, мурда сахнада "Бопуш" деген ат менен таанымал болгон сатиралык актер Марат Жанталиевдин Саякбайдын ролун ойногону коошпой калганын айтышкан эле.

Каныбек Иманалиев мындай пикирлерге кошулбайт:

- Мен да башында күмөн санадым эле. Бирок баары сонун болду. Биринчиден, актердун өң-келбети Саякбайга кадимкидей окшогон. Экинчиден, эпоско кирген кишинин жүрөгүндө дух болуш керек. Мен бул актердон Саякбай тууралуу китеп жазган киши катары анын духун сезе алдым. Тасмада Саякбайдын басканы, кылык-жоругу, куудулдугу баары жогорку чеберчиликте аткарылды. Маратка ошол учурда да, азыр деле Саякбайдын образын жаратуу боюнча атаандаш жок. Өңү төп келишкен, чыныгы драматургиялык актер. Үчүнчүдөн жүрөгүндө, көңүлүндө Манастын духу жалындап тургансыйт. Мага Элдар Айтматовдун ойногону деле жакты. Ошол доордо Москва, Европа маданиятын өзүнө сиңирип жаткан жаш Чыңгыз Айтматовдун тилинде өзүнө тиешелүү акценти болушу мүмкүн эле.

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров көрүүчүлөрдүн мындай сын-пикирлерин четке кагып, аны төмөнкүдөй чечмеледи:

- Биринчиден, эгерде жазмалардан жакшылап угуп көрсөңүздөр Айтаматовдун сүйлөгөн сөзүндө өзүнө тиешелүү акцент болгон. Туура, ал кыргыздын нукура тилинде мыкты сүйлөгөн. Бирок баары бир кыргызчасында да, орусчасында да өзүнө тиешелүү акценти болгонун байкаса болот. Анан калса Элдар Айтматов өзү кыргызча сүйлөй албайт экен. Бирок Айтматовду жакындан билгендер Элдар ойлонуп, таптап сүйлөгөн жагынан атасынын образын ача алганын айтып жатышат. Ал эми Марат Жанталиев мурда куудул болгонбу, болбогонбу, ал көрүүчүлөрдүн көйгөйү. Биз бүгүн Саякбай Каралаевдин образын жараттык. Он жылдан кийин Жанталиевдин Бопуш болгону унутулуп кетет.

Эрнест Абдыжапаров (солдо) "Саякбай" тасмасын тартуу учурунда.
Эрнест Абдыжапаров (солдо) "Саякбай" тасмасын тартуу учурунда.

Саякбай Каралаевдин образын жараткан актер Марат Жанталиев өзү бул образды жаратууда кандай түйшүк тартканын айтып берди:

- Биринчиден, Саякбай атабыз жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү инсан. Бир аз туура эмес кыймыл менен анын образын бузуп алышым мүмкүн эле. Эл тааныган тарыхый инсанды так өзүндөй жаратуу бир топ түйшүккө салды. Мен Саякбай атабыздын көп эле жоруктарын угуп жүргөн элем. Бапылдаган, бир аз өктөм, зыңгыраган киши болгон дешет. Мен ошол жагын көрсөтөйүн дегем. Бирок Эрнест менден манасчынын жан дүйнөсүн ачып бер деди. Мага Саякбай атабыздын ички дүйнөсүн ачыш чынында эле кыйын болду.

Бет ачардан кийин актер улуу инсандын образын жаратканына толкунданып, сүйлөп атып жаш баладай жашып кетип турган жеринен жолуктук:

- Бир нерсени айтайын: Саякбай атанын костюмун кийип, гриммденгенде эле образ өзүнөн-өзү чыгып жатты. Мен тынбай репетиция кылып "момундай аткарам, тигиндей аткарам" деп атайын деле аракет кылган жокмун. Ал кишинин кийимин кийгенде эле образдар өзүнөн-өзү келе баштады. Ишенесиңерби ушуга... Мен да таң калдым. Мына менин байбичемди аткарган Тынара Абдыразаева турат.

Саякбай Каралаевдин ролун үч актер ойногон: Марат Жанталиев манасчынын карыган кезин ойносо, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу, ал эми бала чагын Үмөт Дөөлөт уулу аткарган.

"Саякбай" тасмасын тартуу учурундагы кадр.
"Саякбай" тасмасын тартуу учурундагы кадр.

Манасчынын жубайын аткарган актриса Тынара Абдыразаева өзү жараткан образ тууралуу мындайча кеп кылды:

- Манасчынын байбичеси тууралуу тарых бетинде жазылып калган. Албетте, андан алыс кете албайсың. Бул жерде мен эң негизгиси ошол аялдын мээримдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн, манасчынын аялы элем деп чалчактабаган ыйык аялдын образын жаратканга умтулдум. Бирок ошол эле учурда ал манасчынын жакасына чаң жугузбай жакшы караган, курсагын ачырбаган жубай болгонун көрсөттүм. Бейшекан апабыз Саякбай атабызга түнөгөн, жылытма тамак берген эмес экен. Эми ал кандай деңгээлде чыкканын көрүүчүлөр өздөрү баалайт чыгар.

Тасманын сыймыгы жана сыйлыгы

Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов тасмадан алган таасири менен бөлүштү:

- Мен кинонун көрүп отуруп кыргыз болуп калганыма дагы бир жолу кубандым. Бул тасма кайсы кыргызды болбосун, керек болсо "киргиздерди" да Манастын урпагы болуп калганына сүйүндүрөт деп ойлойм. Фильмде негизги бере турган ой: бизде Манас деген өлбөс-өчпөс улуу өнөр бар, биз түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз элибиз деген түшүнүк болгон деп эсептейм.

Күмөндөр Абылов.
Күмөндөр Абылов.

"Саякбай" тасмасынын сценарийи 2015-жылдын октябрь айында жазылып, бир жарым жылда тартылып бүттү. Фильмдин сценарийинин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров тасманын Монреал кинофестивалынан алган сыйлыгынын жөн-жайын түшүндүрүп берди:

- Бул номинация кино жаатындагы ачылыш деген сыйлык экен. Менимче, бул өтө жогорку деңгээлдеги сыйлык. Анткени булар Манас дүйнөсүн биринчи таанып жатышат. Ошол сырдуу дүйнөнү кантип түшүндүрүп бергенибизге таңкалып жатышат. Анын чыгармачылык жана техникалык ыкмасына баа берип, кино жаатындагы ачылыш деп сыйлык беришкени менин оюмда зор эле сыймык .

Каныбек Иманалиев бул тасма кыргыздын эң мыкты тасмаларынын катарына кошулат деген ойдо:

- Кино чынында эле накта кино болду. Карасаңыздар, Орусия жылына киного эки миллиард доллар бөлөт. Бул Кыргызстандын бюджети менен барабар. Бирок алардын тасмалары биздин "Атанын керези", "Саякбай" жана башка тасмалар алган сыйлыктарды ала элек. Саякбайга бюджеттен бир тыйын кеткен жок. Биздин жигиттер көчөдө жүрүп иштеп, дүйнөлүк кинонун бийиктиктерин багындырып жатат. Булардын баарына рахмат айтыш керек, сценарий жазгандарга, режиссерлорго, актерлорго, алардын демөөрчүлөрүнө.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Фильмди тартуу иштери "Саякбай манасчы" коомдук фонду тарабынан каржыланып, "Кыргызфильм" студиясы техникалык жактан колдогон.

Саякбай Каралаев - XX кылымдын Гомери

XX кылымдын Гомери деп аталган Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин Мелис Убукеев, Болот Шамшиевдер да тасма тарткан.

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон.

Саякбай Каралаев.
Саякбай Каралаев.

1921-1931-жылдары Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.

1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү, 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, "Ардак" грамоталар менен сыйланган.

1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн.

Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда Саякбайдын "Манасы" көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG