Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:06

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Берлинале фестивалында өттү. Панорама аталган, конкурстан тышкаркы бөлүгүнө тандалган фильмди беш ирет көрсөтүү пландалган.

“Ат адамдын канаты” деп башталган тасма күлүк аттарды уурдай качып минген, айылдыктар Кентавр деп атаган, бирок чын ысымы белгисиз каармандын турмушун чагылдырат. Окуя тереңдеген сайын чоң темалардын, идеологиялардын карама-каршылыктарын көрүүгө болот.

Кентавр өзүн, кудайын издейт. Камбар ата тукумун аяп, анын ыксыз союлушуна каршы турат. Бирок таптакыр өзгөрүп калган коом түшүнбөй, аны ууру атайт. Анан Кентавр билинбеген карама-каршылыктарга туруштук бере албай калганын түшүнөт.

Фильмде берейин деген өзөк тууралуу режиссер Актан Арым Кубат:

- Өзүбүздүн маданият, каада-салтыбызды сактап калбасак, мунун акыбети кандай болорун билбей турам. Кинодогу мечиттин ичиндеги окуя өз башымдан өткөндөр. Советтер Союзу кулгандан кийин, бала чагымдагы кинотеатрды диний жай кылууга алып коюшкан. Сценарий жазылып баштаганда эле ички толгоолорумдун баары бир жерге келип калды. Бекеринен каарманды Кентавр деп атаганым жок. Биздин коомго нааразымын. Же адам, же айбан эмес, оорулуу коомдо жашап атабыз. Атасы кызын, бир тууганы карындашын зордуктаган окуя кыргызда качан болчу эле?! Ууру коомдо жашап жатабыз. Буга өзүбүз да күнөөлүүбүз. Ыйманыбызды жоготуп алдык. Ыйман дегенде аны исламга байлабаш керек. Ыйман ар бир үй-бүлөдөгү адеп-ахлак. Тарбияны өз ата-энемден алдым. Ал кишилер эч качан ыйманды дин менен ченеген эмес. Советтер союзун кабыл алышты, теңирчилик менен жуурулуштуруп исламды да кабылдашты. Ошонун баарын айкалыштырып эл болуп келе жатканбыз да. Бүгүн эле анын баары болбойт, “каапырчылык” десе чочулайт экенсиң. Кино ошол чочулаган сезимдердин жыйындысы. Менин куралым кино. Ал аркылуу үнүмдү угуза алам. Ошондуктан кыргыздын руханий байлыгы, адеп-ахлагы тууралуу кино тарттым.

Таланттарды күткөн кыргыз киносу

Бүгүнкү күндө кино тармагында актерлор тартыш. Кино ишмерлери айрыкча башкы каармандын образын жарата турган жаш актерлор жана абышкалардын образын жарата турган улуу муундагы актерлорду табуу кыйын экенин айтышат.

Канчалык бул кино да деп, андагыларды сырттан карагың келгени менен ар бир кадр Кыргызстандын чыныгы абалын сүрөттөйт. Кинодо диний, салттык маселелерден башка да социалдык көйгөйлөр чагылдырылган. Биз көрбөгөн, же көңүл бурбаган айрым калпыстыктардын акыбети оор болорун эскертет режиссер:

- Байкасаңар фильмде базардагы аял, Марипага (баш каармандын дудук аялы) кагазга бир нерсе жазса, ал түшүндүрүп атпайбы, мен кыргызча түшүнбөйм, оруча жаз деп. Көрсө бизде дудуктардын баары кыргызча түшүнбөйт экен. Алар орусча окушат. “Силер кыргыз тилин өнүктүрөм дейсиңер, биздин дудуктар кыргызча сүйлөмөйүн тилди өнүктүрө албайсыңар” деп саясатчыларды тамашалачу болдум.

Германия, Франция, Голландия жана Кыргызстан биргеликте тарткан тасмада баш каармандын образын Актан Арым Кубат өзү жаратты. Ал баш каармандын ички дүйнөсүн ачууда кыйналган эмес. Анткени, Кентавр экөөнүн жан дүйнөсү окшош:

- Өзүм апенди чалыш, бала кыял кишимин. Сценарий жазылып баштаганда эле, каармандын кандай болорун элестетип турасың. Мисалы “Свет аке” тасмасында баш каарманды көпкө издеп, Казакстанга чейин бардык. Анан операторум Хасан Кадыралиев “өзүң тартылып көрбөйсүңбү” деп калды. Эми болсо образ “мык каккандай” болгон, башка кишини элестете алмак эмеспиз деп жүрүшөт. "Кентаврды" азырынча эч ким көрө элек. Бирок өзүм тартылышым керек болчу (каткырып күлдү). Бул эми тамаша, бирок ичи таза, жарык актерлорду таппай койдум.

Актан Арым Кубаттын айрым кинолору буга чейин эле коомчулукта өзгөчө талкуу жаратып келген. “Кентавр” да ошондой талашка жем таштарынан шек санабаган режиссер, биресе андан чочуласа, биресе маңдай-тескей талкууга даяр:

- Чыгармачыл адамдарда мындай көрүнүштөр болуп келет. Коомдогу терс окуяларга каршы жүрөсүң. Мен динди терең билбейм. Курандын бул сүрөөсүн окудуң беле деп сураса, талкууда уят болуп калышым мүмкүн. Бирок мен турмушту билгендей алар турмушту билбейт го деп ойлойм. Ошондуктан жалпак тил менен маектешүүгө чакырса, мен даярмын. Азыр айтып жаткан нерселеримди, ошондо да айтып берем. Кандай адам маданиятыбызга жана тилибизге каршы болоорун билбей турам.

Режиссер бул тасмасы курулай талаш гана жаратпастан аңдап түшүнө билген адамдын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, өзүбүздү таанууга, өтмүшүбүз менен азыркыбыз жана болочогубузду башкача кароого түртөт деп ишенет. Кино көрсөтүлгөн күндөн тарта эле Берлинде талкуу-талдоолор башталды.

Белгилүү казакстандык киносынчы Гүлнара Абыкеева фильмди Берлинде көрүп, Фейсбук баракчасына:

"Бул фильм-притча баарыбыз, табият дүйнөсү менен байланышын жоготкон көчмөндөр тууралуу. Бул бизге таңууланган баалуулуктар менен жашаганыбызга каршы фильм-протест" деп жазды.

Быйыл Берлиналеде көрсөтүлгөн борборазиялык жалгыз фильм экенин белгиледи.

Берлинале кино бийиктигинен алганда "А" класстагы делген, эң абройлуу фестивал. Ага быйыл баш-аягы 400дөй тасма катышууда.

Кыргыз киносунун тарыхында 1985-жылы Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” фильми бул фестивалдын “Күмүш аюу” байгесин уткан. Эгемендүүлүк жылдары “Кентаврдан” башка Бакыт Карагуловдун “Бороондуу бекети” Эрнест Абдыжапаров “Айыл өкмөтү”, Марат Сарулунун “Алтын кыргоолу” көрсөтүлгөн.

Самара Сагынбаева, атайын "Азаттык" үчүн, Берлин

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG