Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстанда жылына жүзгө жакын актер атайын адистикке ээ болот. Бирок алардын ичинен он чактысы гана өз кесиби боюнча жумушка орношо алат.

Калган жаш актерлор жан сактоонун айынан башка пайдалуу иштерге кетип жатышат. Жумушка орношкондордун айлык акысы деле чеке жылытпайт. Андыктан учурда жыйырма жылдап бул кесипти аркалап келаткан таанымал актерлор да өз кесиптерин алмаштыра баштады.

“Мезгил жана Алыкул" тасмасында башкы ролду ойноп, көрүүчүлөргө Алыкул Осмонов катары таанылган театр жана кино актери Чыңгыз Мамаев учурда өз кесибин алмаштырууну ойлоп жүрөт. Жыйырма жылдан бери “Учур” мамлекеттик жаштар театрында иштеп келаткан актер ушул күндөрү өзүнүн чыгармачылык келечеги туман экенине көзү жетип, шаабайы сууп турган кез:

- Азыр жаш актерлор жумушка 2-категория менен киришет. Бул категориядагы актерго колуна тийген айлыгы 3800 сом. Бул акча менен алар кантип жашайт? Ижарасына төлөйбү? Тамак-ашына төлөйбү? Баягы эле байкуш ата-энелердин моюнуна отурганга туура келет. Иштеп жүрөм дегени менен кант, чай, май, туз айылдагы ата-энелерден келет. Бул кесипти таштап коёюн десе ушул адистикти көксөп беш жыл окуп алышкан.

Ушундай акыбалдан улам жаш актерлордун дээрлик көбү жумушун таштап кетүүгө мажбур болот:

- Мындай абалда беш-алты ай иштегенден кийин акылдуулары Орусияга иш издеп кетет, же башка жумуштарга которулат. Биздин колубузга 5300 сом айлык тиет. Эсептеп көрсөм бул акча театрга барып келген жол киреме, түштөнгөнүмө, баскан-турганыма эле кетет экен. Үйгө эч нерсе алып келбейт экенмин. Келечегим бүдөмүк болуп турат,- дейт Чыңгыз Мамаев.

Испанияда таанылган каскадер Чыңгыз

Чыңгыз Асанбек - Испаниядагы таанымал жаш каскадерлордун бири. Ал киного тартылып, телешоуларга катышып, Каталониянын “Гауди” кино сыйлыгына да татыган.

Үч баласы менен ижарада жашаган актер үй-бүлөсүн багуу үчүн тойлорго алып баруучу да болуп көрдү. Бирок жылдан-жылга тамадалар көбөйүп кеткендиктен азыр аны тойго чакыргандар жокко эсе. Эми актер мындан ары кантип жашаарын, үй-бүлөсүн кантип багаарын билбей турат. Соода-сатыкка же курулуш иштерине барууну ойлоп, бирок ал иштер колунан келерине ишенбейт.

Кыргыз театрында мындай кырдаалга туш болгон актер жалгыз гана Чыңгыз Мамаев эмес. Ал менен чогуу Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын бүтүп келген, түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалында Султан Сулаймандын үнүн коштогон, “Учур” театрынын таанымал актеру Жолдошбек Жанжигит уулу да өз кесибин алмаштырууга мажбур болду:

- Театрдын абалын көрүп жатабыз. Андыктан “башка оокат кылалы, бул кесип менен үй-бүлөнү бага албайт экенбиз” деп мен быйыл Москвадагы Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшыргам. Ал жерде парламент жана парламенттер аралык факультетинен билим ала баштадым. Дагы эки жыл окуйм. Ал жакты бүтүп келген соң башка кесипке кетүүгө туура келет. Анткени балдар чоңоё баштады. Беш миң сом айлык менен балдарды окутуш кыйын го.

Жолдошбек жаш курагы отуздан өтсө да актерлук кесипти аркалайм деп ата-энесинин, тууган-уруктарынын колун карап келгенин, эми деле аталган окуу жайды жакындарынын жардамы менен бүтүп алууну пландап турганын жашырбайт.

Өз унутуп, өзгө баалаган кыргыз каскадерлору

Кыргызстандын айтылуу Үсөн Кудайбергенов аркылуу айрыкча даңазаланган каскадерлер мектеби бүгүн да барк-баадан кем эмес. Алды Голливуд киноиндустриясы баштаган эл аралык кинодолбоорлорго катышып, арты кошуна өлкөлөрдүн киностудиялары менен кызматташып жатышат. Бир гана өксүгү – кыргыз кинотармагында каскадерлорго суроо-талап аз.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, учурда көптөгөн шакирттерди тарбиялап жаткан Калича Сейдалиева жыйырма жылдап театрда иштеген актерлор мындан ары кантип жашай турганын аныктай албай бозоруп отурган маалда окуу жайды жаңы бүтүп жаткан жаш актёрлор андан да кыйын абалда экенин белгиледи:

- Мен өзүм билим берип жаткан балдарга ичим ачышат. Чоң-чоң театрларда иштей турган студенттерим бар. Эртеңки күнү дагы бир Жумадылов, Күйүкова, Кыдыкеева чыгыш керек да. Мен азыр жаштардын арасында таланттуу жаштар жок деп айта албайм. Мыкты, таланттуу студенттерибиз бар. Заманга жараша балдарыбыз алдыга кетип жатат. Жумадылов боло турган балдар бар. Бирок биз аларга сөзсүз шарт түзүп беришибиз керек.

Режиссер Бейшенбек Мамбетакуновдун айтуусунда, Совет мамлекети мезгилинде Кыргызстанда актёрлор даярдалчу эмес. Адистерден түзүлгөн атайын комиссия төрт-беш жылда жыйырмадай баланы тандап алып, Москвага же Ташкенттеги театралдык окуу жайларга жөнөтүп турган:

- Чынын айтканда алардын мектеби аябай күчтүү болгон. Советбек Жумадылов, Шалтаев, Сейдакматова, Ажибекова сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин аты чыгып келаткан актёрлорубуздун көбү ошол Москвадан, Ташкенттен бүтүшкөн. Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда актерлор даярдала баштады. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта жана "Манас" университетинде, драма театрлардын алдындагы студияларда актёрлор даярдалып жатат. Эгерде салыштыра турган болсок, биз даярдаган адистерден мурда Москвадан бүтүп келгендей көрүнүктүү актёрлор чыкпай жатканы ойлондурат.

Мамбетакуновдун пикиринде, буга мыкты драмалар аз жазылып, спектаклдер байма-бай коюлбай калганы, театрлар өз көрүүчүлөрүн жоготуп койгону, дегеле мамлекет тарабынан драма искусствосуна көңүлкош мамиле жасалып жатканы да себепчи.

Учурда Кыргызстанда 23 драма театр бар. Бирок алардын жарымы гана иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG