Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Испанияда таанылган каскадер Чыңгыз


Чыңгыз Асанбек
Чыңгыз Асанбек

Чыңгыз Асанбек - Испаниядагы таанымал жаш каскадерлордун бири. Ал киного тартылып, телешоуларга катышып, Каталониянын “Гауди” кино сыйлыгына да татыган.

Испанияга төрт жашында барган Чыңгыз учурда Порт-Авентура паркында шоу көрсөтүп, атактуу футболчулар менен ар кандай жарнамалык видеолорго да тартылып жүрөт. 22 жаштагы Чыңгыздын өнөрү, алыскы өлкөдөгү жашоосу тууралуу атасы Асанбек Кубатали "Азаттыкка" айтып берди.

"Азаттык": Асанбек мырза, Испанияга барганыңыздарга канча болду? Испан жергесине кантип отурукташып калдыңыздар?

Асанбек Кубатали: Испанияга келгенибизге 18 жыл болду. Анда Чыңгыз төрт жашта болчу. Мен өзүм сүрөтчүмүн, ошол кесибим боюнча эле келгем. Ушул күнгө чейин сүрөтчү болуп иштейм.

"Азаттык": Испаниянын кайсы шаарында жашайсыңар? Чыңгыздын өнөрү тууралуу айтып берсеңиз.

Асанбек Кубатали: Чыңгыз бул жакта биринчи класска барып, тез эле көнүшүп кетти. Тилди да тез өздөштүрдү. Барселонадан 60 чакырымдай алыс Малграт-де-Мар деген шаарда жашайбыз. Деңиз боюнда жайгашкандыктан туристтер арасында өзгөчө популярдуу шаар.

Бул жакка үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Чыңгыз балдарымдын улуусу, дагы бир уулум, анан кызым бар. Кызым бул жактан төрөлдү. Экинчи уулум Адилет Кыргызстандан келгенде бир жарым жашта болчу. Чыңгыз өзү акробатика жана чыгыш күрөшү менен машыгып жүрөт. Эки уулум тең каскадерлук курсту окушту. Учурда Чыңгыз Барселонага чукул жерде дүйнөгө таанымал Порт-Авентура көңүл ачуучу паркында шоу көрсөтөт. Ал жерге жылына үч миллиондой турист келет деп айтылат.

Чыңгыз Порт-Авентура паркында шоу көрсөтөт.

"Азаттык": Чыңгыз телешоуларга да катышат турбайбы?

Асанбек Кубатали: Ооба, көп эле ар кандай шоуларга катышып жүрөт. “Rec 3 génesis” деген аталыштагы киного тартылган, эки-үч жыл болуп калды окшойт. Ал жактан үчүнчү пландагы актер деген категорияда Каталониянын “Гауди” кино сыйлыгын алган.

"Азаттык": Демек Чыңгыз испандыктарга жакшы эле таанылып калган турбайбы?

Асанбек Кубатали: Ооба, өзгөчө интернеттеги видеолорунан көп адамдар таанып калышты. Каскадер катары “Барселона” футбол клубунун атактуу спортчулары Неймар, Месси менен чогуу ар кандай видео жарнамаларга да тартылып жүрөт. Уулум менен сыймыктанам.

Чыңгыз Каталониянын "Гауди" кино сыйлыгын алган

"Азаттык": Чыңгыз ар кандай оор акробатикалык трюктарды көрсөтүп, бийиктен секирип, от менен ойнойт экен. Сиз балаңыздын коопсуздугу үчүн чочубайсызбы?

Асанбек Кубатали: Чыңгыз бала чагынан эле аябай активдүү болчу, бир орунда тура алчу эмес. Секирип, чуркап эле жүрчү. Эч нерседен коркпойт. Андыктан биз деле көнүп калганбыз, колу-буту чыгып-сына берип, “Тез жардамдын” догдурлары да таанып калышкан. Экинчи уулум да Чыңгыздай каскадер болом дейт, ал эми кызым 6-кластта окуйт, музыка, сүрөткө кызыгат. Пианинодо ойнойт. Келинчегим балдарды карап үйдө отурат.

"Азаттык": Испаниядагы жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз?

Асанбек Кубатали: Испанияда өзгөчө аба ырайы жакшы. Негизинен ар дайым күн тийип турат. Эли, жаратылышы жакшы. Жалпысынан ак жолтой, жакшы жер деп айта алам. Бирок, албетте, өз жерибизге жетпейт. Кыргызстан деген Кыргызстан! Өзүбүздүн туулган жерибизди алмаштыра албайбыз го.

XS
SM
MD
LG