Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Оскар: Голливуд катасын оңдоду


"Ла Ла Ленд" фильми
"Ла Ла Ленд" фильми

24-январда америкалык Киноакадемиянын Оскар сыйлыктарына көргөзүлгөндөр аталды.

Былтыр талапкерлердин тизмесине жалаң ак түстөгүлөрдүн киргизилгени нааразылык толкунун пайда кылган эле. Бул жолу ар түрдүүлүк сакталгандай.

"Ла Ла Ленд" деген америкалык фильм Оскарга 14 номинацияда көргөзүлдү. Тарыхта мынча көп категорияда талапкерликке 1950-жылы тартылган "Ева жөнүндө бардыгы" жана 1997-жылкы "Титаник" деген тасмалар ээ болгон. Жылдын мыкты фильми деген номинацияда ошондой эле "Ай нуру", "Келүү", "Деңиз боюндагы Манчестер", "Лион", "Жашырылган кептер" жана башка фильмдер көргөзүлдү.

Чет өлкөлүк фильмдер категориясында Киноакадемиянын сыйлыгына иргелгендер арасында ирандык режиссер Асгар Фархадинин "Сатуучу" деген фильми, ошондой эле даниялык, швециялык, австралиялык жана германиялык тасмалар бар.

2012-жылы ушул эле режиссердун "Ажырашуу" деген тасмасы Иранга биринчи жолу Оскар сыйлыгын алып келген.

Быйылкы сыйлыктардын белгилей кетчү, саясий жактан маанилүү жери – афроамерикалык кинематографисттердин номинациялары. Өткөн жылы алардын талапкерлер арасында аздыгы чоң жаңжалга, бойкот жана териштирүүлөргө жем таштаган.

Оскар сыйлыгын ыйгаруу менен алектенген уюмдун төрайымы Черил Боун Исаакс мындай ар түрдүүлүктү өткөн жылы түзүлгөн карама-каршылыктуу жагдайга реакция катары баалоодон алыс.

Афро-америкалык киносынчылар ассоциациясынын жетекчиси Жил Робертсон жогорудагы сөздөргө кошуларын айтты:

- Өткөн жылы ушу маалда бул фильмдердин көбүнүн үстүнөн иштеп жатышкан. Фильмди тартып, чыгаруу көп убакытты талап кылган узун процесс. Азиялык жамааттын мисалынан көрүп тургандай алдыда дагы көп иштер жасалууга тийиш. Америкадагы азиялыктардын жамаатындагылардын көбү талапкерлер арасында алардын өкүлдөрү көбүрөөк болсо деп каалашат.

Быйылкы номианттарды демейдегидей түз эфирде эмес, алдын ала жазылган видео аркылуу жарыяланды. Боон Исаакс бул өзгөрүүнү Академиянын эл аралык коомчулукка мындан да жакын болууну көздөгөнү менен түшүндүрдү.

- Бул биздин акыркы жылдардагы эң чоң демилгебиз. Глобалдуу уюм экенибизге басым жасайбыз. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мыкты режиссерлорго, киноөнөрчүлөргө жетүүнү, аларды кино жөнүндөгү талкууларга тартууну каалайбыз. Өзүңөр билгендей, көбүн Академияга мүчө катары алып келдик. Бул жагынан бир топ аракет көрдүк. Кино тармак барган сайын, күн санап глобалдуу болуп баратат.

Адистер Голливуд чет өлкөдөгү рынокторго көбүрөөк көңүл бурууга аракеттенүүдө дешет. АКШдагы киностудиялар тарткан фильмдерден түшкөн киришенин басымдуу үлүшү океандын ары жагындагы өлкөлөргө туура келери белгиленет.

Былтыр Оскарды тапшыруу аземин бойкоттоо өнөктүгүн уюштургандардын бири Нажи Али бул жолу да каршылыгын билдирүүнү чечти.

- Көп нерсе өзгөрдү, бул үмүт туудурат, оптимисттик маанайды жаратат. Биз нааразылык акциясы, бойкот аркылуу бир топ нерселерди өзгөрттүрдүк. Ар бир адамды угушмайынча, Академиянын маңдайына чыгууну токтотпойбуз. Себеби Голливуддагы ар түрдүүлүк бул каралар менен актар гана маселеси эмес.

Киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу боюнча 89-азем быйыл 26-февралда Лос-Анжелесте өтмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG