Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Актриса менен музыканттын махабаты жеңди


"Ла-ла-ленд" музыкалык тасмасында башкы ролдорду аткарган Райан Гослинг жана Эмма Стоун.
"Ла-ла-ленд" музыкалык тасмасында башкы ролдорду аткарган Райан Гослинг жана Эмма Стоун.

АКШда “Алтын глобус” киносыйлыгынын ээлери белгилүү болду. Жекшембиде өткөн сыйлык тапшыруу аземинде жаш актриса менен музыканттын махабатын баяндаган “Ла-ла-ленд” тасмасы быйыл жети номинация боюнча “Алтын глобуска” татыды. Сыйлык тапшыруу аземи саясий билдирүүлөр менен да коштолду.

Романтикалык “Ла-ла-ленд” мюзикл-тасмасы быйыл “Алтын глобуска” көрсөтүлгөн жети номинация боюнча сыйлык алды. Жаш актриса менен музыканттын махабаты жана чыгармачылыгы тууралуу тасма “Мюзикл жана комедия” номинациясы боюнча мыкты деп табылды.

Мындан тышкары тасма “Мыкты сценарий", "Мыкты саундтрек", "Мыкты режиссердук иш” номинациялары боюнча да “Алтын глобус” алды. Ал эми башка ролдорду аткарган Райан Гослинг менен Эмма Стоун "Мыкты актер" жана "Мыкты актриса" деп табылды. 28 жаштагы актриса Эмма Стоун “Алтын глобусту” биринчи жолу алып жатып буларды айтты:

- Бул кыялкечтер үчүн тасма. Мен үмүт жана чыгармачылык жашоодогу эң маанилүү нерселердин бири деп ойлойм. Бул тасма дал ошону баяндайт. Ошол себептен кастингден тандалбаган, убагында таланты байкалбай калган ар бир чыгармачыл адам изденүүсүн токтотпой, алдыга карай умтула бериши зарыл. Мен ошол сезим менен бөлүштүм. Бул үчүн силерге рахмат. Ыраазымын.

Америкалык актриса Эмма Стоун.
Америкалык актриса Эмма Стоун.

Фестивалдын калыстар тобу жылдын мыкты драмалык тасмасы деп Барри Женкинстин “Айдын нуру” фильмин табышты. Анда афроамерикалык Широндун Майамиде маңзат соодасы күчөп турган маалдагы жашоосу баяндалат.

Эң мыкты драмалык актер деп Кеннет Лонергандын “Деңиз жээгиндеги Манчестер” фильминдеги ролу менен Кейси Аффлек аталды. Ал эми аял актрисалардын арасынан Пол Верховендин “Ал” аттуу фильминдеги башкы ролу менен Изабелла Юппер утуп алды. Буга чейин "Мыкты актриса" наамын “Жекки” тасмасындагы Жаклин Кеннединин ролун ойногон Натали Портман алат деп күтүлгөн. Ал эми “Ал” тасмасынын өзү "Чет тилдеги мыкты тасма" деп табылды.

Белгилүү актриса Мерил Стрип кинематографияга кошкон салымы үчүн Сесил Блаунт Де Миллянын атайын сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты алып жатып актриса АКШнын шайланган президенти Дональд Трампты да сөзүнө кошо кетти. Бирок анын ысымын бир да жолу атаган жок.

- Быйыл бир атактуунун сүйлөгөн сөзү мени абдан таң калтырды. Албетте жакшы жагынан эмес, бирок ал өтө эффективдүү болгондуктан элдин күлкүсүн келтирип, маанайын көтөрдү. Өлкөдөгү эң жогорку кызматка өзүн көрсөткөн адам майып кабарчыны мазактап, андан жогору турарын, бийлиги бар экенин көрсөттү. Тилекке каршы бул кинодо эмес, чыныгы жашоодо болду. Эгер сен күчтүү болсоң алсыздарды кемсинтсе болот экен деген сезим коомдо да жайылат. Эгер дүйнөдөгү күчтүүлөр башкаларды кемсинте баштаса, демек биз утулдук.

"Алтын глобус" сыйлыгынын алты жолку ээси Мерил Стрип.
"Алтын глобус" сыйлыгынын алты жолку ээси Мерил Стрип.

Дональд Трамп жообун көп күттүрбөй кайтарды. Ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына “Голливуддагы өзүн жогору сезген актрисалардын бири Мерил Стрип мени жакын тааныбайт, бирок өткөн түнү “Алтын глобуста” мага каршы сүйлөдү” деп жазды. Трамп ошондой эле New York Times басылмасына курган маегинде мындай билдирүүлөргө таң калбаганын, анткени алар “либералдуу киночулар” экенин белгиледи. Ошондой эле Трамп актрисанын сүйлөгөнүн укпаганын кошумчалап, Мерил Стрипти “Хилларинин жактоочусу” деп атады.

Голливуддагы чет өлкөлүк прессанын ассоциациясы “Алтын глобус” сыйлыгын быйыл 74-жолу ыйгарды. Лауреаттарды уюмга мүчө жүздөй эл аралык журналист аныктайт. "Алтын глобусту" алган тасма мартабалуу "Оскар" кино сыйлыгына башкы талапкер болуп саналат.

XS
SM
MD
LG