Нобел комитети адабият сыйлыгын америкалык ырчы Боб Диланга берүүнү чечти.
Музыка тарыхында Битлзден кийинки эле экинчи орунда аталып жүргөн Дилан өзү аткарган ырлардын музыкасын гана эмес сөздөрүн да жазат. Ушуну менен Нобел сыйлыгынын 2016-жылкы лауреаттарынын бардыгы аталды.
Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда, филантроп Алфред Нобелдин өлгөн күнүндө өтмөкчү.
Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы Боб Диланга "америкалык ырлардын улуу салттарында жаңы поэтикалык сезимдерди жараткандыгы үчүн" ыйгарылды.
Швеция Академиясынын туруктуу катчысы Сара Даниустун жарыясын залда чогулгандар кол чабуулар менен тосуп алышты.
Боб Дилан тууралуу китептер.
Нобел комитетинин уставында бул сыйлык көркөм адабиятка гана эмес, формасы же стили боюнча адабий баалуулук катары саналган башка да чыгармаларга ыйгарылары көрсөтүлгөн.
Буга чейин негизги талапкерлер арасында жапониялык жазуучу Харуки Мураками, кениялык драматург Нгуги Ва Тхионго, сириялык акын Адонис жана башкалар аталып жүргөн.
Rolling Stone журналынын 2010-жылкы сурамжылоосуна ылайык, Дилан музыка тарыхында мааниси боюнча Битлз тобунан кийинки экинчи орунда турат. Time журналы болсо 20-кылымдын эң таасирдүү адамдарынын тизмесине киргизген.
Ырларды 10 жашында эле жаза баштаган Дилан 1941-жылы АКШнын Миннесота штатында төрөлгөн. Өз аты Роберт Аллен Циммерман. Баса, өз өмүр баянын чагылдырган китебинде ырчы чоң энесинин фамилиясы Кыргыз экенин, анын үй-бүлөсү Түркиянын Карс чөлкөмүндөгү Кагызман районунан болгонун жазат.
Диландын эң таанымал чыгармалары 1960-жылдарга туш келет. Өз ырларында ал ошол кездеги социалдык толкундоолорду, курдаштарынын мүдөө-талаптарын чагылдырып келген. Анын Blowin' in the Wind жана The Times They are A-Changin' деген ырлары АКШдагы жарандык укуктар үчүн жана согушка каршы кыймылдардын расмий эмес гимнине айланган.
Ырчынын тексттерине саясий, социалдык, философиялык жана адабий көрүнүштөр чоң таасир тийгизген. Ошол кездеги кадыресе поп-музыкадагы тенденциялардан баш тарткан.
1994-жылдан бери Дилан сүрөттөрүнүн алты жыйнагын чыгарган, сүрөттөрү ошондой эле көптөгөн көргөзмөлөргө коюлган.
Музыканттын 100 миллион даана диски сатылган.
Ырчы Грэмми сыйлыгынын жети жолку лауреаты. Беш чыгармасы рок-н-роллдун Даңк залына камтылган. Дилан көптөгөн белгилүү фильмдерге жазылган саундтректердин автору. “Вундекринддер” деген фильм үчүн жазган ыры "Оскар" жана "Алтын глобус" кино сыйлыктарына татыган. 2008-жылы Пулицер сыйлыгынын калысы анын америкалык поп музыкага жана маданиятына салымын өзгөчө баалаган. 2012-жылдын май айында болсо президент Барак Обама Эркиндик медалин тапшырган, кийинки жылы болсо Франциянын Ардактуу легионунун орденин алган.
Барак Обамадан сыйлык алып жаткан учуру.
Адабияттагы жетишкендиктери үчүн Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери берилип келет.
Ошондон бери аны 108 киши алса, анын ичинде 14 аял-жазуучу болгон. Төрт ирет сыйлык бир нече кишиге ыйгарылган. Былтыр Нобел белорустук жазуучу Светлана Алексиевичке тапшырылган болчу.
Боб Диландын узак жолу
1/15Боб Дилан 1960-жылдары Нью-Йоркто.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
2/15Дилан менен Жоан Баэз жарандык укуктар боюнча "Вашингтон жүрүшүндө", 1963-жылдын августу.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
3/15Дилан Миссисипи штатынын Гринвуд шаарында студенттердин зомбулукка каршы комитетинин мүчөлөрү менен, 1963.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
4/15Дилан өз тобу менен Франциянын Ле-Бурже аэропортуна келип конгон маалы, 22-май, 1966.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
5/15Боб Дилан Аллен Гинзберг менен Rolling Thunder Revue деп аталган концертик кербенинде, 1975.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
6/15Дилан Парижде концерт маалында, 1978-жылдын июну.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
8/15Дилан Филадельфиянын Кеннеди стадионунда Африкадагы ачкачылыкка кайрымдуулук көрсөтүү концертинде ыр аткарууда, 1985-жылдын июлу.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
9/15Дилан Франциянын Искусство жана адабият гильдиясынын сыйлыгын алууда, 1990-жылдын январы.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
10/15Дилан (оңдо), Жорж Харрисон (солдо), Жонни Кэш жана Рожер Макгуинн Диландын биринчи альбомунун 30 жылдыгын белгилөө салтанатында, 1992-жылдын октябры.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
11/15Дилан Болонье шаарында католик жаштардын митингинен кийин Рим папасы Иоанн Павел II менен жолугууда, 1997-жылдын сентябры.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
12/15Дилан (отурган) Кеннеди борборунун кызматкери Чарлтон Хестон (солдо) жана Лорен Бэколл, АКШ президенти Билл Клинтон, Биринчи айым Хиллари Клинтон, 1997-жылдын декабры
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
13/15Дилан "Time Out Of Mind" ыр жыйнагы үчүн Жылдын мыкты альбомуна татыган салтанатта, 1998.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
14/15Дилан канцлер Кеннет Довердин колунан "Музыканын доктору" деген ардактуу наамды алууда, Сент-Эндрюс университети, 2004-жылдын 23-июну.
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
15/15Дилан Бээжинде ыр тартуулоодо, 2011-жылдын 6-апрели
Америкалык ырчы Боб Дилан 2016-жылдагы Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты деп табылды. Атактуу ырчынын өмүр жолуна сереп салган сүрөт баян.
Артка
Алдыга
PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.