Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Венеция: алтын арстан "Кеткен аялды" ээрчиди


Венеция кинофестивалында "Алтын арстан" сыйлыгын жеңип алган команда.
Венеция кинофестивалында "Алтын арстан" сыйлыгын жеңип алган команда.

10-сентябрда Венеция фестивалы жыйынтыкталды. Башкы сыйлык - “Алтын арстан” быйыл филиппиндик режиссер Лав Диаска “Кеткен аял” аттуу тасмасы үчүн ыйгарылды.

Италиянын Лидо аралында кино тармагындагы абройлуу фестивалдардын катарына кирген Венеция кинофестивалы быйыл 73-жолу өттү.

Быйылкы баш байге - “Алтын арстанды”- “Кеткен аял” деген аталыштагы тасмасы менен филиппиндик режиссер Лав Диас эңип кетти.

- Бул сыйлык чыныгы кинонун жеңиши дегенди билдирет. Мен бактылуумун. Мен кино сүйүүчүлөргө ыраазымын. Бул кинонун жеңиши жана майрамы, - деди режиссер Лав Диас сыйлыкты алып жатып.

Төрт саатка созулган бул тасма фестивалдын акыркы күнү көрсөтүлүп, күтүлбөгөн жерден калыстар тобунун жакшы баасына арзыды.

Режиссердун айтымында, тасманы жаратууга орус жазуучусу Лев Толстойдун “Кудай баарын көрүп турат, бирок баарын айта бербейт” деген аңгемеси түрткү берген.

- Кино тарта баштаганда мен анын убактысы тууралуу эч ойлонбойм. Бул ирет да болгону 3 саат 47 мүнөткө чейин кыскарта алдым. Менин тасмам түзүлүшү жана формасы жагынан эркин. Башкалардай болуп эки саатка сыйдыруу мен үчүн эмес. Фильм бардык жагынан эркин.

Филиппиндик режиссер Лав Диаз
Филиппиндик режиссер Лав Диаз

Тасмада 1997-жылдагы окуя чагылдырылган. Элдин бардыгы каныша Диананын жана Тереза эненин өлүмү тууралуу кеп кылып жатышканда, тасманын баш каарманы отуз жыл абакта отуруп чыгып, эркиндиктеги жашоонун кыйынчылыктары менен алышып жатканы көрсөтүлөт. Тасманын сценарийин Диас өзү жазган, оператор жана монтажер болууга да жетишкен.

Ал эми орусиялык режиссер Андрей Кончаловский “Бейиш” деген фильми менен мыкты режиссер номинациясына илинип, “Күмүш арстан” сыйлыгына татыды.

Фильмде Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы адамдардын тагдырларынын чырмалышы чагылдырылат. Окуянын айрым бөлүктөрү еврейлерди жана башка азчылыктарды кырган Холокост тууралуу баяндайт. Ошентсе да режиссер андагы окуялар Холокост тууралуу башка тасмалардан кыйла айырмаланарын белгиледи:

- Холокост боюнча мурун тартылган тасмалардын бардыгы ушунча тапталып калган. Өзгөчө түстүү тартылган фильмдер. Негизинен бул тема өзү тапталып бүткөн. Ошол себептүү мен Холокостту колдонгонум менен тасма ал тууралуу эмес. Мени жамандыктын табияты кызыктырды. Анткени бул түбөлүк тема. Ар бир күнү, ар бир доордо кимдир бирөө тарабынан кыянаттык жасалат. Кызыгы, ошол жамандыкты кылып жаткан адамдардын көбү жакшылык кылып жатабыз деп ойлошот.

Башкы ролду Кончаловскийдин аялы Юлия Высоцкая ойногон. Сыйлык режиссердун экинчи “Күмүш арстаны”. Биринчисин Кончаловский 2014-жылы “Почточу Алексей Тряпицындин ак түндөрү” деген тасмасы үчүн алган.

Мурдагы жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл “Күмүш арстанды” дагы бир режиссер, “ Жапайы район” деген эмгеги үчүн мексикалык режиссер Амату Эскаланте да алды.

Амат Эскаланте жана Андрей Кончаловский
Амат Эскаланте жана Андрей Кончаловский

Мыкты актер деп аргентиналык “Белгилүү жаран” тасмасында тартылган Оскар Мартинес табылса, америкалык Эмма Стоун “Ла-Ла Лэнд” деген мюзиклдеги ролу үчүн мыкты актриса наамын алды. Мыкты актриса наамын ыйгарууга келгенде калыстар бир топ буйдалышты. Анткени бул наамга Элла Стоундан башка Эми Адамс, Юлия Высоцкая жана Натали Портман да ат салышкан.

Портман “Жесси” аттуу тасмада АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин жубайы Жаклиндин ролун аткарган. Бул тасма мыкты сценарий үчүн сыйлык алды.

Америкалык актриса Натали Портман жана Лилли Депп
Америкалык актриса Натали Портман жана Лилли Депп

Кызыгы Терренс Малик, Вим Вендерс жана Эмир Кустурица сыяктуу атактуу режиссерлор бул ирет сыйлыктардан куржалак калышты. Андан тышкары быйыл биринчи жолу Венеция фестивалында сериал көрсөтүлдү. Коноктор алдыңкы заманбап итальян крежиссерлордун бири Паоло Соррентинонун “ Ыйык сулуулук” деген сериалынын эки бөлүмүнө күбө болушту.

Мыктыларды аныктоо бул ирет атактуу режиссер Сэм Мендес жетектеген калыстар тобуна жүктөлгөн. 1932-жылы негизделген Эл аралык Венеция кинофестивалынын негизги сынагында жыл сайын мурда эч жерде көрсөтүлбөгөн жана башка фестивалдарга катышпаган 20дай тасма ат салышат.

XS
SM
MD
LG