Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кыргыз киносу: ийгилик жана көйгөй


"Курманжан датка" тасмасы
"Курманжан датка" тасмасы

70 жылдык тарыхы бар кыргыз киносу “Кыргыз керемети” деп аталып гүлдөп, турган учурду да, өлкөдө такыр кино тартылбай калган жылдарды да башынан кечирди.

Соңку жылдары кыргыз киночулары бир катар мактанарлык ийгиликтерди жаратып, бул тармак жандана баштаганы байкалат. Акыркы ийгиликтерге токтолсок, мамлекет казынасынын каражатына тартылган, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тарыхый тасмасы бир топ эл аралык фестивалдардан байгелүү кайтты.

Быйыл режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы Чехияда өткөн 50-эл аралык кинофестивалда “Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жетип, кийин дагы бир нече эл аралык фестивалдарда байгеге илинди. Кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргыз киносу: ийгиликтер жана көйгөйлөр (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:55 0:00

Жаш режиссерлор Асел Жураева, Чолпонай Бөрүбаева, Кымбат Адылбекова, Аманбек Ажымат, Нурсултан Станалиевдин даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга катышууда. Быйыл Түштүк Кореяда жарык көргөн Азиянын эң мыкты 100 тасмасы аттуу китепте кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын 1998-жылы тартылган “Бешкемпир” тасмасы кирген. Мындан тышкары китепте азиялык эң мыкты 100 режиссердун да аты аталган. Алардын арасында кыргыз режиссерлордон Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат бар.

Кыргыз киносу: ийгиликтер жана көйгөйлөр (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:07 0:00

Жалпылай атканда акыркы учурда Кыргызстанда кино тарткандар арбын. Коммерциялык багытта тарткан кинолордун дагы сапаты жакшырып, көрүүчүлөрдүн мактоосуна арзыган тасмалар пайда болду. Айрымдары жеке компанияларын түзгөнгө да жетишип, аз убактын ичинде Бишкекте 20га жакын жеке кино компания пайда болду. Мунун натыйжасында акыркы 14 жыл аралыгында тасма артынан тасма тартыла баштады. Белгилүү кино ишмерлери кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатында 2012-жылы “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын негиздешкен.

Кыргыз киносу: ийгиликтер жана көйгөйлөр (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:52 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG