Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Ойдо бар, колдо жок "Оскар" сыйлыгы


"Сүтак" тасмасы
"Сүтак" тасмасы

Кыргыз кино ишмерлери жакында Улуттук “Оскар” комитетин түзүп, ал аркылуу тандоодон өткөн тасмаларды Америка киноакадемиясынын Оскар сыйлыгына сунуштай баштады. Бул коомдук бирикме быйыл аталган сыйлыкка кыргыз киночуларынын бешинчи эмгегин, жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасын жиберишкен.

Быйыл режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасы жолдуу болду. Ал алгач Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн 50-эл аралык кинофестивалда “Чыгыштын мыкты тасмасы” номинациясы боюнча жеңишке жетишти.

Кийин “Киношок” жана Евразия аттуу эки башка кинофестивалда тең баш байгени жеңип алды. Эми минтип кино дүйнөсүндөгү эң абройлуу деп эсептелген Оскарга ат салышмай болду.

Тасманын режиссеру Мирлан Абдыкалыков “Сүтак” азырынча аталган сыйлыкка жөн гана сунушталганын, али далай сындан өтөрүн кеп кылды:

- Учурда дүйнө жүзүндөгү 81 мамлекеттен 81 тасма катталды. Эми аларды калыстар көрүп, иргейт. Биздин билишибизче, 81 тасмадан иргелип отуруп тогуз тасма Оскар сыйлыгына талапкер болот. Ошол тандалган тогуз тасманын ортосунда дагы тандоо жүрүп, алардын бешөө ар кандай номинация боюнча Оскар сыйлыгынын лауреаты болуп калат.

Муну менен бирге Мирлан Абдыкалыков “Сүтак” тасмасы өзүнүн эң биринчи толук метраждуу тасмасы экенин белгилеп, быйыл ошол эмгеги эл аралык фестивалдарда чет элдик кино адистер тарабынан жакшы кабыл алынганы дем берип койгонун айтты.

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун айтуусунда, кыргыз кино ишмерлери эркин өлкөнүн атуулу катары өз эмгектерин Оскар сыйлыгына көрсөтсө болорун кийин эле билди:

- Биз эгемендикти алгандан бери кыргыздын киносу Оскарга көрсөтүлгөнгө укугу барбы же жокпу - такыр кабарыбыз жок болчу. Мурда СССР убагында Оскарга көрсөтүлө турган тасмаларды Москва чечер эле. Көрсө биз эгемендүү мамлекет болгон кезден баштап бул сыйлыкка бирден кинону көрсөткөнгө укуктуу экенбиз. Муну биринчи жолу Нурбек Эген билип калып өзүнүн “Бабалардын керээзи” аттуу тасмасын Оскарга жөнөткөн.

Эрнест Абдыжапаровдун айтышынча, “Сүтак” фильми кыргыздын эгемендик жылдарында Оскар сыйлыгына сунушталып жаткан бешинчи тасмасы.

Нурбек Эгендин “Бабалар керээзинен” кийин Актан Арым Кубаттын “Беш кемпири”, немис режиссёру Франк Мюллер жана кыргыз киночусу Эрнест Абдыжапаров биргелешип тарткан “Теңир” тасмасы, былтыр режиссер Садык Шер-Нияз жараткан “Курманжан датка” фильми сунушталган. Бирок Абдыжапаровдун белгилешинче, кыргыз режиссерлору тарткан фильмдеринин начарлыгынан эмес, аталган сыйлыкка ат салышуунун сырларын толук өздөштүрө электегинен улам жеңишке жетишпей келет.

Буга улай маектешибиз “Сүтак” тасмасы быйылкы тасмалардын арасынан “Оскар” сыйлыгына кантип сунушталып калганын айтып берди:

- Биз жазында жергиликтүү кино ишмерлеринен турган Улуттук Оскар комитетин түзгөнбүз. Ага отуз алты кино ишмери кирген. Ошол топ чогулуп быйыл чыккан кинолорго добуш берип, алардын арасынан “Сүтак” тасмасы эң көп добуш алды. Биздин Улуттук Оскар комитетине жергиликтүү продюсерлер жыл сайын өздөрүнүн жаңы тасмасын сунуштаса болот.

Эрнест Абдыжапаров бул жылы Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлө турган кинолордун ичинен “Сүтак” тасмасына режиссер Дальмира Тилепбергенованын “Асман алдында” аттуу фильми негизги атаандаш болгонун да кошумчалады.

“Сүтак” тасмасында тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган. Табылды аксакал, аялы Карачач, келини Шайыр жана небереси Умсунайдын жашоо-турмушу сүрөттөлөт. Бирок кино сынчы Талип Ибраимовдун айтуусунда, бул тасмада жөнөкөй бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу кыргыз улутунун ааламдашуу жараянындагы абалы чагылдырылган:

- Мында ааламдашуу жараянындагы кыргыздын турмушу чагылдырылган. Учурда биздин коомдук аң-сезим кай жакка барууну билбей кайсалап турбайбы. Мына ушул кайсалоону сонун берген. Фильмдин аягында баары ар кай жакка сапар алып, үйдө байбиче, келин жана наристе кыз калып атат. Бирок тирүү болгондон кийин баары бир жаңы турмушка умтулуш керек го. Келиндин тагдыры аркылуу коомдук аң-сезим кайсалап кай жакка кетерин билбей жатканы жакшы чечилген. Мында кургак акыл жок. Кинодо жаңы турмушка умтулуу аракети табигый жол менен көрсөтүлгөн.

Талип Ибраимов дүйнөлүк кино өндүрүшү нукуралуулукка басым жасап жатканын, ошондуктан жогорудагы тасма бир нече эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы сыйлыктарга татыктуу болуп келгенин белгиледи.

“Сүтак” тасмасынын сценарийин Актан Абдыкалыков менен Эрнест Абдыжапаров жазган. Фильм “Айтышфильм” кино студиясында тартылган. Продюсери Садык Шер-Нияз.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG