Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

"Сүтак" тасмасы Анапаны багындырды


"Сүтак" тасмасынан бир көрүнүш
"Сүтак" тасмасынан бир көрүнүш

13-20-сентябрда Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок" эл аралык фестивалында "Сүтак" тасмасы баш байгени жеңди. Кино сынакка КМШдан, Латвия, Литва жана Эстониядан толук метраждуу тасмалар катышты.

Жыйынтыгында “Жүзүмдүн алтын сабагы” башкы байгеси кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасына берилди. Буга чейин фильм Чехиядагы Карловы Вары кинофестивалында европалык режиссерлордун атайын сыйлыгына татыган.

Cценарийдин авторлорунун бири, белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров "Азаттыкка" чакан маек курду.

"Азаттык": Сыйлыгыңыз кут болсун! Бул тасма тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн турмушун баяндайт экен. Азырынча аны көпчүлүгүбүз көрө элекпиз. Кыргыз көрүүчү үчүн бул тасма эмнеси менен баалуу?

Абдыжапаров: Чоң рахмат! Мен адегенде кыскача маалымат берейин. Он күндүн ичинде эле кыргыз тасмалары беш кинофестивалга катышып, азыр чекесинен алардын жыйынтыктары чыга баштады.

Маселен, Казанда “Курманжан Датка” баш байгеге ээ болду, Оренбургда да байгеге татыган. Эми бүгүн "Сүтактын" Анапада Гран-приге ээ болушу биз үчүн жакшы жаңылык.

Мындан сырткары “Звезды Шакена”, Якутскиде, Евразиядагы фестивалдарга да биздин тасмалар катышып жатат. Ага чейин Венециядагы фестивалга катышып келген. Бул жаңылыктар "кыргыз тасмаларынын саны бар, сапаты жок” деген сөздөргө жооп болду.

Ал эми “Сүтак” тасмасы учурунда Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы менен үндөшүп кетет экен деген сөздөр айтылууда. Анда "кыргыздын үрп-адаты, салттары азыркы глобализациянын агымы менен жуурулушуп кетеби?" - деген суроого жооп изделет. Менимче, чыгармачыл топтун күжүрмөн эмгегинин арты менен тасма ушундай бааны алып жатат.

"Азаттык": Кыргызстандык көрүчүүлөр бул тасманы качан, кайсыл жактан көрө алышат?

Абдыжапаров: Ушул тапта Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Каалоочулар келип көрүшсө болот.

"Азаттык": Сизге чоң рахмат. Мындан ары да кыргыз кинолорунун ийгиликтери улана берсин.

"Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Актан Абдыкаловдун уулу Мирлан Абдыкалыков тарткан "Сүтак" тасмасында бийик тоолор арасында күн өткөргөн көчмөн үй бүлөдө жалаң аялдар жалгыз калганы баяндалат. Аябай жарык тасма экен, көрөрмандар көздөрү жашылданып, бир нече эпизодунда көз жашын аарчып отурушту. Толук метраждуу фильмдер ичинен дал ушул тасма көпчүлүк көрөрмандардын купулуна толду", - деп жазат "Российская газетанын" кино сынчысы Ирина Корнеева.

"Сүтак" тасмасынын сценарийин Актан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаров жазышкан, продюсери Садык Шернияз.

XS
SM
MD
LG