Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

“Сүтак” тасмасы Чехияда көрсөтүлөт


Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильми Чехияда өтчү эл аралык кинофестивалга чакыруу алды. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди. East of the West фестивалы 3-июлдан 11-июлга чейин Карловы Вары шаарында өтөт.

“Сүтак” Абдыкалыковдун алгачкы толук метраждуу тасмасы. Анда тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган. Табылды аксакал, анын аялы Карачач, келини Шайыр жана небереси Умсунайдын жашоо-турмушу сүрөттөлөт.

Шайыр күйөөсү каза болгондон кийин кайындарында калат. Жесир калган келиндин жашоосу метеоролог Эрмек келгенден кийин өзгөрөт. Тасма Ысык-Көлдөгү Түргөн капчыгайында тартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG