Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Тасмадагы жан дүйнө кыйкырыгы


"Сүтак" тасмасынан алынган кадр
"Сүтак" тасмасынан алынган кадр

Бишкекте “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык VI фестивалы өтүп жатат. Быйыл ага 14 мамлекеттин өкүлдөрү тарткан тасмалар катышууда. Фестиваль 15-декабрда жыйынтыкталып, тасмалар “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйланат.

Биз барган учурда кино театрда грузиялык режиссер Анна Саруханованын “Күндүн соңуна чейин...” аттуу кыска метраждуу фильми башталган экен. Автор мында улуу муун менен кичүү муун ортосундагы көйгөйлөрдү, баалуулуктарды айтканга умтулгандай. Сюжетте чоң шаарда турган бой жеткен кыздар кокусунан эле өздөрү менен чогуу жашаган атасын издеп, таппай калышат. Карыган киши чөнтөк телефонун да үйүнө унутуп калтырган эле. Эки кыз тең ар кандай жамандыктарды элестетип, санаага батат. Анан эле бир маалда изделип жаткан абышка үйүнө кирип келет. Көрсө ал өзү турган кабат үйдүн чатырында көгүчкөндөрдү, мышыктарды азыктандырып жүрүп, ал ортодо бир жигиттин эсин жоготуп жатканын көрүп, ооруканага жеткирип, ал эсине келгиче күтүп жүрүптүр.

Эки күндөн бери фестивалда көрсөтүлүп жаткан кыска метраждуу тасмаларга көз салып отурган жергиликтүү кинорежиссер Асан Айтикеев мындагы фильмдерден улам учурда дүйнөлүк кино искусствосу адамзаттын жан дүйнөсүн чагылдырууга багыт алганын байкаган:

- Бүгүнкү көргөн тасмаларда азыркы учурда кино искусствосунда кишилердин ички дүйнөсүнө үңүлүү агымы басымдуу кыла баштаганын байкасаңыз болот. Чынында эле адамдын жан дүйнөсүнүн проблемалары маанилүү болуп баратат. Бир адамдын ички дүйнөсүндөгү маселе - бул жалпы адамзаттын көйгөйү. Мисалы, азыр экөөбүз көргөн грузин тасмасында муундар аралык карама-каршылыктар өтө назик мамиле менен көрүүчүлөргө баяндалып берилген. “Калий паркындагы окуя” тасмасы да жаштар балалык кылып жаман иштерге барып алган учурлары болорун айтат.

Мындан сырткары биз Айтикеев менен чогуу көрүүчү катары укриналык жаш режиссер Ирина Циликтин “Үй”, молдовалык режиссер Павел Кузуйоктун “Раиса” аттуу тасмаларына күбө болдук:

- Жер шары жалпы адамзаттын үйү эмеспи. Албетте, үйдө дайыма тынчтык болуш керек. Украинада бирин-бири кыйраткан окуялар азыр деле болуп жатат. Авторлор ал окуяларды өтө ыңгайын келтирип, искусствонун тили менен бериптир. Жеке мага бул тасмалардын ичинен “Раиса” аттуу фильм жакты. Айылда жашаган Раисанын өзүнүн дене кемчилигин оңдоо үчүн зор үмүт менен шаарга келиши, бирок үлпүлдөгөн үмүтүнүн үзүлүшү, анын кайра кокусунан жанышы сезимди козгоп ийет экен.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” кинофестивалы улуттук жана эл аралык сынак болуп эки багытта өтөт. Эл аралык сынакка катышып жаткан он төрт тасманын ичинде Кыргызстандан Адилет Каржоевдин “Ырахмат, доктор” тасмасы да бар. Автор фильми эмне тууралуу экендигин айтып берди:

- Тасмада Эл баатыры, белгилүү хирург Эрнис Акрамов тууралуу баяндалат. Ал акыркы 25 жылдан бери өзү жетектеген ооруканада жашайт. Иши да, жашоосу да ооруканада өтөт. Мени каарманым ушул жагы менен кызыктырды. Фильмди тартууга үч жыл убакыт кетирдим. Каарманым менен иштеше баштагандан тарта каарманым өтө кызыктуу адам экенин билдим. Анткен менен бул эмгекти жаратуу анчалык деле кыйынчылык жараткан жок. Себеби Акрамов мага чейин эле камера менен кандай иштешти билген инсан эмеспи.

Каржоев жаңы эле тартып бүткөн тасмасы калыстардын чечими менен кокусунан эл аралык кино сынакка катышуу укугуна ээ болуп турганына кубанганын жашырган жок.

Таланттарды күткөн кыргыз киносу

Таланттарды күткөн кыргыз киносу

Бүгүнкү күндө кино тармагында актерлор тартыш. Кино ишмерлери айрыкча башкы каармандын образын жарата турган жаш актерлор жана абышкалардын образын жарата турган улуу муундагы актерлорду табуу кыйын экенин айтышат.

Фестиваль жыл сайын 12-декабрда - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталат. Кыргызстандын атынан калыстар тобунун мүчөлүгүнө кошулган режиссер Таалай Кулмендеев калыстар курамы жана бериле турган сыйлыктар тууралуу буларды айтты:

- Калыстар беш кишиден түзүлөт. Алар эки сынакты тең тескешет. Калыстар тобундагы бир орун Кыргызстанга берилген. Калган калыстар Өзбекстан, Казакстан, Молдова, Орусиядан келген. Эки сынакка тең төрт номинациядан сыйлык тапшырылат. Алар “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйлыктар. Ар бир сыйлык элүү миң сомго жакын.

Фестиваль 15-декабрда жыйынтыкталат. “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” VI фестивалынын Эл аралык сынагына 14 тасма катышып жатса, Улуттук конкурста 12 тасма ат салышууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG