Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды.
Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет.
Актердун уялаш агасы Сүйөркул Чокморов өзүнөн үч жаш кичүү иниси, таанымал актер Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына айыл турмушу өзгөчө таасир тийгизгени тууралуу кеп салып отурду:
- Сүймөнкулдун “айылдаштарымдын таасири менен мен ушул даражага жеттим”, - деген сөзү бар. Ал тээ токтоло элек өспүрүм кезинде жеңелерин, агаларын тамашалап туурап, атка минип, кийин өзү тартылган “Улан” деген тасмасындагы каармандай мас болгон балдарды аткарып, жанындагыларды күлдүрүп, айтор, тегерегиндегилерден таасир алып бой жетти. Анын сүрөттөгү каармандары да жалаң айылдыктар. Чоң аталарыбызды, аталарыбызды тартып калган сүрөттөрү көп. Мисалы, “Мергенчи” деген эмгегин айтсак болот. Кийин улут аксакалы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн он жылдан ашуун убакыт тартты.
Өткөн доордун 70-80-жылдарындагы муун Сүймөнкул Чокморовдун кинодогу ролдоруна таасирленип чоңоюшкан.
Агасы таанымал актердун кийин ден соолугу начарлап, дарыланып жүргөн учурда да айылга болгон тартылуусу күчөгөнүн айтууда:
- 11 жыл бою жумасына үч жолу үч сааттан диализге отуруп жүрдү. Тамырларын кан тазалоочу аппаратка кошот эмеспи. Ошентип дайыма тамырын чукуй берип ал колтугуна чейин жетип калган. Анан дарыгерлер кан тазалоону такымынан башташты. Сүкө акыркы жылдары шаарды жактырбай айылга эле тартылып турар эле. Бир күн болсо да биздин жаныбызда болгонду эңсечү. Ойлонуп отуруп “мага эч кандай наам, атактын кереги жок, мага болгону ден соолук болсо жетет эле...", - деп айтканы бар.
Бирок агасы Сүймөнкул Чокморов өмүрүнүн акырына чейин бул дартты жеңүү үчүн күрөшкөнүн, кан тамырларына 56 жолу операция жасатканын, асылган оору 53 жашында алып кеткенин айтты.
Чыгаан сүрөтчү жана актер тууралуу даректүү тасма тарткан режиссер Замир Эралиев Чокморов менен Москвада бөйрөк институтунда дарыланып жаткан кезде, 1985-жылдан баштап иштеше баштаганын эскерди:
- Мен, Мария жеңе, Чыңгыз Төрөкулович болуп Сүймөнкул Чокморовду көргөнгө кирдик. Актер менен бир сааттай сүйлөшүп, оорусун билип чыккандан кийин Чыңгыз Айтматов кызыктай болуп эле сүйлөй албай калды. Чыкебиз ушунчалык эмоционалдуу, боорукер киши экенин ошондо көрдүм. Андан ары иштер менен башка жакка жөнөдүк. Бул учурда Айтматов бир сааттай таптакыр унчуккан жок. Бир маалда гана Сүкөм тууралуу Чыкебиз “бул кандай чыдамкай киши, ооруп, операция болуп жатканын такыр байкаткан жок. Тескерисинче бизди тамашалап, көңүлбүздү көтөрүп отурду” деп таң калганы эсимде.
Эралиев ошол жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Эльга Лындинанын сценарийинин негизинде “Сүймөнкул Чокморов” деген даректүү тасмасын тартууну баштап, аны 1987-жылы аяктаган. Тасмада Чокморовдун кинематографияга кошкон салымы, жеке турмушу, дарыланып жаткан учуру чагылдырылган.
Сүймөнкул Чокморов “Караш ашуусундагы атыш” тасмасындагы башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадам таштап, андан соң “Жетинчи ок”, “Дерсу Узала”, “Кызыл алма” ж.б. бир топ советтик тасмаларга тартылган. Ошол эле учурда сүрөтчүлүк өнөрүн да аздектеп өткөн.
Сүймөнкул өзүн дайыма сүрөтчү деп эсептечү. Мен да Сүймөнкулду чыныгы сүрөтчү деп эсептейм. Эмгектери чыныгы турмуштан алынган, жасалмасы жок, чыныгы сүрөттөр.
Сапарбек Төрөбеков
Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сапарбек Төрөбеков Сүймөнкүл Чокморовактер катары атагы таш жарып турган учурда да өзүн дайыма сүрөтчүмүн деп эсептегенин айтты:
- Сүймөнкул Санкт-Петербургда, мен Москвада окуп жүргөн кезде майрам сайын катташып турчубуз. 1969-жылы окууну бүтүп келгенден кийин чогуу иштеп калдык. Бир нече көргөзмөлөргө катыштык. Этюддарга бирге чыктык. Сүймөнкул өзүн дайыма сүрөтчү деп эсептечү. Мен да Сүймөнкулду чыныгы сүрөтчү деп эсептейм. Эмгектери чыныгы турмуштан алынган, жасалмасы жок, чыныгы сүрөттөр.
2007-жылы Бишкек мэриясы шаарга Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотуу боюнча токтом кабыл алган. Бирок ал буга чейин ишке ашпай келген. Актердун агасы Сүйөркул Чокморов акыркы жылдары маркумдун жакындары, күйөрмандары каражат топтоп, учурда Бишкек, Ош шаарларына айкел тургузуу маселеси чечилгенин айтты:
- Бул аракет өкмөттө акча каражаты жок болуп токтоп калган эле. Жогору жактан “өзүңөр акча топтогула, анан көрөбүз" деген ишарат болгон. Анан биз үч жылдай Кыргызстанды кыдырып марафон өткөрдүк. Чынында эле кыргызда Сүкөбүздү жакшы көргөндөр көп экен. Айрыкча Ош, Талас облустарындагы пенсионерлер, мектеп окуучулары беш сомдон болсо да салым кошту. Азыр акча бар, эстелик тургузуу иштери башталды.
Кыргыздын чыгаан таланты Сүймөнкүл Чокморовдун бүтүн тулкусун камтыган айкели Бишкектин “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына, ал эми тасмада жараткан образдарындагыдай ат менен байланыштуу айкели Ош шаарына коюлат.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
Чокморов- кыргыз киносунун легендасы
1/17Чокморов алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Болот Шамшиевдин “Караш-Караш окуясы” фильминдеги башкы каарман Бактыгулдун ролун аткарып, буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, башкы каарманды такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойноп, киного келген.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
3/17Алгачкы ролу менен жылдызы жанган актер “Караш-Караш окуясына” удаалаш 1969-жылы “Жамила” тасмасында Даниярдын, 1970-жылы “Атайын комиссарда” Хожаевдин, 1971-жылы “Ысык-Көлдүн кызгалдактарында” Карабалтанын, 1977-жылы тасмага түшкөн “Улан” фильминде Азаттын образын жараткан.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
4/17Сүймөнкул эркектин мыкты ролун жаратканы үчүн Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандыгы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу биринчи сыйлыктарды алган.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
6/17"Улан" тасмасынан. Сүймөнкул Чокморовдун актер катары дагы бир өзгөчөлүгү - ал өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтире турган татаал эпизоддорду дублерсуз аткарган.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
7/17Кино сынчылардын пикиринде, Чокморовдун чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты жүрө билгени анын экранда ишенимдүү образ жаратканга көмөкчү болгон.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
8/17Чокморов кинодо жалпысы жыйырмадан ашык ролдордо ойногон. Аны Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири катары эсептегендер да бар.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
9/17Кино таануучулар Чокморов курч окуялуу ролдорду эле эмес, Төлөмүш Океевдин “Көк-жал” фильминде татаалдыгы, терең психологиялуулугу менен өзгөчөлөнгөн Ахангулдун образын да мыкты ойногонун белгилешет.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
10/17Актердун күйөрмандары мамлекет ушул убакка чейин улуу талант Сүймөнкул Чокморовду колдоого ала электигин айтып келишет. Мисалы, ушул убакка чейин Бишкектин көрүнүктүү жерине Чокморовдун эстелиги тургузула элек.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
14/17Чокморов кыргыз маданиятына кыл калем чебери катары да чоң салым кошкон. Болочок актер жана сүрөтчү 7-классты аяктагандан кийин, 1953-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына окууга өтүп, кийинчерек Ленинграддагы И. С. Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунан окуусун улантат. Тасма иштери менен бирге сүрөтчүлүк өнөрүн да таштабай, өзүнүн кыска өмүрүндө беш жүзгө жакын сүрөт жараткан. Учурда Чокморовдун 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
15/17Сүймөнкул Чокморовдун үзүлүп бараткандагы акыркы керээзи: "Жараткан өнөрлөрүмдү, сүрөттөрүмдү сактагыла, талаага таштабагыла, алар жаштар үчүн керек. Мен элим үчүн жанымды аябай кызмат кылдым. Менин жараткан сүрөттөрүмдүн бардыгы элдин мүлкү, жалпы элге таандык. Элдин байлыгы катары эсептелсин. Кийинки муундарга калтырган белегимдин баарын өнөрканама таштадым" деген сөзү болгон.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
16/17Актер 1966-жылы өзү менен бирге окуган Салима аттуу кызга үйлөнөт. Уулунун аты- Бактыгул. Экинчи никеси - Нуржан аттуу айымдан көргөн уулдары Эргул менен Азамат Чокморовдор да ата өнөрүнөн алыс кетпей, тасма жаатында алектенишүүдө.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
17/17Актер 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Узака созулган оорудан улам 1992-жылы Бишкекте каза болгон.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусундагы Чоң-Таш айылында туулган. Ал тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
Артка
Алдыга
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.