Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кыргыз киносунун Чыңгызханы


Болот Бешеналиев (архивдик сүрөт)
Болот Бешеналиев (архивдик сүрөт)

Болот Бейшеналиев десе көз алдыбызга тунгуч мугалим Дүйшөн, Акмөөрдү сүйгөн Болот, армандуу Король Лир тартылат.

Залкар актер 1937-жылы Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн экен. Арабызда болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Өкүнүчтүүсү, ага кутман курактын тузу буюрбаптыр. Кайран талант 2001-жылдын 17-ноябрында кыргыз киносу - «кыргыз кереметинин» 60 жылдык мааракеси белгиленип жаткан кечеде дүйнө салып кете берди. Тасмадагы кайталангыс образдар калды артында. Кыргыз эли жер үстүндө турганда алар өлбөсү анык.


Тушоо кескен «Тайгак кечүү»


Болот Бейшеналиевди жакындан билгендер кино үчүн төрөлгөн актер болчу дешет. Ким билет, балким бетке чабар, өткүр мүнөзү болбогондо анын кинодогу жылдызы кеч жанмак. Ташкенттеги театралдык институтту бүтүп келгенден кийин Болот Бейшеналиевге Нарын театрына жолдомо беришет. Актер жогору жактын бул буйругун аткарбасын ачык айтат. Мындай тоң моюндугу үчүн маданият министринин каарына калат. Бир жыл жумушу жок бош жүрөт. Бирок жеңилгиси келбейт.

Мелис Убукеев «Тайгак кечүү» тасмасы үчүн сынак өткөрүп жатканын угуп, түз эле өзүнө кирет. Москвадагы ВГИКти жаңы бүтүп келген жаш режиссер актердун дымагын, курч мүнөзүн бир көргөндө эле баалап, үй ээсинин ролун берет.


Кончаловский жана таң каларлык кызык адам


Алтымышынчы жылдары режиссер Андрей Кончаловский жапон режиссеру Акира Курасавага катуу таасирленип, жапондор тууралуу тасма жаратууну эңсеп жүрчү экен. ВГИКти бүтүп жатканда, анын колуна Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасына жазылган сценарий тийип калат. Окуп чыгары менен көзүнө самурайлардын драмасы элестегенин бир маегинде айтканы бар.

"Биринчи мугалим"
"Биринчи мугалим"

Ошондой катуу таасирленүүдөн кийин Кончаловский Кыргызстанга жөнөйт. Келгенден кийин Дүйшөндүн образына татыктуу актер таппай жатканда, Болот Бейшеналиев жолугуп олтурбайбы. «Тайгак кечүү» тасмасына тартылып атканда көрүп калып, Дүйшөнгө төп келген актер экенин дароо түшүнөт.

Андрей Кончаловский кийин актерду «таң каларлык, кызык адам болчу. Жөн эле туруп күлүп же ыйлап жиберчү. Бир паста капа тартып, кайгырып кетчү. Бир сөз менен айтканда эмоциясын укмуш көргөзө алчу. Менимче, Дүйшөндүн образын жаратуу менен Бейшеналиев өзүнүн жүзүн ачкандай болду» деп эскерген жайы бар.

Дал ошол таң каларлык, кызык адам аркылуу Дүйшөндүн образы эл жүрөгүндө түбөлүк сакталып калды. «Биринчи мугалим» жарык көрөөр замат катары менен эл аралык сыйлыктарды жеңип, Андрей Кончаловскийге кадыр-барк алып келет. Ал эми Болот Бейшеналиевдин кинодогу даңктуу чыйыры башталат. Мен-мен деген режиссерлордон чакыруулар келет. Анын бирине тартылса, бирине үлгүрбөйт.

Чыңгызханды ойнобой арманда кетти

Актер чыгармачылык жолунда 105 ролду жараткан экен. Көбү кино каармандары. Эл артисти Чоро Думанаевдин айтымында, улуу актер өмүр бою Чыңгызханды жаратсам деген кыял менен жашаган:

- Бокемдин таланты гүлдөп турган кезде анын деңгээлиндеги кинолор көп тартылбай калды. «Кыргызфильмге» Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер келгенден тарта ири каражаттар түшө баштады да. Ага чейин бир же эки эле киного акча бөлүнчү. Актер деле спортчу сыяктуу да. Такай ойноп турбаса мокоп кетет. Бокем ошондон качып сыртта жүрдү. Азиат аттуунун баарын ойноду. «Кичинекей роль жок, кичинекей актер бар» деп калаар эле. Театрда аз эле иштеди. Сахнада экөөбүз 1975-жылы бирге ойнодук. Ал атанын, мен баланын ролун жараттым. Андан кийин эле киного ооп кетти. Көп сырдашаар элек. Кийин ал кишиге күйөө бала болуп калдым. Уулум төрөлгөндө багып алып, «жыйырма жашка чейин талашпагыла» деп айткан. Ал күнгө жетпегени өкүнүчтүү.

- Кинодо жаратсам деп бирок жаратпай калган ролу болду беле?

- Чыңгызханды ойногусу келчү. Алмаз Сарлыкбеков театрга койгондо укмуштай ойноп, бугун чыгарып алган. Кинодо ошол образды жаратпаганы үчүн өкүттө кетти. Кызыгы, ал киши каза болгондон кийин Чыңгызханды казагы да, орусу да, кытайы да тартып баштады. Аларды көргөн сайын, аттиң Бокем тирүү болсо ушунун биринде ойнобойт беле деп түтөп кетем.

Тартылбай калган «Гүлсарат»

Залкар актер менен жакын ымалада болгондордун бири - кинорежиссер Замир Эралиев. Андан Болот Бейшеналиевдин дараметин кыргыз режиссерлору толук пайдалана алган-албаганын сурадык:


- Болот Бейшеналиев дүйнөгө таанымал актер болсо да, жеке турмушунан аксады. Жаш кезинде Таттыбүбү Турсунбаева эжебизди сүйүп, жетпей калган экен. «Кызыл кумдар» фильминде тартылып жүргөндө Гуля аттуу түркмөн актрисасы менен табышып, баш кошкон. Экөө беш жыл жашады. Бирок бактылуу болушкан жок. Ажырашып кетишти. Менимче, Болот байке Таттыбүбү эжеге жетпегенге өмүр бою арман кылып, ичтен сызып жашады. Ошол жеке трагедиясы кийин анын чыгармачылыгына терс таасирин тийгизди. Москвага эмнеге кеткени, ал жакта кандай жашаганы өзүнчө чоң сөз. Көбүнчө майда-чүйдө ролдорду ойноп жүрдү. Кыскасы, актердук дарамети толук ачылган жок.

- Ал киши сиз тарткан «Шайтандын мөөрү» тасмасында ойногонун билебиз. Башка тасмаларга чакырдыңыз беле?

- 1983-жылы устатым Сергей Герасимовдун колдоосу менен «Гүлсаратты» тартмай болдум. Танабайдын образын Сүймөнкул Чокморов жаратмак, бирок ал ооруп калды. Ордуна Болот Бейшеналиевди чакырдым. Чыңгыз Айтматов агай ошондо бир ооз «Болот байкең ишеничиңди актаар бекен, кийинки кезде көп ичип жүрөт. Өзүң билесиң да. Эмнеси болсо да айтып койдум» - деп калды. Ошол кезде Болот байкенин көзүнүн алды кабат-кабат шишик болуп кеткен. Аны Москвадан операция жолу менен алдырттык. Кадимкидей жашара түштү. Фильмди тарта баштадык. Көп өтпөй эле Болот байке ичип алды. Он күн бою ичти. Акыры айлам кетип, казак актеру Анвар Молдобековду чакырдым. Ошентип Болот байке башкы ролдон түшүп калды. Бир күнү кайрылып келди. «Экинчи ичпейм» деп сөз берип жатып, Чоронун образын жаратты. Көп узабай мен жол кырсыгына кабылдым. Бут тосуулар да болду. Кыскасы, «Гүлсарат» фильми ошону менен тартылып бүтпөй, жабылып калды.

1989-жылы «Шайтандын мөөрүн» тартып, Болот Бейшеналиевди дагы чакырдым. Профессор Мамбетовду келиштире ойноп берди. Анан бир күнү экөөбүз калганда сиз менин тагдырыма балта чаптыңыз. Ичпей койгонуңузда «Гүлсарат» бүтүп калмак, - деп ичкүптүмдү айттым. Болот байке ошондо улук башын кичик кылып кечирим сурап, «мени кыйнап ичиришкен» деген эле. Негизи, кыргыздын далай таланттарын ичкилик талкалады да. Анүстүнө заман оор эле. Оюңду ачык айта алчу эмессиң, ошого да бук болсо керек, - дейт режиссер Замир Эралиев.

Бир сырдуу адамдын акыркы мүнөттөрү

Болот Бейшеналиев Москвада баш-аягы 16 жыл жашагандан кийин мекенине кайтып келет. Жаштар театрына ишке орношот. Бир кезде дүйнөнү дүңгүрөткөн актер 350 сом маяна алып, үйгө жетпей жатаканада баш калкалайт. Ошол кезде жубайы Турсунай Тураевага жолугат. Экөө болгону 11 жыл чогуу жашаптыр.

Аз да болсо да кылымга бергис бактылуу күндөрдү маркумдун жубайы Турсунай Тураева минтип эскерет:

- Бир сырдуу киши болчу. Көп сүйлөчү эмес. Бош боло калса эле ыр жазчу. Анан өтө баласаак эле. Белгилүү актер Чоро Думанаев күйөө балам болот. Уулун төрөтканадан чыгары менен биз багып алдык. Атын Нурболот деп өзү койду. Тим эле үйрүлүп түшөт десең. Жуунтат, көтөрөт. Күндө бир кийимин чөнтөгүнө сала кетет. Жумушуна барганда жыттап олтурат экен да көрсө. Чогуу иштегендер айтып, таң калып эле жатышчу. Азыр ал уулубуз жыйырмага чыкты. Циркте иштейт.

- Болот агай, эгемендик жаңы орноп, маданият тармагына көңүл бурулбай калган кезде кайтып келген тура. Ошол учурда кандай акыбалда жүрдү?


- Бул жакка келгенден кийин Алмаз Сарлыкбеков Жаштар театрына ишке чакырып калды. Айлыгы 350 сом. Анда-санда чет элдик режиссерлор чакырса барып тартылып келчү. Башында үйүбүз жок эле. Кийин мен иштеген жерден эки бөлмөлүү квартира беришти. 12-кабатта турчубуз. Лифт иштебей, жөө чыгып жүрдү. Бир топ жыл өткөндө Осмонакун Ибраимов (ошол кездеги мамлекеттик катчы) өзү киришип жатып, Чыгыш-5 кичи районунан үй алып берди. Өкүнүчтүүсү анда бир жылдай эле жашадык. Өмүр бою киного жанын берсе, анан эмгеги татыктуу бааланбаса, албетте, капа болчу. Балким, көрүнгөн эшикти жыртып, кадырын салса үйдү мурда эле алмак. Бирок ал жулунганды жаман көрчү. «Эл артисти» наамын бергенде да, «Эл мага ал наамды эчак эле берген» деп барбай койгон.

- Болот агай Кыргыз киносунун 60 жылдыгы белгиленип жаткан күнү көз жумбады беле. Ал күнү ооруду беле, маанайы кандай эле?

- Эртең менен турсам эшик алдында ойлуу басып жүрүптүр. Мени көрүп, «сен да барасыңбы?» деп сурады. Өзүң эле барып келчи деп жумушка жөнөдүм. Үйдөн бир аз узаганда артыма кылчайсам, тиктеп турган экен. Ал күнү бак тигип, атка минип шайдоот эле жүрүптүр. Наталья Аринбасарова келген экен куттуктап. Биздикилер ага бир гүл бергенге да жарабаптыр. Ошондо катуу кейиптир. Анан кечинде ресторанга барганда жүрөгү кармап отурбайбы. Столго өбөктөп калганда, жанындагылар элес албай таксиге салып жиберишиптир. Коңшу балдар менен эптеп үйгө киргиздик. Колу-бутун укалап жаткам, дарыгер кошунам бир көргөндө эле үзүлүп кеткенин айтты. Кийин ошол күнкү видео тасмаларды көрүп чыктым. Өңү керсары тартып калыптыр. Автобуска олтургузуп коюшкан экен, терезеге ойлуу тигилет. Киного кечээ келген жаш балдар жүрөт, кымбат машине минип. Ал эми кыргыз киносуна ушунча эмгеги сиңген Болот агайыңар шалдыраган автобуста олтурат. Жаман ыза болдум. Ушундай адамдарды сыйлабасак, кантип өсмөк элек?

- Болот агайдын кол жазмалары азыр кайда?

- Архивге өткөрүп бергем. Алган сыйлыктары, сүрөттөрү бүт ошол жерде. Үйдө турганда эмне, эл көрсүн да. Силерге окшоп журналисттер көп келет. Дароо эле Таттыбүбүнү сурашат. Болот агайыңар ал жөнүндө мага чечилип эч нерсе айткан эмес. Бир кезде чогуу окушуптур. Ага арнап жазган ырлары бар.

- Уулу Азиз менен байланышып турасызбы?

- Азиз азыр Москвада. Казакстанга келген сайын үйгө кайрылып, учурашып кетет. Кээде телефон менен сүйлөшүп турабыз. Болот агайыңар илгери Совет-Москва көчөсүнүн кесилишиндеги үйдө жашаган. Мэриянын чечими чыкканына карабай ал үйгө күнү бүгүнгө чейин мемориалдык такта орнотулган эмес. Азиз «эми келсем, өзүм койдурам» деп жатат. Гүлназ деген кызы да бар эле. Кийин ооруп, кайтыш болуп кетти.

Кош, жамгыр!

Улуу талант тууралуу жазыш дайым оор. Калемсабым да, өзүм да сүрдөп араң жаздым. Чоң таланттын артында чоң тагдыр болот турбайбы. Болот Бейшеналиевдин уулу да ата жолун улап, жылдызы жанып, кыргызды таанытып атканы кубандырат. Бирок Азиз Бейшеналиев өз жеринде баркталбай, Орусия менен Казакстандан ордун таап, чет элдик режиссерлор менен иштешип жүрөт.

Болот Бейшеналиев тууралуу замандаштары айтканда дайым анын тээ алысты теше тиктеп, көп ойлонгон оор басырык мүнөзүн, бир сырдуулугун, түнттүгүн жана кайгылуу көздөрүн айтышат. Өмүрүнүн акыркы жылдары ал тууралуу бир жаш режиссер тасма тарткан эле. Жамгыр төгүп атат, Болот Бейшеналиев ойлуу аркы-терки басып жүрөт…

Ушул кадр көз алдымда калыптыр. Улуу талант менен кошо кыргыз киносунун жамгырдай төгүлгөн, буркан-шаркан түшкөн жылдары кошо кеткендей сезилет.

Санжи Туйтунова, журналист

XS
SM
MD
LG