Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Тагдырды өзгөрткөн обон


Композитор Исрадин Аманбаевдин чыгармачылыгы жана анын бүгүнкү маданият менен көркөм өнөрдөгү оош-кыйыштарга карата көз карашы.

Композитор Исрадин Аманбаев 1984-жылы Оштогу мамлекеттик педагогикалык институтту бүтүрүп, Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылындагы орто мектепке мугалим болуп кызматка орношот. Ошол иштеп жүргөн кезинде жергиликтүү акын, мектептин завучу Эрмек Мамытов менен чыгармачылык байланышта болот. Алыкул Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын таасиринде “Нестан-Дарежан” деген чыгарманы жаратат. Мына ушул ыр менен Исрадин Аманбаевдин жылдызы жарк этип жанып, бир күндө жалпы республикага таанымал болуп чыга келет.

Ошол жылы Ош шаарында республикалык обончулардын чоң фестивалы болуп, Исрадиндин өзүнүн аткаруусундагы “Нестан-Дарежанды” көрүүчүлөр авторду сахнадан түшүрбөй кайра-кайра суранып ырдатышат. Эртеси кыргыз радиосунан “Нестан-Дарежан” шаңшып, ар бир үйгө кубаныч тартуулап кирип барат.

Рыспай менен таанышуу

Негизинен Исрадин Аманбаев орто мектепте окуп жүргөндө музыкант болом деп ойлобоптур. Келечекте акын болууну эңсеп жүргөндө айтылуу обончу Рыспай Абдыкадыров менен жолугуп калат. Дал ошол кездешүү тагдырындагы өтө олуттуу бурулушка себепчи болот:

- Онунчу класста окуп жүргөндө айылыбызга Рыспай Абдыкадыров келип калды. Атагы алыска кетип, дүңгүрөп турган. Жанына жубайы Давлет жеңени, кызы Сюитаны, комузчу Бакирдин Баяковду ээрчитип алыптыр. Биздин айылдын башкармасы Үсөн аке менен дос экен. Жайында аныкына эс алганы барган го. Айыл чарба жумушунда иштеп жүрсөм, Үсөн аке чакыртып жибериптир. Келсем короодогу сөрүдө отурушкан экен.

Рыспай акеден сүрдөп, ооз учунан учураштым. "Кана жигит, эмнеден баштайсың?", - деди түз эле. Мен комуз чертип, өзүм чыгарган эки ырды баяндын коштоосунда ырдап бердим. Жагып калдым окшойт, Үсөн аке "совхоздун жумушуна барбай эле кой, меймандар менен чогуу болосуң" деп койду. Көрсө мен тигилер балык кармаганда сөөлжан терип турушум керек экен.

Биздин айылда балык абдан көп. Тим эле суудан секирип турат. Рыспай аке балык кармаганды жакшы көрөт экен. Ошентип алар менен бир жума чогуу жүрдүм. Кетеринде:"Музыкалык жөндөмүң бар экен, жакшы ырдайт экенсиң. Мектепти бүткөндө Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетине", - кел деди. Мен башка окууга барам десем, "Сенин үнүң жакшы экен. Сенден мыкты обончу - музыкант чыгат" деп мактап-жактап элиртип коюшту. Ошентип алардын айтканы менен институтка барып, эки ырымды ырдап берип, тандоо сынагынан ийгиликтүү өтүп кеткем.


Жумакматовдун кеңеши

Негизинен Исрадин Аманбаев мектепте 8-класста окуп жүргөндө эле Аалы Токомбаевдин “Кайда барат” деген ырына обон чыгарып, аны эжейи мугалимдердин кароо-сынагында ырдап, Алайкуу өрөөнүндө биринчи орунду алат. Ошол кезде Алыкул Осмоновдун “Музыка” деген ырына дагы обон чыгарат. Анын композитор болуп калуусуна атактуу дирижер Асанкан Жумакматовдун да таасири тийген.

Асанкан Жумакматов
Асанкан Жумакматов
- Бир күнү Ошто жүрсөм, Асанкан Жумакматов сени чакырып атат деп калышты. Чоң оркестр менен гастролго келиптир. Барып таанышып, баарлашып калдым. Көрсө Асанкан агай менин он ырымды оркестрге салып, концерттин программасына киргизиптир. Дарика Жалгасыновага “Соң-Көл баяны”, “Төкчү жамгыр”, "Өттү күндөр” – деген ырларымды ырдатыптыр. Керим Турапов ошондо жаңыдан аты чыгып келаткан эле. Ага “Ай, гитара”, “Тоолук кыз болду периштем” – деген ырымды, Шеркул Дүйшөналивге “Нестан-Дарежанды" ырдатып келиптир.

Анан сүйлөшүп отурсак Асанкан агай “Сенин обондоруңдун формалары башкача экен. Ырларың романстарга жакын. Тилимди алсаң, борборго барып композиторлукка оку”,- деди. Улуу киши сунуштап жаткандан кийин жок дей алганым жок. Кийинки жылы келинчегим менен кеңешип, ата-энеме айтпай Бишкекке келдим да, Мамлекеттик искусство институтуна, композитордук бөлүмгө тапшырдым. Ал жерде мыкты композитор, көрүнүктүү педагог Алтынбек Жаныбековдун классынан таалим-тарбия алдым.


Ааламга кетчү жол айылдан башталат

Элибизде “Аккан арыктан суу агат” деген кеп бекер жерден айтылбаса керек. Канда жок болсо өмүр бою окутсаң дагы өнөрпоз чыкпайт. Көрсө, Исрадин Аманбаевдин ата-теги дагы жөн кишилерден эмес экен.

- Бул өнөр деген өзү укумдан-тукумга өткөн, ата-бабадан келаткан шык болсо керек. Атам Абдыашым азыр 86 жашка келип калды. Комуз чертет. Айылдын чоң комузчусу деп коюшчу. Чоң атам Аманбай комуз черткен эмес, бирок сөзмөр, күрөшкө түшкөн балбан болуптур. Анын атасы Чормош болсо комуз чертип ырдачу экен. Менимче, ушул өнөр ата-бабаларымдан өткөн шык болсо керек.

Алайкуу, 2-август, 2013-жыл
Алайкуу, 2-август, 2013-жыл
Экинчиден, туулган жерим таасир берсе керек. Анткени менин туулган айылым Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Көңдүк деген жер. Айрыкча жайында барсаңыз бир керемет жомоктогудай жерге туш келесиз. Күңгөй-тескейинен суу агып түшөт. Ортосунан дарыя өтөт. Кыргыздын ыйык жерлери бар эмеспи. Ошондой жердин бири Кулун-Ата деген көл. Ошол көлдөн суу агып чыгып, биздин айылды аралап өтөт. Менимче, өнөр-шык ошол туулган жердин таасиринен болсо керек деп ойлойм.

Үчүнчүсү - талыкпай эмгектенүү, бирөөлөрдүн таасири, билимиңди өркүндөтүү шык-өнөрдүн өсүүсүнө таасир этет экен.


Маданиятка маани берилсе...

Исрадин Аманбаевдин Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектепти жетектегенине үч жыл болду. Бул аралыкта окуу жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, окуу-тарбиялык иштерин жогорку деңгээлге көтөрүүгө жетишти.

Аманбаев өнөр адамы катары учурдагы маданияттын абалына тынчсызданганын да ортого салды:

- Искусство, маданиятка биздин мамлекет жакшы көңүл бурбай жатат. Мына, өлкөдөгү болуп өткөн ар кандай окуялар маданиятка өтө терс таасир тийгизет экен. Биз гүлдөп турган маданиятыбызды азыр жоготуп алуу чегине жетип калдык десем дагы болот. Эгерде мындан ары ушул учурдагы көз караш менен карап, мамилебизди өзгөртпөсөк буга чейинки түптөлгөн маданий байлыгыбыздан, искусствобуздан кол үзүп алабызбы деп чочуйм. Анткени союз кезинде кыргыздын көркөм өнөрүн дүйнөгө дүңгүрөткөн залкарлар чыккан.

Чыңгыз Айтматов адабият аркылуу кыргызды ааламга таанытса, Болот Миңжылкиев коңур үнү менен Европа, АКШнын көрөрмандарын таң калтырган. Балет өнөрүндө Бүбүсара Бейшеналиева, кинодо Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, театрда Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын жүзүн бүткүл дүйнөгө таанытпады беле. Себеби ал мезгилде мамлекет искусстводон каражатты аябай, өнөр адамдарына камкордук кылчу. Азыр “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат”, - дегендей болуп калды.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев маданиятты көтөрүү тууралуу жакшы кеп айтты. Бирок маданиятты сөз менен көтөрө албайбыз. Эгерде президент же премьер-министр, спикер айына болбосо дагы квартал сайын бир жолу опера жана балет театрына же кыргыз драма театрына барса, аларды ээрчип эзели театр эмне экенин билбеген чиновниктер, депутаттар кошо барып спектакль көрүшүп, классикалык музыка угушса маданиятка болгон көз карашы өзгөрөт эле. Аларды туурап базардагы карапайым калк театрларга барып, жүрүм-турум маданияты көтөрүлөт эле деп ойлойм. Болбосо аткаминерлер оң жээкте, маданият тармагы сол жээкте кала берсе, ортодогу элде руханий кризис башталат.


Бир кезде алыскы Алайкуунун бир айылынан чыккан карапайым бала бүгүн таанымал композитор. Ал катардагы обондон тартып симфониялык поэма, фортепианолук, үйлөмө, кыл аспаптары үчүн чыгармаларды жазууга жетишкен. Айрыкча анын "Нестан-Дарежан", "Жетиген", "Кошуна кыз" аттуу ырлары эл оозунан түшпөй жаңырып келет.
XS
SM
MD
LG