Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Асанкалый Керимбаев - махабат ырларынын жарчысы


Кыргыз угуучуларынын арасына мукамдуу ондогон обондору ырдалып, жадыраган жаркын элеси көкүрөктөрүндө жашап келе жаткан айтылуу обончу, ырчы, Эл артисти Асанкалый Керимбаев тирүү болгондо 7-февралда 60 жашка чыкмак.

“Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер” дегендей айтылуу обончу, ырчы, Эл артисти Асанкалый Керимбаев күтүүсүздөн элине бергенинен бере элеги көп болуп, таланты ашып-ташып гүлдөп турган 49 жаш курагында миңдеген угармандарынын кабыргаларын кайыштырган кайгыга сала о дүйнөгө сапар алган эле.

Асанкалый кетментөбөлүк айтылуу Атакан улуу Керимбай болуштун небереси болсо да, бешиктен бели чыккандан ыр, күүнүн толкунунда жашайт. Келечектеги бактысын ыр дүйнөсүнөн издейт. Орто мектепти бүтөөрү менен ал өзүнүн алгачкы ырчылык, артисттик чыгармачылык жолун Токтогул райондук элдик театрында иштөөдөн баштайт. Туубаса шыгын жетилтет.

Кийин кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы өнөр институтунда окуйт. Аны бүтөөрү менен өсүп-өнгөн Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз Улуттук Т.Абдымомунов атындагы Академиялык драма театрында, Улуттук Филармонияда, телерадио корпорациясында иштейт.

Маркум шектүү жердин тукуму болсо да, кайсы гана жамаатта иштебесин, атак-даңкы канчалык калк оозуна алынып мен-менсинип көкөлөп көппөгөн, кекирейип-керсейип бой көтөрбөгөн жөнөкөй, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган кичи пейил, өтө адамкерчиликтүү, ачык айтып, ак сүйлөгөн, бирөөгө жагалданып жакасын өппөгөн, түз жашап түз жүргөн, алынып-жулунбаган ток пейил инсан эле.

Асанкалый аз жашаса да, артына кыргыз эли менен түбөлүккө бирге жашай турган көөнөрбөс обондорду калтырып кетти. Өткөн доордогу, азыркы кездеги обончулардын ырларынан Керимбаевдин обондору терең ойлуулугу, образдуулугу, мукамдуу лирикалуулугу, аваздык боекторунун көп түстүүлүгү менен айырмаланат.

Автордун обондору негизинен жаштыктын жалындаган махабаттарына арналган. Алардын биринде селкиге болгон кусасы, экинчисинде сүйгөнүнө жетсем деген ак эткенден так эткен тилектенүүсү, үчүнчүсүндө жашоо кумары, өткөргөн өмүрү, түбөлүктүү сүйүүсү жана башкалары баяндалган.

Асанкалыйдын калк жүрөгүнөн түнөк тапкан обондорунун бири - Аалы Токомбаевдин сөзүнө чыгарган “Муңдашым Мунар кайдасың” аттуу ыры эле. Өмүрлүк жарынан айрылган акындын эстөө ырын да Мунардын балбылдап оштонуп карап күлгөнүн, кучактап турса туйлаган жүрөгүн, гүл бурак жийде жыттанган жытын эстеп сагынганы, жок дегенде түшкө кирсе деп тилеген үмүттөнүүсү таңда атып, күн батса да сүйгөнү Мунарды “кайдасың” деп издегени өткөрө эргүү, өзгөчө мукамдуу обондо сыпатталган.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев Асанкалый Керимбаев тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

“Азаттык”: Элмирбек мырза, Асанкалый агайыңдын өмүрүнүн акыркы жылдарында ага-ини болуп бирге иштешип, бир сындырым нанды бөлүп жеп жүрдүң. Тигил же бул обонун кандайча чыгарганы жөнүндө билсең алар жөнүндө эскере кетсең?

Элмирбек Иманалиев: Мен Асанкалый агайдын өмүрүнүн акыркы үч-төрт жылында дайыма бирге жүрдүм. Ошондо мен кайсыл обонун качан чыгарганы, кимге арналганы тарыхы жөнүндө куштарлана терип-тепчип сурай берет элем.

Агайдын акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө чыгарган укмуштай обонун кандайча чыгарганы жөнүндө шашпай айтып берген эле. Мончодобуз. “Биринчи келинчегим менен жашачумун. Эмнегедир ал "чогуу жашай албайбыз го, ажырашылы" деп калды. Артисттердин турмушун өзүң жакшы билесиң. Гастролго чыкканда талаада ойдо-түстө болосуң, каалаган жерге коносуң. Бирөөлөргө жолугасың, аны менен сүйлөшөсүң. Көпкө кармаласың. Кезектеги концертке айыл аралап, конуп-түнөп жүрүп үйгө келсем экөөбүз жаткан бөлмө каңгырап бош турат. Бөлмөнүн ортосунда жалдырап аккордеонум турат. Башка эч нерсе жок. Эмне кылам? Ары-бери ойлондум. Акырында аккордеонду колума алып, ар кыл сансыз санаага батып отуруп, терезенин текчесин карасам Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну”, “Сулууга” деген ыры бар экен. Окусам менин тагдырым жүрөт. “Ии, мына” деп башка обондорумдай ойлонуп отурбастан эмнегедир “Сулууганын” обонун шыр эле чыгардым”, деп айткан эле Асанкалый агай.

“Сулууга”

обону: Асанкалый Керимбаевдики,
сөзү: Алыкул Осмоновдуку.

Кош жан эркем кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе сагынба.
Жаш кездердей (ай) ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм коштошоордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн (ай) көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.

“Азаттык”: Элмирбек мырза, маркум Асанкалый өмүрүнүн акыркы жылдарында эмне оору менен ооруп жүрдү? Чыгармачылыгы жөнүндө эмнелерди айтчу эле?

Элмирбек Иманалиев: Агайдын өмүр баяны менен ырларынын, өзүнүн оорусунун тагдыры баары аралашып кетти. Асакем жаш кезинде атадан жаш, акылдан бош калганын боз улан куракта романтик болоорун, келинчеги менен ажырашуу, сүйгөнүнө жетпей калуу да жашоо жоктой сезилип калаарын басса-турса көп айтаар эле. Ошондой абалда жүргөндө ырларымды чыгардым дээр эле. Ошондо мен “агай, чыгарган обондоруңуздун (ырларыңыздын) бири да жерде калбай ырдалып жүрөт” деп айтчумун. Чынында эле башка обончулардан Асакемдин өзгөчөлүгү чыгарган обондорунун бири да ырдалбай калган жок. Анын баарын угуучулар билет.

“Агай, “эр ортону элүүгө” жакындап баратасыз, чыгармачылыгыңызга жалындаган жаш кезиңиздей оргуштап кайра аралашасыңбы” деп сурадым. Ал “акыркы күндөрү чыгармачылыгым түгөнгөнсүп калды. Өзүң көрүп атасың, турмуш шарттын айынан концерттерде үч-төрт эле ырларымды ырдап жүрөм. Акыркы кезде эмнегедир ырдагым да келбей атат” деп, чөгүп да жүрдү. Бирок, нукура элдик талант өчпөйт экен, кээде агай жадырап жайнап ырдап да калаар эле.

Өлөрүнө аз калганда Ак-Суунун Беш-Терек деген айылына барып концерт берип калдык. Ага чейин Москва районунда түшүм майрамы болду эле. Агай ырдады. Ошондо агай күндөгүдөй “зеригем, сен ырдачы, сенин ырларың көп, ырдай бер” дебестен концертте аябай төгүлүп, чачылып зерикпей ырдады. Ошондо мен “аябай жакшы ырдап атасыз” дедим. Агай кубанып калды.

Кезектеги концерттен келдик. Эки-үч күндөн кийин агай үйгө телефон чалып, чакырды. Бардым. Аркы-беркини сүйлөштүк. Дайыма жолукканда коштошуп жатып “качан концертке чыгабыз” деп сураганымда, агай “эч жакка кетпе, жоголбогун, концерт болот, сүйлөшүп атам” деп айтчу. Бул жолку жолугушууда негедир Асанкалый агай “концерт бүттү” деп, колун берип коштошту. Көрсө, агай о дүйнөгө кетерин сезген окшойт.

Агайдын адамкерчилигин айтсам өзүнө мүнөздүү чоң сапаты бар эле. Кошомат дегенди билчү эмес. Мүнөзү болсо манап мүнөз эле. Себеби тукумунда бар да. Агай болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй бетке айтчу. Ал бирөөнүн гана эмес, өзүнүн да кемчилигин уялбай, тартынбай эле “мен мындаймын, мен тигиндеймин” деп, бетке айта берчү.

Агай абдан тамашакөй, күлкүчү эле. Бир жолу көчөдөн узун бойлуу, келебеттүү кыз өтүп бара жатса аны карап, “аттиң ай, мен да ушундай шыңга бойлуу кыз алсам болмок” дегенде мен себебин сурасам, агай “өзүм да, аялым да, балдарым да бойлуу далдайган балдардан болмок” деп, күлүп койчу.

Агай Чоро Кожомжаровдун ансамблинде ырчы болуп иштеп жүргөндө ырчы Абталин Сатылганов үчөөбүз бирге иштешип жүрдүк. Абталинге ырларын ырдатат. Бирок анын колу чалыштап аккордеонду чалыштап жакшы иштете албаса агай “эй, жакшылап үйрөнбөйсүңбү, Рыспайдыкындай сенде сонун үн бар” деп, кемчилигин бетке айтчу.

Баса, агай Рыспай Абдыкадыровду аябай баалачу, сыйлачу. Анан анын көп кыял-жоруктарын айтып тамшанаар эле. Бир эле мезгилде агай Рыспай өтүп кеткенден өзүм да чөгүп калдым. Көрсө, баарыбыз эле өлөт экенбиз. Акыркы кезде оорум күчөгөндөн күчөп эле баратат дегенде, “жок агай сиз көпкө жашайсыз” десем, "ошентип койчу" дээр эле.

Агай гастролдо жүргөндө, жолукканда акыл насааттарын көп айтаар эле: “жаштык курагыңды өз убагында туура пайдаланып кал. Мен болсо элүүгө жакындап калдым. Мурункудай чыгармачыл илхом жок. Чыгармачылыгым өксүп атат. Менин сага айтаарым - жаш кезиңде иштеп кал” деп көп айтаар эле.

Өзү да “Сулууга”, “Муңдашым Мунар кайдасың” деген шекилдүү ырларымды чыгарган кезде аябай иштеп калсам болмок экен деп, өкүнүп да калчу. Агай о дүйнөгө кетердин алдында үйүнө бардым. Ошондо мен үйгө кетип баратканда “Элмирбек, мен сага ыраазымын. Мага капачылыгың жокпу” деп коштошту. Көрсө, агайдын акыркы жолу мени менен коштошкон тура...

“Азаттык”: Асанкалый Керимбаевдин ырларын абалкы обончулардын, ырчылардын салтын улап, аспаптын-аккордеондун коштоосунда өзгөчөлөнгөн чыгармачылык жүзү, артыкча аткаруучулук үнү, аваздык манерасы пейили бар эле.

Асанкалыйдын обондорунда башкалардыкындай жеңил-желпилик жок, шек гана өзүнө мүнөздүү кайталангыс жекечилик омоктуу ойлуулук, өзүнө шак тартып алуучу кереметтүү касиет күчтүү өнүккөн. Анын обонунун түпкү теги улуттук элдик музыка менен ажарланган. Ал калк музыкасынын учкундарын ар бир обонуна ширетип, кынаптап, өткөрө устаттыкта иштеп чыгат. Асанкалый туубаса тунук лирик-обончу. Анын кайсыл гана обонун укпагын махабаттагы өкүнүчтүү өксүүнү, кусаланган сагынууларды, шаттанган шаттыгын туясың.
XS
SM
MD
LG