Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Сүймөнкул Чокморовдун арманы


Актер жана сүрөтчү, кыргыздын залкар уулдарынын бири маркум Сүймөнкул Чокморовдун узак оорудан кийин 53 жашында көз жумганына 20 жыл толду. Чокморовду жазуучу, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдиламит Матисаков эскерди.

“Азаттык”: Сиз "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деп китеп жазгансыз. Китеп жазууга эмне түрткү болгон жана Чокморовду китеп жазганга чейин жакындан таанычу белеңиз?

Абдиламит Матисаков: Ал кезде Чокморов кыргыз асманында жаркырап, таланты жаркып, тартылган кинолору бүтүндөй Союзга, дүйнөлүк масштабда жакшы бааланып жаткан учуру болчу.

Анын Бишкектин көчөлөрүн аралап басканын көргөндөр ушунчалык сыймыктанчу. Ошол кезде мен “Советтик Кыргызстанда” иштеп жүрчүмүн. Бир жылдай жанында жүрүп анын актерлук, сүрөтчүлүк, жалпы эле адамгерчилик портретин жазганга аракет кылдым. Ал окурмандардын баасын алды. Ал киши өзү дагы “мен жөнүндөгү эмгегиң дурус экен” деген пикирин айткан. Сүкөмө Кудай оң колу менен актерлук, сол колу менен сүрөтчүлүк талантты берген экен. Ал кишинин ооматы келе турган мезгил келди.

Мен ал киши менен ийиндеш болуп, колтукташып бир тууган агам катары жанында жүрдүм. Ал жан чыдагыс, адам көтөрө алгыс ооруга чалдыкканда керебетинин жанында болдум. Анын акыркы деми калганга чейинки абалы көз алдымда. Ошонун бардыгын кагазга түшүргөнгө аракет кылдым.

Бирок азыр Чокморовдун өмүр баяны жөнүндө эле сөз кылып жатабыз. Анын бийик, Манаска тете жүк көтөрө билген кыргыздын мыкты уулу экендигин, оору менен кантип алпурушкандыгын, адамгерчилик сабактары туурасында жазганга аракет кылгам. Ал кишинин бир гана арманы - Манастын ролун аткарсам деген тилеги ишке ашкан жок.
Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG