Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Иран: Кыргыз жарандары Армения, Түркия жана Түркмөнстан аркылуу чыгып кете алат


Армения - Иран чек арасындагы өткөрмө бекети.
Армения - Иран чек арасындагы өткөрмө бекети.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына кайрылып, Иранда кырдаал толук турукташканга чейин ал өлкөгө барбай турууну эскертти. Иранда толкундоолордо миңдеген адамдын өмүрү кыйылганы кабарланып, АКШ жана Евробиримдик Тегеранга каршы жаңы санкцияларды караштырып жатат.

"Иран бийлиги өз элинен коркууда"

16-январга карай кабарларга караганда, Иранда өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары мурдагыдан азайып, бийликтин миңдеген адамдын өмүрүн алган күч менен басуу аракети да басаңдап баратканы байкалууда.

Бирок "Фарда" радиосу санарип тармакка, интернетке мониторинг жүргүзгөн глобалдык Netblocks уюмуна таянып билдиргендей, бул өлкөдө интернет байланышы дагы эле толук өчүрүлгөн, андыктан чыңалуу дале жогору бойдон, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген абалда. Уюм белгилегендей, интернеттеги маалыматтык боштук режимди жактаган аккаунттардын, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган жалган маалыматтардын жайылышына шарт түзүүдө.

Бир аптадан ашуун убакыттан бери интернет жапырт өчүп турган Иранда муну менен бийлик нааразылык акцияларын күч органдары кантип басканын дүйнөлүк коомчулуктан жаап-жашырууга аракет көрүп жатканы белгиленүүдө.

Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө Ирандын өлүкканаларында кара баштыкка салынган сөөктөр тизилип жатканы тартылган сүрөт-видеолор чыга баштады.

Би-Би-Си 16-январда "Тегерандагы өлүкканадан тартылган видеолордо Ирандагы нааразылык акциялары ырайымсыздык менен басылганын көрүүгө болот" деген макала чыгарып, "өтө мыкаачылык жана кандуу кадрларды" жарыялоо мүмкүн эмес экенин билдирди. Анда аныктыгы ырасталган видеолордун биринен эле 200 сөөктү көрсө болору, каза тапкандардын көбүнүн денесинде жараат бар экени, биринин жаш курагы 16 деп белгиленгени жазылган.

Каза болгондордун, жараат алгандардын так санын Иран бийлиги расмий жарыялай элек.

"Фарда" радиосу укук коргоочулардын маалыматына таянып жазгандай, курмандыктар миңдеп саналат.

Кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHRNGO) уюму 3428 адамдын өлүмү анык экенин 14-январда билдирген, ал эми кеңсеси АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо тобу 2677 деген санды келтирүүдө.

Курмандыктар мындан да көп болушу ыктымал деген кооптонуу айтылып келет.

15-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши АКШнын өтүнүчү менен жыйынга чогулуп, анда Кошмо Штаттардын өкүлү Майк Уолц:

"Президент Трамп айтканын жасаган киши. Бул БУУда байкап отурганыбыздай аягы жок сөздөр эмес. Ал кыргынды токтотуунун бардык жолдору караштырылып жатканын ачык айтты", - деди.

Иран бийлигинин жапырт демонстрациялар чет мамлекеттердин кутуму деген билдирүүлөрүнөн улам Уолц Тегерандагы катаал режим "көчөгө чыккан иран элинин күчүн көрүп туруп ушундай калпты жайылтып жатканын" белгиледи.

"Дүйнөдөгү бардык адамдар режим мурдагыдан да алсыз экенин билиши керек... Алар коркуп турушат. Алар өз элинен коркушат", - деп кошумчалады АКШнын БУУдагы өкүлү.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 15-январда Кипрде өткөн пресс-конференцияда Евробиримдик Иранга каршы, анын ичинде нааразылык акцияларын күч менен басып жаткан "мыкаачылыгы үчүн жоопкер" бийликке каршы санкцияларды катаалдатуу ыктымалдыгы каралып жатканын айтты. Ал ирандыктарга бекем колдоосун билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп "өтө маанилүү булактарга таянып" Иран нааразылык акциясына чыккан жарандарын өлүм жазасына тартпай турган болгонун эки күн мурда билдирген. Бирок Кошмо Штаттардын Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору бойдон кала берүүдө, Жакынкы Чыгышта чыңалган абал да ошо бойдон.

Трамп администрациясынын маалыматына таянып, "Иранда адам өлтүрүү токтоп жатат, өлүм жазасына тартуу планы жок" деп 14-январда айтты жана мындай маалымат ал жактагы "өтө маанилүү булактардан алынганын" белгиледи.

Ошону менен катар АКШ президенти эми аскердик аракеттер ыктымалдыгы кандай болору тууралуу суроого: "Биз кырдаал кандай болорун байкап жана карап турабыз" деп жооп берген.

Кыргызстан Ирандагы жарандарына кайрылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жакын арада Иранга барууну пландап жаткан кыргызстандыктарга кайрылып, бул өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин ал жакка барбай кое турууну сунуштады.

Мекеменин 16-январдагы билдирүүсүндө Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон кыргызстандыктар Тегерандагы элчиликке же ТИМдин Консулдук департаментине өзү тууралуу байланыш жана болжолдонгон мамлекеттик чек ара өтүү пункту жөнүндө маалымат жөнөтүшү зарыл экени айтылды.

"Азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга/Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан, ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда. Эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу кургактык жолу менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандын жарандары үчүн Армения жана Түркия аймагына кирүү визасыз негизде жүзөгө ашырылат. Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн, кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча жардам алуу үчүн алдын ала Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине кайрылуу зарыл", - деп билдирди ТИМ.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин бул билдирүүсүндө 16-январга карата Ирандын Ооганстан жана Ирак менен мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттар ачык экени, бул өлкөлөргө кирүү чечими кабыл алынган учурда тиешелүү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүү зарыл болору белгиленди.

Министрлик Ирандан чыгуу үчүн башка да каттамдарды кароону сунуштап, Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен жердеги чек аралары учурда жабык экенин кошумчалады.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-январда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Иранда жашаган кыргызстандыктардын көбү былтыр жайындагы окуялардан кийин бул өлкөдөн чыгып кетишкенин айтты.

Азыркы тапта, анын айтымында, Иран жергесинде Кыргызстандын 20 чакты жараны бар, алардын 12си ошол жакка күйөөгө чыккан келиндер.

"Элчилик баары менен байланышта. Эгер абал курчуса биз аларды алып чыгып кетүүгө даярбыз. Бирок азыр кырдаал бир аз турукташып калды. Интернет дагы эле жок", - деген министр.

АКШнын санкциялары

АКШ Ирандын беш аткаминерин нааразылык акциялары күч менен басылышына тиешеси бар деген негизде санкция тизмесине киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги 15-январда маалымдады.

"Кара тизмеге" Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани, полициянын төрт аймактык башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Лорестан жана Фарс провинцияларындагы күчтөрүнүн командирлери кирди.

Финансы министрлигинен маалымдашкандай, Ларижани Ирандагы нааразылык акцияларына жооп чараларды координациялоого жооптуу, ал тынч митингдерди күч менен басууга ачык чакырган. Ал эми санкцияга илинген командирлер, АКШнын эсебинде, митингдин катышуучуларын кыйнап, өлтүрүшкөн.

"Митингдер башталган декабрь айынан бери Ирандын коопсуздук күчтөрү анын катышуучуларын кадимки октор менен аткылап, эркиндигин жана өмүрүн алышты", - деп жазылган билдирүүдө.

АКШнын санкциясына ошондой эле Фардис түрмөсү да кабылды, Мамдепартамент ал жакта аялдар "ырайымсыз" кыйноого кабылышканын билдирген.

Булардан тышкары бир нече уюм жана адамдар Ирандын мунайын чет өлкөлөргө сатууда "көмүскө банкинг" колдонууга айыпталып, санкциялык тизмеге киргизилди.

Иран аба мейкиндигин жапты

15-январда Иран өлкөнүн аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн жабылганын тиешелүү эл аралык мекемеге расмий эскерткен. Маалыматка караганда, атайын уруксаты бар эл аралык каттамдар гана аткарылып турат.

Муну менен катар Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна аба күчтөрүн жана абадан коргонуу бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиргени кабарланган.

Мындай кадамдар Кошмо Штаттардын Ирандагы демонстранттарды ырайымсыз, күч менен басканы үчүн Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору деген билдирүүлөрүнүн фонунда жасалды.

Ошол эле күнү Рейтер агенттиги бир катар булактарга таянып АКШнын учак ташыган чабуул коюучу кемеси Түштүк-Кытай деңизинен Жакынкы Чыгышка бет алганын, болжол менен бир жумада аймакка жетерин жазган.

Буга чейин Пентагон Катардагы Ал-Удейд авиабазсындагы аскрелердин санын кыскартары кабарланган. Расмий булактардын айтымында, алдын алуучу чара аскерлерге жаралган коркунучту азайтууга багытталган.

Иран менен чек арадан 200 километрдей алыс орун алган базада АКШнын 10 миңдей жоокери жайгашкан.

Былтыр июнда 12 күндүк согуш учурунда АКШ жана Израил ал өлкөнүн өзөктүк жайларына сокку урганда Ислам жумурияты Катардагы аскер базасына 19 ракета атканы тынчсызданууга жем таштаган.

Американын андан тышкары Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттарында да базалары бар, бирок, маалыматтарга караганда, ошол мамлекеттер Вашингтонду аскердик чара көрбөөгө чакырышкан.

Аймактагы чыңалуудан улам германиялык Lufthansa, Австрия, Швейцария, Брюссел аба жолдору, Air Astana авиакомпаниялары каттамдары Ирандын аба мейкиндигин кыйгап өтүп учарын билдирди.

Бир катар өлкөлөр Тегерандагы элчиликте иштеген айрым кызматкерлерин чыгарып кетип, өз жарандарына Иранга барбай турууну эскертүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG