Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргыз киносу: сандан сапатка


"Салам, Нью-Йорк" тасмасы
"Салам, Нью-Йорк" тасмасы

75 жылдык тарыхы бар кыргыз киносу “Кыргыз керемети” деп аталып гүлдөп турган учурду да, өлкөдө такыр кино тартылбай калган жылдарды да башынан кечирди.

Тасма кантип тартылат, андагы сиз билбеген кызыктар, кыргыз киносунун көрүүчүсү ким? Жергиликтүү тасмалар кантип Голивуддун кинолорун артка калтырды деген суроолорго “Азаттык+” жооп издеди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, кинотеатрларга барган көрүүчүлөрдүн саны 2015-жылы 1,5 миллиондон ашкан.

Айрым маалыматтарга караганда жылына өлкөдө 100гө чукул тасма тартылат. Алардын жарымы көрүүчүгө тартууланчу толук метраждуу тасмалар.

Киночулар бүгүнкү күндө Кыргызстанда тартылган тасмаларга барган көрүүчүлөрдүн саны Голливуд тасмаларына баргандар менен теңелгенин белгилешет. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн айрым кинотеатрларга баш бактык.

Өзүнүн бош убактысында жаңы тартылган кыргыз тасмаларынан кыя өткүсү келбеген көрүүчүнүн бири көргөн фильмин сын көз менен караса, экинчиси мекендештерин колдоп турат.

Мындан 5-10 жыл мурда эле кыргыз тасмалары саналуу гана кинотеатрларда көрсөтүлүп келсе, бүгүн шаардагы дээрлик бардык кинотеатрлар репертуарын жергиликтүү тасмалар менен толуктайт. Алардын катарына кечээ эле бир гана чет өлкөлүк фильмдерди көрсөтүп келген Синематика тармагынын кинотеатрлары да кошулду.

Ошол эле учурда кыргыз тасмаларын каражат табууну гана максат кылат деп сындагандар арбын.

"Кыргыз керемети": сандан сапатка
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:48 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG