Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

“Саякбай” тасмасына мактоо жана сын

"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.
"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.

Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы эгемендик күнүнө карата жалпы коочулукка сунушталат. Фильм буга чейин чакан чөйрө үчүн жабык көрсөтүлгөн. Эки жылга жакын убакыттан бери кино сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып келген тасма учурда көрүүчүлөрдүн талкуусун жаратты. Фильмди көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү тасма мыкты деңгээлде тартылганын айтса, айрым кино сүйүүчүлөр актерлук курамдын тандалышын сынга алышты.

Тасманын уюштуруучулары темага киришип жатканда кино жаратуунун эң башкы максаты - ХХ кылымдын Гомери деп аталган Саякбай Каралаевдин талантын жана манасчылык өнөрүн ачып көрсөтүү экенин айтышкан.

Тасманы көрүп чыккан көрүүчүлөрдүн бири төкмө акын, манасчы Сапарбек Касмамбетов фильм өзүнүн алдына койгон ошол максатына жеткенин белгиледи.

"Саякбай" тасмасы
"Саякбай" тасмасы

- Саякбай Каралевдин образы аябай жакшы чечилген. Бул жерде режиссер "Манас" эпосуна терең сүңгүбөй туруп негизги теманы ачып берүүгө умтулган. Себеби, "Манас" темасы улуу дүйнө эмеспи. Эгер режиссер эпоско сүңгүп кетсе, анда манасчынын образы ачылбай калмак. Бул жерде режиссер манасчылык өнөрү аркылуу "Манастын" кандай улуу, кандай ыйык, кандай касиеттүү дүйнө болгонун жеткире билген.

Касмамбетов тасмада негизинен кыргыздын улуттук баалуулуктары, кармана турган өзөгү, Саякбай Каралаевдин, Чыңгыз Айтматовдун образы аркылуу улуттун таяна турган тоосу кайсылар экени тууралуу сөз болгон дейт.

"Саякбай" тасмасынын сценарийи 2015-жылдын октябрь айында жазылып, бир жарым жылда тартылып бүттү. Фильмдин сценарийинин автору жана режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Ал "Саякбай" тасмасы өзүнүн да купулуна толгонун айткан:

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды

Кыргызстанда интернет-сайттардагы порнографиялык кинолорго, видеоклиптерге эч кандай чектөө жок. Андан тышкары “жылаңач баатырлар” тууралуу тасма көргүсү келгендер жашына карабай каалаган жеринен 30 сомдук дискти сатып салса, же порно-сайттарды тоскоолдуксуз эле таап алса болот.

- Мен буга чейинки тасмаларымды кандайдыр бир деңгээлде машыгуу, көнүгүү катары карап, ал машыгууну бир улуу нерсеге кездешүүгө даярдык катары көрүп келсем, бул тасманы ошол улуу нерсеге кабылганым деп эсептейм. Анткени менин билгеним, туйганым ушул тасмага чагылдырылды. Бул фильм өзүмдүн купулума толгон картина болду.

Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан-аяк Саякбай манасчы менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Мында Айтматовдун ролун залкар жазуучунун уулу – Элдар Айтматов, Саякбайдын ролун актер - Марат Жанталиев ойногон. Бул эки башкы каармандын образы кай бир жагдайларда кино күйөрмандарынын арасында эки ача пикирлерди пайда кылды.

Мисалы, көрүүчүлөрдүн бири Нурсултан Акинов актер Марат Жанталиев буга чейин коомчулукка сатиралык жанрдагы актер катары таанылып калгандыктан аны бул тасмада олуттуу образда кабыл алуу кыйын болгонун кеп кылды:

- Марат Жанталиевди баарыбыз Бопуш катары таанып калганбыз да. Анын өзүн көрүп, үнүн укканда эле элде сатиралык маанай жаралса керек. Бирок актер өзү бул тасмада Саякбайдын образын эң сонун ачкан. Анткен менен баары бир көрүүчүлөр үчүн аны олуттуу образда кабыл алуу кыйын болду. Менимче актердун өзү үчүн деле мурда түзүлүп калган образды жеңүү түйшүктүү болсо керек.

Көрүүчүлөрдүн дагы бири Салия Нурматова Элдар Айтматов атасы Чыңгыз Айтматовго түспөлдөш болгону менен залкар жазуучунун образын ачып берген жок деп эсептейт:

- Элдар Айтматовдун орусча акценти бар экен. Мага анын ушул жагы өтө одоно көрүнүштөй туюлду. Ошол эле учурда анын баскан-турганынан актерлук чеберчилик таптакыр байкалган жок.

Эрнест Абдыжапаров
Эрнест Абдыжапаров

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров көрүүчүлөрдүн мындай сын- пикирлерин четке кагып, аны төмөнкүдөй чечмеледи:

- Биринчиден, эгерде жазмалардан жакшылап угуп көрсөңүздөр Айтаматовдун сүйлөгөн сөзүндө өзүнө тиешелүү акцент болгон. Туура, ал кыргыздын нукура тилинде мыкты сүйлөгөн. Бирок баары бир кыргызчасында да, орусчасында да өзүнө тиешелүү акценти болгонун байкаса болот. Анан калса Элдар Айтматов өзү кыргызча сүйлөй албайт экен. Бирок Айтматовду жакындан билгендер Элдар ойлонуп, таптап сүйлөгөн жагынан атасынын образын ача алганын айтып жатышат. Ал эми Марат Жанталиев мурда куудул болгонбу, болбогонбу ал көрүүчүлөрдүн көйгөйү. Биз бүгүн Саякбай Каралаевдин образын жараттык. Он жылдан кийин Жанталиевдин Бопуш болгону унутулуп кетет.

Абдыжапаров "Саякбай" тасмасы жалпы көрүүчүлөргө 31-августта -эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлөрүн айтты.

Тасманы тартуу иштери "Саякбай манасчы" коомдук фонду тарабынан каржыланып, "Кыргызфильм" студиясы техникалык жактан колдогон.

"Азаттыктын" архиви: "Саякбай" тасмасы тартылып жаткан учур. 2016-жыл

"Саякбай манасчы" тасмасы тартылууда

Тасмада негизинен Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу чагылдырылат.
1/13 Тасмада негизинен Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу чагылдырылат.
"Саякбай Каралаев" фонду каржылаган тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартып жатат.
2/13 "Саякбай Каралаев" фонду каржылаган тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартып жатат.
Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон.
3/13 Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон.
1921-1931-жылдары Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
4/13 1921-1931-жылдары Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү,&nbsp;1939-жылдан&nbsp;Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган.&nbsp;Үч жолу &laquo;Эмгек Кызыл Туу&raquo; ордендери, &laquo;Ардак белгиси&raquo; медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.<br />
&nbsp;
5/13 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү, 1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган. Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.
 
1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча &laquo;Манас&raquo; эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин &laquo;Семетей&raquo;, &laquo;Сейтек&raquo; жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. &laquo;Манас&raquo; эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда Саякбайдын &quot;Манасы&quot; көлөмү боюнча Гомердин &laquo;Илиада&raquo; жана &laquo;Одиссеясынан&raquo; 20 эсе, &laquo;Шахнамеден&raquo; 5 эсе, &laquo;Махабхаратадан&raquo; 2 эсе чоң.
6/13 1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда Саякбайдын "Манасы" көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
Каралаев &laquo;Манас&raquo; эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
7/13 Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин Мелис Убукеев, Болот Шамшиевдер да тасма тарткан.<br />
&nbsp;
8/13 Саякбай Каралаев тууралуу буга чейин Мелис Убукеев, Болот Шамшиевдер да тасма тарткан.
 
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG