Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:55

Доор алмашкандагы кыргыз тагдырын чагылдырган тасма

Жакында Бишкектеги Кино үйүндө атайын чакырылган чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө Актан Арым Кубаттын «Кентавр» көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Европа көрүүчүлөрүнүн купулуна толгон бул фильм кыргыз киносунун тарыхындагы жаңы барак болуп калат деп ойлойм. Ичкериден булкуп турган рухий күч-кубаты зор, метаформа, символ сыяктуу көп маанилүү көркөм каражаттар абдан чебер колдонулган, маданий-эстетикалык контексти да кенен, бир нече катмарлуу терең подтексти бар, сюжеттик композициясы өзгөчө курулган бул фильм тууралуу алдыда көп сөз болору, далай сындар, атайын илимий эмгектер жазылары, өтө курч талаш-тартыштар жүрөрү анык. Бул ирет фильмдин айрым урунттуу өзгөчөлүктөрүнө гана токтолууну туура таптым.

Эзелкинин дүбүртү

Байыркы грек мифологиясында киши баштуу,

белден ылдый тулкусу жылкы деп элестетилген

азоо чалыш жандарды кентавр деп аташкан.

Википедиядан.

Кезинде орустун белгилүү адабиятчысы, маданият таануучу (культуролог) философу Георгий Гачев биздин элди дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өзүн кентавр деп мүнөздөгөн эле. Тээ тарыхка чейинки – мифологиялык доорлордон тартып оозеки, синкрет өнөрдүн соңку берметтерин кечээ жакынга чейин эле сактап, жаратууну да токтотпой улантып келген кыргыз элинин уулу ушундай ажайып рухий табериктин эң татыктуу мураскери, ошол эле учурда азыркы замандын искусствосунун эң бийик үлгүлөрүн абдан кеңири да, терең да өздөштүргөн эмеспи! Кеменгер сүрөткердин дүйнө элин таң калтырган чыгармачыл дареметин баалоо үчүн окумуштуу ушундай таасын терминди колдонгон эле. Мына эми таланттуу кинорежиссер Актан Арым Кубаттын жаңы көркөм тасмасы ушундай аталыптыр.

Кентавр – фильмдин баш каарманынын ылакап аты. Кыргыздын кечээ жакынга чейинки эле көчмөн турмушу ат жалында өткөн эмеспи. «Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин», «Үйүрүн сагынбас ат болбос, элин сагынбас эр болбос», «Ат – адамдын канаты», «Ат жалына казан ас» ж.б.у.с. макалдардын бизде көп экендиги да ушундан. Кыргыздын эзелки тиричилигиндеги табият менен киндиктеш, тамырлаш катышты дал ушул ат жалындагы жашоо эң таасын чагылдырат.

Тасмадагы Кентавр – азыр отурук жашоого өтүп алган элдин жашоосунан кыйла алыстап, унутулуп бараткан ушул киндиктеш, бир боор байланышты дээринде, насилинде сактап калган, жылкысыз жашай албаган башкача жан: ички дүйнөсү – күлүк аттай эркин, учкул, акыл-эси, а күнүмдүк тиричилик чөйрөсү боюнча – демейки эле адам. Тагдыры татаал бул кишинин аялы дудук, жалгыз уулунун да сүйлөбөй калышына кайгырып, мунун дабасын ал жылкынын пири Камбар Атадан издейт, аны түшүндө да көрөт. Эгер ат жалында сызып жүрүп, кыргыз үчүн эң ыйык пирлердин бири болгон Камбар Атадан тиленсем, балама тил бүтөт деп ишенет. Өзүмчүл, мерес болуп кеткен азыркы адамдарды да табигыйлыкка, нукуралыкка кайра жакындап барса деп тилейт.

Кентаврдын бул изги мүдөөсүн ачык-жарык, демейки тартипте орундоого мүмкүнчүлүгү жок – күлүк сатып мингенге колу жука. Ал ат жалында куштай учкан эпикалуу, мифтик доорлордо эмес, адамдар рухий канаты кайрылган, таберик асыл нарктардан айрылган биздин мезгилде жашайт. Демек, жан дүйнөсүнүн эң зарыл талабын, керектөөсүн жашыруун гана канааттандыра алышы мүмкүн. Ошентип, Кентавр каерде күлүк ат көрсө же анын дайынын укса, ошону уурдап минмейинче жаны тынбайт. Түн койнунда аргымакты алыс-алыс чаап баратып, кучагын ай-ааламга кере жайат да, дудук бойдон кала берчүдөй болгон уулуна тил, элге эзелкидей кең пейил тилейт…

Өзөктүү кагылыш

Албетте, баш каармандын окко учушу менен аяктаган сюжеттин өзөгүндө өтө орчундуу конфликт бар – бул жашоо кунарын, өмүр маңызын эзелки кыргыз жан дүйнөсүнө шайкеш кабылдоо мүдөөсү менен диний фанатизмдин чүмбөтүн жамынган пайдакечтик психологиянын кагылышуусу. Кыргызчага айрымдар «ааламдашуу» деп оодарып жүргөн глобализация эпкини бардык адамдарды, алардын дүйнө таанымын, атүгүл сезим-туюмун, кыял-санаасын да стандартташтырып салчудай заман келди. Бир жагынан батыштын үстүрт, тайкы түшүнүлгөн баалуулуктары керектөө базарында басымдуулук кылып, улуттук өң-келбетти, инсандык жүздү көпчүлүк жактырган, мыкты деп ойлогон моданын деңгээлине түшүрүп жымсалдай баштаган, экинчи жагынан батышчыл мүнөзгө караманча каршы тургансыган, бирок өзөгүндө ошол эле пайдакечтик, бийлик кумары турган, жалаң гана диний ченемдерди, болгондо да өтө тайыз тааныган, анын алкагына, нугуна сыйбаган нерселердин баарын жокко чыгарып жоюуга баш койгон фанатизм бар. Бирок фильмдеги конфликт ушул эки жааттын ортосунда эмес, бул экөө менен азыркы заманда эч ыңгайлашып кете албаган Кентаврдын ортосунда курчуйт.

…Бай тууганынын байгеге таптап жаткан күлүгүн Кентавр кылдаттык менен уурдап кеткенде, элдин баары муну кошуна казактардан күргүштөтө мал уурдап жүрүп таанылган Садырдан көрөт. Бөөдө айыпталып, катуу таяк жеп калган соң, ал жылкы уурдаган кишинин өзүн таап, жердештеринин алдында актыгын далилдөөнү чечет. Ошентип, анын сунушу боюнча эл арасында Турду деген дагы бир байдын сатып келген күлүгүн ашыра мактаган кеп таратышат. Бул жаңылыкты уккан Кентавр жылкыны көрмөйүнчө жаны тынчыбайт. Күлүктү эшиктери бекем, кулпусу оор, ызы-чуу салсын деп босогосуна тушташ каздарды да камап койгон атканадан абдан эптүүлүк, чеберчилик менен алып чыгып мине качарда, атайын күтүп аңдып жаткандардын колуна түшүп калат…

…Албетте, бул союп же тирүүлөй сатып пайда көрүү үчүн жасалган уурулук эмес эле. Бирок муну мыйзам тарап дагы, дин өкүлдөрү да, эл дагы түшүнбөйт, түшүнүшү мүмкүн да эмес эле, ошондуктан уурулугу үчүн соттолуп, түрмөгө кесилип кетиши ыктымал болчу.

Элдин баарын таң калтырган бул ууру өзүнүн жакын тууганы экендигин көргөн Карабай аны дин жолуна салып, ажылык сапарга жөнөтмөкчү болот. Ошентип, Кентавр азыр модага айланган тегерек топу, бөз дамбал кийип, бир кезде өзү киномеханик катары кожоюндук кылган, эми мечитке айланып калган клубда көпчүлүк менен чогуу намазга жыгылат…

…Жанындагылар менен кошо саждага башын коёрдо, Кентавр ордунан туруп кетет да, клубдун киноаппараттар сакталган төркү бөлмөсүнө барат. Аерден Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» новелласы боюнча тартылган тасманы таап, чаңын күбүп, экранга чагылдыра баштайт. Намаз окуп жаткандар желке жагындагы дубалдан бир кезде кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сүймөнкул Чокморов менен сулуулуктун идеалы Таттыбүбү Турсунбаеванын жорго салып бараткандагы ажайып эпизодду көрүп, таң калышат…

Ат жана «Ата!»

…Динге баш койгон жердештери (албетте, каяша айткандары да болду, бирок көпчүлүгү) ары-бери тартышкан соң, бул жосунду кескин айыптап, Кентаврды айылдан кууп жиберүүнү чечишет. Үйүнө келсе, кымыз, жарма саткан жесир келинге барып жүрөт деген ушакка уугуп, Кентаврдын түнүчүндө күлүк уурдаш үчүн суурулуп чыкканын да ошол кепке жоруган аялы баласын алып кетип калыптыр… Элден четтегенинен да үй-бүлөсүнөн айрылганы Кентавр үчүн оор сокку эле. Ошентип, айылдан кетип баратканда көпүрөдө турган улан менен кыздын жанына кинофильмдин тасмасын айлантуучу бабинаны калтырып өтөт (айтмакчы, бул баягы эле «Кызыл алма» тасмасы болчу). Жолдон жылкы камалган темир тосмону ачып, баарын талаага бош коё берет. Уурдаш үчүн ушинтти деп ойлогон жылкычы Кентаврды кубалап, ал дарыяны кечип баратканда, артынан атып ийет…

…Атасы жарык дүйнөдөн кетип жаткан учурда көпүрөдөн дудук апасынын жетегинде өтүп келаткан уулу чалынып жыгылат да, ошол көз ирмемде ооруксунууданбы же жаңырган октон чоочуганданбы, «Ата-а!» деп кыйкырып жиберет!..

Кыргыздын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог Сабыр Иптаров «Ат – адамдын канаты» деген макалды башкача чечмелегени бар. Ал: «Адамдын минген аты, туулганда коюлган ысымы, жебени же окту ат деген этиш, ошондой эле ата – булар төртөө тең түпкү башаты, уңгусу бир сөз», - дечү. Муну да ойлонуп көрүш керек…

Катарсис же Чыгыш өлкөсүнө зыярат

Бул фильмдин окуяларын текст түрүндө баяндаганда түркүн түстүү кооз көрүнүштүн көлөкөсүн сунуштагандай эле болуп калат. Ошондуктан тасма жөнүндөгү учкай кепти грекчеден келген дагы бир термин менен жыйынтыктай туралы. «Катарсис» - трагедия аркылуу руханий көз ачуу, ичкериден тазаруу учуру. 26-мартта бет ачары боло турган тасманы ар ким эстетикалык табитине, рухий жактан өсүп жетилүүгө үлгүргөн бийиктигине жараша кабылдайт, түшүнөт. Үстүрт же такыр тескери мамиленин айынан тасманы жана анын авторун жектөөчүлөр да чыгышы ыктымал. Бирок кантсе да, «Кентаврдын» дүбүртү кыргыздын жан дүйнөсүнө жаңы шоокум салып, абдан маанилүү сүйлөшүүгө, таасирдүү талкууга түрткү берет деп ишенем.

Сөз соңунда «Кентаврдын» дүйнөлүк маданияттагы өтө кеңири контекстинен Герман Гессе жазган «Чыгыш өлкөсүнө зыярат» повестин эске сала кетмекчимин. Анда кудай таануу же чындык издөөнүн түркүн түмөн жолдору бар, алардын эч кайсынысын жокко чыгарбай, адамзаттын рухий жашоосундагы ар түрдүүлүктү баалап-барктоо зарыл деген абдан таасирдүү идея бул көп маанилүү фильмдин да өзөгүндө турат.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG