Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

"Алтын пальма" швециялык режиссерго тийди


Швециялык режиссер Рубен Остлунд, америкалык актриса Жюлет Бинош жана калыстар тобунун төрагасы Педро Альмодовар.
Швециялык режиссер Рубен Остлунд, америкалык актриса Жюлет Бинош жана калыстар тобунун төрагасы Педро Альмодовар.

Канн фестивалынын баш сыйлыгы - "Алтын пальманы" быйыл швециялык режиссер Рубен Остлунд "Чарчы" тасмасы менен жеңип алды. Франциянын түштүгүндө өткөн абройлуу кинофестивалдын мааракелик 70-айлампасында бул жылы баш байге үчүн 19 тасма ат салышты.

28-майда калыстар тобунун төрагасы, испаниялык режиссер Педро Альмодовар Канн-2017 фестивалындагы баш байге - "Алтын пальманын" ээсин жарыялады. Быйыл аталган сыйлыкка швециялык режиссер Рубен Остлунд "Чарчы" деген аталыштагы тасмасы менен татыды. Бул сюрреалисттик сатира жанрында тартылган фильм заманбап искусство жана андагы көйгөлөргө туш болгон музей директору менен Европадагы буржуазиялык жашоо жөнүндө баяндайт. Режиссер өзү чексиз бактылуу экенин жашырган жок.

- Мен албетте өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Мен швед киносу үчүн да бактылуумун. Анткени швед киносу ушундай колдоого ээ болгон соң бул нерсе башкаларды шыктандырат. Бүгүн кечинде мен кинематография жаатындагы досторум менен белгилейин деп жатам. Ошондой эле мен сөзсүз кыздарыма жана сүйүктүүм Синага чалып, кубанычым менен бөлүшөм.

Фестивалдын Гран-при байгеси франциялык режиссер Робен Кампийого "Бир мүнөттө 120 ирет согуу" деген тасмасы үчүн ыйгарылды. Анда 1990-жылдардын башындагы Париждеги сексуалдык азчылыктардын ВИЧке каршы күрөшү баяндалат.

"Сүйүү эмес" деген тасмасы менен орусиялык режиссер Александр Звягинцев калыстар тобунун тандоосуна ээ болуп, үчүнчү сыйлыкты жеңип алды. Фильмде ата-энеси ажырашып жатканда дайынсыз жоголуп кеткен 12 жаштагы өспүрүмдүн оор тагдыры сүрөттөлгөн. Мындан үч жыл мурда Звягинцев "Левиафан" тасмасы менен "мыкты сценарий" наамын жеңген.

- Өзүмдү абдан жакшы сезип турам. Фильмдин Канн фестивалына тандалып алынышы бул өзү чоң жеңиш. Ал эми андан кийин сени фестивалдын жабылыш аземине чакырып, сыйлык тапшырганы, бул албетте жагымдуу, сөз жок. Мен үчүн күтүүсүз кубанычтуу жаңылык болду.

Украиналык режиссер Сергей Лозницанын тасмасы, буга чейинки көп мактоолорго карабастан бир да сыйлык албай калды. Лозница 2013-2014-жылдардагы Киевдеги толкундоолор тууралуу тарткан "Майдан-2014" деген тасмасы менен белгилүү.

"Мыкты режиссер" наамын "Бегуил" деген фильми менен америкалык Софья Коппола алды. Режиссер 1971-жылы жарык көргөн Клинт Иствуддун фильмин эле кайрадан жаңылап тарткан. Тасмада АКШдагы жарандык согуш маалында үйүнө жарадар аскерди багып алышып, кийин анын сүйүүсү үчүн бири-бирине атаандашкан эки аялдын жашоосу чагылдырылат. Ал эми "мыкты актриса" наамы Диана Крюгерге "Белгисиз жактан" деген тасмадагы ролу үчүн берилди.

- Карьерамдагы бардык негизги бурулуштар Каннда болгон. Мен тартылган эң биринчи тасма да бул фестивалда көрсөтүлгөн. Анда мен жаш актерлерго берилчү Chopard сыйлыгын уткам. Бүгүн бул сыйлыкты алуу мен үчүн чоң сыймык.

"Мыкты актер" деп режиссер Линн Рэмсинин "Сен бул жерде эч качан болгон эмессиң" деген аталыштагы тасмасындагы ролу үчүн Хоакин Феникс табылды.

Эл аралык Канн кинофестивалынын мааракелик 70-айлампасы 18-майда башталып, он күнгө созулду. Иш-чара франциялык режиссер Арно Дерлешендин "Эсмаэлдин элеси" тасмасы менен ачылган. Канн фестивалы - дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу киносынактардын бири катары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG