Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Украинадагы саясий кризис: тамыры жана себеби


Киев. Майдандагы нааразылыкка чыккандар. 24-январь
Киев. Майдандагы нааразылыкка чыккандар. 24-январь

16-январда Жогорку Рада уруксатсыз митингге чыккандарга салынчу айып пулду жана абак мөөнөтүн көбөйткөн мыйзамды бекиткенден кийин эрегиш курчуду.

Антиөкмөттүк нааразылык чыгуулар президент Янукович Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол койбосун жарыялаган 21-ноябрда башталган. Украин полициясы коогалаңда эки демонстрант ок жаңылып өлгөнүн тастыктады. Бирок полиция тополоңдун очогунда куралсыз болгонун айтууда. Оппозиция "20-январдагы полиция менен кагылышта 5 адам курман болгон" дейт. Ивано-Франковск, Ровно, Львовдо облустук администрацияны жергиликтүү эл басып алды. Житомир, Черкескиде да митингдер өтүүдө. Оппозиция лидерлери Виктор Януковичтин президенттиктен кетүүсүн жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылууда. Янукович кризисти токтотуу үчүн эмки аптада Жогорку Раданын кезексиз сессиясын чакырууну сунуш кылды. Украинадагы саясий кризиске байланыштуу талкууга Киевден Украинадагы кыргыз жамаатынын төрагасы Таалайбек Сариев, Бишкектен таанымал укук коргоочу Азиза Абдирасулова, саясатчы Эдил Байсалов катышты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:14:18 0:00
Түз линк

Украинадагы саясий кризис жөнүндө украиналык социолог Владимир Коробовдун пикири:

- Украинада жүрүп жаткан революция виртуалдык мүнөзгө ээ. Негизги окуялар Киевдеги Майданда өтүүдө. Негизгиси телеэкрандарда анын сүрөтү чыгууда. Бул сүрөт бир нече милдетти аткарат. Ага бардык катышуучулар кызыкдар. Оппозиция өз ишмердүүлүгү жөнүндө демөөрчүлөрүнө рапорт берип, ага кетирген чыгымын актайт. Президент Янукович улутчулдук, фашизм жана экстремизм менен элди коркутуп, өз шайлоочуларын мобилизациялайт. Майдан деп аталган бул спектаклдеги экстремисттик аракеттерге катышкан адамдар рахат алат. Янукович президенттиктен кетпейт. Себеби, анын бийлигине реалдуу коркунуч жок. Карапайым эл кадимки турмушун улантууда. Майдандан бир квартал сыртта адамдар такси менен жүрөт, аялдамада турат, ресторанда тамак ичет, демейдегидей эле бейкапар турмуш уланууда. Көпчүлүк киевдиктер Майданда эмне болуп жатканын билбейт, ага кызыкпай калган. Себеби, кризис виртуалдык мүнөзгө ээ. Украинанын көпчүлүк калкына бул кризис таасир этпеди.

Аялдар полицияны кандуу эрегишти токтотууга жана протетчилерге кошулууга чакырган плакаттарды кармап турушат. Киев, 24-январь 2014
Аялдар полицияны кандуу эрегишти токтотууга жана протетчилерге кошулууга чакырган плакаттарды кармап турушат. Киев, 24-январь 2014
The Wall Street Journal гезити менен Heritage Foundation кору 14-январда “Экономикалык эркиндик индексин” жарыялады. 178 өлкөнү камтыган бул изилдөөгө ылайык, Украинадагы экономикалык эркиндиктин деңгээли Түркмөнстан, Түндүк Корея, Гаити, Зимамбабведен анча-мынча жакшы абалда турат.

Украиналык окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, 52 миллион украин элинин 26 проценти жарды жашайт. Бул 13 миллион адам күнүнө 5 долларга оокат кылат дегенди билдирет. Батыш Европада жарды деп, күнүнө 21 долларга жашаган адам эсептелет. Украинанын түндүк батышы жана ортолук түштүк облустарына өтө жакыр элдин катмары топтолгон.

Европада Украина жана Молдова жарды өлкө деп эсептелет. Керектөө рыногун изилдеген Германиянын GfK - Society for Consumer Research компаниясынын маалыматы боюнча, немистер сатып алуу мүмкүнчүлүгү жагынан украиндерге караганда он эсе, поляктар эки эсе бай жашайт. Поляк жараны орто эсеп менен өз керектөөсү үчүн бир жылда 5870 евро, беларус 2326 евро сарптаса, украин букарасы 2206 евро жумшайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:39 0:00
Түз линк

Чет өлкөлөрдүн, чоң державалардын оюну жөнүндөгү сөздөр жана теорияларга профессор Коробов кошулбайт:

- Бул, жалпылап айтканда, геосаясий атаандаштык деген өтө зор тема. Бирок, баарын эле Батыштын кутуму деп, сырткы күчтөргө шылтаган конспирологиялык теория негизсиз. Анткени, Украинанын калкы өкмөткө жапырт нааразы. Ишкерлер ийликтин ашыкча кысымына, эл жашоонун сапатына нааразы. Ошентип, Януковичке нааразылыктын социалдык себеби бар. Каршылык акциялары чет өлкөлөрдүн кандайдыр бир аракетинен улам чыгып жаткан жери жок. Анын тамыры социалдык нааразылыкта. Эгер мындай нааразылык болбосо, чет өлкөлөр эч нерсе кыла алышмак эмес.

Киевдеги Евромайдан. 24-январь 2014
Киевдеги Евромайдан. 24-январь 2014
Орусия Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары, Либерал-демократтык партиянын лидери Владимир Жириновский "Украина тынч гана экиге бөлүнбөсө, кагыштар токтобойт" деген оюн айтты. Виктор Янукович 20-январдагы кайрылуусунда митингчилерди жана оппозицияны мамлекетти жана коомду бөлүп-жарууга аракет кылууда деп, элди алардан оолак болууга үндөдү.

Украинада 2004-жылы ноябрь-декабрда саргылтым революция болуп, оппозиция шайлоодо жеңди деп табылган Виктор Януковичтин ордуна Виктор Ющенкону отургузган. Президент Ющенко мурдагы санаалашы, премьер-министр Юлия Тимошенко менен чатакташып, бул 2010-жылкы шайлоодо Виктор Януковичтин жеңишине шарт түздү. Азыркы оппозициянын үч лидеринин мүнөздөмөсү:

Виталий Кличко - түбү киевдик, 42 жашта, илим кандидаты. Кыргызстанда офицер-учкучтун үй-бүлөсүндө туулган. Бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону. Акыркы 14 жылдан бери Германияда жашайт. Украинанын жана Германиянын ордендери менен сыйланган. Виталий Кличко 2012-жылы эле 5 миллион доллар иштеп тапкан. Соңку эки жылдан бери парламенттеги УДАР фракциясын жетектейт. Кличко украиндер да европалыктардай байгер турмушта жашап, Евробиримдик менен жакын мамиледе болушун каалайт. Виталий Кличко президенттик дымагын да жашырбайт. Көпчүлүк эл ага "саясий тажрыйбасы аз, сөзгө чоркок" деп баа беришет.

Оппозиция лидери Виталий Кличко(солдо) Киевдин ортогундагы антиөкмөттүк митингде сүйлөп жатат. 24-январь 2014
Оппозиция лидери Виталий Кличко(солдо) Киевдин ортогундагы антиөкмөттүк митингде сүйлөп жатат. 24-январь 2014
Арсений Яценюк - Украинанын түштүк батышындагы Черновцы облусунда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 40 жашта. Илимдин кандидаты. Экономика министри, Улуттук банктын төрагасынын орун басары, Украинанын тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин спикери болгон. Украиналык министрлердин ичинен биринчи болуп өз кирешесин ачык жарыялаган. Экс-премьер Юлия Тимошенко соттолгондон бери «Батькивщина» партиясынын парламенттеги лидери. Арсений Яценюк оппозиция жетекчилеринин эң тажрыйбалуусу.

Олег Тягнибок - 45 жашта. Ашынган улутчул катары таанымал. Львов шаарында доктурдун үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби боюнча врач- хирург, юрист. Украинанын улутчул кыймылынын саясий ишмери. 1995-жылдан тарта партиялык кызматтарда. Үч жолу украин парламентине депутат болуп шайланган, азыр улутчул «Эркиндик» партиясынын парламенттеги фракциясынын төрагасы. Олег Тягнибок башка оппозиция лидерлери сыяктуу эле Украина Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол коюусун каалайт.

Лондондо чыкчу «Экономист» журналы жазгандай, постсоветтик Украина чоң сыноону баштан кечирүүдө. 28-январда Жогорку Раданын депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин колго алышы мүмкүн. Бирок парламентте Януковичтин "Региондор" партиясы көпчүлүктү түзөт. Өкмөт башчы Микола Азаров өткөн аптада парламент кабыл алган нааразылыкка каршы мыйзамдарды оппозиция менен кызматташып оңдоо мүмкүн экенин айтты. Еврокомиссиянын төрагасы Баррозу бейшемби күнү президент Янукович менен сүйлөшүп, эгер нааразы болгондорго каршы зобун-зордуктар токтотулбаса, Евробиримдик чара көрүшү ыктымал экенин эскертти. Ал эми мурдагы СССРдин биринчи жана акыркы президенти Горбачев Украинадагы кризисти басууга арачылык кылууга АКШ менен Орусияны чакырды.
XS
SM
MD
LG