Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

"Жылаңач" тасмаларды тыюу сунушталды


Маданият министрлиги порнографиялык аудио-видео тасмаларды аныктап, аларды чектей турган эксперттик комиссия түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Демилге боюнча мекемелер арасында түзүлгөн эксперттик комиссия порнографиялык аудио-видео тасмаларга тыюу салат. Бирок аталган комиссияга кимдер мүчө болору, тыюу салынчу тасмалар кандай критерий менен аныкталары азырынча бүдөмүк.

"Кинематографияга мамлекеттик колдоо жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан жогорудагы өзгөртүүнү парламенттин Билим берүү комитети бир добуштан жактырды.

Маданият министри Алтынбек Максүтов эгер сунуш кабыл алынып калса, мындан кийин ар бир тартылган тасма атайын комиссиянын элегинен өтөөрүн айтты.

- Ар бир тартылган тасма мамлекеттин көзөмөлүнө алыныш керек. Чыгарманы таразага сала турган атайын талдоочулар болот. Мындан тышкары көчөдө сатылып жаткан дисктерге да көзөмөлдү күчөтүш керек. Алар аркылуу улуттук баалуулуктарга каршы келген түшүнүктөр жайылып жатат. Өзгөчө порнографиялык тасмалар өспүрүмдөрдүн аң-сезимин талкалап жатат.

Көтөрүлүп жактан демилге боюнча, сыягы Кыргызстанда тартылып жаткан фильмдердеги аял-эркек мамилесин чагылдырган эпизоддор текшерилет. Кыргыз кинематографиясы боюнча 2001-жылы кабыл алынган мыйзамда да порнографиялык аудио-видео тасмаларга тыюу салынары жазылган. Бирок аталган чектөө 13 жыл бою канчалык деңгээлде аткарылып келгени белгисиз.

Ошол эле кезде Кыргызстанда интернет-сайттардагы порнографиялык кинолорго, видеоклиптерге эч кандай чектөө жок. Андан тышкары “жылаңач баатырлар” тууралуу тасма көргүсү келгендер жашына карабай каалаган жеринен 30 сомдук дискти сатып салса, же порно-сайттарды тоскоолдуксуз эле таап алса болот.

Деген менен министрликтин жогорудагы сунушу коомчулукта эки ача пикирлерди жаратты. Порнографиялык тасмаларды чектөө аракетин кезектеги популизм катары баалагандар да жок эмес.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров кинодогу порнографиядан мурда, шаар көчөлөрүндөгү сойкуларды тыйып алууга үндөөдө.

- Мыйзамдан мурда көчөдөгү порнографияны жок кылыш керек. Кыздар көчөдө ачык эле денесин сатып жатат. Бул порнография эмей эмне? Азыр нан сатса да кыздын жылаңач сүрөтүн чаптап сатат. Бул кадимки товарга айланды. Тартыла элек кинону коюп, базардагы дисктерди, интернетти тыялы.

Порнография, башкача айтканда адамдардын уяттуу жерлерин, аял-эркектин жыныстык катнашын ачык көрсөтүп, өспүрүмдөрдүн аң-сезимине таасир эткен тасмаларга тыюу салуу демилгеси буга чейин да көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.

Философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова уяттуу тасмаларды чектебесе, ата-энелер балдары менен бирге отуруп кино көрө албай калганын айтып кейийт.

- Азыр балдар менен чогуу отуруп телевизор көрө албай калдык. Бул мамилелер табигый деген мааниде экранда баарын ачык көрсөтүп жатышат. Порнографияны жайылткан пираттык дисктерге эч кандай көзөмөл болбой калды. Порнографияны мурда эле чектеш керек болчу.

Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасы.
Режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасы.

Кыргызстанда чет өлкөлөрдүн чектөөсүз порнографиялык тасмаларынан тышкары жергиликтүү режиссерлордун да махабат ышкысын көрсөткүсү келген фильмдери да аз эмес. Маселен, режиссер Актан Арым Кубаттын “Маймыл”, “Свет аке”, Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмаларындагы айрым эпизоддорду үй-бүлө менен көрүүгө мүмкүн эместигин айрым кино күйөрмандары белгилешет.

Буга чейин шаардык милициянын алдындагы адеп-ахлак полициясы порнографиялык дисктерге каршы күрөш баштап, бирок андан майнап чыккан эмес. Анткени кайсы диск порнография экенин так аныктаган мыйзамдык база да, аларга тыюу салчу расмий орган да жок.

XS
SM
MD
LG