Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Соцтармак аркылуу согушка үндөө күч алды


Сирияда согушуп жүргөн өзбек жараны. Видеодон алынган сүрөт.
Сирияда согушуп жүргөн өзбек жараны. Видеодон алынган сүрөт.

Ооганстан менен Cириянын согуш талааларында жүргөн өзбек жихадчыларынын үгүттөрү, катарга чакыруу тууралуу видеолору интернет аркылуу өзбекстандык жаштар арасында тездик менен жайылууда

Коопсуздук боюнча адистер радикал исламчылардын видео үгүттөрү руханий идеологияга негизделгендиктен жаштар тарабынан насаат катары кабыл алынууда дешет.

Өткөн жумада Telegram жана WhatsApp аркылуу тездик менен видео тараган. Анда курал кармаган эркек исламчылардын кара байрагынын астында өзбекче сүйлөп жатат. Социалдык тармактагылар бул киши Өзбекстандын Анжиян облусунан экенин да айтышууда.

Видедогу адам жоолукчан кыз-келиндерге болгон Өзбекстандагы чектөөлөргө да токтоло кеткен

- Жоолугун үйдө кийсин дептир! Кайдагы үй! Көчөдө кийбеген жоолукту үйдө кийип не пайда?!

Анжияндык деп айтылып жаткан бул адам өз чакырыгында согушка аттангандар чыныгы ыйманы таза адамдар экенин жана аларды бейиш күтүп турганын да айткан.

7-ноябрда интернетте жарыяланган дагы бир видеодон Сириядагы өзбек тектүү ондогон куралчан жаштарды көрүүгө болот. Алардын ортосунда отурган Мулло Мухаммад Умар аттуу киши чогулгандар туура жолду тандаганын айтып, жихад жолунан тайсалдабаш үчүн алардын антын алып жатканы түшүрүлгөн.

Ушул сыяктуу интернетте оңой жана тездик менен тараган видеолордун таасири Кыргызстандагы жаштарга да тийүүдө.

Өткөн ай этегинде эле Ош шаардык милициясы орто мектептердин биринде билим алган 15 жаштагы бала Сириядагы согушка классташтарын үндөп келгенин аныктаган. Орусияга өткөн жылы кеткен окуучу Одноклассники социалдык түйүнү аркылуу курбалдаштарына согуштун диний мааниси чоң экенин белгилеп, радикалдык исламдын чакырыктары камтылган тасмаларды, сүрөттөрдү салып турган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч органдары жана коопсуздук кызматтары Сириядагы согушка үгүттөгөндөрдү аныктоо боюнча бир канча рейддерди өткөрүп келет.

Өзбекстанда коомдук жайлар тыкыр көзөмөлгө алынып, эркектерге сакал-мурут коюуга, кыздарга жоолук салынууга чек коюлса, Тажикстан бийлиги Сирияга согушка кеткендер өз ыктыяры менен кайра келсе, кылмыш жоопкерчилигинен кутулат деген жобосун жарыялады.

Ал арада Кыргызстанда коопсуздук боюнча адистер Сирияга согуш талаасына кетип жаткандарды идеологиялык жана финансылык азгырык башкарууда деп анализ чыгарышты.

- Согушкан оңой экен да. Үй куруп же эгин эгүүгө караганда мылтык кармап алып, дүкөндөрдү карактап, оңой акча табууга азгырылып жатышпайбы. Анализ кылсак, Сирияга кеткендердин биринчи кызыкчылыгы - финансы, экинчиси - идеологиялык кызыкчылык, үчүнчү фактору - романтика болуп жатат. Башкача айтканда, “оо, мына мен согушта жүрөм!” деп айрым балдар өзүн эркек сезишет, - дейт Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы терроризмге каршы күрөшүү борборунун башчысы Таалай Жапаров.

Жазында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сирияга барбоого чакырык таштаган эле. Буга байланыштуу жер-жерлерде казы-имамдар түшүндүрүү иш-чараларын күчөткөн.

Сирияда жүрөт деген жүздөй жарандын онго жакынын кыз-келиндер түзөрү айтылган.

Сирияда согушкерлерден машыгуудан өтүп келип, Кыргызстанда теракт уюштурууга камданып жатат деген шек менен айрым топтор да кармалган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG