Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:21

Америкадан келген режиссер жана продюсер Юджиния Чанг Кыргызстандагы ала качуу, кыздардын укуктары, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилеси, бири-бирин колдоосу тууралуу тасма тартууда.

Юджиния тартылып жаткан кино, Кыргызстан, кыргыз тилин үйрөнгөнү тууралуу "Азаттык" радиосуна маек берди.

"Азаттык": Кыргызстанга качан жана кантип келип калдыңыз эле?

Юджиния Чанг: Кыргызстанга алгачкы жолу 2011-жылы келгем. Ыктыярчы катары келип, англис тилинен сабак өттүм. Ошондон бери барып-келип жүрөм.

"Азаттык": Алты жыл өтө деле көп убакыт эмес, бирок тилди үйрөнүп алган экенсиз.

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Юджиния Чанг: Бул жакта Улуттук университеттен үйрөндүм, репетитор дагы жалдагам. Досторум менен кыргыз тилинде сүйлөшүп жатып үйрөнүп алдым.

Англисче-кыргызча сөздүктөр да көп эмес. Ошол себептүү, алгачкы үч-беш айда кыйын болду. Эгер айылда жашасам тилди оңой үйрөнөт элем. Бишкекте базарда да орусча сүйлөшөт экен. Ошол жагынан кыйын болду. Кыргызстандын башка аймактарына: Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көлгө да баргам.

"Азаттык": Кыргыз кыздарына эле окшошуп кетет экенсиз. Муну менин кесиптештерим дагы айтышты. Кайсы жактан болосуз?

Юджиния Чанг: Америкада төрөлгөм, бирок улутум корей. АКШда Бостон шаарында жашайм. Кореяда алты жыл жашагам. Ошондуктан корейче дагы жакшы билем. Кийин Америкага кетип, ошол жакта окуп, иштеп анан Кыргызстанга келгем. Эки бир тууганбыз, сиңдим бар. Ал Сан-Францискодо билим алып жатат. Ата-энем Түштүк Кореяда жашайт.

"Азаттык": Кыргызстанды келгенге чейин билет белеңиз? Бул өлкө эмнеси менен жакты?

Юджиния Чанг: Бул жакта адамдардын жүрөгү абдан таза, сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен сүйлөшүп мамиле түзө келгенде жумшак, достукка бекем келишет экен. Тоолор анан палоо аябай жакты. Бирок кыргыз тамактары даамдуу болгону менен өтө майлуу келет экен.

"Азаттык": Сиз "Жамгырдан кийин" деген кино тартып жатасыз. Тасма тартууга эмне түрткү болду?

Иллюстрация
Иллюстрация

Юджиния Чанг: Англис тилин үйрөнгөн студенттеримдин көбү айылдан келгендер. Алар менен элет турмушу жөнүндө сүйлөшүп калабыз. Бир жолу досум экөөбүз Таласка барып калдык. Кечки саат бештерде дүкөндөн келатсак бейтааныш эже "кечкисин көчөдө баспагыла, балдар ала качат" деп калды. Кантип эле ушундай болсун деп катуу таң калгам.

Мен тартып жаткан тасмада ала качуу тууралуу да эпизод бар. Бирок тасмада кыргыз үй-бүлөсүнүн сүйүүсүнө басым жасалат. Кыйынчылыкка, оор күндөргө карабай сүйүү үчүн, сүйүктүүсү үчүн күрөшкөн жигит жөнүндө. Мындай тасма тартуу идеясы мага 2013-жылы эле келген.

Менин байкаганым, кээ бир кыргыз кыздар ала качпасын деп айылга барганда коркуп, келиндерге окшоп жоолук салынып алат экен. Кийин АКШга барганда ушул идея оюман кетпей койду. Кайра кайтып келгенде кино тартууга кириштик. Сценарий бир жылга жакын жазылды. Мен бул жакта жүргөндө уккан, чындап болгон окуяларды чоң темага кошком. Башкача айтканда, жөн эле ойдон чыгарылган эмес, болгон окуя жазылды.

Азыр Чыңгыз Нарынов деген режиссер менен бирге иштеп жатабыз. Кыргызстандагы эң жакшы, кыйын актерлорду издедик. Биз ала качууну атанын көзү менен, кыздын жүрөгү аркылуу көрсөтөбүз.

"Азаттык": Тасма качан тартылып бүтөт жана каражат жагы кандай болуп жатат?

Юджиния Чанг: Биз бир айдан бери тартып жатабыз. Буюрса октябрь, ноябрга барып даяр болот. Америкага барганда студенттер 5-10 доллардан кайрымдуулук ирети чогултуп беришти. Достор жардам берип жатышат.

"Азаттык": Кыргызстанда ала качуу проблемасы канчалык курч экен?

Юджиния Чанг: Бул абдан кыйын тема. Жергиликтүү эл салт деп ойлойт, ошого ишенет. Чет өлкөлүктөр келип салт эмес десе туура эмес кабыл алышат. Бирок бул маселени изилдеп жүргөн кишилер көп. Алар салт эмес, салт болсо "Манас" эпосунда айтылмак же "Курманжан датканын" доорунда болмок дешет. Сүйгөн адам менен дагы өмүрүңдүн аягына чейин жашоо кыйын. Сүйбөгөн келиндер кантип жашайт? Ошону ойлоп эле жүрөгүм ооруй берет.

"Азаттык": ​Кыргызстандагы аялдардын укуктарына кандай баа бересиз?

Юджиния Чанг: Айылда жүргөн аялдардын жашоосу оор окшойт. Тириликтен колу бошобойт, балдарды карайт. Бирок мен айылга барганда "уят" деген нерсени көп уктум. "Кыздар муну кылбашы керек, уят, тигини кылба, уят" деп. Айылда жүргөндө "уят" үчүн эркиндигин курмандыкка чалып жатышат деп ойлоп калдым.

"Азаттык": Көчөдө жүргөндө кыргызча сүйлөгөнүңүздү угуп таң калгандар болобу?

Юджиния Чанг: Ооба, таң калышат. Базарда кыргызча сүйлөсөм мага 5-10 сомго арзандатып беришет. Ал эми биринчи келгенде кичи автобустарды көрүп абдан таң калгам. Өзү кичинекей, бирок ичи жыкжыйма киши. Бирок каалаган жагыңа жетип алсаң болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG