Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Кыргызстандагы “Аялдарды колдоо борбору” кыз ала качууга байланыштуу 155-берененин аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жасады. Анда ала качуу салыштырмалуу кыскарганы, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан фактылар арбын экени, жаштардын маалыматы жоктугу белгиленген.

Ошондой эле ала качуунун курмандыктары кимге, кантип кайрылууну билбей турганы белгиленген. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ала качуунун кесепеттерине арналат.

Салтанатты мындан бир жыл мурда тааныбаган жигит каршы болгонуна карабай ала качып кеткен. Билим алууну эңсеп, жаңы нерселерге умтулган активдүү кыздын өз укугун коргоо аракетинен майнап чыккан эмес. Ишенген ата-энеси дагы кол сунбагандыктан, барган жеринде калууга аргасыз болгон. Күйөөсүнүн мурда дагы үйлөнгөнүн уккан Салтанат жалгыз эжесине кат жазып, көп өтпөй Казакстанга качып кеткен.

- "Апа, эгер ошолордун сөзүн угуп, аларга ишенип мени алып кетпесеңиз мен өз жанымды кыям. Үйгө сөөгүм барат" деп жаздым. Алар болбой отургузуп койгондо эжеме “мен мал экенмин, малга окшоп эле калып калдым. Менде эки вариант бар: же өлөм, же азырынча жашап, кийин ажырашам” деп айттым.

Кыргызстанда Салтанатка окшоп ала качуунун артынан турмуш курган кыздар ондоп саналат. Алардын баары бактысыз же акыр-аягы ажырашат деп айтуу туура эмес. Бирок укугу бузулуп, анын айынан тагдыры талкаланган учурлар арбын экенин ар кандай иликтөөлөр көрсөтүүдө.

Себеби көп, түшүнүк тар

Кыргызстанда кыз ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзамга 2012-жылы кол коюлган. Буга карата Кылмыш кодексинин 154-155-беренелери иштейт (“жашы жете элек кыздарды нике турууга мажбурлоо”, “эркине каршы никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн ала качуу же никеге турууга жолтоо болуу”). Ага ылайык кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлагандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандагы “Аялдарды колдоо борбору” бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жасап, анын жыйынтыгын жарыялады. Анда ала качуу кыскарганы менен, бул көрүнүш айыл жерлеринде дале өкүм сүрүп жатканы, жаштар, ата-энелери анын кылмыш экенин билбегени көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде долбоордун координатору Элиза Ажиева билдирди:

- Коомдо “кыз ала качуу салт” деген ойлор дагы эле бар экенин белгилеп кетишибиз керек. Бул көрүнүш мамлекеттеги экономикалык, социалдык туруксуздук, же болбосо жакырчылык, миграциянын өнүгүшү бул көрүнүштүн азайбай жатканына себеп болууда.

Ошондой эле мурда 25 жашка чейинки жигиттер ала качып үйлөнсө, учурда 30 жаштагы эркектер дагы ушундай жол менен үй-бүлө курууга аракет кылышары, буга социалдык-экономикалык абал көп себеп болору айтылат. Ала качуунун курмандыктары кимге, кантип кайрылууну билишпей турганын айтышкан.

- Турмуш курган балдар менен дагы сүйлөштүк. Алардын айрымдары кыз ала качуу кылмыш экенин билбегенин айтышты. Бир бала өзү дагы ала качып үйлөнгөнүн, биринчи алып келген кыз каршылык көрсөткөнүн жана “бул үйдө мен башкысымын, сен отурбасаң башкасын деле алып келип алам, сен кетсең бир күйөөдөн чыктың деген сөзгө каласың” деп айтканын бизге айтып берди. Бирок ал отурбай кетип калып, укук коргоо органдарга арыз берген экен. Баланын айтымында, ишти сүйлөшүп, акча берип бүтүрүптүр. Көп өтпөй ал башка кызды ала качып келип үйлөнгөн.

"Милиция өзү ала качат"

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн жылы республика боюнча Кылмыш кодексинин 155-берененин негизинде (“эркине каршы никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн ала качуу же никеге турууга жолтоо болуу”) 25 кылмыш иш козголгон. Козголгон иштин үчөө токтотулуп, экөө кыскарган. Калган иш тергелип, сотко өткөн. Кыз ала качуу боюнча кайрылгандардын саны соңку беш жылда көп өзгөргөн эмес.

Эрте келин болгон эселектер

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет.

Кыргызда ала качууга дуушар болгон кыздардын басымдуу бөлүгү отуруп калышат. Иликтөө көрсөткөндөй, ага ата-энесинен, жакындарынан колдоо таппаганы, улуттук каада-салт катары эсептеп укугунун бузулуп жатканын билбегендиги, билген учурда дагы улуулардын "бир күйөөдөн чыкты аталасың", "башка күйөөгө чыкпай каласың", "багың байланат" деп айткан моралдык басымы себеп болот. Тилекке каршы, тескерисинче, “кызым тынып калсын” дегендей ата-энеси өздөрү көндүрүп, таштап кеткендер бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ала качууга каршы мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири. Ала качуу кыскарганын белгилеген эл өкүлү ата-энелерди дагы балдарынын тагдырына кайдыгер карабай, түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды:

- Үйдүн ээлери да өз каалоосу менен келбептир, биздин балабыз туура эмес кылыптыр дебей отургузуп, ошол күнү никесин кыйдырып койгон учурлар да бар. Ошондуктан ата-энелер дагы балдарын колдош керек. Эл эмне дейт деп кала бербей биринчи иретте кызынын бактысын ойлоп, түшүнүшү керек. Каалабаса башкача мамиле жасаса жакшы болот эле.

Укук коргоочулар ала качууга дуушар болуп, бирок милицияга кайрылбаган кыздардын саны расмий сандардан көп экенин белгилешет. Алсак Ысык-Көлдө эле былтыр 11 факты катталса, алардын тогузуна иш козголбой калган. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүндө бөлүм башчы болуп эмгектенген Бактыгүл Исакова мыйзам толук иштебей жатканын белгиледи.

- 11 фактынын катталганы – бул көйгөй жоюлбаганын далилдеп турат. Кооптондурганы анын тогузуна кылмыш иши козголбой калган. Эмнеге козголбой калганына анализ жасоо керек. Кыз өзү арыз жазбай койдубу же басым болгонбу? Мына ушул жагдайларга көңүл буруш керек. Мыйзам толук иштебей жатат десек болот. Бирок муну жарандык коом менен бирге улам мониторинг жүргүзүп, эркек балдар менен, негизгиси жакшы тарбия берүүнүн үстүндө иштешибиз зарыл.

Кесиби боюнча юрист, америкалык Мэган МакКормак Кыргызстандагы гендердик теңчиликти, анын ичинен ала качуу боюнча изилдөө жасаган. Мэган ала качууну токтотууга милициянын салымы чоң экенин белгилөөдө.

- Таң калычтуусу ала качкан жигиттин эже же жеңелери өтө чоң роль ойнойт экен. Кээде менин ала качкым келген жок же ала качпайм деген балдардын апасы же жеңелери “бизге тез арада келин керек, ала качып келсең” деп айтышат. Бул балага таасир берет. Көбүнчө үйдө жардам керек болуп калган учурда ала качып үйлөнүшөт экен. Жеңелер болсо жакшы, жоош кыз болсун, жакшы иштесин деп издешкени, анан кыздардын арасынан бирин тандаганы абдан таң калтырды. Кыздын үй-бүлөсү каршы болсо дагы, буга карата мыйзам болгонуна карабай баары бир ала качкан учурлар бар. Экинчиден, милициялардын өздөрү мыйзам бузуп, ала качып үйлөнгөнү абдан таң калтырды. Алардын кээ бирлери “ооба, биз билебиз ушундай окуялар бар экенин, бирок эч нерсе кыла албайбыз” дешет. Айрымдары “мен деле ала качып үйлөнгөм” дешти. Анан кантип мыйзам аткарылат?

"Кесепети баарына тиет"

Ала качууга байланыштуу кылмыш иштин көп ачылбаганынын да өз себеби бар. Көптөрү кайрылгандан кийин өз ара элдешип, арыздарын алып кетишет. Мэган жазылган арызды кайтарып албай тургандай кылып эл аралык нормаларды киргизүүнү сунуштоодо.

Анткен менен Нарындагы "Бакубат" бейөкмөт уюмунун башчысы Тургунбүбү Орунбаева маселени кылмышка жеткирбей кыскартуу жолдорун кароо зарылдыгын белгилеп жатат. Ошондой эле ала качуунун кесепети оор болорун айтууда.

- Ала качкан бала дагы бирөөнүн баласы алмончоктой болгон агасы, иниси. Ала качкан баланын баары эле жаман балдар эмес да. Аны түрмөгө кесип ийгенденден кийин ал жактан жакшы адам болуп чыкмак беле. Ал зордукчул же оорулуу болуп чыгат да. Кылмыш ишин козгоп, түрмөгө кестирип жиберүү биздин жеңишибиз эмес. Биз ошого жеткирбешибиз керек. Бул баланын да тагдырынын талкаланышына алып келет. Негизи ала качуунун кесепети оор. Ажырашуу, күйөөсүз төрөлгөн балдар, бойдон алдыруу, келин алам деп жакшы тилек кылган ата-эненин моралдык-материалдык чыгымы, үй-бүлө курсам, бала-чакалуу болсом деген баланын тагдырынын талкаланышы, сойкулардын көбөйүшү сыяктуу кесепети болот. Азыр көп кыздар өздөрү ала качууга түртүп, жакса отурам, болбосо кетип калам да дегендер да жок эмес. Биз иликтөө жүргүзүп “ала качкандан кийин канча убактан кийин көндүң” деп суроо салганбыз. Айрымдары эки сааттан кийин десе, кээ бирөөлөр эки күн, бир апта, бир ай деп жооп беришкен. Кээ бирөөлөр неберелүү болуп калганына карабай “ушул күнгө чейин абышкамдын буту бутума тийсе бака тийгендей денем дирт дейт” деп айтышат. Ошондуктан сырткы көрүнүш адамдын ички көйгөйүн такай эле чагылдыра бербейт.

Учурда жер жерлерде ала качууга каршы күрөштүн ар кандай жолдорун колдонуп жатышат. Мисалы, Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жаштарга, ата-энелерге көйгөйдүн кесепети көчө театрлары аркылуу көрсөтүлүүдө.

- Өзүн асып алган кыз тууралуу “Тагдырына балта чабылган кыз” деген сценарий даярдап көчөлөргө коюп чыктык. Абдан катуу таасир берди. Ата-энелер чогулуштарда коюп жаттык, айрымдары ыйлады. Мен эки-үч жылга анализ жасадык, зордоп, эркине каршы ала качуу такыр тыйылды, - дейт аталган райондун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Турсунай Кадырова.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгилеп, май-июнь айы кыз ала качуулар көбөйгөн мезгил экенин эскертүүдө.

Зордук менен нике кыюу аракетинен улам кыздардын жанынан кечкен, өз жанын кыюуга аркет кылган, ушунун айынан айрым кыздардын майып же оорукчан болуп калган учурлары коомчулукту кабатыр кылууда. Жарандык активисттер, укук коргоочулар ала качууга каршы биргелешип күрөшүүгө коомчулукту чакырууда.

Редакциядан: Кийинки аптада ала качуу көрүнүшүнүн эркектерге тийгизген кесепети тууралуу макала даярдайбыз.

"Азаттык+": Ала качуу талкалаган тагдырлар. 29.07.2016

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG