Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

"Саякбай" тасмасы Монреалда "Алтын Зенит" алды


"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун анын уулу Элдар Айтматов ойногон
"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун анын уулу Элдар Айтматов ойногон

"Саякбай" тасмасы эл аралык Монреал кинофестивалынын "Мыкты инновациялар үчүн" категориясында "Алтын Зенит" сыйлыгына татыды. Фильмдин режиссеру Эрнест Абдыжапаров бүгүн "Азаттык" радиосуна бул сынакка катышуунун өзү чоң сыймык болгонун айтты.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 24-августта Канадада өттү. Ал эми Бишкекте чакан чөйрө үчүн гана көрсөтүлгөн, жалпы элге 7-сентябрдан тартуулана баштайт.

Тасмада ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү тууралуу баяндалат. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.

Буга чейин Канаданын Монреал шаарында өткөн кинофестивалда Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" фильми "Алтын Зенитке" ээ болгон.

Монреал кинофестивалы 1977-жылы негизделген. Ал “А” классындагы дүйнөлүк фестивалдардын бири. Быйыл бул кароо-сынак 41-жолу өтүп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG