Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Кыргыз жазуучусу Европада сыйланды


Жазуусу Султан Раев Стокгольм шаарында. 17-ноябрь, 2017-жыл.
Жазуусу Султан Раев Стокгольм шаарында. 17-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргыз жазуучусу Султан Раевдин "Топон" романы Швециянын борбору Стокгольм шаарында өткөн эл аралык адабий сынакта "Көлөмдүү проза" категориясы боюнча биринчи орунду алды.

Сөз болгон сынакка жалпысынан дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 1600 акын-жазуучунун эмгектери катышып, алардын ичинен 347 чыгарма "Көлөмдүү чыгармалар" бөлүмүндө ат салышкан. Кыргыз жазуучусунун биринчиликти алган романын эми конкурс уюштуруучулар орус жана англис тилдеринде басып чыгарышат.

Жазуучу Султан Раевдин эл аралык адабий сынакта биринчи орунга ээ болгон "Топон" романы быйыл "Ала-Тоо" журналына сандан-санга жарыяланган. Кыргыз эл жазуучусу, "Ала-Тоо" журналынын редактору Кеңеш Жусупов сөз болуп жаткан чыгарма маанилик жана мазмундук жактан жаңы доорго шайкеш чыгарма экендигин кеп кылды:

- Бул кыргыз адабиятындагы мурунку, азыркы чыгармаларынан башкача: өз стили, чеберчилиги менен айырмаланган, өзгөчө ой жүгүрткөн чыгарма. Романда аллегория, фантастика, миф, легендалар жыш колдонулган. Менимче бул чыгарманы биздин окурмандардын баары эле кабыл ала бербейт.

Жусупов романды азыркы таптагы дүйнөлүк адабияттын жаңы үлгүлөрүнө таасирленип, Чыгыш менен Батыштын дүйнө таанымына, ой жүгүртүүсүнө журулушуп жазылган көркөм табылга деп баалады.

Иллюстрация
Иллюстрация

Адабиятка жан тарткан жергиликтүү окурмандар бул романды жеке эле улуттук адабияттын эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн прозасындагы жаңылык катары сыпаттап жатышат. Раевдин күйөрмандарынын бири, журналист, жазуучу Нургазы Мусаевдин айтымында, бул чыгарма бүгүнкү доордун, келечектин туундусу:

- Жазуучунун көтөрөйүн деген маселеси: адамдардын Кудайдын жазмышына каршы чыгышы, адам канчалык өнүксө да Кудайдан жогору болуп кете албай турганын айткысы келет. Мисалы, романда бир профессор жасалма адамдарды жарата баштайт. Бирок ал жасалган адамдар көбөйүп кетишкенден кийин чыныгы адамдарды өлтүрүп киришет. Бул жерде роман аябай кеңири алкакты камтыганы, оюнунун тереңдиги менен айырмаланат. Бул бир улут эмес, бир мамлекет да эмес, балким бир бүтүндөй адамзат цивилизациясынын проблемаларын көтөргөн чоң омоктуу чыгарма.

Мусаев чыгарма соңунда өз жолунан адашкан адамзат коомун топон суу каптап, кайсы бир аралда төрт киши гана аман калып, алар жаңы дүйнөнү, жаңы доорду түптөөгө бет алганы менен жыйынтыкталарын айтты.

"Топон" романында негизинен азыркы доордогу адамзат коому үчүн жаратылыш кырсыктары эмес, жан дүйнө кырсыгы өтө коркунучтуу экени сөз болот. Адамдардын жүрөгүндөгү абийирдин, ар-намыстын, ыймандын таңсыктыгы, Кудайга болгон мамилелердин татаалдашы менен урандыга айланган ички дүйнө тууралуу маселелер козголот. Бул тууралуу чыгарманын автору Султан Раев сөз кылды:

- Бул жерде татаал катмарлар - мифтер бар. Адабиятта "магиялык реализм" деген түшүнүк бар эмеспи. Бул жерде ошол агымдын да элементтери бар. Стокгольмдо болгон талкууда бул чыгарма азыркы мезгилдин көйгөйүн чагылдырган икая экенин айтышты. Дагы бир баа берген маселеси - "бүгүнкү күндө биз Европа адабияты тууралуу сөз кылып жатып, Борбор Азия адабиятын көңүл сыртында калтырып бараткан экенбиз, ал аймакта бүгүн мен өзүм үчүн ачтым" деп айтты бир эксперт. Биз чынында бул чыгарма жакшы деп бааланарын күткөн эмеспиз.

Автор эми "Топон" романы сынактын алкагында эки тилде басылып чыгарын билдирди:

- Негизи биринчи орунду алган чыгарма сөзсүз түрдө англис тилине которулуп, дүйнөлүк окурмандарга сунушталат. Бул жеке эле мен үчун эмес, улуттук адабиятыбыз үчүн жакшы көрүнүш болуш керек деп ойлойм. Мындан сырткары быйыл ушул роман Москвадан орус тилинде жарык көрүп жатат. Кудай буюрса, жылдын соңуна чейин чыгып калат. Басмада "Топон" романы менен дагы бир повесть орус тилинде басылып чыгып жатат. Кыргыз тилинде болгону "Ала-Тоо" журналына гана басылды. Романды адегенде Москвадан орус тилинде басып чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Раевге биринчи орун менен кошо "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык да тапшырылган.

Жазуучу, драматург Султан Раев буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. Анын "Канышанын көз жашы" чыгармасы Англиянын канышасы Елизавета II атайын сыйлыгына татыган. Учурда бул пьеса Лондондогу театрларда коюлуп жүрөт. Раевдин дагы бир "Суфлер" пьесасын койгон "Туңгуч" театры Лондондогу фестивалда баш байгени утуп алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG