Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:27

Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды...


Тазагүл Закирова

Тазагүл Закирова - кыргыз кыздар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, сезим кылдарын көркөм туюнтуунун таанымал чебери. Акындын жыйырмадан ашуун поэтикалык жыйнактары чыккан, көпчүлүк чыгармалары чет тилдерге которулган.

“Азаттык”: Тазагүл эже, сиз адабиятка өмүрүңүздү арнап, анын оор дейбизби, жеңил дейбизби, жүгүн көтөрүп келатасыз. Бапыратып китеп чыгарганга да кызыкпадыңыз, чыгармачылыкка пакиза, өтө этият мамиле кылдыңыз. Поэзияга кандайча келип калдыңыз?

Кыргыздын турмушу, балалык сезимдер, эне, бала жөнүндөгү сезимдер өзгөрүүсүз калганы жакшы эле го деп ойлойм.

Закирова: Поэзияга бала чагымдагы жашоом аркылуу келип калдым окшойт. Атам менен энем биринчи мугалимдерден болчу. Атам 30-жылдары Тогуз-Торого барып мугалим болуп иштеген киши экен.

Комузду мыкты чертчү, Атайдын күүлөрүн келиштирчү, Бектемир Эгинчиевдин ырларын аткарчу. Мен кичинекей кезде биздин үйдө Алымкул Үсөнбаев, Ысмайыл Борончиев, Мыскал Өмүрканова көп келчү. Таң атканча ырдап, комуз чертип отурушар эле. Атам Закир күү чертип, Мыскал эже ырдап таң атканча отурушчу. Ушулардын баары мага жакшы таасир калтырса керек. Кичинекейимде шок болсом керек, атам комуздун кулагын тиштетип койчу. Ошону тиштеп жатып томолонуп уктап калабыз да, эртең менен ойгонсом атам комуз чертип отурган болот.

Уктабай эле чертип аткансып, күү менен уктап, күү менен ойгонуп чоңойдум. Апам элдик аңыз-уламыштарды мыкты билчү. Кыштын узун түндөрүндө биздикине айыл аксакалдары келип, атам аларга “Эр Табылдыны” айтып, айрыкча Табылдынын Карлыгачка куш аркылуу кабар бердиргенин укканда ыйлабаган киши жок, укмуш таасирленип чыгышчу.

Акын Тазагүл Закирова жана "Азаттыктын" журналисти Бекташ Шамшиев. 15-декабрь, 2017-жыл.
Акын Тазагүл Закирова жана "Азаттыктын" журналисти Бекташ Шамшиев. 15-декабрь, 2017-жыл.

Алыкул Осмонов которгон Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатырын” угуп, шыпшынып отурушчу. Аалы Токомбаевдин аңгемелерин, мисалы, “Даат”, “Жол жомогун” отургандарга айтып беришчү. Булар адабиятты элге жеткирүүчүлөр болушкан экен. Угуп, анан даярдаган тамак-ашын жеп, ыраазы болуп таркап кетишчү. Кийин телевизор чыкканда айыл аксакалдары, Мамыт аба баш болуп биздикине келип, үйдөн түн ортосу оогончо хоккей көрүшчү.

Заман өзгөргөн сайын түшүнүк, көз караштар башкача боло берет экен. Мына эми Интернетти аңдып, "эмне болду экен" деп, ушул заманга жетип келип калдык. Үй-бүлөдөгү шарт, “уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың” болуп поэзияга келип калдым окшойт.

“Азаттык”: Биздин кыргыз поэзиясында өзүнчө бир салаа, эгер улуттук поэзия чоң дарыя болсо аны менен кошулуп аккан сай деп коёлу - кыздар поэзиясы бар. Сиз кыздар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бирисиз. Бир байкаганым, ошол социализм заманында идеологиялык акцентти катуу жасап, бул жакта отуруп алып эле “Ук, бонндук солдат!” же “Вьетнамдан колуңду тарт!” деп сөөмөй кезеп, империалисттерди айыптаган, илеп белгисин чуурулта койгон ырларды жазбадыңыз. Сиздики сезимге, ойго байланып, кыргыз кызынын уяң маанайын поэзияга алып чыктыңыз. Ошол кез менен азыркы учурда поэзияга болгон мамилеңизде өзгөрүү болдубу?

Закирова: Ошол кезде орноп калган сезимдер, жакшы кыялдар, көркөм кабылдоолор эскирбейт экен, ал адамды жашартып алып жүрөт экен. Жаш кезимде “Седеп” деген ыр жазгам:

Апакем седеп түймө кадап берди кемселиме,

Кубанчым батпай үйгө, кызыл жүрдү беттериме.

Өзүмчө чуркап жүрдүм, сүйүнчүм канат болуп,

Кармалап колум менен, күзгүдөн карап коюп.

Сүйүнүч чексиз-чексиз, мезгилдер өттү санак

Кызымды эркелетем, саамайын сылагып,

А апамдын үйдөгү орду бош.

Мына ушул 50 жыл мурда жазылган ыр. Бүгүн деле ушундай ырды жазгым келет. Ошол жашоо, кыргыздын турмушу, балалык сезимдер, эне, бала жөнүндөгү сезимдер өзгөрүүсүз калганы жакшы эле го деп ойлойм.

“Азаттык”: Чыгармачылык өмүрүңүз интеллектуалдык дүйнөдө өтүп келатат. Адабият, китеп менен жашап келатасыз, кесибиңиз да ушуга жакын болду. Башында комсомолдук ишмер болгонуңуз менен, аны улап биротоло партиялык кызматка өтүп кетпедиңиз. Бир багытта келатасыз. Анын бир агымы – сиздин чыгармаларыңыздын музыкалык ыргакка түшүп, обончулардын кызыгуусун арттырып келатканын айтыш керек. Ошто сиздин обондуу ырларыңыздын концерти өтүптүр, ошол кандайча өттү, токтоло кетсеңиз?

Ыр өзү обончуну табабы же обончулар ырды табабы, мени көрбөй эле обон чыгаргандар абдан көп экен.

Закирова: Андай иш кээде зарылдык болуп калат экен. Анткени менин бир ырым - “Кусалык”, айрымдар аны “Сүйүп калдым бир кызды” деп да ырдап жүрүшөт. Ошол ырдын чыкканына 40 жыл болуптур. Аны уккандын баары эле текстин Тазагүл Закирова жазганын билбейт. Билгендери “сизди таштап кетип, жаман болгон турбайбы” деп жүрүшчү. Ал ырды элге жеткирип ырдап жүргөн Айнагүл Сарыкова ыраматылыкты да “апакай жакшы кыз экенсиң, сени таштап кеттиби” деп жүрүштү. Карапайым эл ырды жүрөгүнө өтө эле жакын алып, аяп, өкүнүчкө малынат экен.

"Кусалык"

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Бул тагдырда сүйүүлөр бар, жетпей калгандар бар, анан ошол чыгарма элдик ыр болуп калды. Бул ырды билбеген киши жок. Ыр өзү обончуну табабы же обончулар ырды табабы, мени көрбөй эле обон чыгаргандар абдан көп экен. Ошону белгилеп коёюн деп Ошто кыргыз драма театрынын имаратында обондуу ырларымдын концертин өткөрдүм.

Кече кызыктуу өттү, бирок анда он-он бештей эле ыр ырдалды. Менин ырларыма обон чыгаргандар 107 дешет, бирок андан көп болуш керек. Мен билбегендери деле көп экен. Мисалы, Талант Токтосунов деген жигиттин обонун Роза Шакирова ырдап журөт, “Арман” деген ыр. Бул көп жылдардан бери ырдалып жүргөн ыр. Ушул ырымды Тилек Токтосунов ырдап чыкканда ыраматылык Бекмамат Осмонов “Тазагүл, мунуң философиялык ыр экен” деп мактады эле. Ушундай элге жеткен ырлардын автору ким экенин эл билип калсын дедим.

“Азаттык”: Эгемендик келиши акындарга оорчулук түштү. Жазылган чыгармаларыңыздын элге таралышы бул жылдары кандай болду?

Закирова: Акын-жазуучулар үчүн өтө оор жагдай болуп калды. Алардын ичинде мага да оор болду.

Ырдан көрөм ууз сезим шооласын,
Тунгуч перзент ак маманы эмгендей.
Арып-чарчап улам айтып тообасын,
Чөлдөн тоолук тоосун эңсеп келгендей.

Ырдан көрөм булут челген бийикти,
Жапыстыкты тереңдикке чумкуган.
Махабатты, маанайы пас күйүттү
Санаа торойт, шайырлыкка умтулам.

Ырдан көрөм жылуу, назик сезимди,
Сүйүү отун куйкалачу аптабы.
Ырдап айтам сага арнаган сөзүмдү,
Түндө түрө ырлар жазып жапжаңы!

(Маектин калганын аудидодон угуңуз)

Апакем седеп кадап кемселиме...
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:58 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG