Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 08:26

Аалы Токомбаев көркөм адабияттын болгон жанрларынын баарына кайрылып, арасында бир топ мыкты чыгармаларды жараткан. Анын бай адабий мурасынын ичинде “Кандуу жылдар” романы, сезим кылдарын козгогон лирикасы, анан прозалык чыгармалары өзгөчө орунда турат.

Ал эми “Күүнүн сыры” жазуучунун чыгармачылыгында кыргыз аңгеме жанрынын классикасы катары ушу азыр да көркөмдүк жамалын жоготпой келатат. Бүгүн мына ушул айтылуу аңгеме тууралуу кеп кылабыз.

Капастагы акын, армандуу махабат

Аалы Токомбаевдин чыгармачылык жолу бир алдын кызыктуу, сыдыргыга салгандай, жалаң ийгиликтен ийгиликке өтүп келгендей таасир калтырышы мүмкүн. А бирок акындын өмүр жолундагы оор учурлар Кыргызстан эгемендикке жеткиче ачык айтылбай келди.

Аалы Токомбаевдин асманында 1937-жылы кара булут айлана баштаган. Компартиянын жоокер идеолог калемгери да сталиндик кандуу жазалоого туш болуп "улутчул", "Социал-Туран партиясынын мүчөсү", "Жапониянын тыңчысы" деген жалган жалаага кабылган. 1937-жылдын ноябрында камалып, 1939-жылдын 4-июнуна чейин абакта жаткан. Ал жерде көргөн азап-тозокторунун айрымдарын кийин “Момия” деген китебинде эскере коём деп, ал китеби да сатыктан алынып, кайриет, автору эскертүү алуу менен аман калган. А. Токомбаевдин кийин да бир камалып кетишинен СССР жазуучулар союзунун баш катчысы Александр Фадеев сактап калган.

Жазуучунун кара сөз жаатындагы мыкты чыгармаларынын бири - “Күүнүн сыры” аңгемеси. Айрым изилдөөчүлөр бул чыгарманы повесть катары сыпатташат. А бирок жазуучу өзү чыгармасын “аңгеме” деп белгилеп, аны 1940-жылы жазганын көрсөтүп келатат. Аягына чыкпай калган Токтогул тууралуу романга, “Днестр терең деңизге куят” повестине, болбосо "Солдат элек", “Мезгил учат”, “Жараланган жүрөк” баяндарына салыштырмалуу автордун “Акай мерген”, “Даат”, “Жол жомогу”, “Күүнүн сыры” аңгемелерин анын кара сөз жаатындагы үлкөн ийгилиги катары бааласа болот.

Туткун бала, сулуу кыз

Булардын арасынан “Күүнүн сыры” окуянын баяндалышы, чыгарманын көркөм түзүлүшү, конфликттин чечмелениши, психологиялык деталдардын тактыгы жагынан чыйрак чыккан чыгарма. Аңгемеде окуя узак жолдо сапарлаш болуп калган карыянын баянынан башталып, ал аны окуянын катышуучусу, кылым жашаган Зарлык деген албеттүү аксакалдан жаш кезинде укканын эскерүүгө негизделет.

Чыгарманын экспозициясындагы табият көрүнүшү, капыс башталган добул алдыда күтүлбөгөн оор окуя болушунан кабар берет. Жүз жаштан өткөн карыя жашоо-өмүр “чаккан оттук” сыяктуу “жарк этип” көрүнүп кайра жок болорун бекеринен эскертпейт. Анын айыккыс арманы, жаштык сүйүүсүнөн калган эстелик - булак боюндагы мүрзө менен аты жок күүсү гана.

Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун пикиринде, Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси - 1940-жылдардагы кыргыз прозасында өзгөчөлөнүп турган чыгарма, автордун эмоционалдык жан дүйнөсүнөн сыгылып чыккан ангемеси.

- Бул чын жүрөктөн жазылган аңгеме. Аны аңгеме деп да айтсак болот, повесть деп да айтсак болот. Бирок бул адамдын жан дүйнөсүндөгү өйдө-ылдыйлыктарды, анан өзгөчө махабат сезимин кемелине келтире сүрөттөгөн чыгарма. Мына ушул аңгемеден кийин кыргыз прозасында өзгөчө кыймыл башталган. Турмушка башкача көз карашта болууга, башкача мамиле кылууга жол ачылган.

Азыр биз сөз кылып жаткан аңгеме өзүнчө бир дем менен жазылган. Адамдын адамдык сапатын көрсөткөн.

Ушул эле сезимди Токомбаев поэзиясына да алып өткөн, анда керемет саптар бар. Драмасы да мезгил талабына жараша чыккан. Азыр биз сөз кылып жаткан аңгеме өзүнчө бир дем менен жазылган. Адамдын адамдык сапатын көрсөткөн. Бул аңгемеге көркөмдүгү жагынан Мукай Элебаевдин “Бороондуу күндө” деген аңгемесин салыштырса болот. Болгону эки жарым беттик аңгеме, бирок анда сүрөттөлгөн турмуштук көрүнүш укмуш да.

“Күүнүн сыры” канча окусаң тажабаган, канча окусаң жаңылыгы ачыла берчү чыгарма. Андагы эң башкы нерсе, аял менен эркектин ортосунагы сезим, жаш жагынан айырмалуу экөөнүн сезими, ашыктык эч нерсеге баш ийбей тургандыгын автор кызык сүрөттөп берет. Мен муну көп окудум, бирок моокумуң канбайт. Аалы Токомбаев ушундай бир шедевр жаратып койгон.

Кур намыстын курмандыгына айланган баатыр

Аңгеменин кыскача сюжети мындай. Таасирдүү байдын кызына ашык болгон баатыр күлүк аты менен мылтыгын кайнатасына ыраа көрбөй, шарт боюнча үч кулду уурдап келип берет. Бирок кыздын атасы ага макул болбой, күлүк атты же мылтыкты тартуу кылбаса кызын бербестигин айтып, намыстанган жигит кызды ала качууну ойлойт. Бирок намыскөй кыз ага макул болбойт. Баатыр кызды күч менен тартып аларын айтып, ортодо эрегиш башталып, эки жаш антташат.

Кулдукка уурдалып келген он жаштагы Зарлык кайсы элге, кандай жерге келгени да бүдөмүк бойдон калат. Тек ал Ала-Тоодон аябай эле алыс, кош өркөчтүү төөнү барктаган көчмөн калк экени кыйыр эскертилет. Кыздын калыңына кул болуп уурдалып келген Зарлык эрезеге жеткиче ошентип чоочун жерде күн өткөрөт.

Бишкектеги Аалы Токомбаевдин эстелиги.
Бишкектеги Аалы Токомбаевдин эстелиги.

“Ошентип баягы кыздын колунда алты жыл жүрдүм. Кыздын атасы бир элдин мыктысы жана байы болгондуктан, анын салтанаты да бөтөнчө экен. Кызынын өзүнчө өргөөсү бар. Анын кол алдында бир үйлүү коңшу малайы бар. Алар оту менен кирип, күлү менен чыгышат. Мен кыздын чайчысы болуп калдым.

Малайдын аялы жаш гана келинчек эле. Ал сөзгө уста, ишке чебер, кыймылы куюндай, шамдагай киши болчу. Мен ага жакын болуп кеттим. Бирок жатагым малайдыкы эмес, өргөөнүн улагасы.
Кыздын улагасында кул жатыш, ал кезде бөтөнчө атак болор эле. Ал адат азыр калып баратат, балам.

Мени ким, эмне үчүн алып келгендигин, ошол келинден түшүндүм.
"Сен тигил кыздын калыңына келген кулсуң. Сени алып келген кыздын күйөөсү ашкан баатыр. Ал жигиттин Кызыл буурул деген аты, Ак чыгыр деген мылтыгы бар. Кыздын атасы: «Ошол экөөнү бересиң, аларды бербесең, үч кул бересиң», – деген.

Жигит ат менен мылтыкты бербестен, үч кул алып келип берди. Ошонун үчүнчүсү сенсиң. Экөөнү мурун алып келген эле, ал экөөнү олжого эки киши алып кеткен. Сенин бактың бар экен, олжого кетсең куруйт элең. Эми сени кыз менен кошо берет", деди келин”.

Эрегиштин эртеси

Баатыр менен таасирдүү байдын эрке кызынын согуштук өнөрү аңгемеде кыскача гана эскерилет. Зарлыктын айтуусунда, кыз кээде эркекче кийинип, жигиттер менен талаага аңчылыкка чыгып “бугу, аркар, карышкыр, кээде жолборс атып келишчү”. Ошондой күндөрдүн биринде баатыр күйөө кызга келип, макул болбогон атасын таштап качып кетүүгө үндөйт. Атасынын сөзүн кыялбаган кыз да макул болбой, баатыр күйөө экөөнүн ортосунда эрегиш башталат.

“– Сени атаңдын төрүндө карытам: өзүм да албаймын, эрге да бергизбеймин. Бирөөгө бере турган болсо, айылыңарды кызыл кереге кылып чабам. Өзүңдү жайдак атка мингизип барып, күң кылам, – деди.

Кыз тайманган жок:
– Үч айдын ичинде экөөнүн бирин берип албасаң, мен өзүм билип кул болсо да күйөөгө чыгам. Эр болсоң кегиңди менден ал. Мен үчүн айыл айыптуу эмес, – деди кыз ордунан козголбой.
– Үч айдын ичинде ыктыярың менен барбасаң, түбөлүк күңдүккө кармаймын, эсиң барда акылыңа кел, – деди жигит каарданып.
– Күң кыла албасаң, төшү түктүү жер урсун!
– Эрге тие албасаң, төбөсү ачык көк урсун! Булар экинчи сүйлөшкөн жок.
Күйөө кеткенден кийин кыз бир топ күнгө тилсиз немедей болуп жүрдү.”

Намыстанган кыз эшигинде жаткан кулуна күйөөгө тиймек болуп, атасына билгизбей күлүк төө Желмаянды суутуп, качууга камынат. “Төөлөрдүн ичинде жез буйлалуу боз ингенди” минип, эки жаш алыс жолго качып чыгышат. Желмаяндын күлүктүгу мына ушул жолго чыкканда билинет.

“Төөнүн буту жерге тийип баратабы, же учуп баратабы, анысы билинбейт. Жер эле айлангансыйт. Жок жерден шамал жаралып, көзүмдөн жашым куюла баштады. Түлкү качырган бүркүттүн дуусундай гана добуш угулат. Ал добуш кимдики экенин адегенде ажырата албадым.
– Жакшы келе жатасыңбы? – деп кыздын үнү чыкканда:
– Ооба! – дедим жана күркүрөгөн дабыш, урган шамал биздин илебибиз экенин биле койдум.
Таң аппак атты. Айланада айыл түгүл мал да көрүнгөн жок. Кайсы жерде баратканыбызды да тааныганым жок.”

Жолдо аларга күлүк аты менен баатыр жигит жетип, кудалашкан кызды артка кайтышын, күңү болуп баатыр күйөөсүнө тийишин талап кылат. Ага кыз макул болбой, эрегиште жигит кыздын колунан мерт болуп, сөөгү ай талаада калат. Желмаян минген эки жаш айылына келишет. А бирок алардын бактысы да узак созулбайт, тууган-уругуна жолугуп, булак боюнда күтүп турган колуктусун алып кеткенче кызды жолборс чалып, эки жаштын сүйүүсү кайгылуу аяктайт. Кылым ашуун жашаган Зарлык кыздын мүрзөсүн көрсөтөт.

“– Мына, балам! Кыз ушул жерде жатат. Аны куржундарын ачтырбай туруп, ошол бойдон көмдүргөм. Куржунда эмне бар экенин көрдөн башка эч ким билбейт… Карачы, балам! Муну көр деп эч ким тааныбайт. Дүмпөйгөн гана жашыл чым. Жакында түптүз жер болот… Мен жүз үчтөмүн. Мен дагы жакындап баратам, – деп чала билинген жашыл мүрзөгө сүйөнүп олтуруп калды.
Мен ошол кишини эми да көргөнсүп турам. Кандайдыр комузун күңгүрөтүп тирүү жүргөнсүйт. Бирок ал киши кызы менен эчак сүйлөшкөндүр… Баягы баатыр менен эчак кездешкендир? – деп карыя сөзүн бүтүрдү”.

Аңгемеден романга

Жоокердик демократия тушундагы талаа сүйүүсү, көчмөндүк доордун Ромеосу менен Жульеттасы ушинтип аяктайт. Кара күч менен зордук-зомбулукка ишенген баатыр кыздын колунан курман болуп, намыс үчүн кулуна тийүүгө бел байлаган кызды жолборс чапчып окуя кайгылуу аяктайт.

Аалы Токомбаевдин чыгармачылык эволюциясындагы бул аңгеме анын кийинки эпикалык жанрларга кайрылышына негиз болгонун филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан мындайча белгилейт:

- 1930-жылдары А. Токомбаев прозага өткөн. Ыр менен “Кандуу жылдар” романын жазгандай эле аңгемеден баштап романга чейинки проза түрүндөгү бардык чыгармаларды жараткан. Аңгемелерине келгенде айтчу сөз: биз аларды мектепте окудук, жогорку окуу жайында дагы кайталадык. Айрыкча үч аңгемеси – “Даат”, “Акай мерген” анан ушу “Күүнүн сыры” дайым кошо айтылат.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

Аалы Токомбаев - жан дүйнөсү акын киши. Ошондуктан анда лирикалуулук өтө күчтүү. Образдарды ички психологиялык жактан ачып берүү, табиятты, пейзажды сүрөттөө, лирикалык чегинүү – баарында тең лирикалуулук өтө күчтүү. Анан ошол эле учурда, бир тамчы суудан океандын элеси берилген сыяктуу сюжетти курууда нукура эпикалуулук бар. Сюжетке карата өтө кылдат мамилеси сезилет. Ошол сапатты ушул ангемелеринен да көрө алабыз. Чакан эле окуялар аркылуу көп нерсени айтып берүү, бир деталь аркылуу жалпы ойду туюнтуу күчтүү. Токомбаев бийик чеберчиликке жетишкен калемгер.

Биз анын аңгемелерин окуганыбызда сюжеттин сыйымдуулугун байкайбыз. Ушул чакан аңгемелер Аалы Токомбаевдин ири эпикалык жанрлардагы чыгармаларын жаратышына түрткү болгон. Мына ушул ангемелерден кийин повесттерге өтүп, анан “Токтогул” романынын деңгээлине көтөрүлгөн. Бул аңгемелердин баалуулугу мына ушунда.

Кыргыз совет адабиятынын жаралыш, өнүгүш тарыхында өзүнчө орду бар Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы кыргыз адабиятчылары тарабынан кенен-кесир изилденген. А бирок жаңы заман шартында ачыкка чыккан, мурда жабылып-жашырылып келген чыгармачылык жолу ар тараптан объективдүү, калыс изилдөөгө дагы эле муктаж. Бул ыңгайда анын прозалык чыгармалары, айрыкча “Күүнүн сыры” баш болгон чакан эпикалык жанрдагы аракети ийгиликтүү чыккан. Аны кайрадан аңдап чыгуу жаңы муун илимпоздордун милдети.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG