Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 00:00

Касым Каимов чыгармачылык өмүрүн жалаң кара сөз жазууга арнап, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жаратты. Ал атпай кыргызга таанымал Атай Огонбаевдин өмүр жолун баяндаган “Атай”, муундар аралык татаал байланышты, адеп-ыймандык маселени козгогон “Акырын күтпө” романдарынан тышкары бир топ аңгеме, повесттерди жазган. Бул жолу Касым Каимовдун “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемесинин маани-жайын кеп кылабыз.

Жыгач көпүрө агып кетти

Касым Каимовдун “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемеси 1970-жылдары жазылып, алгач “Кыргызстан маданияты” гезитинде жарыяланган. Чыгарма көпүрө тууралуу. Жөн көпүрө эмес, каршылашкан эки өрөөндүн эки уруу элин ынтымакка чакырган, жаңы заманда бузулгус болуп бекем салынган көпүрөнүн маани-жайын чечмелеп берген көп пландуу чыгарма. Эски заманда каршылашкан эки өрөөндүн ортосун байланыштырып, жаңы заманда ортодогу мамилени жөнгө салган жыгач көпүрөнү жазгы суу ташкыны алып кетип, ортодогу байланыш үзгүлтүккө учурайт.

“Бир оокумда качыр-кучур эткен шумдуктуу дабыш чыкты. Шойком болорун сезип, аны күтүп тургандар сестейе калышты. Шумдуктуу добуш чыкканда түркүк кыйраган окшойт, чейрек кылымга моюн бербей турган даңкайган чоң көпүрө бел ортосунан бүктөлө түшүп, мүрдөмгө келбей ылайлуу сууга аралашып жок болуп кетти. Ар кайсы жерден сорок эткен жыгачтар гана көрүнүп баратты. Көпүрөнүн эки башынын орду эңшерилип, чаңы уюлгуп калды. Ошентип, талаштын акырын ташкындаган өзөн өзү чечти”.

Ортолук катнаш убактылуу токтогону менен, совет бийлиги кыйынчылыкка кабылган элди байланыштырып турган жыгач көпүрөнүн ордуна тез арада жаңысын темир-бетондон салып берет. Жазуучу жаңы көпүрөнүн курулушун мурдагы көпүрөнү курган Анарбай аксакалдын көзү менен карап, жаңылыкты кары адам кандай кабыл алганына басым жасайт. Суу күркүрөп кирип турганда көпүрө салабыз деп келгендердин аракети карыны абдан таң калтырат.

“Курулуш жумуштары адаттан тышкары, суу тартыла электе башталды. Өйүз-бүйүздө өңчөй техника: таштарды, курулуш материалдарын жүктөгөн машиналар, бульдозерлер, крандуу машиналар. Баары темир, уютулган таш. Эл арасында «таш көпүрө», «темир көпүрө» салынат экен деген сөз тарады.”

Демдүү башталган жаңы заман курулушуна таң калган абышканын жок болуп кетиши ишке берилгендердин эсине деле келбейт.

Кызылбаш менен Карабаштын чабышы

Качан жаңы көпүрөнүн курулушу аягына чыкканда бир чанач кымызы менен козусун алып келген абышка жаштарга ортолук көпүрөнүн таржымалын айтып берет:

“- Илгери биздин өрөөндүн эли жоокер болчу экен, - деп койду Анарбай, - тышкы душмандар менен кармашпастан, өз ара чабышчу экен. Менин жаш кезим... Өрөөндүн бир тарабын Кызылбаш болуш, бир тарабын Карабаш бийлечү. Алар өмүр бою касташты, чабышты. Далай эр өлдү, майып болду. Далай көз жаш төгүлүп, далай кун төлөндү. Эки тараптын бири бирде жыгып, бирде жыгылып, бирок биротоло жеңилип, кол куушуруп бергени болбоду.

Чабышуу ушу суунун өйүзүндө же бүйүзүндө болор эле. Анда ушу темир көпүрөнүн ордунда эки узун жыгачтан салынган солкулдак көпүрө боло турган. Качкан тарап шашылыш түрдө солкулдак көпүрөдөн өтүп, анан жыгачты бери жээкке тартып коёр эле. Кууган жак суудан өтө албай калчу. Ошол заманда солкулдак көпүрө оюнчук болгон. Эрегишкен тараптын кайсынысы болбосун аны каалаган убагында тартып коёр эле. Ошентип өйүз-бүйүз болуп, өрөөн экиге бөлүнүп калчу. Жаатташуу, барымта күчөй турган. Өрөөндүн эки жагы бири-бирине душмандашып, бирдик, ынтымак кетип, кайран эл азапка түшкөн, алсыраган...”

Ортодогу эрегиштен тажаган эл жаңы заман келгенде жыгачтан бышык көпүрө салып, урушкандарды ийге келтирип, ортодо ынтымак орнойт. Ал ынтымак кийин темир-бетон көпүрө аркылуу дагы бир жолу ырасталып, мындай улуу иш кайсы жылда болгону аңгеменин жыйынтыгында так көрсөтүлөт: «Анарбайдын көпүрөсү, 1969-жыл» деген жазуу пайда болду”.

Мындан келди, көпүрө жаатташкан тараптарды ынтымакка чакырган, жаңы заман эрегиш эмес, эмгектин учуру экенин айгинелөөчү символдук мааниге ээ. Бекеринен Анарбай аксакал өткөнгө кайрылбайт, ал үчүн жаңы көпүрө элдин ынтымагын мурдагыдан да бекемдеши, уруулук бытырандылыкты көпчүлүктүн тарыхый жадынан чийип салышы керек эле.

Көпүрөгө катылган сыр

Айтса, жазуучунун аңгемесинде козголгон манилүү социалдык, адеп-ыймандык проблемалар жыйынтыгында элеттиктердин сырттан бейгам сезилген турмушун, алардын түпкүрдө катылган аздек сырларын ачууга жардам берет. Көпүрө жөн эле катнаш жолу эмес, тарыхый маани-маңызы терең иш экени ачыкка чыгат. Адабиятчы Искендербек Жумабаевдин пикиринде, көркөм адабият фактыны эмес, анын артында катылып жаткан проблеманы аңдашы абзел.

- Касым Каимов - артына эсте каларлык из калтырып кеткен жазуучу. Прозачы, сөз чебери катары белгилүү калемгер. “Атай” романы баштаган көптөгөн чыгармалары бар. Мисалы, “Талаа жылдызы” повестинде сүрөтчүлөр турмушун чагылдырган. Касым Каимов турмуштук фактылардын көмүскө жактарын көргөнгө аракет кылат, чыгармачылыктын негизги мааниси ошол да. Көркөм чыгармачылыктын мааниси - фактыларды көрсөтүү эмес, анын артында көрүнбөй жаткан маанилерди ачып бериш. Бул жагынан алганда Касым Каимов турмуштун тереңдеги маанисин көрсөткөнгө аракеттенген жазуучу.

Касым Каимовдун чакан эпикалык жанрдагы жетишкендиги анын “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемесинде бажырайып ачык көрүндү, психологиялык жагынан тереңдеди десек жарашат. Анда сүрөттөлгөн окуялар мейкин-мезгилдик жагынан ыраатка салынып, өткөн менен бүгүнкү, ал аркылуу болочоктун контурлары алдыга чыгат.

Уруулук жаңылыш түшүнүк, көз караштар менен жашап келген элдин ынтымагын кармап турган Анарбайдын жыгач көпүрөсүн суу алып кетиши биринчи иретте аксакалды ойго салат. Албетте, жаңы заманда уруулук уруштар токтолгону менен, анын калдыгы адамдардын аң-сезиминен биротоло өчө элек болчу. Анарбай аксакалды жаңы көпүрөнүн курулушу кызыктырат. Мурдагыдай көп эл чогултуп, кол менен таш-кум ташып, токойдон дарак кыркуу болобу деген ой көңүлүндө турган эле. Иш жүзүндө баары тескерисинче болду, жайнаган техника, үйүлгөн темир-тезектер, чулу бетондор.

Касым Каимовдун чыгармачылыгын мыкты билген жазуучу Жылкычы Жапиевдин айтуусунда, аңгемеде өткөн менен бүгүнкү күн эриш-аркак, мамыр-жумур көрсөтүлгөн.

- Касым Каимов аябай сыпаа киши эле. Ачуусу аябай келгенде да оозунан жаман сөз чыкканын мен укпадым. “Анарбайдын көпүрөсү” - бул кыргыз аңгемесинде өзүнчө сөз кыла турган мыкты чыгарма. Эски-жаңы турмушту салыштыруу көпүрө аркылуу көрсөтүлөт. Ортодогу тымызын талашка аягында темир-бетон көпүрөнүн курулушу аркылуу чекит коюлду. Касым Каимов кара сөздүн дыйканы эле. Аны ангеме, повесттеринен деле байкай алабыз.

Анарбайдын көпүрөгө кызыгышынын жөнү бар эле. Анткени анын жаңы коомго сиңирген эмгегинин жандуу белгиси ушул көпүрө болчу. Ал белгини ташкын суу изин калтырбай алып кетти. Көпүрө жоголуп, ортодогу байланыш үзүлгөндөн аз өтпөй убактылуу көпүрө, ага улай жаңы курулуш башталып отурбайбы. А бирок жаңы көпүрөнүн курулушу Анарбай аксакалга таптакыр түшүнүксүз болчу.

Эски-жаңынын эрегиши

Баары башкача, кийин иштин натыйжасы көрүнө баштаган чакта гана Анарбай аксакал жаңы заман курулушунун маани-жайын боолгойт. Замандан артта калганын сезет. Ошон үчүн жаңы замандын курулушу Турардын атында болушун каалайт.

Филология илимдеринин доктору, профессор Али Турдугуловдун айтуусунда, аңгеменин финалдык чечилиши символдук маани-мазмун алып кетет.

- “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемесинин өзгөчөлүгү - андагы курч социалдык маселенин адеп-ыймандык жагынан каралышы, баа берилиши. Эл турмушу, үрп-адаттар, салт-санаа – мунун баары чыгармада абдан жакшы иштелген. Чыгарманын башкы каарманы - Анарбайдын өзү. Көпүрө болсо чыгармада коюлган проблеманы чечүүнүн символу. Эки өрөөндү жайлаган эки эл, уруу-уруулар ортосундагы талаш. Ошол чатактарга чекит коюш үчүн көпүрө салынган. Аңгеменин сюжети жаңы көпүрөнүн салынышынан башталат, ошону менен жыйынтыкталат.

Касым Каимов социалдык көп маселелерди козгогон мыкты чыгармаларды жазды. Алардын баарында бул маселе адеп-ыйман, психологиялык ынанымдуу деталдар аркылуу чечилип, баасын алат.

Касым Каимов “Атай” жана “Акырын күтпө” романдарын эске албаганда, негизинен орто жана чакан эпикалык жанрда үзүрдүү эмгектенди. Сүрөткердик таланты ушул багытта кыйла кенен жана ар тараптуу ачылды. 1970-80-жылдары жазуучу “Бири бирине окшобогон күндөр”, “Кыш ыргактары”, “Жигит баратат”, “Белгилүү эркек”, “Ийри жылан”, “Начальниктин кабагы”, “Бөтөлкөдөгү киши”, “Ак жоолук”, “Анарбайдын көпүрөсү” сындуу кызыктуу чыгармаларды жаратты.

Бул учур анын сүрөткер катары калыптанышы, көркөм тажрыйба топтошу гана эмес, адабиятка жаңыдан баш багып жаткан таланттарга колдоо, жардам көрсөтүү жылдары деп койсок да жарашат. Жазуучу бир топ жылдары “Кыргызстан маданияты”, “Чалкан” сындуу мезгилдүү басма сөз каражаттарын жетектеп, Жазуучулар бирикмесинде адабий кеңешчилик кызмат өтөгөн.

Анын жаш таланттарга кандай камкордук көргөнүн жазуучу жана илимпоз Сулайман Рысбаев минтип эскерди:

- Касым Каимов менен 1980-жылдардын орто ченинде айылдык мектепте иштеп жүргөнүмдө Токтогулда өткөн жаш жазуучулардын семинар-кеңешмесинде баарлашкамын. Эки-үч күн чогуу жүрдүк. Ал киши Жалал-Абад чөлкөмү боюнча Жазуучулар бирикмесинин кеңешчиси болчу. Жаш жазуучуларды жанына алып Токтогулга барып, ал жердеги жаш таланттар менен семинар-кеңешме өткөргөн. Ошол иш-чарада Касым агайдын көп кеп-кеңешин уктук, чыгармаларыбызды кызуу талкууладык.

Ал эми “Анарбайдын көпүрөсү” аңгемеси Касым Каимовдун чыгармачылыгында өзгөчө орунда турат. Салттуу баяндоо стилинде жазылганы менен, философиялык жактан терең, мезгил менен адамдардын өзгөрүшү жөнүндөгү чыгарма. Адамдардын ортосундагы байланыш көпүрө аркылуу ачылат. Символдук маанидеги көпүрөнүн артында көп ойлор жатат, чыгармада подтекст көп.

Касым Каимов 1926-жылы Таластын Арал айылында төрөлгөн. Чыгармачылыгын мектепте окуп жүргөндө баштап, алгач ыр, фельетон, очерк, аңгеме жаза баштаган. Тунгуч жыйнагы “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-жылы чыккан. Андан соң “Адашуу”, “Мектеп жолунда”, “Талаа жылдызы”, “Бири-бирине окшобогон күндөр”, “Кыш ыргактары”, “Белгилүү эркек”, “Ийри жылан” сындуу ангеме, повесттерден куралган жыйнактары жарык көргөн. “Атай”, “Акырын күтпө” романдарын жазган. Жазуучунун бир топ чыгармалары чет тилдерге которулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG