Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:29

Кыргыз адабияты: Асангул апасынан неге “уялат”?


Жазуучу Жылкычы Жапиев. 25.04.2017.

Жазуучу Жылкычы Жапиевдин чыгармачылыгы акындыктан башталган. Кийин ал кара сөзгө өтүп, бир топ повесть, аңгемелер жаратты. Анын жетишкендиктери мына ушул чакан эпикалык жанрга байланыштуу. Жумшак лиризмге сугарылган мыкты аңгемелери аны кыргыз жазуучуларынын алдыңкы катарына алып чыкты.

Жазуучу Жылкычы Жапиевдин чыгармаларында доор алмашкан чалкеш учурга туш келген элет адамынын бейнеси бийик көркөмдүктө чагылдырылып, кыргыз аңгемесинин идеялык-көркөмдүк диапазону кеңейип баратканын айгинелөөдө.

Саны аз сапаттуу чыгармалар

Жылкычы Жапиев Сары Өзөн Чүйдүн түштүк-батыш тарабындагы Жайыл ооданынын Сары-Булак айылында 1943-жылы жарыкка келген. Көркөм чыгармачылыкка киришкенге дейре ал турмуш казанында кайнап, айылда иштеп, шаарда жумушчу, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) филология факультетин бүтүрүп, ошондон бери жалаң китеп басмасы тармагында иштеп келатат.

Социалисттик байкерчилик заманда басмада иштегени менен, Жылкычы агай бапыратып китеп чыгарбай, өзүнө жакын теманы көркөм иликтеп, чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылып келгенин буга чейин жарыяланган китептери айгинелеп бере алат. Жазуучунун “Каркыралар”, “Жамгыр бийи”, “Көк жээк”, “Айыл баяны”, “Махабат баяны” сындуу китептери бийик баага татыктуу чыгармалар.

Анын көпчүлүк аңгеме, повесттеринде айыл адамдарынын адеп-ыймандык тазалыгы, алардын ичара мамиле-катнаштарындагы сырт көзгө анчалык байкала бербеген пенделик өзгөчөлүктөрү психологиялык жагдайлардын тутумунда чагылдырылат. Жазуучу багбан турмушуна кайрылабы же карапайым малчынын түйшүгүн алдыга жаябы – баарында адамгерчилик, карөзгөйлүк менен адилдиктин күрөшү, алардын ачык-тымызын тиреши алдыңкы планга чыгып, каармандардын аракет-кыймылы мына ушул башкы идея, көркөм багытты ачууга жумшалат.

Кийинки жылдары Жылкычы Жапиев доор алмашуусуна туш келген кыргыз адамынын трагедиясын, бекем ишенип алган турмуштук идеалынан ажырап, коомдогу ашка-жүк, башка-жүккө айланып калган кездеги арманын ырдап, заман муңун алдыга чыгарууда.

Жазуучунун чыгармаларынан жаралчу дагы бир ой - көнүмүш жашоо ыргагына ыңгайлашып алган адамдын кескин өзгөрүлгөн шарт-жагдайларда алдастап калбай, туура жолун таап кетиши. Өз алдынча турмуш жолун улоо, тиричилигин жөндөп кетүүнүн кыйынчылыгы, жашоо-турмушун өзү жөндөй албаган кокуйгүн адамдын көйгөйү жазуучунун “Мейман күтүү” аңгемесинин сюжеттик-композициялык негизин түзөт.

“Конок келсе козу сой”

Аңгемеде эне менен баланын мамилеси, бир үй-бүлөнүн тарыхы баяндалат. Жөнөкөй турмуштук окуядан салттуу үч бурчтуктун – эне, бала, келиндин кимдиги, кандайлыгы ачыкка чыгат. Жазуучу энесине карөзгөйлүк кылган жалгыз уулун айыптап, жаза өкүмүн деле чыгарбайт.

Мейман күтүү апасынын опсуз мээримине бөлөнгөн баланын өзүмчүлдүгү кандай чекке жеткенин, аны угуп-билген келиндин күйөөсүнө каяша кылбай, уулунун апасына жасаган мамилесин көрмөксөн-билмексен болуп койгону окуянын чиеленген түйүнүн дагы татаалдаштырат.

Автор баянын бир үй-бүлө тарыхын элдин, кошуна-колоңдордун айтканына таянып баштайт. Үчүнчү тарапты эске алган мындай ыкма сүрөттөлгөн окуянын ынанымдуулугуна, баяндоо ыраатынын үзүлбөшүнө алып келет.

“ Улуу согушта ким эле эринен жаш калбады. Ал да бир кырсык экен. Кырсык дешип, тагдырга кайыл болушту. Эркек, аял, бала-бакыра башка түшкөндү көтөрүштү.

Эрин согушка алып кеткенде бала бирге чыгып-чыгалек. Дана он сегизге караган. Уруш чыккандын күзүндө кеткен.Ошо бойдон эки каты келген: бири кышка жуук болучу, ойнотуп атат деп, бири кыш түшкөндө келген, урушка киргени жатабыз деп. Эри байкуш өзү кат тааныбаган неме бирдеме деген балага жаздырып атам дептир. Кат-кабар жазайын деп эле ойлойм, колуман келбейт, өзүң жазып тур,окутуп алганга жарайм деген эки катында тең. Дана беш кат жазды. Бешөөнө тең жооп келген жок. Эми дагы бир кат жазайын деп турганда карасын алган.

Анда жаш экен да, кайгыны көтөрүп кеткен. Ыйлап-сыктаганы менен эри өлөт деген эмне экенин билбептир. Күндөрдүн бир күнүндө күйөөсү кирип келчүдөй көрүнүп турган. Канткен менен кайненеси кайраттуу экен, ошол бел-күч болду. Небереси төрткө келгиче аркасына көтөрүп бакты, келинине уулундай мамиле жасады. Антсе да башы бош катын бир күнү болбосо бир күнү басып кетер деп ойлоп жүрдү. Атүгүл: жаш десең жашсың, көзү бар шуру жерде калбайт дейт, ылайыгын тапсаң, көңүлүн оосо, турмуш курат элем десең аныңды айткын, убалыңа калбайын, багың ачылсын деп батамды берейин деген.

Дана муну угуп алып, кызылдай секирип, анан буркурап ыйлаган. Кайненеси кошулуп ыйлаган ошондо. Экөөнү көрүп, уулу бакырып ыйлап жибергенде барып басылышкан. Анда уулу экиден үчкө караган маалы. Төрткө чыгарып берип өлгөн кайненеси. Ушунда Дананын бели чындап майыша түштү. Эринен ажыраганда да мындай болгон эмес, бу жолу катуу кайгырды. Кайгы деген эмне экенин билди. Анан белин бууп, чачын түйдү. Ошондон баштап, баласын колунан жетелеп калды.”

Жалгыз баласын чоңойтуш үчүн Дана кандай кыйынчылыктарга баш байлаганын автор шашпай санап өтөт. Жыл бою түйшүгү бүтпөгөн кызылча өстүрүү, ала жаздан башталып, кыш ортосуна чейин токтолбогон дыйканчылыктын түйшүгү, колу ооруганына кайыл соко кармап, бели сыздап, далысы ачышып, кызылча сээп, отоп, сугатына чуркап, күздөн тарта кыш ортосуна чейин казмай азабы бүтпөй “ошондо аялдарды көк шишик басып, буттары жоон санга чейин дулайдай болуп чыгат. Үйүндө балдарын караар чоң кишиси барлар же жалгыз бойлор түнү менен талаада калышат. Дана да баласын чепкенге ороп, түнөп калып жүрдү. Бирок балага убал экен. Аялдар баланы аяшып, кийин талаага түнөтпөй калышты. Дана баласын жетелеп, эл орунга отурар маалда кирпигинен тартса жыгылчудай болуп үйүнө келет. Уулунун курсагын тойгузуп, кучактап жатып алат. Уктап аткан баласынын мойнунан жыттап-жыттап алса жаны жай алып, эс ала түшөт. Ушунумдун жаманын көрбөсөм экен деп анда да кудайына жалынат.”

Акыры көжөлгөн Дананын эмгегинин акыбети кайтып, жалгыз уулу Асангул жогорку окуу жайына өтүп студент болот. “Дана эми бир тыйындан бери санап калды”, дейт автор.

Уулу окуусун бүтүп, шаарда биротоло калганда “Дана калкостун айдаган жагына барып, кара жанын карч уруп иштеп, атүгүл акчасы көбүрөөк” оор жумуштарга суранып, түнкүсүн дүкөн күзөтүп, баласы акчадан кыйналбасын деп болгон аракетин жасайт.

“Ким билип коюптур”

Жазуучу турмуштук майда деп эсептелген деталдарына чейин көңүл буруп, окуянын өнүгүшүн кылдат иликтөөгө алат. Уулу илим кандидаты болуп, үйлөнүп-жайланып шаарда биротоло калганда апасы айылдагы там-ташын сатып жиберип уулунукуна келип алат. Бул, автордун ырасташынча, “бактылуу турмуш менен бүткөн жомок мисал” кызыктуу турмуш эле.

Жазуучу шаардагы жашоону Дана кемпирдин баласы Асангулдун иш-аракети аркылуу баяндап, үстүрт эскертилген бир деталга басым жасайт. Асангул меймандар келерге жакын апасын башка жакка жөнөтүп, анын ордуна апам деп бейтааныш лектор аялды төргө отургузат. Ал аял Асангулдун билимдүү “апасынын ролун” ойноп бериши керек эле. Мына ушул эпизод, өз апасынын ордуна меймандарга башка аялды тааныштырып, баласы деп жашаган аялдын четке сүрүлүп калышы аңгеменин сюжеттик негизин ээлейт, бардык окуялар ушул жерге келип жыйынтыгы чыгарылат, кимдин кимдиги сыналат.

Алыстан келген кадырлуу меймандар алдында билимдүү десе билимдүү, сөздү келиштирип сүйлөгөн “лектор апа” керек болчу. Асангул эч ойлонбой, анын адам болушу үчүн каруусун казык кылып, кыйынчылыктын баарын көтөргөн апасын четке чыгарып, кадырлуу меймандар алдында чоочун аялды апам деп меймандарын алдайт. Анын мындай амалкөйлүгү башкалардын сынына, үй-бүлөсүнүн каршылыгына учурабайт, бул үчүн аны эч ким айыптабайт. Болгону Дана кемпирдин келини ичтен сызып, бирок күйөөсүнө ачык каршы чыга албай, үшкүрүнүп тим болот.

Анын мынчалык өзүмчүл, мактанчаак болуп калышына апасынын үзүлүп түшүп, жалгыз уулунун гана көзүн карап жашап калышы кайсы бир деңгээлде себеп болгонун аңгемедеги автордук баяндоодон улам ачыкка чыгат. Автордун окуяны баяндоодо элдин сөзүнө, кемпир-кесектердин айткан-дегенине кайрылып отурушунун бир себеби мына ушул жагдайга барып такалат.

Сыртынан жомоктой сезилген шаардагы бактылуу турмуштун артында ушундай сырт көздөн далдаа катаал чындык, жакшы аттуу болуш үчүн апасын четке чыгарып, коноктор алдында бейтааныш лекторду апа кылган өзүмчүл баланын чыныгы жүзү ачылат.

“Уулу сыртка чыгып кетти. Энеси дасторконду жая берелиби дегенде, коё тургула, азыр келем деп койгон.

Бир топ убакыттан кийин Асангул менен келинчеги ээрчишип киришти.

- Келатышабы?- деди апасы утурлай тосуп.

- Жок, апа, кечирээк келишмей болду,- деди уулу.

- И, бошогондо келишсе болду,- деп койду апасы.- Баса, мен туурамес айтыбатсам керек, меймандарың канча отурат, канча коёт, өздөрү билишет да, кыйнаганда болбойт... деги, - деп күлүп алды. - Ойлоп көрсөм айталмак эмес экенмин. Атүгүл чогуу отуралбайм го...

Уулу демейде апасынын бырыш баскан эски, мээнеткеч, картаң чекесинен өөп алып:

- Койчу, апа. Ушинткениң кантип болсун, өзүң отурбасаң анан кантип... үйдүн куту учуп кетпейби, - деп айтмак. Бирок бу жолу укпай калдыбы, же элес албадыбы, унчуккан жок. Келинчеги экөө ашканага кирип кетишти. Анан экөөнүн күңк-мыңкы угула калып жатты.

- Апей, кантип ошондой болсун? - деди келинчеги чочуп.

- Ошентели, - деди күйөөсү.

- Шерменде болбойбузбу, - деди келинчеги.

- Ким билип коюптур.

Сөздөрү кайра угулбай калды күңк-мыңк болуп.

- Мейлиң, - деди келинчеги бир кезде, өзүң бил...

- Анда тиякка...”

“Тиякка” – таанышынын үйүнө Асангулдун апасын жөнөтүү маселеси ошентип чечилет.

А көрсө, Асангул колхозчунун баласы болгонуна намыстанып, кадырлуу коноктор келерде апасын көздөн далда жерге жөнөтүп, анын ордуна башка аялды чакырган экен. Уулу менен келини дегенде чечекейин чегип берүүгө даяр эне жалгыз уулунун мындай амалын билгенде эмне болор эле? А бирок уулунун ойго келбес бул амалы билинбей калат.

Меймандар келерде тааныштарынын үйүнө жөнөтүлгөн кемпир артынан кандай өсөк иштер болгонун билбей, эртеси конок тосуп чарчаган уул-келинине жардам берүүгө киришет.

Эненин көөнү балада...

Жазуучу Асангулдун апасына жасаган митайымдыгын, башкалардын буга кайдыгер мамилесин көрсөтүп, буга баа берүүнү окурманга калтырат. Окуянын баяндалышындагы элдин сөзү менен реалдуу жагдайдын ортосундагы ажырым ошентип ангеменин соңунда ачыкка чыгат. Көрсө Асангул илим тепкичинде жогорулаган сайын өзүнүн өткөнүнөн, ага деп бу тирүүлүктүн кызыкчылыктарынын баарынан кечип, жетишпестикти сезбей чоңойткон апасынан уялат экен. Анын баласы экенин айтууну, меймандарына көрсөтүүнү каалабайт экен.

Мейман тосуу Асангулдун ким экенин адырайтып ачыкка чыгарып, пенде катары анын пастыгын, жасалма сөөлөт күтүп, өзүмчүлдүктүн сормо сазына белчесинен батып калганын айгинелеген окуяга айланат. Эми ал апасын карылар үйүнө тапшырып койсо деле эч ким таң калбайт. Өмүр бою кара жанын карч уруп иштеген кара кемпир шаардагы белгилүү илимпоздун үйүндө артыкбаш болуп калган.

Белгилүү адабиятчы Мырзабек Жумаевдин ырасташынча, Жылкычы Жапиевдин чыгармаларында козголгон адеп-ыймандык проблемалар социалдык доош алып кетет.

- Анын каарманынын бир өзгөчөлүгү – сөз менен иштин ортосундагы дистанцияны ажыратып, советтик типтеги Обломовду алып чыкканында. Жылкычы Жапиев утурумдук, жеңил баа темаларга азгырылбады. Анын турмуштук кредосу, жазуучулук озуйпасы андайга жол бербеди. Бүгүнкү күндүн темаларын жазуучу келиштире берүүгө жетишип жатат. Анын романдык формага жеткен аңгемелери бар. Маселен, согушка катышкан чалдын аянычтуу тагдыры, аны балдары карабай коюп жалгыз калганы, өкмөт башчылары жер кыдырганда көздөн далда кылыш үчүн аны талаага таштап коюшуп, ал жерде согуш ардагери каза болуп, аны көмгөнгө киши чыкпай, селсаяктар жарды кулатып сөөгүн жашырышканы - бүгүнкү турмуш жасалмасын, бийлик менен карапайым элдин ортосундагы мамиленин кандайлыгын көрсөтөт. Анын чыгармаларында адамдар ортосундагы адамдык жакшы сапаттар, мээрмандык, боорукердик биринчи планга чыгат.

Жылкычы Жапиевдин чакан эпикалык жанрдагы жетишкендиктери өз алдынча кеп кылууга, ири изилдөөлөр жүргүзүүгө татыктуу. Айрыкча анын чыгармачылыкка мамилеси, сөз менен иштөөсү өзгөчө кызыгууну жаратат.

Жылкычы Жапиев. 25.04.2017.
Жылкычы Жапиев. 25.04.2017.

Өткөн жылы “Азаттык” үналгысына берген маегинде жазуучунун өзү чыгармачылыкка мамилесин минтип түшүндүргөн:

“Мен узак кылып роман жаза албайм, андайга чыдамым жетпейт. Улам бир жаңы сюжет таап, улам жаңы эпизоддорду кошкум келбейт. Ал эми менин повесттерим 50 - 60 беттин эле тегерегинде. Кыскалыкты жакшы көрөм. Кыска чыгармаларда ар бир сөзүм мага кызмат кылыш керек. Ансыз өлүк сөз, өлүк тыбыш, өлүк тамгаларды пайдалангым келбейт. Ошон үчүн кыскалыкты жакшы көрөм”.

Жылкычы Жапиев: Кыскалыкты жакшы көрөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
Түз линк

Ушул принципти жазуучу бекем кармап, чыгармачылыктын түйшүктүү жолун аркалап келатат. Адабий куру атак-даңкка жулунбай, сөз жоопкерчилигин бекем кармап, көркөм ойлоонун улам жаңы өңүттөрүн табууда. Чыныгы сүрөткер үчүн мындан артык сый-урмат жоктур.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG