Линктер

дүйшөмбү, 28-май, 2018 Бишкек убактысы 03:18

Белгилүү жазуучу Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемеси 2012-жылы жазылган. Чыгармада жаңы кылымга туш келген кыргыз жашоосу, жалгыздыктан тажаган эки кошунанын табышып алышы алдыңкы планга чыккан.

Күтүүсүз, экинчи жагынан терең ойлонууга “жем” таштаган чыгарма окурманды кайдыгер калтырбайт. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул жолку берүүсү Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесинe арналат.

Жүрөк дүк-дүк

Оболу окурмандарга китепкөйлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан аңгеменин сюжетине токтолуп, андан соң чыгарманын маани-мазмунуна сыйган автордук идеянын чоо-жайын чечмелей кетсек. Адегенде “Кош канаттын” сюжетинин ушунчалык динамикалуу, анан да кол менен кармап көрсө болчудай көркөм ынанымдуулугу баамга урунат.

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

Жай саратанда иштен чарчап келген момун Акбардын жөн-жай тирилиги кара курсакты кампайтуудан башталат. Жазуучу майда турмуш-тиричилик деталдарына атайлап басым жасап, үйүндө жалгыз калган момундун абалына токтолот. Болгон ич кийимдери түгөнүп, кийилгендери эски кир жуугуч машиненин ичинде үйүлүп жаткан. Аялы жок бой эркектин баары эле үстү-башына тыкан карабайт. Мына, Акбар алмаштырып кийгенге ич кийими жок күзгүнүн алдында турат.

Аны дал ушул кийимин таппай турган кезинде кошунасынын келини, Маскөөгө иш издеп кеткенче кабарсыз жоголгон Гафардын келинчеги Мунар көрүп отурбайбы.

Ошол Мунар ун элегени “чараны колтуктап, үйдүн илгичине колун созо берерде, көзүнө өөн көрүнгөн нерсе учурады. Көзүң жамандыкты көрбөсүн: коңшу үйдүн жарыгы күйүп, дырдай жылаңачтанып алган эркектин сөлөкөтү көрүндү. Адегенде жүзүн ала качып, көзүн жумду. Канчалык коңшу үй тарапты карабаганга аракет кылды, бирок бир заматта денеси ток өткөндөй дүр дей берди. Шаштысы да кетип калды, жүрөгү дүк-дүк…

Элеңдеп эки жагын каранат, жан киши деле жок. Коңшу үй тарапка мойнун бурарын буруп алып, жараткандан уялдыбы же өзүнөн өзү уялдыбы, өз бетин чымчыды. «Тобо, кудай сакта» деди ичинен. Адам белгисиз күчкө тез эле алдырабы? Кайра да тиктегиси келди. Күзгүнүн алдындагы булчуңу чың эркектин керилген денесине сугун артып тиктеген бойдон катты да, калды. Бир заматта сезими дүрт жанып, токтоно албачудай алдастап барып, өзүн карманды. «Жок, жок» деди ичинен… Ушунчага чейин өз эркин бекем карманчу кургур, чыдайм деди. Бирок жан темир эмес го…

Чара колунан качан түшүп кеткенин билбейт. Деми кысылып, көөдөнү карбаластатып салды. Шырп эткен дабыш чыгарбай, ордунда тура берди. Адегенде көзүнө өөн көрүнгөн эркектин жылаңач денесин эми дааналап тиктегиси келип, тиктеди. Адам бүйрү бир козголуп алса акылга да, эркке да баш ийер эместей. Жанатан бери камыр жууруйм деген Мунар эми бир ордунга тура алсачы, ары басат, бери басат, эмне кыларын билбеди. Оюнда бир эле нерсе… Ал нерсени ойлогон сайын өзүн-өзү жемелейт: «Кайсы бетим менен карадым? Жок, мен жинди болуп баратамбы…» Күбүрөнүп-шыбыранып бешикте тынч уктап жаткан наристесин бир, сырт жакты бир карайт…

«Жок, жок… Кайсы бетим калат…»

Кыйшайган каалга

Арзуу сезими акыл-эсин толук бийлеп алган келин кошунасынын балкасын сурап келет. Кошуналык милдет үчүн гана келген Акбар эшикти оңдоого киришет.

“Мунар кыйшайган каалганы түз кармап берип, Акбар мык какмай болду. Адатындай эки-үч мыкты оозуна тиштеп алган…

Келин бир убакта Акбардын оозундагы мыктарды «келиң, мен кармап берем» деп бир колуна балка кармап, бир колу менен каалганы түрткөн Акбарга жеңилдик кылгысы келди. Колун сунуп, Акбардын оозундагы мыктарды назик манжалары менен ала берерде эркектин эрдиндеги, таноосундагы ысык демди сезди. Анын көптөн бери эркек менен болгон карыш жердей жакындыгы ушул гана. Акбардын ысык деми денесин магдыратып, көзү караңгылашып барып, кулап калчудай сезди өзүн. Каалга жөлөп турган денеси бир убакта Акбарга жакындап барып, кокустан соорусу эркектин боюна тиер замат көздөрү жумулуп, термеле баштады…

"Сулуунун портрети". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү
"Сулуунун портрети". Асатилла Тешебаевдин сүрөтү

Ордунда термелген келиндин алаканындагы мыктар кошо титиреп, ага жер айлан көчөк болуп атканын балка кагып аткан эркек сезген жок. Боюна жакындап келген Мунар кулап баратканда гана шап кучактап калды. Кучактап алып, келиндин тирсийген көкүрөгүн уучтап алган олдоксон кыймылынан өзү уялды. Колундагы келиндин денеси улутунуп ыйлаган наристедей өпкөсү өпкөгө тийбей ыйлап ийди. Акбар адегенде келиндин талма оорусу барбы деп жүрөгү болк этип барып, сезим оту жанды…

Келин Акбардын топчусу бүчүлөнбөгөн дагдайган төшүн аймалап, өпкүлөй баштады. Эки албуут дайра бири-бирине кошулгандай буркан-шаркан кайнаган экөөнүн сезимин токтотор күч жок эле”.

Ошентип кошулган эки кошуна аягында жөн-жай кепке өтүшөт, жүрөктү мыжыган армандарын айтышат. Акбардын аялы Жумакан да Орусияда, ошон үчүн Мунар “сиз экөөбүздүн тагдыр окшош экен да” деп армандуу үшкүрүп отурат.

“Мунар бешиктеги баланы чечкен кезде, ал түз эле «ата» деп Акбарды көздөй там-туң басып жөнөсө болобу.

– Бул ушинтип эркек киши көрсө эле баарын "ата" дей берет, атабыз карабай кетип… – деди келин бир эсе жайдары, бир эсе муңкангандай үн менен.

Акбар да өмүрүндө баланын «ата» деген үнүн биринчи уккандагысы ушул. Ичи элжирей түштү буга. Наристе эч чоочуркабастан Акбардын алдына келип отуруп алды. Баланын мойнунан жыттап өпкөн үйдөгү эркектин караанына Мунар ыраазы болгондой узакка тиктеди.”

Нике адамдын жүрөгүндө

Балага мээрими ийиген Акбар келинди өз үйүнө алып кетүүгө бел байлайт, “бакытты пландоого” болбостугун айтып, мындан ары бирге түтүн булатып чогуу жашоого киришет.

“– Молдо да чакырасызбы? – деди келин.

Акбар, бир саамга ойлонуп отуруп үн катты:

– Жок, өз никебизди өзүбүз кыябыз.

– Бобойт ко?

– Болот. Молдого нике кыйдыргандын баары эле бактылуу жашап атыппы? Турмушта нике кыйдыргандын канчасы түбөлүккө бирге жашап атыптыр. Нике адамдын мынабу жеринде, – Акбар жүрөк тушуна кол жаңсады. – Биздикин нике кайып дейт. Экөөбүз түбөлүк никеге ниет кылганыбыз жетет, – деген Акбар ак чыныга суу толтуруп келип, Расулдун колуна сунду.

– Кана балам, апаң экөөбүздүн никебизге сен гана күбөсүң, андыктан сен гана никебизди кыясың. Сени наристе дейт, сенин гана жүрөгүң таза.

Акбар кенедей наристеге чоң ишеним менен карап, эки адамдын ортосундагы ыйык никени кыярда кандай тилек каалап, эмне деп айтыш керектигин үйрөтө баштады.

– Сен бизден туттуңбу деп сурайсың, макулбу? Кана айтчы…

– Туттуңбу? – бала муну таптак айтты.

– Туттум, – деди атасы.

– Туттуңбу?

– Туттум, – деди жетине албаган апасы.

Экөө баланын колундагы чөйчөктү кезектешип жутту, суу туптунук эле. Наристе да туптунук ою менен суу ууртагандарды ыржайып карап турду.”

Акбар менен Мунардын жаңы жашоосуна Маскөөдөн шашылыш келген Гафар да тоскоолдук кыла албай, Акбардын алдында алсыздыгын көрсөтүп, “колдору калчылдап, ээктери титиреп” эчкирген бойдон жолго түшөт.

Заман ырайы

Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесин сюжеттик жагынан кайсы бир деңгээлде “Чатыр” повести да улайт. Анда заман өзгөрүп, жашоо кыйындаганда шаарга келген койчунун селсаяк турмушу сүрөттөлөт. Жаңы заман ырайынын мына ушул сынчыл реализми кийинки жылдары жарыяланган чыгармалардын көпчүлүгүнө мүнөздүү.

Бекем калыпка салынган каада-салттардын, үрп-адаттардын, жашоо ыңгайынын бузулушу, жумушу жок айылдан шаарга агылган жаштар, акча менен капиталдын үстөмдүгү жүргөн жердеги оор турмуш жаңы заман адабиятында көп сүрөттөлгөн темалардан. Өзгөчө айылдан келип шаардан турук ала албай, толгон-токой кыйынчылыктарга кабылган кыз-келиндердин аянычтуу тагдыры абыдан көп сүрөттөлдү окшойт. Белгилүү философ жана жазуучу Топчугүл Шайдулаеванын пикиринде, сынчыл маанай учурдагы адабиятка эле мүнөздүү өзгөчөлүк эмес.

Топчугүл Шайдулаева.
Топчугүл Шайдулаева.

- Бүгүнкү жашоонун өзү ошондой болуп калбадыбы. Аны жазуучулар сүрөттөшөт да. Бүгүнкү коомдун өзү сынчыл. “Кош канат” аңгемесинде миграциянын эң талуу жери чагылдырылган. Миграция биринчи кезекте үй-бүлөнү ыдыратып, атаны баласынан, аялды күйөөсүнөн ажыратып жатат. Чет жерге иш издеп көбүнчө жалгыз бой кетишет, же аялы, же күйөөсү үйдө калат. Жалгыздап жашоо адам табиятына туура келбестигин Олжобай Шакир мына ушул аңгемесинде ачык көрсөтүүдө. Аялбы, эркекпи – экөө тең эле жалгыздыкты көтөрө албайт экен. Адам табияты өз эркинен тыш бактысына жетиүүгө умтулат. Акчадан да бийик нерсе – жакын адамдардын бирге, бала-чака, үй-бүлө чогуу болушу керек. Мына ушул чоң маселе чыгармага реалдуулукту, карапайымдыкты, көркөмдүктү тартуулап турат.

Олжобай Шакир бир топ ыр, аңгеме, повесттеринен соң “Куюн доор” романын жазды. Бир үй-бүлөнүн тарых-таржымалы аркылуу бүтүндөй бир улуттук турмуштун феодалдык-патриархалдык турмуштан социализмге көчүүсүнүн карама-каршылыктуу процессин ачып берген ири эпикалык баяндан соң калемгер кайра эле мурдагы көнүмүш жанрына - аңгемеге өттү.

Чакан эпикалык жанрдын ичте катылган бай мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, адамды айран калтырчу керемет чыгармаларды жазгандар дүйнөлүк адабият эмес, кыргыз көркөм сөзүндө деле жетиштүү. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Жантөрө Сатыбалдиев Олжобай Шакирдин ыкластуу окурмандарынын бири. Биз андан “Кош канат” аңгемеси тууралуу пикирин айтып берүүсүн өтүндүк.

Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

- Ар бир нерсе шарт, убактысына жараша чечилет тура. Олжобай Шакир проблеманы ачык, терең көрсөтө алган. Мында терең философия жатат. Бул бир эле табышкандардын проблемасы эмес, социалдык-философиялык маани-мазмун алчу үлкөн проблема. Мындай абалга алып келип аткан эмгек миграциясы деп көрсөтүүдө, негизи бул өзү турмуштун зарылдыгынан чыгып жаткан иш.

Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесинде сүрөттөлгөн турмуш ушу тапта кыргыз баласы башынан кечирип жаткан заманга мүнөздүү, кайсы бир деңгээлде типтүү деп айтарлык тенденция. Буга чейин жаманбы-жакшыбы адат-салтка, адеп-ыймандык эреже-шарттарга байланып келаткан үй-бүлө институту кысталыш чакта бузулуп турган кези.

Анын баары кайсы бир деңгээлде “алгачкы капитал топтоо” аракетине да байланышып кетет. Мына ушул көр дүйнө, “алгачкы капитал топтоо” аракетин айтылуу Карл Маркс бейиштин Эдем багындагы Адам ата менен Обо эненин тыюу салынган алманы жеп коюшуна теңеген. Материалдык байлык, өлүү дүйнө азгырына алдануу адамды алмустактан бери кармап келаткан биргелешип түтүн булатып, артына туяк калтыруу милдетинен алыстатпашы керек. “Кош канат” ангемесинин негизги квинтэссенциясы ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG