Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 11:48

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов кыргыз тарыхын мыскалдап жыйнап, жыйырмага жакын томдуктарды чыгарды. Өз элинин өткөнүнө кызыккан калемгер бабалар жүргөн Алтай, Энесай, Монголия жергесин кыдырып келген. Кийинки кездери Кеңеш ага курбалдаштары, жан кыйбас жакын достору тууралуу эскерүүлөрдү жазууда.

Жазуучу менен маек кыргыздын дагы бир кырааны Салижан Жигитовдун китептери көп жылдан бери чыкпай жатканынан башталды.

Жусупов: Салижандын кол жазмаларын иреттеп, түшүндүрмөлөрүн жазгам. Гезиттерде көп материалдары бар болчу, ошолорду чогултуп, хронологиялык тартипке салып, аннотациясын жазып, жети том кылып топтоп бергем.

Аялы менен кызына “Сулайманга баргыла (Сулайман Кайыпов-ред.), ошондон көргүлө” дегем. Алар Сулайманга барып, кол жазманы алып кетишиптир. Эмне нааразы болушту – билбейм, ошол жети томдук азыр кызынын колунда. Анын жок дегенде беш томун бир бай кыргыз чыгарып койсо жакшы эле болмок. "Кыргыз маданиятына чоң эмгек кылды, Салижан Жигитовдун китебин чыгарды" деп аты калат эле. Бизди укса чыгар деп турам.

“Азаттык”: Кеңеш ага, Салижан акени сизден жакшы билген киши жок. Ал киши адабияттын бардык салаасына “кол салган”, өзү айткандай, “көп коёндун” артынан кууган. Баарында өрнөктүү дегидей мыкты тексттерди калтырды, анын адабияттагы орду кандай деп ойлойсуз?

Жусупов: Орду аябай чоң. Ал кабат-кабат китептерди жазбады. Бирок жүрөктө кала турган, эстен чыкпай калар, окурманды ойгото-ойлонто турган чыгармалары бар. Бул жагынан Айтматовдон кийинки Салижан Жигитов деп ойлойм. Мен муну досу болгонум үчүн эле айтып жатканым жок, ал аналитикалык ою, патриоттугу, макалалары, чыгармалары менен ушуга татыктуу.

Салижан Жигитов.
Салижан Жигитов.

“Азаттык”: Сиз Салижан аке менен жашыңыздан чогуу жүрдүңүз. Сиздин эсиңизде калган кызыктуу учурлардан айтып бере аласызбы?

Жусупов: Андай учурлар көп болду, күйгөн, кубанган учурлар дейбиз го. Анын баары жазылды. Азыр аларды эстеп отурам. Кыргыздар, кээ бир инсандар тууралуу күйгөн учурларыбыз көп болду, оюбузду айтып кейип калчубуз. Жакында Нуралы Капаров эскерүү жазыптыр, окуп алып аябай сүйүндүм, күлдүм.

“Азаттык”: Салижан акени душмандары көзү өтүп кеткенден кийин деле “бул кыргызды сүйбөйт, бул кыргыз эмес” деп жамандап жүрүшөт. Ушундайларга эмне дейт элеңиз?

Жусупов: Эмне дейин, Салижандай кыргыз болуш сыймык да. Улуу инсан. Аны башка улут, башка деген нерсе оюма да келбейт, антип ойлобойм дагы. Салижандай кыргызга күйгөн бирөө чыкса кубанат элем, андайлар элдин баатыры. Салижан тирүү болгондо ага "Эл баатыры" берилмек, ал ошого татыктуу. Менин замандаштарыман андай кыргызды көрө элекмин.

“Азаттык”: Салижан акенин көзү өткөндөн бери он эки жыл болуптур. Анын орду жоктолуп жатабы?

Салижандай жазыш эч кимдин колунан келбейт. Аны менен курбалдаштардын арасынан бирибиз да андай ыр, кара сөз, пьеса жаза алган жокпуз. Салижандын жазгандары баарыбызга үлгү болуп калды.

Жусупов: Бардык жерде анын жоктугу сезилип атат. Анын биздин парламент тууралуу пьесасы бар эле. Ит икаясы жөнүндөгү китебин окусаң – жыргайсың да. Салижандай жазыш эч кимдин колунан келбейт. Аны менен курбалдаштардын арасынан бирибиз да андай ыр, кара сөз, пьеса жаза алган жокпуз. Салижандын жазгандары баарыбызга үлгү болуп калды.

“Азаттык”: Кеңеш ага, сиз менен Салижан акени аябай урматтаган дагы бир улуу инсандын беш томдугунун бет ачарында турабыз. Мен Дооронбек Садырбаевди айтып жатам. Доке тууралуу эмнелерди айтар элеңиз?

Жусупов: Мен Дооронбек менен сый киши болдум. Адабияттан башка тармактарга киришкеним жок. Экөөбүз сый мамиледе элек. Сүйлөшсөк жалпы адабият, маданият тууралуу сүйлөшүп, ал мага ага катары, мен ини катары мамиле кылчубуз. Мага тамаша-азил сөздөрдү айткан жок, андайларын укканым жок. Аз жолугуштук.

“Азаттык”: Сиздин досторуңуздун баары эле бийик интеллектуалдар. Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Касым Исаев, Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров жана башкалар. Мына ушулар тууралуу кеп кылсаңыз.

Жусупов: Бу кыргызда "жылдызы туура келбеген кишилер жолукпайт, дос болушпайт" деп коюшат. Жылдызыбыз туура келип атат да. Жаман менен жакшы дос болбойт. Жамандын өз досу, жакшынын жакшы досу болот. Мен алардын деңгээлинде болбосом да, алардын жолун жолдогон тилектеш, ниеттеш болуп калдым. Ынак достордонбуз. Бул кокустук эмес, тагдырыбыз, анан жылдызыбыз туура келип калды окшойт.

“Азаттык”: Салижан аке сизди жакшы көрүп “Кеша” деп койчу. Ал каймана атыңыз кайдан чыккан?

Жусупов: Аны Төлөмүш Океев чыгарган. Биздин жазуучулардын бир чоң жыйынында отуруп, жанындагы мамлекеттик кызматкер аялдарга шумданып айтып салыптыр. Биз бир-бирден келип атканда тамашөкөй Төлөмүш: "Мына, “Бексултан буйный” келатат" деп Жакиевди, Жигитов келатса - “Салижан лысый”, мен келатсам “Кеша тихий” деп ат коюптур. Ошо Төлөмүштүн сөзүнөн кийин жайылган сөздү унутпай, Салижан мени тамашалап “ой, Кеша” деп койчу.

“Азаттык”: Сиз досторуңуз тууралуу кызыктуу эскерүүлөрдү жазып келатасыз. Ошону улантып атасызбы?

Жусупов: Ие, улантып атам. Замандаштарым жөнүндө эсселерди жазып калтырсам деген оюм бар. Салижан тууралуу үч-төрт макала жазыпмын. Башка досторум жөнүндө да жазгандарым бар. Ошолорду иреттеп, ылгап жатам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG