Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Маматова: Классикалык музыка баам сыртында калды


Музыка изилдөөчү Жамила Маматова
Музыка изилдөөчү Жамила Маматова

Кыргыз классикалык музыкасы үчүн эгемендик жылдар кыйын кезең, олуттуу сыноо болду.

Өңгөсүн айтпаганда да, өлкөнүн эң ири маданий жайы - Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында кыргыз композиторлорунун бир да опера же балеттик чыгармалары коюла электиги жагдайдын кандай экенин айтып отурса керек. Белгилүү музыка изилдөөчү Жамила Маматова маданий тармактагы орчундуу маселелердин тегерегинде ой жүгүртөт.

"Азаттык": Жамила, сиз классикалык музыканы изилдеп жүрөсүз. Кыргыз классикалык музыкасынын азыркы абалы кандай?

Маматова: Классика деген - үлгү. Ал аткаруучу болобу, музыкалык чыгармалар болобу, элдин жактыруусуна ээ болгон, бийик баага татыган чыгарма. Мына классикага айланган күүлөр бар, Токтогулдун, Атайдын, Карамолдонун, Ыбырай Тумановдун күүлөрү жана башкалар. Маселен, “Айчүрөк” операсында элдик музыканы татынакай кылып алып чыгышкан да. Операнын башталышындагы увертюра - Атайдын ыры. Биздин залкарлардын күүлөрү бар. Ошол кездеги музыкадагы ар тармактуулук азыр жоголуп, бир жак менен эле кетип атышын туура эмес деп эсептейм. Бизде мыкты ырчылар, комузчулар, виолончелисттер, мыкты оркестрибиз бар, хор, симфониялык чыгармаларды, оратория, кантаталарды ойной турган чеберлерибиз, аткара тургандарыбыз бар. Анан ушул жагына, массалык жагына көңүл бурулбай келатканы өкүнтөт.

“Азаттык: Сиз бул жерде "элдик музыкага көбүрөөк көңүл бурулуп, классикалык музыкага көңүл бурулбай жатат" дегенди айткыңыз келди окшойт...

Маматова: Антпей эле баам сыртында калып эле атпайбы. Себеби буларга талап көбүрөөк, алардын аспаптары, оркестр болсо канча музыканттар аткарышы керек? Элдик аспаптар өзүбүздүкү, ал жан дүйнөбүз менен кошо жаралган, өзүнөн-өзү өнүгүшү керек. Аны менен катар башка искусствону да мыкты билишибиз зарыл. Маселен, адабиятта эмне үчүн Шекспирди, Гетени, Пушкинди, Лермонтовду билбешибиз керек? Классикалык музыка деле ошондой. Алардын мыкты үлгүлөрүн билип, ага таасирленүү зарыл. “Колдо бар алтындын баркы жок”, бизде мыкты аткаруучулар бар. Бирок алардын өнөрү бааланбай калып жатканы өкүндүрөт.

“Азаттык”: Классикалык музыкага коом тарабынан жакшы көңүл бурулбай калышынын натыйжасы эмнеге алып келет?

Маматова: Биз бул жагынан бийик деңгээлге жеткенбиз, аны жок кылбай кармап калышыбыз зарыл. Жаштарыбыздын буга кызыгуусу жогору экен. Былтыр президенттик камералык оркестр Филармонияда концерт койду. Мен билет ала албай койдум, карасам чубаган жаштар, алардын келип атканы мени аябай кубандырды. Мына бизде элет жерин көтөрүү демилгеси башталып жатат. Ал жерде мурдагыдай оркестрлер барып ойноп, драмалар коюлушу керек. Классиканын таасири таптакыр башкача болот. Адамдын эстетикалык табити, руханий жан дүйнөңө кубануу алып келген жакшы искусство.

“Азаттык”: Опера тууралуу айтып калдыңыз. Эгемендик жылдары кыргыз композиторлорунун ири музыкалык чыгармалары, опера же балет театрда коюлушун айта аласызбы?

Маматова: 70-жылдары Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде “Саманчынын жолу” балет-ораториясы коюлбадыбы. Бул Орто Азия, Казакстан эле эмес, жалпы союздук согуш темасындагы жаңычыл чыгарма болгон. Музыкасынын көркөмдүгү жагынан да жогорку деңгээлде аткарылган. Андан кийин Насыр Давлесовдун “Курманбек” операсы коюлган. “Аста, секин, колукту” жаңыланып театрда такай коюлуп келатат. “Айчүрөк” операсы коюлуп келет дегендей. Туура, жаңы опера же балеттик чыгармалар коюла элек. "Жок" деп коюшат, бирок бар. Мисалы, Сатылган Осмоновдун операсы жазылган, бирок коё албай жүрүшөт. Кимдир-бирөөлөр жактырбай, даяр чыгарманын жолу ачылбай келатканы өкүнтөт. Иш башталса чыгарманын көп нерселери өзгөрөт, композитордун көзү тирүү, чогуу ишттешип, оюнду коюшса болмок. Композиторлорго заказ берип, тапшырма кылып жаздырып алышса болот, мейли тарыхый тема болобу, мейли музыкалуу-драмалуу болобу. Көңүл бурулса жаза турган композиторлор бар.

(Маекти толук бул жерден угуңуз).

Маматова: Классикалык музыка баам сыртында калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:20 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG