Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Молдо Кубак менен Ташмат байдын таржымалы


Ноокат.
Ноокат.

Ноокаттын Котур-Булак деген жеринде адигине уруусунун бөрү уругунан тараган жүктү тобу жашайт.

Негизи «жүктү» эмес, «жуктуу» деген сөз болчу дешет. Адигиненин Бөрүсүнөн Кудайкул, Дөөлөткул, Тастар деген үч бала туулат. Кудайкулдун балдары: Атаке, Алике, Кожоке, Байаке, Байыш, Балбай. Булардын ичинен Атакеден Сарала, андан Жанкулу, Ит тийбес, Аюу.

Ошол Сараланын бир туугандары Куртка, Кулчу, Беккара, Чото, Ак чубак. Ал эми Балбайдан Жүктүлөр тараган, анын балдары - Араш, Чорош, Макебаш, Мамбет, Кочкор. Котур-Булактагылар ошол Адигиненин Балбайынын жүктүлөрүнөн. Бул айылда негизинен ошол Кудайкулдун балдары: ак чубактар, жүктүлөр, беккаралар, саралалар жашайт.

Жүктүлөр азыраак. Совет учурунда бир көчөгө чогулуп, кийин «Жүктү-Көчө» аталып кетти. Ошол жүктүнүн аксакалдары бизге, балдарга, "Кара-Кулжанын Бөрү деген айылында туугандарыбыз бир, илгери Какан, Ирисмат деген аталарыңар катташып турчу, силер да катташып тургула" деп калышчу. Ал кезде катташуу кайда, "коммунизмди курабыз" деп уруу-урукту унутуп, айылыбызды «Ленинизм» колхозунун «Съезд» участкасы десек, каракулжалыктар өз жерин «1-Май» деп атап алышкан заман эмес беле...

Эскилер айтышат эле: Кара-Кулжада Молдо Кубак деген жүктү тууганыбыз болгон дешип. Ошол Молдо Кубак кулакка тартылат экен. Кулакка тартыларда бекен же кулакка тартылып жатыппы, айтор биздин айылга Ташмат байга кабар жибериптир, "советтер катуу чыкты, малыңарды, болгон байлыгыңарды туугандарыңарга таратып берип койгула" деп.

Мен азыр ошол Молдо Кубак тууралуу документтерди карап отурамын. Документтерди аты Кувак, Кубак, Молдо Кубак, Мулла Кувак, фамилясы Тажибаев, Таджибаев, Тажиев деп ар түрдүү жазыла берген. Ал «секретно» деген гриф менен сакталган документтерди Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен (21-фонд, 16-жазуу, 98-сактоо бирдиги, 182-183-барактар) ОшМУнун доценти Жолдошбек Бөтөнөев таап чыгып, жарыялаган.

Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (ОГПУ) жергиликтүү атайын өкүлү Ивашев кол койгон тизмеде Тажибаев (Тажиев деп берилет) "Мулла Кувак Өзгөн районунун тургуну" деп көрсөтүлөт. Ал кезде Кара-Кулжа Өзгөн районуна карачу. 1929-жылдын 13-апрелиндеги Ош округдук Жер борборунунун №31 токтому менен 12 манап кулакка тартылган.

1929-жылдын 29-сентябрындагы чечим менен кулакка тартылгандар Кыргыз АССРинен сырткары жакка, көбү Украина, Оренбург тараптарга айдалган. Ал эми жалпы тизмеде 44 киши болгон. Алар "совет өкмөтүнүн душманы, бай-манап" деп эсептелген. Негизинен алар бийлер (Эгемберди бий, Жаныгул бий, Кулаш бий, Ибирайим бий, Абдылда бий, Асран бий, Бердике бий, Абдымомун бий, Шааке бий, Полот бий, Сулайман бий, Баргы бий, Солто бий, Калыгул бий, Улар бий, Жапар бий, Кутулмуш бий, Рамазан бий, Чоко бий ж.б.), казылар (Жусу казы, Түлөкө казы, Бекташ казы, Жусупбай казы ж.б.), миң башы (Мати миң башы), молдолор (Молдо Кубак, Молдо Нурмат, Молдо Кайып ж.б.) болгон.

Булардын эл-жеринен айдалып, "эл душманы" болушуна эмне себеп болгон? Мисалы, Молдо Кубактын Кара-Кулжада 80, Секелек деген жерде 20 танап жери, алты аты, үч букасы, бир ую, бир жылкысы, бир коргону, бир кыргыз үйү, бир сандыгы, дагы башка майда-чүйдөлөрү болуп 1 549 рублдик байлыгы бар экен. Булар батырактар менен кедейлерди эзип иштетүүдөн табылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк деп эсептелген жана кулакка тартууга негиз болгон. Алар жеке менчиктен алынып, «Жашоо» деген айыл чарба артелине өткөрүлүп берилген жана бул болор-болбос байлыкты тапкан киши Оренбургга айдалган.

Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. Ж.С.Бөтөнөев сунуштаган архивдик сүрөт.
Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. Ж.С.Бөтөнөев сунуштаган архивдик сүрөт.

"Ошончо азап тартыш үчүн Молдо Кубак ушунчалык Совет өкмөтүнө душман беле же байлыгы ашып-ташкан киши болгонбу?" деп ойлойбуз.

Ал Оренбургда Ат-Башыдан чыккан айтылуу акын Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1935) менен кулактык жашоосун бирге кечирип жүргөн экен. Боогачы эски доордо бир аз болуш боло калган, бирок кийин большевиктер чыкканда 1920-1921-жылдарда мектеп ачууга демилгечи катары да таанылган.

Болуштук даңкы болгон, албетте, мал-алы болгон, анан «Үкөйүм» сыяктуу элге алынган ырлары болгон Боогачы 1929-жылы 29-февралда кулакка тартылган. Ошол киши Оренбургда жүрүп, Молдо Кубактын эмне үчүн айдалганын сурап, "болгону ушул малың, жериң болсо, ошол үчүн сени айдап ийсе, элиң эл деле эмес экен" деп айтыптыр. Муну мага Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аба айтып берди эле.

Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аксакал.
Кара-Кулжа районунун Бөрү айылынын тургуну Шарабидин аксакал.

Шарабидин абанын айтуусу боюнча Молдо Кубактын атасы Тажи, анын атасы Гереке болгон. Молдо Кубак илим-билимдүү болгондуктан Жаныбек казы өзүнө катчы кылып жүрүптүр.

Тарыхый маалыматтарга таянганда Жаныбек Сагынбай уулу 1869-жылы туулган, басыз уруусунун кашка уругунан чыккан. Ал Өзгөндүн Ак-Жар болуштугунда болуш, ошол эле кезде шарият боюнча укуктук иштерди жүргүзгөн казы кызматындагы инсан катары таанымал. Ак сөөк, байлыгы жетиштүү, сөзү өтүмдүү киши болгонун айтышат.

1918-жылы антисоветтик кыймылдар башталганда ал да большевиктердин саясатына каршы турган, бир нече жылдан кийин «басмачылар» деп аталган кыймылдын жигердүү уюштуруучуларынын бири болгон. Ошол эле кезде эки жактын тең туура эмес жактарын аңдап билген, элди кыйнаган кызыл аскерлерге да, басмачыларга да каршы турган. Кызыл аскерлер аны колго түшүрө албай көп убара тарткан. 1926-жылы Жаныбек казы үй-бүлөсү жана айрым туугандары менен адегенде Кытайга өтүп, андан Пакистанга ооп кетет.

Молдо Кубактын кулакка тартылышында биографиясындагы ушул киши менен байланышы да себеп болушу мүмкүн.

Анан калса Кеңеш бийлиги өз саясатын коллективдештирүү аркылуу ишке ашырабыз деген, ал үчүн колхоз болушу керек эле, эл колхозго кириши керек эле, колхоздун ортолуктагы малы болушу керек эле. 1929-жылы СССРде жалпы калктын 6,6 пайызы гана колхозго кирген, андыктан бирин-экин малы барлардын малын ортолукка алып, өздөрүн көздөн далдоо кылыш керек эле. Молдо Кубак ошол саясаттын курмандыгы болду.

Ал эми ошол киши "тезинен мал-мүлкүңөрдү туугандарыңарга бөлүп бергиле" деп кабар жиберген ноокаттык Ташмат бай эмне болду?

Ташмат Салманов (1870-1954) – өз эмгеги, кол күчү менен байыган киши экен. Атасы Салман да, чоң атасы Намаз да бай эмес экен. Ташмат бирин-экин мал күтүп, жер чегин улам көбөйтүп эгин кылып, коргон салган экен. Ошон үчүн эле эл аны «Ташмат бай» деп койчу, аябай кедей элдин ичинде бир аз даны, саан ую бар киши бай көрүнгөн да.

Советтердин күчү ага да жетиптир. Анын жеринде жаңы колхоз ачылат. Ал убакта 1934-жылы 15-19-февралда Колхозчулардын бүткүл союздук I съезди өтүп, ошого карата адегенде «I съезд» атындагы, андан соң жөн эле «Съезд» атындагы колхоз аталат. Жогорудагы Москвада өткөн съездге, тагыраагы, ударник-колхозчулардын I съездине 2 миңге жакын колхоздон 1513 делегат катышат. Жыйында В.М.Молотов, Л.М.Каганович, М.И.Калинин, К.Е.Ворошилов, С.М.Буденный сыяктуу ошол доордун атактуу адамдары бүт жарыш сөзгө чыгат. Акыркы күнү И.В.Сталин программалык жыйынтыктоочу баяндамасын жасайт. Негизги маселе колхоздорду большевиктештирүү, байлардын малын ортолукка алуу, колхоз-совхоз арасында социалисттик мелдештерди жандандыруу, жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү болгон. Мына ушундай тагдыр чечер жыйын болгонго го, Ташмат байдын мааласы I съезд атындагы колхоз болот. Байдын коргонуна мектеп жайгашат. Ал мектеп да I съезд атындагы беш жылдык мектеп аталып, караколдук (ал кезде жалпы эле аркалык кыргыздарды караколдуктар деп коюшкан) Курамаев деген киши директор болуп келип, негизги ишти элдин кат-сабатын ачуудан баштайт.

Колхозго мал-мүлкүн, мектепке коргонун өткөрүп бергенине карабай, кулакка тартылуу кезеги Ташмат байга да жетет. Аны Өзбекстандын Жалал-Кудук районунун «Савай» деген чарбасына кулак катары айдап ийет. Кулак катары журтунан жер оодарып ийген адамдарга согуштун акыркы учурлары өкмөт муктаж болуп калган бекен, эки баласын – Мурат жана Кадыр Ташматовду Өзбекстандын Жалал-Кудук районунунан аскерге чакырышкан. Мурат – менин чоң атам. Кадыр үйлөнө элек кеткен.

Кадыр Ташматовдун согуштан жиберген каты.
Кадыр Ташматовдун согуштан жиберген каты.

Өзбекстандын «Книги памяти» деген китебинде Жалал-Кудук районунан (анда "Анжиян облусу" деп көрсөтүлгөн) аскерге чакырылгандардын тизмеси берилген. Анда Кадыр Ташматов да, Мурат Ташматов да жазылган эмес (http://memory-book-uzb.com). Себеби алар, биринчиден, кулактын балдары болгон, экинчиден, башка республиканын жарандары эле...

Мурат Сталинград үчүн согушта снаряд тийип, каза болуп, иниси Кадыр өз колу менен узаткан экен. Кадырдын 1944-жылы 18-августта жана ошол эле жылдын 23-августунда жазган эки каты азыр иниси Өмүрзак Ташматовдун колунда сакталып турат. Ошол бойдон Кадыр Ташматов да дайынсыз.

Сталиндик репрессиянын жазыксыз курмандыгы болгон Молдо Кубак менен Ташмат байдын тагдыры мына ушундай. Алар бизге сабак болууга тийиш.

Абдыкерим Муратов, адабиятчы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG