Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 20:46

“Малкиши”: виртуалдуу дүйнөнүн реалдуу өңү


Асатилла Тешебаевдин сүрөтү.

Жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши” аңгемеси эгемендик заманда, болгондо да социалдык түйүндөрдүн арааны жүрүп турган кезде жазылган. Аңгеме бир топ тилдерге которулуп, анда козголгон проблема кызуу талкуу жаратты.

Өткөнүн унуткан эки аяктуу адам сымактын виртуалдык дүйнөгө баш-оту менен кирип кеткени азыркы учурдагы турмуштук көрүнүштөрдүн алкагында көрсөтүлөт.

“Чымын туткун”

Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши” аңгемеси жаңы кыргыз адабиятындагы өзүнчө бир окуя, көркөм сөз жаатындагы жаңылык катары китепкөйлөрдүн кызыгуусун арттырып, бир топ чет тилдерге которулду.

Аңгеменин сюжетинен, композициялык курулушунан деле өзгөчө жаңылыкты табуу кыйын. Чыгармада отуздан ашкан “өзү курдуулардан эч айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркектин” жашоо-турмушу, эч ким менен иши жок, жалаң өз дүйнөсүнө байланган жигиттин образы алдыга чыгат. Азыркы замандын жаш адамы, күндө көрүп жүргөн көрүнүш. Чыгарма алгач 2013-жылы “Жаңы Ала-Тоо” журналына жарыяланган.

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек куруп, ал орус аскерлеринин Сирияга жиберилгенин түшүнүү кыйын экенин, Украинадагы окуяларды кайра куруу жылдарындагы нес кылуучу жагдайларга салыштырса болорун белгилеген.

“Чөнтөк телефонунун же плееринин сайгычын кулагынан жумушунда же үйүндө болсун, жадагалса жатканда да албайт. Ызы-чуулуу, тажатма, чет элдин музыкасы кулагында жаңырганы жаңырган. Алардын эмне тууралуу зар какшап ырдап жатканын өзү деле түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт, тил билбесе балээни түшүнмөк беле. Тек, кулагы бош болбой, бир нерсени угуп турса болду. Ансыз өзүн эч элестете албайт. Тим эле ашынган баңгидей. Бузулуп, андан саал ажырады дегичекти жинди болуп кетет, кайсалактап, жинденип, кутурмасы кармайт”.

Автордун айтуусунда, реалдуу дүйнөдөн качып, өзү менен өзү болуп калган жаштар бүгүнкү күндө аябай эле көп, “бүт дүйнөгө жайылып кеткен компьютер желесинин чымын-туткунубу, мындай, адамдык касиеттен куржалак, баш териси тескери капталган зомби-арбак кишилердин барган сайын саны артып барат”. Жаңы технологиянын курмандыгына айланган Марлен мектепти элдир-селдир бүтүп электриктин жанында жүрүп облустук театрдагы жарык берүүчүнүн жардамчысы болуп алган.

“Жанга тынч. Бары-жогуң менен эч кимдин анчейин иши жок. Ага ошол эле керек. Ким-бирөө аны жемелеп, акыл-кеңеш айтып, мажбурлабаса болгону. Театрда кайсы бир оюндар коюлганда сахнага ардемелерди ташып, коюшуп, устаты жумшаган жакка барып, айтканын кың дебей аткарып коёт. Техниктин зарыл иши чыгып, же “башы ооруппу”, ал ыраа көрсө оюн жүрүп жатканда жарыкты улам алмаштырып коюп күн өткөрөт. Болгону ошол. Ага иштин ыраа көрүлбөгөнү – сахнадагы оюндун маанисине жарыктын түсү шайкеш келеби, окуяга, каармандардын образына кошумча болобу, болбойбу, жарыкты каалаган учурунда шарактатып түсүн алмаштырып коё бергенинен улам. Кулагында өз кусаматы жаңырып жатса оюндун маани-маңызын кантип уксун. Иши эмне. Ошондон улам айла кеткенде гана ага кайрылышпаса, анын зыяндан башка пайдасы жок.”

Айыптуу ата, боорукер эне

Марлендин атасы геолог, жалгыз уулу төрөлгөндө пролетариат көсөмдөрү Маркс менен Лениндин атын кошуп уулуна чоң ысым берген. “Жалгыз баласын эми минтип, жан-жүрөгүндө ныпым оту жок, элге жат, тирүү өлүк болуп калат деп түк ойлогон эмес. Эс тартканынан эле көпчүлүктөн обочолонуп, бөлмөсүндө керелден кечке телевизор тиктеп жата бергенинен улам буюрса чыгармачыл адам болот го деп көңүл жооткоткон”.

Улуттук уңгусунан ажыраган баласынан атасы күткөн атактуу адам чыккан жок. Үмүтү үзүлбөгөн ата “баласынын жалаң чет элдик музыка, шоу телеберүүлөрүн гана көрөрүн байкап, кабатыр тартып, кыргызчаларды көрүп, өз элиңин тилин, салтын билип, жакындасаң боло деп көрдү эле уулу:

- На чёрт они мне нужны, эти бараны...- деп салса болобу!”

Аны менен тим болбой атасы келин алып, неберелүү болгусу келгенин уулуна айтса анысы:

“- Зачем плодить смертных? Ведь они всё равно помрут!- деп, ооз ачырган. - Эй, келесоо, балалуу болуу деген – тукум улантуу, жаңы адамды жаратуу. Жашоонун мыйзамы ошондой, уланып турушу керек. Биздин ата-бабаларыбыздын, менин, өзүңдүн тукумуң үзүлүп калбайбы! Жер үстүндө тукум калтыруу ар бир адамдын, эркек болобу, аялбы – баарынын милдети... деп күйүнгөнгө да моюп койгон жок. Колун шилтеди да, тултуя коркутуп, эшикти карс жаап кете берди. Бир өзүнүкү туура ага. Ошону менен аталык арманы дагы да ырбап, күйбөгөн жери күл болуп, үмүтсүз кала берди. Кийин таалим-тарбия сөзүн да айтпай калды”.

Жанотсуз көрпенде

Атасын сарсанаага салган жалгыз уулу, “киши сыягы жок мал” болуп калган баласы гана.

“Ооба, мал. Анын басып-туруп жүргөнү эле болбосо, акыл-ой буюрбаган айдатма малдан эмне айырмасы бар? Эч кандай. Бул, керт башынан башканы ойлобогон, бирөөгө эч күйүмү жок, баарыга кайдыгер, курсагы эптеп тойгонуна шүгүрчүлүк кылып, күн өткөрүп, эмнеге жашап жүргөнүн, эртеге кандай өмүр кечирерин, адамзаты, дүйнөнү кой, өз эли менен эч иши жок, келечексиз... неменин малдан эмне айырмасы бар? Тобо, ушундай да макоо, көрпенде болобу? Ал кантип ушундай тоң акыл, жанотсуз болуп кайдан чыкты?”

Атаны баскан ойдун аягы үзүлбөйт. "Мындай ташбоор, мерез баланын кантип жана кандайча пайда болду?" деген суроосу жоопсуз калат. Баарынан да апасы Сакиштин бу жарыкчылыктан эрте кеткени абийир болгон экен. Санаага баткан ата да акыры жарыкчылык менен кош айтышат. Марленге атасынын өлгөнүн иштеген жеринен угузушат. Жакын адамынан ажыраган Марлен кулагында музыка жаңырып үйүнө келип өз бөлмөсүнө кирип кетет. Чогулгандарды таң калтырган окуя ушул болот.

“Бир маалда күбүр-шыбыр күчөп, кимдир бирөө үңүлдөп ыйлагандай болду. Анан эшик шарт ачылып:

- Оме-ей ай, бул акмактын жатканын кара! Ой, тур!- деген бет маңдайдагы кошуна, чыңалган чаначтай семиз Эрмек кажылдай кирип келип карысынан булка тартты. - Эк, таштачы деги ушунуңду!- деп кулагындагы сайгычын жулуп алып ыргытып жиберди.

- Ты што? - Марлендин куйкасы курушуп, мушташа кетчүдөй тура калды. - Чё тебе надо?..

Эрмектин оозунан сөз түшүп, каракөк тарта жарылып кетчүдөй туттугуп, саалга көзүн алайта үнү буулуп калды да:

- Эй, суволуч! Ит! Атаң өлүп калды! Твой атец умер, панимаешь?!- деп, тигинин акылына жетпей жатабы, түшүнсүн дегендей орусчага чала сүйлөп жарылып кетти.

Марлендин оюнун баары алып ыргытылган сайгычта болуп, кантип аны тезинен ала коюп кайра кулагына сайып алуунун аракетинде болчу. Тигинин каскагына жаны чыга кашайып турган.

- Ну и што умер?!.- деди ал көзүн акшыйтып Эрмекке.- Я штоли виноват в этом?..

Эрмек, анын артынан баласына кайрат айталы деп башбагышкан кошуналары эмне дешерин билбей үнсүз мелтейип, дел болуп калышты”.

Баласынын алдагыдай абалын көргөн кошуналар көптөп атасын жерге жашырып келгени менен иши жок Марлен эртеси жумушуна барса ал жердегилер эмгек жамааттын атынан чогулткан акчасын колуна беришет.

“Сыртка чыгып, эптеп тамагын жасап койчу атасынын жоктугунан улам кечээтен бери наар албай, курсагы каңтарыла ачып турган эле, жакынкы ашканага ашыга жөнөдү. Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар бар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду...”

Айдарбек Сарманбетов
Айдарбек Сарманбетов

Аңгеменин автору Айдарбек Сарманбетов жалаң виртуалдык дүйнөгө байланып, башканы унутуп коюуну интеллектуалдык илдет катары эсептейт.

- Медалдын оң жагы, терс жагы болот дегендей, ушундай оору бизде эле эмес дүйнөгө жайылып баратат. Муну көрүп туруп эртеңибиз, каада-салтыбыз, тилибиз, маданиятыбыз кандай болот деген кабатыр ойго кабылбай койбойсуң. Ар бир чыгарманын турмуштук негизи болот го. Биздин да бир кошунабыздын ушундай уулу бар эле, чыгарма жазганда ал кеңейип кетти. Бул илдет чөнтөк телефон, Интернет менен кошо келбедиби. Анысын алып койсоң эле кайсалап эмне кыларын билбей, ал үчүн өлүшкө даяр. Мындайлардын өз дүйнөсү бар, ага эч кимди киргизишпейт, өздөрү да башкага кызыгышпайт. Кичинекей виртуалдуу дүйнөсү бар малкиши деген ушул. Ушундай муун пайда болуп калбадыбы, ал дагы канчага барарын айтыш кыйын.

“Малкиши” тууралуу пикирин билдирген адабий сынчы Абдираим Мамытов автордук идеянын маани-жайын мындайча чечмелейт: “Маңкуртчулуктун шарт-кырдаалдары, демек коркунучу советтик түзүлүш, коммунисттик идеологиянын кулап-кыйрашы менен биротоло жоюлуп кетпегенин коомдук өнүгүүнүн азыркы этабы өзү айгинелөөдө”.

Сынчынын баамында, бул тенденция ХХ кылымдын 70-жылдарында Батыш философиясында “гомо-механикус” деген аталышта сыпатталган. Акыл-эстүү пенде баласы Homo sapiensтен бутактап чыккан бул тенденциянын дагы бир аты “гомо-советикус” катары сыпатталып келген.

Чыңгыз Айтматовдун реалдуу маңкурту Казангаптын жалгыз уулу Сабитжандын, балалык кезиндеги керемет учурларды жадынан чыгарып салган Кыяздын байчечек дүйнөсүн ачыкка алып чыккан Мурза Гапаровдун автордук идеясы кайсы бир деңгээлде үндөшүп кетет.

Сабитжанга кыйла жагынан окшош Айдарбек Сарманбетовдун “Малкишиси” да ынтымактуу үй-бүлөнүн жалгыз уулу, жашоо-турмуштан жамандык көрбөй чоңойгон баласы. Эмнеликтен Марлен “малкиши” болуп калганын атасы биле албайт. Эне тилинен ажырап эрке өсүп калганыбы же башка себеп-шарттары барбы – мунун баары боорукер атага белгисиз. Кыргыз адабиятындагы белгилүү образдар менен жалпылыгына негизденип, жогорто кепке алган макаланын автору момундай суроону коёт: “Жоломанга эс-тутумдан ажыраткан “ширини” сырттан кирген баскынчылар, Сабитжандарга советтик интернат кийгизсе, Марленге кимдер кийгизүүдө?”

Сарманбетов Чыңгыз Айтматов адабиятка алып кирген "маңкурт" түшүнүгүн андан ары улантып, анын жаңы муунун ачып берет.
Абдыжапар Эгембердиев

Жазуучу “малкишинин” эмнеликтен мындай абалга туш келгенин так көрсөтпөйт. Аны окурман өзү чечип алышы абзел. Белгилүү акын Абдыжапар Эгембердиев каламдашы Айдарбек Сарманбетов жаңы чыгармаларында учурдун актуалдуу проблемаларын козгоп келатканын, бул жагынан “Малкиши” анын чыгармачылык жетишкендигинин мыйзам ченемдүү натыйжасы экенин белгиледи

- Айдарбек Сарманбетов акыркы жылдары көркөмдүк деңгээли жогору, курч проблемаларды козгогон бир катар аңгеме, повесттерди жазды. Алары бир топ чет тилдерге которулду. Анын ушул “Малкиши” аңгемеси автордун деңгээлин, чыгармачылык дараметин көрсөтүп турат. Чакан аңгемеде биздин учурдун олуттуу проблемасы көтөрүлгөн. Сарманбетов Чыңгыз Айтматов адабиятка алып кирген "маңкурт" түшүнүгүн андан ары улантып, анын жаңы муунун ачып берет. Аны биз азыркы турмушубуздан деле көрүп атпайбызбы. Жаңы технологиянын айлампасына баш-оту менен кирип алган муундун өкүлү - Марлен. Акыл-эси ордунда бирөө болсо атасын өлүмдөн алып калат эле. Атасынын акчасын алып, бирок догдурга телефон чалбай ушундай жаман иш болуп атпайбы. Жазуучу ушундай тенденция кетип баратканына кабатырланып, коңгуроо кагып жатат.

Глобалдашып бараткан дүйнөнүн технологиялык жетишкендиги акыйкатта да адамды айран калтырчу абалга жетти. Санарип технологиясы дүйнө алаканга батчудай кичине, ал эми адамдын таанып-билүүсү чексиз экенин айгинелөөдө. Бирок бул процесстин экинчи жагы - виртуалдык дүйнөгө биротоло оп тартылып кетүү адамдын акыл-эсин тумандатып, заманбап “ширини” кийгизип коёрун Айдарбек Сарманбетовдун “Малкиши” аңгемеси ырастады. Реалдуу дүйнөнү виртуалдык дүйнөгө айлантып алуу акыры келип адамдын өзүн жок кылып, Чыңгыз Айтматовдун каарманы Сабитжан айткан радио менен башкарылчу киши роботтой кылып коёрун турмуш чындыгы ырастап жатат. Ойлонтчу нерсе ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG