Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:12

Байдылда акын агымга каршы сүзгөн


Байдылда Сарногоев (Сүрөт акындын кызы Гүлсана Сарногоеванын уруксаты менен жарыяланды)

Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде эле? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле.

1973-жыл. Кыштын кыраан чилдеси кычап турган кез. Айылдан жаңы эле Фрунзеге келип, көп нерсени билгенге, көз менен көргөнгө кумарланып турган убак. Ошондой күндөрдүн биринде теңтуш студенттер менен бирге «Совет базары» деп аталган базарга шам-шум этиш үчүн келип калдык. Көчө суук, кар себелеп турган.

Ошентип базардагы арзаныраак тамак-аш саткан жерге кире калсак, бир топ кишилер ачык абага коюлган, тике туруп тамак ичкен столдордун тегерегинде топтолуп турушкан экен. Суук деген суук да, баарынын кебетеси жүдөңкү, бири чай ичип жылынып турса, бири ичимдик ичип, ар нерсени кобурап турушуптур. Ошондо кимдир бирөө мага «тетиги четте турган киши Байдылда Сарногоев деген акын болот» деп шыбырап калды. Айылдан шаарга биринчи жолу келип, жазуучу-акын дегендерди өз көзүм менен көргөнгө кызыгып жүргөн мендей студентке атактуу акын Сарногоевди жакындан көрүү зор жаңылык эле.

Анатай Өмүркановдун Байдылда Сарногоев тууралуу жазган китеби
Анатай Өмүркановдун Байдылда Сарногоев тууралуу жазган китеби

Ошондогу элес азыр да көз алдымда турат: эскирээк тумагын кар басып, жанына ким келсе да аны менен ар нерсени кобурашып, ичимдик куюп бергендер менен андан да көпкө сүйлөшүп, чала кызуу турган акынды ошондо көрдүм. Биз да жанына басып келдик. Ыр окуду. Ар кандай темадагы ырлар экен. Негизинен эротикалык саптар экендиги эсимде. Кыштын чилдесинде, жааган кардын алдында жалгыз турган акын мага абдан терең таасир калтырган эле…

Ошондо биринчи жолу «акын жана доор» деген салыштыруу ойго келген. Бул тема тууралуу кийин да көп ойлондум, анткени акындын турмушу доордун агымы менен, коомдун, айрыкча авторитардык коомдун жол-жоболору менен дайыма эле шайкеш келе бербейт. Кээде акын өзүнүн жүрүш­-турушу менен сенектешип бараткан коомго каршы турат, протест жасайт, чакырык таштайт, анткени анын дүйнөсү тар чөйрөгө сыйбайт. Акынга мейкиндик керек, эркиндик керек, чабыт керек.

Акындарга бергиле жайлоолорду,

Акындарга бергиле аскар тоону.

Акындарга бергиле мейкиндерди.

Деңиздерди бергиле акындарга,

Бүт ааламды бергиле акындарга!

Бир орунда бук кылып койбогула!

Үп күндөрдө кысылып, өңү азып,

Митаам аял койнундай тар чөйрөдөн,

Деми сууп, түбөлүк көңүлү калып,

Аша кечип кетпесин өмүрүнөн! - деп жазган эле бул тууралуу дагы бир кыргыздын таланттуу акыны Сүйөркул Тургунбаев.

Чындыгында да Байдылда акындын өмүрүнүн бир этабы кадимки эле in vina veritas ишеними менен өттү. Башкалар диета кармап чычайып, партияга өжөрлөнүп атып мүчө болуп, Маркс менен Ленинди окубаса да мактап жүргөн кезде Байдыке мен жогоруда жазгандай, пивоканаларда карапайым эл менен сырдаш болду, арак менен шарапты ичип, каалагандай жашады.

Классика болуп калган:

Жебедей учсам дечү элем,
Жел менен кошо сызыла,
Жеңил баа кылдым өзүмдү,
Жете албай максат учуна...
Желбей да калдым бир топ жыл,

"Жем" түшүп кетип бутума, - деген саптар ошол жылдар тууралуу жазылган эле.

Оюмду дагы бир жолу тактап кетейин: Байдылда акындын ошол кездеги турмушу жөн эле бир «алкоголизм» же ичимдикке берилүү эмес, чын-чынында ошол «үп күндөрдө кысылып, өңү азган» акындын жалпы агымга каршы туруусу, «дарбыздай дарбыган» псевдопоэзияга каршы руханий протести, адабий диссиденттиги болчу.

Байдылда Сарногоев кызы Гүлсана менен (аманат сүрөт)
Байдылда Сарногоев кызы Гүлсана менен (аманат сүрөт)

Арадан жылдар өттү. Байдылда Сарногоев деген ысымды адабиятка кызыккандар гана эмес, жалпы калайык-калк жатка билди, ырлары колдон-колго өттү, бирок аны расмий бийликтер эмнегедир уккусу да, көргүсү да келген жок. Ошол эле мамиле Жазуучулар союзу тараптан болду. Башка акындар эки жылда бирден китебин чыгарса, Байдыкенин китептери төрт-беш жылда араң чыгып жүрдү, кээде такыр эле чыкпай калган учурлар болду.

Бирок Кайра куруу доору келип, коомдо бир аз демократия, либерализм орной баштаган кезде, Байдылда Сарногоевдин китептерин коркпой-үркпөй чыгарганга мүмкүнчүлүк ачылды. Ошентип акындын атактуу «Ашуудан берген отчетум» деген жыйнагы 1982-жылы поэзиядагы биринчи жолку бестселлер китеп катары тарыхка кирди.

Адабиятта сенсация болот дегенди ошондо биринчи жолу көрдүк. Китеп бир нече айдын ичинде элге тарап кетти. Ансыз да китептер өтпөй, каражатсыз турган басмалар ошол эле китепти экинчи жолу басты. Дагы заматта тарап кетти. Баарынан кызыгы: чыныгы «Эл акыны» деген кандай болорун ошондо билдик. Байдыке эч кандай расмий наамы жок туруп чыныгы «эл акыны» ким экенин көзгө сайгандай далилдеп койду. «Алтынды дат баспайт, басса да көп баспайт» деген кеп ушундан улам айтылып калса керек.

Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде эле? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле. Поэзиясынын элдик мүнөзүндө, нака демократизминде эле. Анын салтуу ыр маданиятынын чегинен чыкпай туруп, ошол салттуу ыр маданиятын не бир заманбап ойлор, актуалдуу түйшөлүүлөр менен байытканында эле.

Экинчи бир касиети - Байдылда Сарногоев эч бир элинен сыр жашырбаган акын болчу, анын окурманга айтпаган, «жашырган» эч бир сыры же проблемасы жок эле. Ошол окурманга кылган ишеними, сырданалыгы Байдылда аганын эң мыкты сапаты болчу. Атүгүл ичимдикке азгырылып, турмуштан нечен абагер чеккенин да жашырбай ачык жазчу. Ошонусун окурман туура түшүнүп, акынга карата терең урмат-сый менен, астейдилдик менен жооп берчү. Жогоруда айтылган «Ашуудан берген отчетум» жыйнагынын кыргыз поэзиясындагы эң биринчи бестселлер болгонунун себеби да ошондон эле.

Байдылда Сарногоев - чыныгы классик

Кыргызда мен бир акын жаман сары,

Колунда койкоңдогон калам сабы.

Энекем эптеп төрөп койсо керек,

Кыргызда көбөйсүн деп адам саны, - деген сапты ар бир сабаттуу кыргыз билет.

Анын мекен, эл-жер, аял, сүйүү тууралуу ырлары кыргыз поэзиясынын эң эле даана, эң эле тунук саптарынын ичине кирет. Бир ырында же сабында ичимдикти даңазалап, алаңгазарлыкты мактап же жалкоолукту жактырган жери жок. Тескерисинче, «кыргызмын» деген намыстуулук, бийик идеализм, патриотизм Сарногоевдин эң күчтүү жактарынын бири.

ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхында Байдалда Сарногоевдин өзүнө гана таандык орду бар. Ал эми тереңирээк анализдей келсек, ал - Райкан-Мидин мектеби деп аталган абдан бир маанилүү адабий агымдын барандуу өкүлү. Бул мектеп - элдик поэзиянын салт-санаалары менен каны-жаны бирге мектеп, кандайдыр бир элитардык эмес, нака массалык адабий агым.

Ошону менен бирге Мидин, Райкан, Байдылдалардын ырларынын негизги белгиси же тереңдеги маңызы – жайдары лиризм, чыныгы кыргыздык, элдик касиет, кыргыздык “жыт”, дух. Анан, албетте, ар бир саптан көрүнүп же сезилип турган автордун өзү, автордун образы, адам катары индивидуализми.


Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн...
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн...
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн.

Бул ыр - чыныгы элдик акындын, мекенчил акындын ыры. Чыныгы кыргыздын ыры. Ошол касиети үчүн Байдылда акын жогоруда айтылган Мидин, Райкан, Жоомарт сыяктуу улуу ысымдар менен катар турууга толук акысы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG