Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 21:00

"Айла жок, кайрат кылыңыз байбиче"


Мар Байжиев.

Мар Байжиевдин чыгармачылыгы көп кырдуу, көп сайлуу. Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлуп жүрөт. Сценарийлери боюнча тартылган фильмдери кыргыз кино өнөрүнүн кайталангыс өрнөгү болуп калды. Анын “Бир тоголок самын” аңгемеси жөнүндөгү чакан серепти окуңуздар.

Эки тилде (кыргызча жана орусча) жазган сүрөткер, эл жазуучусу Мар Байжиевдин кара сөз туундулары заман оошуп, доор алмашканы менен эстетикалык жамалын жоготпой, жанрдын мыкты жетишкендиктери катары китепкөйлөргө жакшы тааныш. "Кыргыз аңгемесинин классикасы" түрмөгүнүн бүгүнкү берүүсү жазуучунун чакан эпикалык жанрдагы шедеврлеринин бири болгон “Бир тоголок самын” аңгемесинин айланасында болмокчу.

Бала манасчы

Мар Байжиевдин чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, ал мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин катарына кирет. Анын орус тилинде жазып калышына деле ошол кездеги жагдай түрткөн: кыргыз тилинде жараткандарынын жарыкка чыгышы көрүнөө-көмүскө тоскоолдорго туш келгенден кийин социализм заманында азыноолок эркиндикке ээ орус тилине көчкөнүн жазуучунун өзү деле жашырбайт.

Мар агай бала кезинен улуу манасчылардын бир тобун көрүп, улуу эпосту угуп, ичте жаткан көркөм сезими эртерээк ойгонуп, эс тарткандан кийин ырчылык кесипке кызыгып, соңунда театр менен кара сөздү тандап алып, ошондон бери чыгармачылыктын кош тизгинин чогуу кармап келатат.

Жазуучунун калыптанышындагы ушул жагдай тууралуу адабиятчы, акын Эсентур Кылычевдин пикирин угуп көрөлү.

- Байжиев өзү атасы Ташым “Манас” секторунда иштеп жатканда үйүнө илимпоздор, манасчылар, акындар көп келишкенин айтат. Манасчылардын “Манас” айтканын угуп жүрүп, өзү да улуу дастанды айтып калган экен. “Манас” менен чоңоюптур. Ошентип алгачкы кыргыз интеллигенциясынын тарбиясында болуп, эл оозеки чыгармачылыгына кызыгып калган. Анын “Манаска” болгон ышкысы ушундан башталган.

Байжиев – билингивист жазуучу. Кош тилде ой жүгүртүп, көркөм образ жараткан жазуучулардын катарына кирет. Кыргыз дөөлөтүн башка элдерге тааныштырууда бул кишинин эмгеги аябай зор. “Дуэль” – “Төрт адам” драмасы дүйнөнүн көп театрларында коюлган, курч адеп-ыймандык проблемаларды козгогон мыкты чыгарма, 200 ашуун театрда коюлган. Коммунисттик идеология тушунда дүйнөгө тараган чыгарма. Кара сөз жаатында ийгиликтүү эмгектенген сүрөткер.

1961-жылы “Кара курт” аңгемелер жыйнагы жарыкка чыккандан кийин биртоп жыл драма жанрында эмгектенди. “Төрт адам”, “Ар бир үйдө майрам”, дагы башка драмаларын жаратты. 1960-жылдардын аягында “Чыйыр” аттуу жыйнагын жарыялады. Андан кийин “Менин алтын балыгым” баштаган башка китептери чыкты. Жазуучу өзүнүн башынан өткөргөн кыйын кезеңдерди жазды.

Мар Байжиевдин атасы да куугунтуктан каза болуп, бул жагынан анын тагдыры Чыңгыз Айтматовдукуна окшошуп кетет. Жазуучу айыл менен шаарда калган балалыгын эскерип, мыкты чыгармаларын жазган. Конфликттери курч, мүнөздөрдүн ачылышы таасын – бул жазуучунун чеберчилигинин белгиси. Ошол эле аңгемелеринин негизинде анын драмалык чыгармалары жазылып атпайбы.

Арийне, Мар Байжиевдин жазуучу катары калыптанышына улуу эпостун таасири чоң. Ал эми анын чыгармаларындагы курч драматизм бала кезинен оор жагдайга туш келиши, “эл душманы” деп камалып кеткен атасынын, Карагандыдагы абакта каза болуп калышы өмүр бою коштоп жүрчү оор өкүткө айланган. Балалык кезинин мына ушул оор учуру анын чыгармаларында таасын чагылдырылган.

Момун, бирок ичкич

Алардын арасында “Кылмышка бир секунд калганда” аңгемеси да бар. Анда жазуучу жеке турмушундагы оор учур, май майрамында эт-майларын машинелерге жүктөп алып аянттан шаңдуу өтүп жаткан тамак-аш өнөр жайынын жумушчулары, үйүндө жээрге наны жок отурган бүлөнүн оор абалы, айласыздан кылмыш жасоого бел байлаган өспүрүмдү жаман жолдон алып калган белгисиз аялдын боорукердиги, баланын ачка экенин билгендей нан ыргытып бериши абдан эмоционалдуу, көркөмдүк жагынан ишенимдүү баяндалган.

Турмуштук оор жагдайга кириптер болуп калган баланын аянычтуу тагдыры “Бир тоголок самын” аңгемесинин да сюжеттик негизин түзөт.

Чыгарма Турусбек деген баланын “менин атам киши өлтүргөн” деген билдирүүсү менен башталат. Согуш учурундагы каатчылык, жетишпеген турмуш. Мына ушул кыйын учурда кимдин кимдиги, адамдын адамдыгы сыналат.

Турусбектин атасы кой оозунан чөп албаган момун болгону менен, кез-кез ичип койчу адаты бар. Атасынын досу Мырзабек эчен ирет аны күүлөп, апасына каршы койгону менен, ал аялына ачык каршы чыга албайт. Аялы ачуусу келгенде жалгыз уулу экөөн эшикке кубалап ийет. Турусбектин аракеч атасы менен заар тилдүү апасынан көргөн кордугу Зайра деген айылдаш кызды көргөндө унутулат. Зайра да бармактай кезинен тагдырдын оор соккусуна кабылган.

“Зайранын атасы согушка кеткен, энеси Сурмаш болсо бир-эки айдан кийин айылда дүкөн кармаган төкөр Маамыт менен баш кошуп, Казакстанга көчкөн. Зайра энеси менен кошо кетүүнү каалабай, чоң энеси Аалкандын колунда калган. Алардын үйү көчөнүн аркы башында. Кечинде энем «баланчаныкынан сүт алып кел» деп колума карапа берет, бирок, мен кимдикине жиберсе да сүттү Аалкан чоң энемен сурап келем. Айылда саат алты-жетилерде эл орунга отуруп, от жагыла баштайт, бул маалда мени кайда жумшаса кыңырылып үйдөн кетпейм, анткени, «балким Зайра биздикине от сурап келип калабы» деп ойлойм, бирок, ал келбейт. Ырас, бир-эки жолу көөмп койгон оту өчүп калыптыр, эмнегедир ортодогу үйлөргө кирбей биздикинен алып кеткен, андан кийин түк келген жок, ошондой болсо да «келип калабы» деген үмүтүм өчпөйт.
Зайра менден кичүү болсо да, экөөбүз бир класста окуйбуз. Мында жашыруун сыр бар, аны өзүмөн башка эч ким билбейт. Мен жетинчиде окуп жүргөндө, ал алтынчыда болучу. Адегенде 7- класс менен 6-классты бир бөлмөдө, бир мугалим окутчу, анткени, муглимдердин көбү согушка кетип, мектепте төрт гана окутуучу калган. Мындай системаны «карликовой» деп коюшчу эле. Сегизинчини өзүнчө мугалим окутчу. Байкасам, 6-га келгенде Зайра экөөбүздү эки бөлүп жибере турган, окууну бүткөндө, бир институттан окусакпы деген үмүт да бар эле. Ошондуктан, мен жетинчиде дагы бир жыл калып, Зайраны күтүүнү туура таптым. Албетте муну анын өзүнө да айткан жокмун.
Үчүнчү чейректен баштап сабакка көп келбей, келсем да үй тапшырмасын аткарбай, аткарсам да эсебин туура чыгарбай, жазуусун атайылап ката жазып келүүчү болдум. Буга мугалимдер таң калат, анткени мурда жакшы окуучумун. Директорубуз мени бир нече жолу кабинетине алып кирип, жакшы да, жаман да сүйлөшүп көрдү. Айласы кеткенде үйгө барып, ата-энеме даттанып таяк да жедирди. Бирок, мен өз максатымдан кайтпадым. Ошентип, жетинчи класка көчпөй калдым, ырас, ата-энем, ага-туугандарым бир топ капа болушту, чогуу окуган классташтарым да ызалабай койгон жок, бирок, мен ойлогон оюма, алдыма койгон максатыма жетиштим – эмдиги жылы Зайра экөөбүз бир класста окуйбуз, балким бир партага отурабыз, анан Пржевальскиге барып педагогикалык техникумга киребиз, муну эстегенде башыман өткөн мага сокур тыйынчалык да болбой калат.”

Туулбай туна чөккөн аздек сезим

Ушундай сезим Турусбекти бекем байлап алган. Эптеп шылтоо таап классташ кызына жолугуштун амалын кылып, ошону гана эстеп жашайт. Мурда тартынбай эле чогуу ойноп жүргөн кыз эс тартканы тарткынчыктап, боюн ала качып, уялып калган.

Анан бир күнү уялчаак кыз менен бала чакалап төккөн жамгырдын алдында калышты. Кыз суу болгон кийимин чечип сыгып алуудан уялат.

“– Эч нерсе эмес… – ал дагы түшүнүксүз жылмайды. Зайранын саал тармалданган, көмүрдөй кара чачтары маңдайына, жаактарына жабышып, ээгинин учунан сымаптай мөлт-мөлт этип жаан тамчылайт, майда жашыл гүлдүү, жупжука көйнөгү денесине кыналып, кыздын татынакай, келишимдүү мүчөсүн дааналап турат. Чуркап келгендиктен ал энтигип катуу дем алат. Көкүрөгү болсо… Ооба, эми баарын түшүндүм! Суу көйнөгү жабышкан көкүрөгүн көргөндө бир чети таңыркап суктандым, бир чети уялдым, ал тургай жүрөгүмдү кандайдыр бир кубанычтуу кыял жылыткансыды. Эмнеге кубандым экен ошондо. Балким Зайра чоңоюп, бойго жете баштаганына сүйүндүмбү, билбейм. Кыз муну байкап калган окшойт, эки колун бооруна алды да, ары бурулуп кетти.
– Үйгө кетеличи, – деди Зайра.
Мен көйнөгүмдү кайра чече коюп үстүнө жаптым, бирок, ным болгон көйнөк кантип жылытсын.
– Жаан катуу! Суубуз булганат, – деди.
– Сууну төгүп салалы!
– Кереги жокпу? Анан эмне үчүн бардың Жыргалаңга? – Мен аны тигиле карадым. Зайра уурусун карматып койгонсуп, үңкүрдүн бооруна жабышкан кичинекей ташты чукулап калды.
Мен дагы сурайын дедим, бирок, биздикинде да бүгүн эки чоң казан, күмүш самоор, эки чара толтура суу бар экени эсиме түшүп, эмне айтарымды билбей далдайып тура бердим.
– Зайраке, үшүдүңбү?
– Жок!
Зайра үңкүрдүн үстүнөн шорголоп жаанга алаканын тосуп, анын тарсылдап колуна тийип чачырап жатканын карап турат.
– Зайра!..
– Турусбек! ..
Менин бетиме анын суу болгон чачтары тийди. Унчукпайбыз… Эки колум эки канат болуп жер бетине алтын нур чачкан күндү көздөй таптакыр башка дүйнөдө, жомокто учуп бараткансыдым.
– Кетели. Батыраак, кетели, – деген үн гана мени асмандан айдап жерге түшүрдү. Зайраке чакадагы сууларды төгүп жиберип, кыя менен өйдө чуркады, мен артынан жөнөдүм, жаан дагы эле басылбайт.

Кырга чыкканда эки-үч атчан караан көрүндү. Бул бизди издеп келе жаткан адамдар экен.
– О, монтоңдогон шайтандар, үйдөгүлөр издеп чакчелекей түшүп жатышпайбы! – деди алардын бири.
Чакаларыбызды аларга берип коюп, кол кармашып үйдү көздөй чуркадык. Буттарыбыз тизеге дейре баткак. Үстүбүз шөлбүрөп суу, жаан бетибизден он талаа болуп шорголойт, эриндерибиз көгөрүп кетиптир, бирок, мен мунун бирин да сезген жокмун. Жүрөгүмдүн жалыны бүткүл ааламды жылыткандай. Зайра да мени карап коюп майрамдуу күндөй жылмаят. Ал өз үйүнө чуркап кетти.”

"Зайранын шайманы бошоп калды"

Үйгө келгенден кийинки Турусбек апасынан жеген токмогун деле туйбай, “Зайранын жылмайышын, анын жылдыздуу маңдайын” эстеп, өмүрдө бир келчү кыялга мас учуру уктатпай, таңга жуук сыртка чыгып Чолпон жылдызын - Зайра жылдызын көрүп, элеп-желеп болуп турат.

А бирок Турусбектин мындай ысык сезимин суук тийип ооруп калган Зайранын өлүмү, ага дарычы деген жоош атасынын себепкер болушу өчүрүп, окуя трагедиялуу доош алып кетет. Атасынын жоругунан кийин ал кыздын үйүнө да бара албай калат. Кыз катуу ооруп жатканда атасынын өлгөндүгү тууралуу кагаз келет.

“Кийинки күнү согуштан Зайранын атасы курман болгондугу жөнүндө кагаз келди.
Байкуш кемпирдин жалгыз небереси тигинтип өлүм алдында жатса; «Жалгыз уулуңан айрылдың» деп кантип угузабыз, – дешип кара кагазды убактылуу жашырып коюшту.
Зайракемдин абалы күндөн-күнгө начарлай берди. Мен болсом жөжөсү сууга түшүп кеткен күрпүчө айлам кетип ары-бери чебелендим. Жарк эткен шамым күндөн-күнгө үлбүрөп өчүп бара жатат! Таңды таң атканча көз ирмебей, ойлорумдун бардыгы Зайрада, экөөбүздүн жаанда шөлбүрөп кыядан келе жатканыбыз, анан үңкүрдөгү татынакай болуп мөлтүрөп мени карап жылмайышы көз алдыман кетпеди.
Бир күнү таңга жуук терезени бирөө какты.
– Бу ким? – дедим тура калып.
– Турусбек, атаң үйдөбү?
– Ооба.
– Чакыр, батыраак. Зайранын шайманы бошоп калды.
Бирөө мени оор нерсе менен төбөгө чапкансып, көзүм ымыр-чымыр, башым кеңгирей түштү.
– Бол бат, атаңды чакыр! – деген үн өтө ыраак жерден угулгансыды. Мен калтырап атамдар жаткан бөлмөгө кирдим. «Аталап» бакырсам да, үшкүрүп-бышкырып ойгонбой койду.
– Кечинде ичип келген, ойгонот дейсиңби? Өзүм барайын, – деп, энем туруп кетти.
Энем таң атканда келип:
– Байкуш кыз, эки-үч жолу ары барып, бери келди. Чарчап калса убалы атаңа калат, – деп ыйламсырады.
Мен түшүнбөй энеме жалдырадым.
– Бая күнү сууга барганда кичине тумоолоп калса керек. Атаңды дем сал деп чакырса, тамырын кармап көрүп: «жакшылап киринтип туруп, жаш сорпо бергиле», – дептир. – Энем бир нерседен шек алгандай мени карап алды да, ички үйгө кирип кетти.
Ал күнү ат жиберип Түптөн Алексей Степанович Кривоносов деген докторду чакырып келишти (айылдагылар аны Кривонос деп коюшчу), ал жылдары далай адамдын жанын алып калган. Айрыкча айылда кара тумоонун эпидемиясы тарап кеткенде, өзү эси ооп жыгылып калмайынча, күн дебей, түн дебей айылды кыдырып укол куюп, ооруларга дары берип, төшөнчүлөрдү дезинфекциялап иштөөчү эле.

Кривонос Зайраны көрүптүр да: «Айла жок, кайрат кылыңыз, байбиче», – дептир. «Дарты эмне экен?» – десе: «Мурун анча-мынча суук тийсе керек, анан кабылдап кетип, эки кабыргасынан тең сезгениптир, мени мурунтан чакырганда айла болор эле», – деп жооп бериптир.
Ошол түнү Зайра таңга жетпей калды…”


Согуш учурундагы айыл турмушунан алынган катаал турмуш, эрки бош аракеч адамдын бейкүнөө кыздын өлүмүнө себепкер болушу, турмушка жаңыдан кадам коюп жаткан баласынын алдында жексур, шүмшүк көрүнүшү тууралуу кайгылуу баяндын кыскача мазмуну ушундай.

Катаал реалист жазуучу

Мар Байжиевдин чыгармачылыгына мүнөздүү бири экинчисине бекем чырмалышкан окуялардын драмалуу чечилиши бул аңгемеде өзгөчө таасын чагылдырылган. Баары - бир тоголок самынга байланган.

Турусбектин энеси чогулган кирлерин жууш үчүн үйүндөгү акыркы буюмун саттырып, күйөөсүнө самын алып келүүнү катуу тапшырган менен, анысы болгон акчанын баарын ичип, үйүнө ылжып мас болуп келет.

Мар Байжиев "Азаттыкта" мейманда.
Мар Байжиев "Азаттыкта" мейманда.

Ачуусу келген аял күйөөсү менен уулун үйдөн кууп чыкса, какаганга муштагандай ошол маалда калп "табыпты" Зайранын чоң энеси чакыртып отурбайбы. Арак үчүн баарына даяр Мырзабектин акылы менен дарычы-табып самын алдыртып, ансыз да суукка урунуп айласы куруп турган кызды сууга киринтип, оорусун өтүштүрүп, бир тоголок самын бейкүнөө кыздын өлүмүнө себепкер болот.

Аңгемедеги окуялардын минтип бири экинчисине жуурулушуп, бекем чырмалып калышы жазуучунун башка чыгармаларында, айталы, “Төрт адам”, “Ар бир үйдө майрам” драмасында, “Чыйыр”, “Күзгү жалбырактар”, “Менин алтын балыгым”баяндарында терең психологиялык-философиялык доош алып кетет.


  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG