Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев кийинки жылдары "Манас" эпосунун поэтикасын жаңыча сүңгүп иликтеди. Улуу эпос деп ак жеринен күйүп, сталиндик абакта набыт болгон атасы Ташым Байжиевдин ишин улантып, улуу жомокту орус тилине которуп, кошмо вариантты өзүнчө китеп кылып чыгарды.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев буга чейинки кыргыз, орус тилдеринде жарыяланган чыгармаларынын томдуктарын жарыялады. Сексенден ашкан кара сөз чебери чыгармачылык ишин үзүрдүү улантууда.

Жазуучу Мар Байжиев.
Жазуучу Мар Байжиев.

Мар Байжиев менен кабарчыбыздын маегин сунуштайбыз.

Бай-Ажынын чебереси

"Азаттык": Бул юмор кайдан келген? Чоң аталарыңыз ажы экен.

Байжиев. Жок, бий болгон киши экен. Бай-Ажы - бабабыз (чоң атамдын атасы). Бай-Ажынын үч уулу болгон экен, Ыбрайым, Ыскак, Ысмайыл. (1916-жылы) Кытайга качып барганда, бир жумада үч уулун жоготуп атпайбы.

Аяктан келини, небереси, менин атам а кезде 7 жаштагы бала Кытайдан жөө келип атпайбы. Көрсө булардын мөөнөтү үч жыл экен да, 1911-жылдан 1913-жылга чейин чоң чоң атам Көл башында бий болгон экен.

А кишиден кийин Бектенди бий кылып шайлашкан экен. Укуктук деле билими болгон эмес да, адамдын жүрүш-турушун, мамилесин байкап, калыс кишини эл-журтун ойлогон кишилерди калк өзү эле бий шайлап койчу экен. Анан жанагындай чоң иш болгондо эл менен кеңешет экен, маслахат кылат экен эмне кылалы деп. Момундай болуп атат деп, тигиндей болуп атат деп. Анан эл чеччү экен.

Опералык ырчы

"Азаттык": Эми өзүңүзгө келсек. Сиз атаңыз жазбай калгандардан ашыра жаздыңыз. Ал кишинин атын чыгардыңыз. Салижан Жигитов айтмакчы Ташым Байжиевдин "эң чоң чыгармасы эле" сиз болдуңуз окшойт. Ал эми сиздин жалаң орусча жазып калышыңыз ошол кездеги кысым, басым сүргүндүн таасириненби?

Байжиев: Биздин короодо опера театрынын адамдары жашашчу. Анда жакшы үнүм бар экен, Абдылас Малдыбаев атамын досу болчу, мени музыкалык окуу жайга киргизип койду. Үнүм да, башкасы да бар экен аз жерден музыкант, артист болуп кете жаздадым.

Абдылас абамды жакшы көрчүмүн, ал кишинин ырын экзаменде ырдап бердим. Көзүнө жаш алып, "ой баракелде, Ташыкем өлгөн эмес турбайбы" деп бетимен өөп, кийин апама мени мактаптыр.

Бирок мен музыканы жакшы көргөнүм менен ойлондум, "жок, мен тилчи, адабиятчы болушум керек" дедим. Тилди жакшы көрчүмүн, эки тилди мыкты билчүмүн, ал кездеги интеллигенттердин балдарынын көбү "киргиз" бойдон кала беришти. Эки тилди бирдей билгендер аз болчу.

Анан университетке барып, бул ишке катуу кириштим, тил боюнча курстук иштерим гезиттерге чыгып, анан жүрүп-жүрүп эле университеттин режиссёру болуп кеттим. Орус группасында окуйм, тамашалуу аңгемелерди жазам, шылдыңдайм.

Алгачкы чыгармаларымы кыргызча жаздым. Ошо сен айткан "Кара куртту" кыргызча эле жазгам. Биринчи пьесамды 3-курста окуп жүргөндө жаздым, "Тил табышканда", азыр да коюп жүрүшөт. Кыргызча эле жаздым. Ал эми "Төрт адамды" ("Дуэль") орусча жаздым.

Булар анан менин кыргызча пьесаларымы сахнадан алып таштап, чыгармаларымы баспай, 16 жыл таптакыр эле кыргызча чыкпай калдым. Атам менен иштешкен бир киши бар эле, мени менен да чогуу иштеп калды, парторг болчу, ошол айтат, Чыңгыз Айтматовдун бир чыгармасын, менин да чыгармамды сахнадан алып таштады. Ошол киши партчогулушта: "Карышкырды канчалык бапестебе, баары бир токойдон көзү өтөт" дейт. "Чыңгыз Айтматов менен Мар Байжиевдин аталары камалып кеткен, ошондуктан алар өзүнүн өкүтү үчүн өч алгысы келишет" дейт. "Ошон үчүн советтик чындыктын жалаң гана жаман жагын көрсөтүп жатышат", деп атпайбы ал.

Анан директор мени кызматтан алды, анан аргасыздан жалаң орусча жазып калдым. Орусча жазгандарым Москвада коюлуп, бир эле пьесам үч театрда коюлуп, алтымыштан ашуун театр коюп жиберди. Орусчадан казакча, татарча которулуп кетти. Азербайжанча, грузинче, деле толтура.

Анан бул жактан Жалил Абдыкадыров менен Жалил Садыков чакырып алып: "Ай, Маке, кыргызча жазып бербейсиңби" дешти. Ошондон кийин "Кыз-күйөө", "Ар бир үйдө майрам" жаралган. Адегенде алар орусча жазылган болчу. Анан кыргызчалап бербедимби.

"Азаттык": Өзүңүз котордуңузбу?

Байжиев: Негизи мен башкага жаздырбай, өзүм кыргызчалайм. Прозалык чыгармаларымды деле өзүм жазып чыгам. Айрыкча пьеса болгондо кыргыздын мүнөзүнө чак келиши керек.

Мисалы,сахна башкача, ошол "Төрт адамда" мындай жери бар: "А что говорит, вы с женой разошлись? Да, представьте себе, пожили немножко, разошлись как в море корабли" дейт.

Кыргызчасында минтип айтат: "А эмне отуңар күйүшпөй калдыбы?" десе. "Ооба, быкшып эле көк түтүнү чыгып калды" дейт. Залда күлүшөт да, кабыл алышат. Пьесаныкы башка.

Кыргызча жазган бир-эки пьесамды кийин орусчага которушту. "Кожожашты" мисалы. Бирок пьесаларымды дайым өзүм которчумун. Бул эми кыргызча вариант. Элге түшүнүктүү, жеткиликтүү болуш керек да.

Бежиреген кинолор

"Азаттык": Мар ага, сиздин драмаларыңызда, прозалык чыгармаларыңызда конфликт, сюжеттин чыңалышы, конфликттин чечилиши жетер жерине жетип, ары болбой калган жерде жыйынтыктайсыз. Бул бала кезден калган өкүт менен өктө, мүмкүн, чыгармаларда ошентип чыгып аткандыр.

Байжиев: Бул эми мындай да. Мен жана айтып келатып токтоп калдым. Көрүнгөн киши эле жазуучу боло бербейт. Айрыкча проза менен драматургияда.

Акындар чыга берет, алар эргий беришет, чүмкөнүп жатып алып деле ыр жаза беришет. Мага окшогон жазуучулар көп, көргөн-билгенимди элге айтпасам бул кандайча деген. Азыр экономикалык балакет болуп атпайбы, акча-тыйын деп жанын жеп атпайбы.

Биз башка турмушту көрүп калганбыз. Анын үстүнө согуш да чоң таасирин берди. Эл-журтка билгениңди, көргөнүңдү айткың келет экен. Анан аны кантип айтып берүү маселеси чыгат. Кээде өз башыңан өткөн окуяны, кээде башкадан укканыңды айтып бересиң.

Мына бул жерде Чыңгыз Төрөкулович сюжеттер кандайча пайда болгонун айтып берчү, "Ак кеме" кантип жаралганын айтчу. Жөндөн-жөн чыкпайт да, ойлонуп жүрө бересиң кантип айтып берсем деп. Турмуштун өзүнүн мисалы болуп калат да насаат сыяктуу.

Анан, албетте, адабиятты, теорияны жакшы билиш керек. Бизде азыр, айланып кетейин, канча гана чыгарма чыкпайт, кино чыгып атат. Бирок, байкасаң дайыны жок, сахнанын мыйзамын билбейт. Кинону билбейт, керели-кечке сүйлөй эле берет. Кино жалаң эле сөз эмес да.

Бизге бир серияга 1 саат 20 мүнөт берчү. Ошого айтчуңу айтчусуң. Анан эми сүйлөтүп отура берсе аны ким угат, көрсөтүш керек да.

Мага чоң таасир берген "Манас" болду. "Манасты" котордум, мында көбүнчө окуя менен жүрөт. Манасчы көзүн жуумп алып болуп аткан окуяга кетип калат. Ошол окуяны баяндап берет. Азыр экранды карасаң былдырап эле сүйлөп отурат. Трибунага чыгат, ага он мүнөт берет, айтчуну айтыш керек да, тиги асманды айтса деле бул жактан кол чаап отурушат.

"Азаттык": "Манастын" чоң талашка негиз боло турган жайы бар, аны жакшы билесиз. Биз анын чыныгы эпостук улуулугу менен тереңдигин түшүнүү деңгээлине жеттикпи? Көздү жаап койчу идеологиялык тоскоолдук жок.

Байжиев: Мен азыр "Манастын" орусчасына баш сөздү кайра жазып жатам.

Көрсө анын окуясына кирбейт экенбиз. Күпүлдөп айтып атканына кызыгып кетет экенбиз. Мисал келтирейин, Болот Миңжылкиев Мефистофелди берилип ырдап атса, биз ырчынын аткарганына гана көңүл бурат экенбиз. Бирок анын артында кандай философия катылып жатат - буга кызыкпайт экенбиз.

Бу Мефистофель кудай урган шайтан да. Фаусттун дитин, дилин сатып алган. Бирок ага угуучулар баш оорутпайт. Биз көбүнчө Болоттун үнүн гана угабыз.

"Манас" деле ушундай, Болот Юнусалиевдин жазганы бар. Угуп атсаң башкача, окуп атсаң башкача нерселер келет экен дейт. Келишпеген нерселер ачылат экен дейт. Таптакыр башка материал. Буга өзүң менен өзүң сүңгүп киришиң керек. Биз ага жете элекпиз.

Башкасын айтпайын, мынабу Айтматовдун гениалдуулугу эмнеде? Жазылган диссертациялар толтура, анткен, минткен, "Жамийла" мынча тилге которулган. Бул киши кайсы сапаты менен элди багынтты, эмнеси менен - ошого түбүнө жетпей жатпайбы.

Мен азыр "Манас" боюнча жазып атам, жанагы Исхак Раззаков кол койгон токтомдордо Сагымбай панисламист, тартүркист дейт. Муну Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов мактаган, Сагымбай менен Саякбай реакциячыл айтуучулар болгон дейт. Анткени алардын айтуусунда Манас каапырларга каршы казатка баратат дейт. Ошону даңазалап жатат дейт.

Ой кокуйгүн, ал - кийинки катмар. Манастын убагында, 9-кылымда биз исламды билген эмеспиз, Теңирге сыйынчубуз, Көкө Теңирге табынчубуз.

Мар Байжиев жыйын маалында.
Мар Байжиев жыйын маалында.

Убагында Манасты чыгаруучулар бир маселеге маани беришпептир. Көрсө бул М (тамгасы) пайгамбардын атынан келген, Мухаммед пайгамбарды айтып атат. "Ортосуна олуянын Н келсин" - Нук пайгамбар, Ной. Библия каарманы. Аягына Сен келсин, арыстандын мүнөзү. Көрсө, бул кытай тилинде Сен - Арстан экен. Буддизмден келип атат.

Башкача айтканда, "Манастын" атында эле Сагымбайдын варианты боюнча, үч диндин элеси турат. Эмне үчүн ошентип айтты бул киши, кана, пантүркчүл, панисламчыл болгону?

Сагымбайда дагы бир кызык жери бар. Бээжинди курчап калганда Эсенкан, Алооке алдынан чыгып айтат экен: "Кечир, Манас! Ушундай иштер болду эле. Силерди ушул Алтайга айдадык эле. Кечиргиле! Кечиришпесек болбойт, мынакей аламын десең баш мына. Эл-журтка тийишпейли!"

Ошондо Манас Бакайга кайрылат. "Ай аба, эмне кылалы? Анда Бакай: "Каапыр да болсо бу кытай чоң эл, кечиришели" деп, ошол жерде эки эл достошуп, туугандашып калат. Ошону көбү түшүнбөйт экен. Эмне үчүн кечиришели деп Манас менен Эсенкан кучакташып жатат? Кайдагы панисламчы, ошого жетпей, анализ болуп атпайбы.

Анан дагы бир кызык жери бар. Бардык манасчыларда Чоң казатты Алмамбет чыгарат, кытайдан өч алышыбыз керек деп. Чоң казатты укканда эл нааразы болуп, Таласка келгенине алты жыл болгонун айтып, тынч эле оокат кылбайлыбы дешет.

Анда Манас: "Мейли барам дегениңер баргыла, баргысы келбегендер барбай эле койгула" десе көпчүлүк кубанып, кудайга жалынып, бирин-бири кучакташып, Манаска ыраазы болушат.

Ошондо Алмамбет: "Оо, Манас, акылың бар эсиң жок, минтсең бирөө да барбайт. Биз барсак чай алабыз, катын алабыз" деп элдин баарын үгүттөп кетет. Жолдо баратканда Алмамбет буларың менен минтип жете албайбыз дегенде аны колбашчы кылып коёт.

Мындай ойлоп көрсөң, Манас ири кол башчы Алмамбетке катардагы жоокер болуп казатка баратат? Көрсө, бул жөн жерден эмес экен. Манас эч качан башка элге кол салбаптыр. Ал элди гана коргойт экен.

Парсы тилинде Манас - "эл коргоочу" экен. Ушуга түшүнбөй Сагымбайды исламчы кылып атпайбы. Чоң казатта баатырдын баары кырылып, кыргыз каганаты жоголуп атпайбы.

Миң жылдан бери улам бир келесоонун алдында калып атпайбызбы, монголдун, Кокон хандыгынын, орустун, КПССтин.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG