Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Махатма Ганди жана тынч жол менен тоону томкоруу идеясы


 Мохандас Карамчанд Ганди (Махатма Ганди; 02.10.1869 – 30.01.1948).
Мохандас Карамчанд Ганди (Махатма Ганди; 02.10.1869 – 30.01.1948).

Махатма Гандинин өз өмүр баяны тууралуу даңазалуу эмгеги кыргыз тилине которулуп, жакында жарык көрдү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында жарыяланган бул китептин бет ачары кулжа (июн) айынын 8инде Бишкекте өтмөкчү.

Индия – кыргыз алакалары: Өтмүштүн байыркы барактарынан

Кыргыздардын жана башка теңир-тоолуктардын топтору алмустактан эле тээ Хотан тоолорунун ары жагына – бүгүнкү күнү Шайдылда Базар деп аталган жердеги тоолорго чейин жердеп, саякатчылары жана соодагерлери андан ары Түндүк Индияга чейин сүңгүп кезген учурлар болгон.

Былтыркы макалаларымдын биринде белгилегенимдей, Шайдылда Базар (англисче Xaidulla) – азыркы Кытай Эл Республикасынын Хотан аймагына таандык кыргыз кыштагы. Болжол менен деңиз деңгээлинен 3,646 метр бийиктикте жайгашкан. Хотан аймагындагы Гума (Пишан) ооданына карайт. Бул жай Тибетке тутумдашып кеткен бийик тоолордун койнунда, Каракаш дарыясынын башатында, Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында, Каракорум ашуусунан түндүгүрөөктө жайгашкан.

Шайдылда-Базардагы кыргыздапрдын бири Абдысамат Нуракун. Кең-Кыр, Хотан, КЭР. 26.7.2015.
Шайдылда-Базардагы кыргыздапрдын бири Абдысамат Нуракун. Кең-Кыр, Хотан, КЭР. 26.7.2015.

Шайдылда Базардын негизги калкы – хотандык (түндүк-батыш тибеттик) кыргыздар. Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга (Жамму менен Кашмирдин бөлүгү болгон Ладах аймагына) карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында жайгашкандыктан, Шайдылда Базар жергеси байыртадан Улуу жибек жолунун бир бучкагын түзгөн десек болот.

1925-жылдын 1-октябрындагы окуяларды сыпаттап жазып жатып, орус саякатчысы Ю.Н.Рерих Индиянын Ладак аймагынан түндүктү карай келе жаткан кербен Көк-Жар (“Кокьяр”) жана Санжу (“Санджу”) ашууларына – эки багытка жол айрылып кетчү бир таштак өрөөнгө жеткенин айтат да, түндүк жактан ак мөңгүлүү залкар тоо кыркасы күтүп турганын, бул тоо кыркасынын тескейинде “тоолуу Кыргызстандын жайлоолору жайгашканын (“За ней находились летние пастбища горной Киргизии”) белгилейт.

Мында “тоолуу Кыргызстан” (“горная Киргизия”) деп Ю.Рерих курамына Шайдылда Базар жергеси да кирген Каракорум тоолорундагы кыргыз журттарын айтып жатат; бул сөзгө Теңир-Тоонун батышын, Алайды, Чыгыш Фергананы камтыган азыркы эгемен Кыргызстан мамлекетинин аймагынын эч тийешеси жок.

Демек, Тибеттин түндүк-батышындагы Күнлүн (Куэнлун) жана Каракорум тоолорундагы кыргыз жайыттары да Ю.Н.Рерих үчүн тоолуу Кыргыз жергеси (“горная Киргизия”) болгон.

Руханий жана даанышмандык көпүрө

Тар жол, тайгак кечүү, бийик ашуулар аркылуу өткөн бул чыйыр жолдор – Түндүк Индия менен Борбордук Азиянын цивилизациялар аралык көпүрөсү кызматын аркалаган.

Бутпарас (буддизм) дини дал ушул жол аркылуу байыркы Индиядан Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим өрөөнүнө таркаган.

Байыркы санскрит тилинен тамыр алып, Борбордук Азиянын түрк жана башка тилдүү калктарынын жазма жана оозеки маданиятына азык болгон нечендеген руханий сөздөр жана түшүнүктөр бутпарас дини келип чыга электе деле Гималайдан түндүккө – Теңир-Тоо менен Ак-Тоого (Памирдин чыгышына) чейин агылып тургандыгы, түндүктөн келип-кетип турган соодагерлердин жана саякатчылардын таасири менен Индияда да биздин ата-бабаларыбыз байырлаган жайлар тууралуу маалымат топтолгондугу жөнүндө кабар берет.

Баарын коюп, “Манасты” айт дегендей, башкы дастаныбыздагы баатырдын жана хандын ысымы – “Манас” сөзү да санскрит тилиндеги ыйык сөздөргө куюлушуп-жарашып турганын манас таануучулар өткөн кылымдан бери саймедирлеп айтып келишет. Бул – этносторду жакындаткан маданий көпүрөнүн туу чокусу эмес эмне!

Ондук эсептөө системасы, анын ичиндеги “нөл” (“жок”) деген сан камтылган сандык кор да бизге Индиядан келген. Махмуд Кашгари Барскани бабабыз да он кылымдай илгерки эмгегинде Индиядан Теңир-Тоого алынып келинген дары-дармектер тууралуу сөз кылат.

Кыргызстандан жана Ферганадан Түндүк Индияга басып кирип барган айтылуу Бабурдун аскери менен кошо индиялыктарга Борбордук Азиядан этносторду ынтымакташтырган маданий ымалалашуу жана саясий башкаруу салттары барганы да тарыхта маалым.

Азыркы тапта эгемен Кыргызстан менен Индиянын жана Пакистандын ар тараптуу алакалары чыңдалып жаткандыгы – байыркы Түштүк Азия менен Теңир-Тоонун тарыхый карым-катнаштары жаңы деңгээлде улантылып жатканын айгинелейт.

Махатма Ганди – дүйнөнүн чар тарабына шооласы түшкөн Индия Күнү

Элибиз цивилизациялык заманбап өрүшкө канчалык жигердүү аралашкан сайын, бүт дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Азиянын түштүк өңүрүндөгү өлкө - Индиядагы даанышмандыктын жаңы доордогу өрнөктөрүн ошончолук терең үйрөнө баштады.

БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Махатма Гандинин жаңы сүрөтүн ачуу аземинде. Зомбулуксуздуктун эл аралык күнү. 02.10.2015.
БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Махатма Гандинин жаңы сүрөтүн ачуу аземинде. Зомбулуксуздуктун эл аралык күнү. 02.10.2015.

Индиядан чыгып, бүткүл дүйнөгө гуманисттик идеялары менен зор таасир калтырган бараандуу инсандардын бири – айтылуу Мохандас Карамчанд Ганди (Махатма Ганди; 02.10.1869 – 30.01.1948).

Ал - дүйнө жүзүндөгү даңазалуу ойчулдардын жана коомдук ишмерлердин бири. Ал өз өлкөсүндө гана эмес, Улуу Британиянын бир катар мурдагы оторчулук аймактарында да ар түркүн диний агымдардан, ар башка этностордон жана ар кыл расалар, касталар жана коомдук катмарлардан куралган коомдорго данакер болгон инсан.

Махатма Ганди - көп этностуу индия элинин орток даанышманы. Ошол себептүү Махатма Гандинин туулган күнү – октябрдын (тогуздун айынын) 2си бүгүнкү Индияда “Ганди жайанти” майрамы деп аталган бүткүл индиялык улуттук майрам катары ар жылы салтанаттуу белгиленип келет. Демек, ар жылы дал ушул күнү маркум Гандинин урматына аш берилип, эскерүү жөрөлгөлөрү өтүп турат.

Гандинин туулган күнү дүйнө жүзүндө анын ар кандай зомбулукту айыптаган орошон ойлору менен биргеликте белгиленип келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын 2007-жылдын кулжа (июн) айынын 15индеги чечимине ылайык, ар жылы тогуздун айынын 2си “Зомбулукка каршы эл аралык күн” катары майрамдала баштады.

Демек, бүткүл дүйнө жүзү Гандинин зомбулуксуз, тынч ыкмаларды колдонуу менен адилеттикке жетүү үчүн күрөш жүргүзүү керек деген идеяларына азыр да кулак төшөп жатат десек жаңылышпайбыз.

Гандинин идеялары кыргыз тилинде жаңырат

Былтыр (2015-жылы) Кыргызстандын мурдагы президенти, өзүмдүн студент кезимдеги философия жаатындагы окутуучум Роза Исак кызы Отунбаева эже өтө маанилүү сунуш менен кайрылды. Ал - Махатма Ганди жазган автобиографиялык эмгекти англис тилинен кыргызчага которуу сунушу эле. Макулдугумду бердим, бирок китепти дароо эле которо койдум дегенден алысмын.

Котормочулук, – буга чейин бир нече китепти өз алдымча же калемдешип которуп келгендигимден улам, - мага жаңылык эмес. Бирок залкар Гандинин китебин эне тилибизде сүйлөтүү оңой иш эмес да! Бир чети, бул – өзгөчө сыймыктуу, экинчи чети, абдан жооптуу иш болду.

Махатма Ганди күлгүн кезинде.
Махатма Ганди күлгүн кезинде.

Махатма Ганди өз өмүр жолунун 1920-жылдардын ортосуна чейинки орчун жагдайларын баяндаган ушул автобиографиялык чыгарма алгачкы жолу 1927-жылы жарык көргөн жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.

СССРде ал толугу менен орусчага да которулган.

Өз өмүр баянында Махатма Ганди өзү баштан кечирген жана күбө болгон ар кыл олуттуу окуяларды жана коомдук жүрүмдөрдү эч жашырып-жаппастан, өзүнүн катачылыгын да, туура иштеген жагдайларын да белгилеп, ыймандай сырын төккөнсүп аруу дилден баяндайт.

Өмүр баянын жазганда канчалык Махатма Ганди сөз берметин издесе, ошончолук дал ошондой берметти кыргыз сөз кампасынан табуу керек эле. Индиялык терминдерди кыргызча берүүнүн усулдарын кайрадан карап чыгууга, атайын сөздүк (глоссарий) түзүүгө да туура келди.

Акыры бир нече айдан соң бул ишти соңуна чыгардым. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасында жана Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында иштеп жүргөн чагымда даярдаган дарстарыма жана ал үчүн ар кыл китептерди окууга туура келгенине байланыштуу, Махатма Гандинин доору камтылган учурларды, ошондой эле Байыркы Индия менен орто кылымдардагы Түштүк Азиянын цивилизациялык тарыхый барактарын буга чейин эле дурус өздөштүргөндөй болгом. Жавахарлал Нерунун дүйнөлүк тарых тууралуу өз кызына жазган эмгегин да студент кезимден билчүмүн.

Бирок Махатма Ганди шөкөттөп жаткан эмгекке сүңгүү үчүн Улуу Британиянын метрополиялык жана оторчулук тарыхын окуу, Түштүк Африкага, индиялык диний агымдардын табиятын жаңыча түшүнүү түйшүгүнө кайрадан кайрылып, студенттик өмүрдү кайрадан баштан кечирүүгө туура келди. Интернет доорунда бул иш өтө ыракаттуу экенин да баамдадым.

Айтор, Роза Исак кызы эжекенин сөзүн эки кылбастан, котормону соңуна чыгарып, “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук коруна тапшырдым. Англисче мыкты билген жана котормочулукту жогорку деңгээлде өздөштүргөн иним, түрколог Таалай Абдиев бул котормомду көздөн кечирди. Жазуучу Жылкычы Жапиев да баалуу редакторлук кеңештерин айтты. Аларга терең ыраазычылык билдиремин.

Махатманын өмүр баянынын кыргызча котормосунун бет ачары

Эскерүүнүн жаш муундарга карата кыскартылып берилген англисче варианты эми кыргыз тилине алгачкы жолу которулуп, Роза Исак кызы Отунбаеванын баш сөзү менен бирге жарык көрдү.

Махатма Гандинин өмүр таржымакалынын кыргызча котормосунун мукабасы. 2016.
Махатма Гандинин өмүр таржымакалынын кыргызча котормосунун мукабасы. 2016.

Бул китеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында жарыяланды.

Индиянын Кыргызстандагы элчилиги бул котормону жарыялоодо каржылык көмөк көрсөткөнүн ыраазылык менен белгилей кетсек болот.

Бул китептин бет ачары кулжа (июн) айынын 8инде Бишкек гуманитардык университетинин Башкы жыйын залында атайын илимий жыйындын алкагында өткөрүлөөрү маалымдалды.

Менимче, индиялык ойчулдардын эмгектеринин эгемен Кыргызстанда эне тилибизде жарык көрүүсү Махатма Гандинин мурасы менен башталгандыгы – өзгөчө символдук көрүнүш.

“Манас” дастаны менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кандайча кыргыздарга бүткүл дүйнөгө таанылуу үчүн “даанышмандык паспорт” болсо, “Махабхарата”, “Рамаяна” дастандары менен Махатма Гандинин эмгектери – бүгүнкү Индияга ошондой эле таберик мурастар.

XS
SM
MD
LG