Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Индия керемети


Индия менен Пакистандын чек арасында жайгашкан Вагахтагы бий. (Сүрөттөр автордуку)
Индия менен Пакистандын чек арасында жайгашкан Вагахтагы бий. (Сүрөттөр автордуку)
Индияга жөнөөр алдында, июль айында Жаммунун Киштвар шаарында индуисттер менен мусулмандардын ортосунда чыр чыкты деп окудум. Кетээрде ар саат сайын Кашмирдин жаңылыгын текшерип, шаштым кетти. Жаммуда абал курчуп, акыры Кашмирден чыккан жалгыз жол жабылганы айтылды. Киштвар тополоңунун айынан Кашмирге барбай калышым толук мүмкүн эле. Аны ойлогон сайын бушайман болуп, турагент Сонамдын жанын койбой кырдаалды сурап жаттым. Алтынчы күн дегенде " жол ачылды" деген жакшы кабар келди. Сонам мени Мухаммед аттуу кашмирлик айдоочунун машинесине салып, узатып койду.

Айдын жарыгында түнү менен жол жүрүп, Индиядагы эң коркунучтуу ашуулардын бири - Зожи-Лада ылайга тыгылып атып таңга маал Кашмирге келдик. Сонамаргдан Сринагар шаарына кеткен жолдун боюнда куралчан Индия аскери жөө күзөттө жүрөт. Тирешүү, кагылышуу, диндин айынан төгүлгөн кан бул - жер бетиндеги бейиш деп аталган Кашмирдин бүгүнкү жашоосу.

Дал көлү
Дал көлү
​Кашмирдин борбору Сринагарга кирип келгенде эле, тоолор курчаган Дал көлү тосуп алды. Аны көргөндөгү сүйүнүчүмдү жол жүргөн шериктерге кантип айтышты билбейм. Салман Рушдинин укмуштуу “Түн жарым балдары” (Midnight’s Children) романынын башкы каарманы Салим Синайдын таятасы келечектеги жубайы Насим Ганини көргөнү кайыкта сүзүп барган Дал көлү. Салим Синайдын европалык анархист досу Кашмирге келип, боюн таштап жиберген Дал көлү. Көл четинде кызыл-тазыл кооздолгон шикара кайыктары кепичтей калкып турду. Өзүн Нур деп тааныштырган байке: “Баштыктарыңызды бул жерге коюп, ханышадай чалкалап эс алыңыз!”,- деди.

Сринагарда көрө турган жерлерди канча айдан бери териштирип, тандап койгон элем. Пари Махал сарайы, Дал көлүнүн жээгиндеги аппак Хазратбал мечити, Улуу моголдор калтырган Шалимар багы. Баягы эле Салман Рушдинин “Маскарапоз Шалимар” (Shalimar the Clown) романындагы баш каарман Бунинин сүйгөн жигитинин аты аталган, экөө бир түндө төрөлгөн бак. Мусулмандар куруп, санскрит тилинде ат коюп кеткен Шалимар багы.

Пари-Махал
Пари-Махал
Алгач Пари Махал чебине бардык. Бул жердин кооздугу мен үчүн күтүлбөгөн ачылыш болду. Дал көлүнүн түштүк-батышында жайгашкан Забарван тоосунун үстүндөгү “перинин үйү” Шах Жахандын буйругу менен XVII кылымда курулган экен. Пари Махалдан ылдый жапжашыл өрөөндү жана Дал көлүн тиктеп турганда, ушундай жерде акындар ыр токуса керек да, ырчылар үнүн созуп ырдаса керек деген ой кетти. А мен жөн гана тиктеп тургандан башка эч нерсе кыла албадым.

Диндер ортосундагы мамиле саясий тирешүүгө айланган Кашмирде канча көз жаш жана кан төгүлбөдү. Ошол нерсе жүрөккө так салганбы айтор, кашмирликтердин жүзүндө кандайдыр бир кыжырлануу, шектенүү бардай көрүндү. Балким четтен келген мени эле эмес, бири-бирин да ошентип карайт. Кашмирликтердин өз таанымы толугу менен дин аркылуу куралгандай сезилет. Кайсы кашмирликке жолукпа, алгач “Мусулмансыңбы?” деген суроону берет. Дал көлүндөгү калкыган мейманканага чейин жаш кашмирлик айым менен бир шикарага түшүп бардык. Ал менин ысымымды укканда эле “Жазгүл..., сен мусулман эмессиңби?” деп көзүн алайтты. Кашмирдин дарбазасын карай кеткен жолдо чай ичкени токтоп калдык. Ошол маалда айдоочуга кайрылып, “Кайсы жерге келдик? Дагы деле Кашмирдебизби?” деген суроомо “Бул жерде баары мусулман. Тигил ашкананын ээси гана индуист. Калганыбыз баарыбыз мусулманбыз” деп узаткан жообу эсимде калды. Суроону түшүнбөдүбү, же атайын эле ошентип жооп бергенди оң көрдүбү билбейм.

Шалимар багы
Шалимар багы
Ошол эле мезгилде кашмирликтердин меймандостугу сүйүндүрбөй койбойт. Хари Парбат чебин көрүп, чоң жолго чыгып баратканда, катар-катар үйлөрдөн “Каяктан болосуңар? Үйгө кирип чай ичип кеткиле” деп кайрылгандар нечен ирет жолукту. Сринагарга гана эки эле күнгө келгенимди укканда, эмне мынча аз, Кашмирде көбүрөөк жүрүп кет деп чын жүрөктөн айтып жатышты. Атайын чет элдиктер үчүн кызмат кылган полиция бөлүмүндө аябай сылык сүйлөп, мага керек автовокзалга жолду көрсөтүп, бирөөгө дайындап да коюшту. Хазратбал мечитинде англисче шуулдап сүйлөгөн ыктыярчы Исмаил, жоолукчан кирип барганыма карабай, дароо турист экенимди билип мечитте аялдар үчүн бөлүнгөн тарапка артымдан ээрчип кирди. Каяктан келгенимди жайбаракат сураштыргандан кийин, мага мечит жөнүндө айтып берүүнү сунуштады. Хазратбал мечитинин ичкерисиндеги сыры түшүп калган дубалын колу менен сылап, кайра бешенесин сылап, мага түшүнүксүз нерселерди ырдап да, ыйлап да аткан аялдарды таң кала тиктеп турдум. Исмаил мага “Исламда минтип сыйынган туура эмес деп түшүндүрсөк деле, бул аялдар адат боюнча ушинтип дубалды колу менен сылап, чүпүрөк да байлап турушат” деп айтты. Мечиттин ичинде да куралчан аскерлер отурду. Кашмирде аскерлер жүрбөгөн жер жок.

Индиянын чек арачылары
Индиянын чек арачылары
Айта кетчү нерсе, кашмирликтер мыкты соодагерлер. Пашмина жоолуктардын, саймалуу көйнөктөрүнүн сапаты мыкты экен. Бул нерсени Амритсардагы жана Делидеги базарлардагы кийимдер менен салыштырганда гана түшүндүм. Сринагардын көчөлөрүндө жолмо-жол тизилген дүкөндөргө жакындасаң, ээси ичине чакырып, ыңгайлуу төшөккө отургузуп, “бекер эле көрүңүз” деп, алдыңа түркүн-түстүү укмуштарды чачат дейсиң. Сылыктыгы жагынан кашмирликтерге эч ким жетпес. Туристти жылуу сөз менен имерип, алдаган жагынан да астына киши салышпайт. Мисалы, мага мейманкана ээсинин бир уулу авиабилетти алдап сатканга аракет кылды, ошол эле мейманкананын жаш тейлөөчүсү темир бөтөлкөнү бекитип алды, Жамму шаарына чейин барганга алдын ала сүйлөшкөн таксинин айдоочусу Алини убадалашкан саатта барып таппай калдык, телефонуна чалсак албай койду… Бир тааныш немис турист айткан “Ар бир рупий, бул - жакшы рупий” деген сөздү саякатым аяктаар алдында түшүндүм. Кыскасы, бул жерге барган адам соодалаша билүүсү керек, айткан баасынын жарымынын жарымын айт, түшпөйбү, анда бурулуп басып кет, аркаңдан чуркап барып, акыры сен сураган баага беришет.

Хазрабатал мечити
Хазрабатал мечити
​Дагы бир жолу убакыттын тардыгына аябай өкүнүп, Кашмирди артта калтырып Амритсарды карай жөнөдүм. Сикхтердин башкы конушу Амритсар, эгемендүүлүктөн кийин чек ара бөлүшкөндө чексиз кандуу согуштун тарыхын кечкен Пенжаб штатында жайгашкан. Дал ушул 1947-жылдын кандуу окуяларын сүрөттөгөн атактуу режиссер Дипа Мехтанын “Жер” (Earth) аттуу тасмасы эске түшөт. “Булар эмнеге өздөрү билип эле эки мамлекетке бөлүп атышат? Амритсарды Индияга, Лахорду, менин Лахорумду Пакистанга…” деп бир киши ыйлады эле.

Ладак жана Кашмирдин салкын климатынан кийин Амритсар мага өтө тар жана үп сезилди. Эң башкы сикхтердин курулушу болуп эсептелген Хармандир-Сахибдин (Golden Temple) айланасында дайыма зыяратчылар да, туристтер да жыкжыйма болгондуктан, жакшы мейманканадан орун табыш кыйын экен. Эң башкысы план боюнча Индия менен Пакистандын чек арасы Вагахка (Wagah Border) барып, күн батаарда өткөрүлгөн дарбаза жабуу аземине жетишүү болчу. Патриотизмди жана күчтү тынч жол менен көрсөтүү бул Вагахдагы шоунун негизин түзөт.

Хармандир-Сахиб храмы
Хармандир-Сахиб храмы
Бир жактын дарбазасында илинген сүрөттөгү Махатма Ганди жана тиги тараптын дарбазасындагы Мухаммад Али Жиннах бири-бирин тиктеп турат, бир жактан “Хиндустан зинабад!” десе, тиги жактан “Жие, жие Пакистан!” деп эл кыйкырып атат. Бойлору упузун келбеттүү чегарачылар дарбазадан ары бери чоң кадам менен аттап басып, бири-бирине муштумдарын түйүп, бир канча ирет кабактарын бүркөгөн соң эки тарап тең желектерин түшүрүп, дарбазаны жапты. Эмне демекмин, Индия менен Пакистан согушканына карабай, чек арада ыр-бий менен ушундай шоуну биргеликте уюштурганы үчүн азаматтар дегенге татыйт.

Кечинде тынымсыз агып турган туристтерди ээрчип, Хармандир-Сахибди карай жөнөдүм. Бул жерге киргенде аялы-эркеги, жаш-карысына карабай жылаңайлак жана башында жоолугу болуш керек. Жабышкак мраморду басып жүргөндө сикхтердин ырлары жана бекерге тамак тараткан ыктыярчылардын шагыратып идиш жууганы угулат. Сикхтердин ыйык китеби сакталган имарат түн караңгысында тим эле жаркырайт. Ыйык китептин сөздөрүнөн токулган сикхтердин ыры Хармандир -Сахибдин ичинде жыйырма төрт саат тынбай угулуп турат. Бул жерди бир айланганда эле алым кетип, башым тегеренди. Жаңырып турган сикхтердин үнүндө жана абада өзгөчө күч бардай.

Эртеси күнү поезд менен Делини карай баратып, саякатты жыйынтыктадым, оюмда бул укмуш жерлер менен коштоштум. Ладактагы Ле, Кашмирдеги Сринагар, Пенжабдагы Амристар көрүшкөнчө жакшы тургула. Бурканчылык, ислам жана сикхизмди койнуна батырган бул укмуштуу жерлерде тынчтык эле болсун.

Жазгүл Сманова, Сеулдагы Йонсэ университетинин студенти
XS
SM
MD
LG