Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:43

"Бу ырайымсыз жарыкчылыкты эми көрбөй эле кой"


Кыргыз жазуучусу Орозбек Айтымбетов.

Орозбек Айтымбетовдун чыгармачылыгын кош бутакка ажыратып караса болот. Анын лиризмге жыш аңгеме, повесттери менен соңку жылдары жараткан “Кара кыргыз” тарыхый изилдөөлөрүнүн ортосунда олуттуу дегидей айырмасы бар. О. Айтымбетовдун “Акыркы төөчү” аңгемеси тууралуу адабий сынчынын сереби.

Көөнө кыргыз тарыхын изилдөөгө болгон убакты-саатын арнаган таланттуу жазуучу Орозбек Айтымбетов (1947-жылы 16-августта туулган) бир топ жылдар көркөм чыгармачылыктан четте калды. Бирок анын көпчүлүк аңгеме, повесттери ушу азыр да көркөм-эстетикалык жамалын жогото элек.

"Кыргыз аңгемесинин классикасы" рубрикасынын бүгүнкү берүүсү Орозбек Айтымбетовдун “Акыркы төөчү” аңгемесине арналат.

Ширин тил калемгер

Орозбек Айтымбетовдун “Акыркы төөчү” аңгемеси 1978-жылы жазылган. Бул мезгил анын чыгармачылык түшүмдүү жылдары болчу.

“Аңыз жыты” аңгемелер жыйнагы окурмандар кызыгуусун арттырып, адабий сындын баамына илинип, улут көркөм сөзүнө оригинал сүрөткер келгени аныкталып калган. Жазуучу айыл турмушун, болгондо да карапайым дыйкан менен устанын, малчынын турмушун кемелине келтирип жазып, адабий жүрүмгө ыкчам аралашкан кези эле.

Автордун кийинки “Торгойлуу талаа” повестинин тарых-таржымалы башкачараак болду, ал кызыктуу социалисттик реализм усулуна кайчы келип, совет адабиятынын "идеялык тазалыгын сактаган" сынчылардын катуу сынына кабылган.

Белгилүү адабиятчы-философ Калык Ибраимовдун ырасташынча, Орозбек Айтымбетов мына ушул чакан жана орто жанрды өнүктүрүүгө болгон аракет-күчүн жумшаса, улут адабиятыбыздын профессионалдык деңгээлин бийикке көтөргөн дагы мыкты чыгармаларды жаратмак.

- Орозбек Айтымбетов кыргыз прозасына, асыресе аңгеме жанрына бир топ жаңылык киргизген авторлордун бири. Лирикалык маанайдагы аңгемелери, арасында “Акыркы төөчүсү” да бар. Убагында “Кызыл өрүк” деген аңгемелер жыйнагы чыккан. “Ала-Тоо” журналында карышкыр тууралуу повести жарыяланган. “Торгойлуу талаа” кандай резонанс жаратканын жакшы билебиз. Лирикалык маанайда жазылган, кызыктуу штрихтерге жык толгон повесть, анан жазуучунун ширин тили бар эле. Сөздөрдү кынаптап койгон чебер стилист болчу. Мыкты жазуучу эле.

Бирок кийин негедир жазуучулукка анча көңүл бурбай, тарыхка кызыгып кетти. Анын үстүнө совет мезгилинде кыргыздын көөнө тарыхы көп эскерилбей, бурмаланып жазылып, кыязы ошого ичинен бушайман болуп жүргөнбү, айтор, заман башка жагына оодарыла баштаганда, бул киши дагы чыгармачылык позициясын кескин өзгөртүп, эски көөнө кыргыз тарыхына байланыштуу материалдарга көбүрөөк кызыгып кетти окшойт.

Жазуучу айыл турмушун, элет адамынын жөнжай жашоо-тиричилигин назик лирикалуу маанайда сүрөттөөгө кызыкдар. Ошондон карапайым малчынын, дыйкандын же устанын турмушу жалпы улуттук маани-мазмунга ээ болуп, көркөм-философиялык доош алып кетет.

Айтымбетовдун “Акыркы төөчү” аңгемесинде Көл кылаасындагы карапайым малчынын жашоо-турмушу сүрөттөлгөн.

Чыгарманын башында күз аптабы, боз үйдө жайылган төөлөргө көз салып отурган Борбу төөчү тууралуу кеп болот. Малчынын да жашоо-турмушу күзгө тартып, баштагы жаалы кайтып, тынч жашоону эңсеп калган кези болчу. Жаш кезиндеги алабарман, өзүмчүл, кыялы кырс Борбуну жоош төөлөр биротоло жоошутуп, аны ийилчээк, ак көңүл, боорукер кылып койгон. Мунун натыйжасы ал өмүрүн арнаган төөлөрдөн айрылып, жашоо-турмушу жайдакталышына алып келет.

Аңгемедеги конфликт эски менен жаңынын күрөшүн эске салганы менен, тирештин тамыры тереңде, адамдардын боорукердиги менен карөзгөйлүгүнө барып такалат. Болбосо кирген буурага өчөшкөн ферма башчысы бир үйүр төөнү жок кылып ийиши кыйын эле.

Баары эт төгүү планына байланып, күзгү аптапта ысуулап отурган төөчүнүн боз үйдүн желбиртин “бузулган кыл кыяктын үнүнө” окшотуп атышы жыйынтыгында төөлөрдүн жок болушуна, ага нааразы болгон Борбунун санаа тартып, боз үйдөн чыга албай калышына алып келет.

Төөлөрдүн кылыгы

Борбунун иши жүрүшүп турган элүүнчү жылдары чарбада төө да көп болчу, ал аткарчу жумуштар да толтура эле. Анын төөлөргө кызыгып калышынын жөнү мына ушул маңыроо делген жаныбарлардын ортосундагы мамиле-катыштан башталат.

“Күндөрдүн биринде ал кунан буура менен эки жашар аппак «бийкеч» төөнүн жумшак кажышып турганын көрүп калды. Көрүп калды да кызыгып, эртедир-кечтир байкай баштады. Мына ушу жерден бир кызык окуя болду. Алтымыштай төөнү кыңк эттирбей баш ийдирген Кара буура деген зор бар эле. Алиги «бийкеч» төө ага кайытпай, кунан буураны имерчиктеп, күүсүнө келген Кара буура канчалык такымдаса да бүргөдөй түйүлүп, ыкылас бербеди. Акыры каардуу буура кунан буураны жектей баштады…

Эртеси төөлөрдүн арасында кунан буура менен аппак «бийкеч» төө жок болуп чыкты. Аларды Борбу эки күн издеп, алыскы Кызыл-Булактан гана, жанаша оттоп жүргөн жеринен тапкан. Кайра айдап келгенден кийин Кара буура буларга жоломок турмак, четтеп калган. Буга Борбу аябай таң калган.”

Адам менен табияттын, жаратылыштын дагы бир момун жаныбарынын ортосундагы түшүнүү, ортолук байланыш ошентип башталат.

Тууган жерин таап келген төө

Борбунун маянасынын аздыгына карабай, төө бакканды жактырып, ага өмүрүн арнашы анын өз аты унутулуп, Төөчү атка конушу мына ушундай турмуштук байкоолорго байланышкан эле. Адам менен төөнүн ортосундагы мамиле-катыштын күңгөй-тескейи кийичерээк ачылат.

“Өз өмүрүндө Борбунун башынан көп эле таң каларлык окуя өткөн. Көрсө, таң каларлыктын да таң каларлыгы болот экен. Отузунчу жылдардын баш ченинде өз жеринен ооп келген бир казак кийин эле, алтымышынчы жылдардын аягында элине кайтып кетти. Үй-мүлкүн машина менен жөнөттү да малын ашуу ашырып, Кеминге айдап түшүп, Ак-Түздүн бели аркылуу казак жерине өттү. Мал ичинде ботосу менен бир төө, төрт уй, эки жылкы, элүүдөй кой бар эле. Көп узабай ал агайындан «аман-эсен жеттик» деген кабар келди…

Арадан ай өтүп, экинчи ай жаңырган алгачкы күндөрдүн биринде, аппак таң менен көгүлтүр көлдүн жээгиндеги ак жайык адырда баягы казак айдап кеткен төө ботосу менен пайда болду. Бечараны баргандан кийин тушап-матап, аркандап, зорго кармаган окшойт, акыр төө арканды үзүп, тушамышы менен качкан көрүнөт, жолдо карата тушамыш шыйрагын муунай өйкөп, кызыл ашыктын үстүндөгү теринин куйкум жүнү кызыл эт боло жыдып түшкөн экен. Тушамыштын бир жагы үзүлүп, ылжырай жооруган экинчи шыйрагында сүйрөлүп жүрөт. Ооба, ошо жолу ботосун эрчитип алып, жердин алыстыгына, жолдун татаалдыгына карабай өз жерине качып келген ингенди көрүп, ыйлабаган эл калбаган…”

Борбунун төөлөргө кызыгып, аны багуунун түйшүгүнө кайыл болушуна алардын көчмөн жашоону элестеткен жүрүшү себепкер болгонуна жазуучу атайын токтолот.

“Маң-маң баскан, чуудалары селкилдеген Кара буура, анын соңунда кербен тарткан төөлөр, ботолор. Бир карасаң жипке тизилген күрөң шуруларга окшоп кетет. Ал «шурулар» адырдын ойку-кайкы жолунда жай толкуп, алыстап барат. Ээн адырдагы бу көрүнүш качанкы өткөн бир кылымдарды эске салат.”

Ботосунан айрылган ингендин күйүтү

Төөлөргө байланышкан окуялардын көбүнө Борбу өзү күбө болуп, ошондон ал «Боз ингендин боздогун» басса-турса эсине салып, бул жашоонун катаалдыгына, адамдардын мерездигине жүрөгү өлүп калган.

“Алтымышынчы жылдардын баш ченинде, жазгы туут маалында чарба чоңдору ушу өзөндө кой төлдөтүп аткан төрт чабанга ысылык үчүн инген союп, бөлүп алууга уруксат берген.

Чабандар: «Ингендин чарым этин жей албайбыз, берсеңер жашынан — ботосунан бергиле, эти — бал, жумшак жегиликтүү» деп болбой койгондон кийин жетекчилер буга көнүп, төрт чабан жайылып жүргөн төөлөрдү жыйып келип, өөдөңкү кашарга камап, ботонун эң ирдүүсүн жана эттүүсүн тандап, байлап, калган төөлөрдү адырга айдап жиберишет.

Бирок байланган ботонун энеси эл баканга алып сабаса да жайытка такыр кетпей коюп, акыры аны өкүргөнүнө карабай ээн короого камап, ак ботону ортоңку кашарга жетелеп жөнөшөт. Жетип, ботону жыгып, шыйрактарын таңып, мууздап киришет. Ошо тапта жаткан: «бау-бау-баууууууу… бау-бау-ба-уууууу…» деп, кудайга үнү жете зарлап, бир эсе адамдардан кайырым сурагандай, ырайым күткөндөй, бир эсе чыңырып ыйлагандай, бир эсе муңкангандай, бир эсе адамдарга даттангандай аянычтуу боздоп, камалган короосунун эшигин бузуп чыккан ак ботонун энеси келет.

Чочулаган эл бир азга делдейип туруп калат да, мууздалган ботону үй ичине сүйрөп кирүүгө үлгүрүшөт. Көз жашы буурчак-буурчак төгүлүп, чүрпөсүнүн жытын алган төө мууздалган ботосу жаткан үйдүн эшигинен кетпей, адамдарга наалат айтып, таарынгандай буркурап-боздоп турат. Аны көргөн абышка-кемпирлер көзүнө тегиз жаш алат.”

Адамдардын мыкаачылыгына чыдабаган каймал “күнү-түнү бою чөп ирмебей ыйлап турган соң көзү көр болуп, ботосу мууздалган үйдүн түбүнө бүк түшөт да кайгыдан биротоло турбай калат. Төө мал болбой калганына көзү жеткен эл аны да мууздап, этин элге таратып иет.”

Ошол төөнүн көзүндөгү жашты эч ким таңазар деле албайт. Этсиреген эл бекер этти бөлүп алып кетишет. Борбу болсо ошондон кийин төөнүн этин жегенди коёт.

“Борбу ботою союлган төөнү көпкө чейин унута албай, эстеген сайын жашып, эл жок жерде кадимкидей эле көзүнө жаш алып жүрдү…”

А бирок андан да катаал жаза, бейкүнөө жаныбарларды жок кылуунун кезектеги учуру ойдо жок жерден кышында козголот.

Төөлөрдү жок кылган эт план

Чарбанын эт планын толтуруш үчүн төөлөрдү этке тапшыруу демилгесин ферма башчы өзү баштап, ал директорду да көндүрүп койгон экен төөчүнүн бейкүнөө жаныбарларды жок кылбоо жүйөсү суу кечпей иш тескерисине кетет. Совхоз директору малчынын жүйөсүн укчу түрү жок:

“— Ырас, анда кеп жок. — Кашка баш директор сылык-сыпаа унчукту. — Кеп эттин планынын толбой аткандыгында. Мына, жыл аяктоонун алдында турат, а биз жогор жакка эсеп беришибиз керек… Андай кылбаска айла жок.

— Аны да түшүнүп турам,— деди Борбу күйүп-бышып. — Төө азайып кетти. Ошону эске алсаңыз. Чарбада толгон-токой эле башка мал бар…

— Уйлардан сүт саап алынат, алар сүт план үчүн керек. Койдон төгөлү десек, аны тиешелүү санда көбөйтө албай атабыз. Жылкыдан төгөлү десек Балыкчыдагы бир ресторанды жайкысын кымыз менен камсыз кылуу жагы бизге жүктөлгөн…

Борбу шылкыйып отурду.”

Төөлөрдү эт комбинатына айдаганы келгендер үйүрүн коруган Кара буураны атып, аны Борбунун көзүнчө мууздашып жолуна түшүштү.

“Төөчү эңкейе берип, калтыраган оң колу менен бууранын көзүн жуумп койгусу келди. Ошо тапта ал жумулбай балбылдап турган көздүн кычыгынан жаңы эле төмөн кулап барып, куйкум тумшуктун үстүнө мөлтүлдөп, токтоп калган туптунук тамчыны көрдү.

Борбу чөнтөгүнөн бетарчысын алып чыгып, Кара бууранын жашын калтыраган колу менен аачыды да эки көзүн тең жуумп койду. «Бу ырайымсыз жарыкчылыкты эми көрбөй эле кой».”

Адамдар жасаган мындай мыкаачылыкка төөчү каршы тура албайт, мал чарбаныкы, элдики. Төөчү каалаган күндө да колунан эмне келмек, буйрук чыкты, эми ал аткарылышы керек.

Аңгемеде сүрөттөлгөн турмуш Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестиндеги окуяларга азыноолок окшошуп кетет. Мурда чарбалык жумуштар жалаң төө, ат, өгүз сындуу кара көлүктөрдүн жардамы менен бүтсө, алардын ордун техника баса баштаган.

Орозбек Айтымбетовдун каарманы Танабай Бакасовго окшоп “булгаары тончон” манаптарга каршы чыкпайт. Төөчү Борбу турмуш агымында жанчылып, кайрат-күчү кайтып, бирөөлөргө каршы туралбаган жоош-момун пенде болуп калган. Ал айланасында болуп жаткан карөзгөйлүктү ичинен жектеп, ичтен күйөт да тим болот.

Жазуучу үчүн каармандын ички дүйнөсү, жоош жаныбар менен жүрүп момун болуп калган боорукер адамдын образын түзүү маанилүү. Мына ушул өзгөчөлүк Орозбек Айтымбетовдун жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш экенин белгилөөгө болот.

Жана кеп башында айтылгандай, Орозбек Айтымбетов кыйла жылдарын тарыхый изилдөөлөргө арнап, опсуз көлөмдүү “Кара кыргыз” аттуу автордук иликтөөсүн жарыялады. Бул ишке ал болгон убакты-саатын сарптап, оголе көп тарыхый, илимий китептерди окуп чыкты. Көлөмдүү эмгек окурмандар менен окумуштуулар арасында талаштуу пикирлерди жаратып, азырга чейин так баасын ала элек.

Ал эми Айтымбетовдун кара сөз туундуларынын адабий тагдыры кыйла ийгиликтүү болду десек жарашат.

Жазуучунун өткөн кылымдын 70 – 80-жылдары жараткан аңгеме, повесттери ушу азыр да эстетикалык жамалын өчүрбөй, улут адабиятынын көркөм жетишкендиктеринин бири катары бааланып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG