Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Айтматов тууралуу кино тартылат


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу толук метраждуу даректүү тасма анын 90 жылдыгына карата тартылат. Бул тууралуу тасма сценарийинин авторлорунун бири Абибилла Пазылов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, тасманын сценарийи композитор, публицист Түгөлбай Казаков жана Кыргызстандын эл артисти Бакыт Карагулов менен чогуу жазылган. Кинодолбоордун координатору - жазуучунун уулу, коомдук ишмер Аскар Айтматов.

Пазыловдун айтуусунда, сценарий "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңешинде талкууланат. Ал эми каржы маселеси Маданият министрлигинин Кинематография департаменти тарабынан чечилет деп күтүлүүдө.

Залкар жазуучу, белгилүү сөз чебери Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Быйыл анын 90 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG