Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:58

“Орунча” – эненин ордун баскан өгөй аял


Баткендеги өрүкзар

Топчугүл Шайдулаеванын “Орунча” аңгемеси кыргыз прозасында Мурза Гапаров бийик деңгээлге чыгарып кеткен психологиялык прозанын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Айыл адамдарынын жубардай таза мамиле-катыштары, адамгерчиликтин бийик үлгүсүн алдыга жайган ар кыл тагдырлар жазуучунун башка чыгармаларында да негизги орунду ээлейт.

Шалыпаядан башталган турмуш

Аял затынын бийиктиги менен тереңдигин мынчалык таамай тартып койгон кара сөз туундусу кыргыз адабиятында аз эле.

Топчугүл Шайдулаеванын аңгемечилик таланты кийинки кездери катуу чыгып, окурмандардын кызыгуусун арттырууда. Автор мурда деле азыноолок чыгармаларын басма сөзгө жарыялаганы менен бул ишке көжөлүп киришпей, көбүнесе илимий изилдөөлөргө кызыгып кетти көрүнөт.

Бирок ичте буккан чыгармачылык дарамет маалы келгенде жанар тоодой атылып чыгат экен. Топчугүл Шайдулаеванын кийинки жылдары аңгемелерди арбын жазып, көлөмдүү китебин окурмандарга тартуулашынын өзү ушул ойду ырастап турат. Анын үстүнө аңгеме жанры азыркы кезде адабий процесстеги өз ордун таап, карама-каршылыктуу жаңы замандын жасалмасыз сүрөтүн элестүү тартып берүүгө ыңгайлуу болуп чыкты.

Топчугүл Шайдуллаева
Топчугүл Шайдуллаева

Чыгармачылыгын мына ушул чакан баяндоодон баштаган кыргыз жазуучуларынын көбү жүрө-жүрө повесть менен романга качырып, кыскалыкка умтулган чакан жанрдан алыстап кетишкен чакта аңгеме ренессансынын башталышы кандайынан келгенде да жакшы жышаан.

Топчугүл Шайдулаева мына ушул чакан жанрда эле айтайын деген көркөм оюн салттуу баяндоо ыкмасына салып ынанымдуу чагылдырууга жетишти. Анын аңгемелеринде түштүк жергесинин жалаң дыйканчылык, багбанчылык, ак жувазчылык менен жашоо кечирип келаткан эмгекчил адамдарынын кайталангыс образдары сүрөттөлөт. Кезегинде бул тема айтылуу сүрөткер Мурза Гапаровдун чыгармаларында окуган адамдын делебесин козгой турган бийик көркөмдүктө ачылып берилген эле.

Улуттун мына ушул өзгөчөлүү турмушун өзүндөй көрсөтүш үчүн сүрөткер биринчи иретте ошол жерде төрөлүшү керек, боорун жерден көтөргөнү тууган жердин ысыгына күйүп, турмуш казанында кайнап чыгышы абзел. Ансыз жашоо ыңгайы, каада-салты, тили, турум-турпаты жагынан кадыресе өзгөчөлүү улутташтарыбыздын өзгөчөлүү дүйнөсү толук ачылбай калышы мүмкүн.

Топчугүл Шайдулаеванын аңгемелеринде баяндалган турмуш бирде катаал, экинчи жагынан эсте каларлык кызыктуу да. Айталы, үшүктөн өрүкзарын сактап калыш үчүн түтөткү салып жаткан аялдын үмүт-тилеги эч кимди кайдыгер калтырбайт. Көчөт кызына атилес көйнөк алып бергени келген атанын базардан акчасын алдыртып шаабайы сууп, үйүнө кайтышы же болбосо аксакалдардын көөнүн кыя албай улам күйөөгө чыгууга мажбур болгон зайыптын аянычтуу тагдыры – мунун баары айылдын жасалмасыз нукура турмушу окурмандын көз алдында чубалып өтөт. “Орунча” ушул катардагы бир кыл тагдырлардан анча деле айырмаланбаган, бирок өмүрүн башкалар үчүн курмандыкка чалган кеңпейил аялдын улуулугу менен бийиктигин даңазалаган чыгарма.

"Бүсара, бери келчи..."

Эң алды окурмандарга “орунча” деген аттын чоо-жайын түшүндүрө кетели. Жакын адамынын ордун басып, ошонун бу тирүүлүктөгү милдетин өзүнө алган, башкача айтканда, өз жашоосун башкаларга айныксыз арнап койгон улуулук мына ушул аңгемеде бар көркү менен ачылган.

Аңгемедеги каарман Бүсаранын эмнеликтен орунча болуп калышынын маани-жайын автор мындайча түшүндүрөт:

"Карачач кемпирдин үй-бүлө күтүп, бараан-шараан жашап жаткан жалгыз кызы төрөттөн капыс каза болуп, кайгыга мөгдөп жыл бою үйүнөн чыкпай жатып калды. Анын акыбалы күйөө баласын да, кызынан калган беш небересин да чочутту, бул да өлүп калабы деп коркушту. Күн жылып, алашалбырт жаз башталган маалда капкара болуп, арыктаган кемпир өйдө болду. Ал ичинен сызып, сызып бир чечимге келгендей, күч менен ордунан эптеп турду да сыртка чыкты. Эки күндөн кийин неберелеринин эң улуусун ээрчитип алып төркүндөрүнө, кошуна айылга жөнөп кетти. Таш боор тагдырга моюн сунган кемпир бул айылдан күйөө баласына келинчек издеп жүрдү. Тагыраагы, кызынын ордун баскан өзүнө орунча кыз, неберелерине орунча апа издеп жүрдү. Кемпир бул ишти бүткөрмөйүн эч жакка кетпесин түшүнгөн, анын акыбалына боор ооруган туугандары жапырт кол кабыш кылып, айылдагы эки ирет күйөөгө тийсе да төрөбөй ажырашкан, көзү өтүп кеткен алысыраак туугандарынын кызы Бүсара аттуу жаш келинди таап беришти. Карачач аны түз эле үйүнө өзү ээрчитип келди.

Бүсара анын үйүндө бир айга чамалаш туруп калды. Карачач кемпир сандыгын ачып келинди жасанта кийинтип, “Бул менин орунча кызым, жакында кызымдын ордун басып, балдарына эне болот” деп айылдагыларга ачык эле тааныштырып, той-аштарга өзү менен кошо ээрчитип жүрдү. Кызынын ашын бергенден кийин Бүсараны кемпир өз колу менен күйөө баласынын үйүнө узатып, күйөөгө берди. Ошол, ошол Бүсара “орунча кыз”, “орунча аял”, “орунча эне” болуп калды. Ал аз келгенсип, кайнилери да аны “орунча жеңе” дешет, ошентип отуруп өз аты биротоло өчүп “ орунчага ” айланды да калды".

Шайырбек Эркин уулу
Шайырбек Эркин уулу

Орунча демекчи, бул ысымдын чоо-жайын жазуучу жана журналист Шайырбек Эркин уулу мындайча чечмелейт:

- Бирөөнүн ордуна келгенде ошентип атап койгон салт бар, айрыкча ушул Баткен жакта. Аңгеменин аталышы бекеринен эмес. Бүсараны Карачач кемпир өзүнүн кызы кылып, күйөөгө узатып атпайбы. Автор ошол кыска аңгемеге терең ойду, турмушту батырып койгон. Мындагы философия – бир адамдын турмушу камтылганы менен адамдар ортосундагы айтылбаган мээрими, арзуусу, жаркын, жарык мамилеси ачылып берет. Карачач кемпирдин кызынын ордуна башка эле келинди кыз кылып, аны кызынын ордуна күйөөгө узатышынын өзү эмне деген философия, эмне деген турмуштук сабак.

Бүсаранын улуулугу анын балдарга, күйөөсүнө жасаган мамилесинен билинип турат. Элдин сыйына татып отурат. Жазуучу мээрман аял аркылуу үй-бүлө үчүн өзүн садагага чапкан бийик адамгерчилик сапаттарды ачып берген. Мындай нерсе ар бир эле аялдын колунан келбейт, муну ар бир эле жазуучу жаза албайт. Топчугүл эженин аңгемелерин окуганда Баткендин өрүкзарын, шалы талааларын аралап кеткендей болосуң.

Бүсаранын тагдыр жолу башталган кезинен эле катаал да, татаал да чыккан. Алысыраак тууганы деген Карачач кемпирдин айткан-дегенине макул болуп, бейтааныш шарт-жагдайга көнүп, энелик милдетин чын дилден аткарууга бел байлайт, жетим калган балдарга апа, күйөөсүнүн “орунча” аялы болуп, турмуштун дагы бир сыноосунан өтөт.

“Бүсара буга териккен эмес. Ал бала-чакалуу, эрлүү болуп калганы үчүн баарынан да Карачач кемпирге ыраазы эле. Ал орунча болууга бар аракетин жасады. Карачач кемпирди өлөөр-өлгөнчө эне катары карап бакты. Энесинен эрте калган биринен бири кичинекей балдарды жакшы көрүп, мээримин төгүп чоңойтту. Бүсара баарына жакты, балдарга да, күйөөсүнө да, кемпирге да, айыл-апа, тууган-туушканга да. Ал өзүнүн “орунча” атына эбак көнүп бүткөн. Кокус күйөөсү аны өз атынан чакырып калса чоочуп кетчү. Анткени ал бир өтө маанилүү, олуттуу нерсени айтаарда же ачуусу келгенде муну өз атынан чакырып калчу. Жай учурда күйөөсү муну Бүсара дебейт эле”.

Жаңы үй-бүлөсүнүн оор түйшүгү Бүсаранын мойнуна түшөт, жаз келгени шалы эгип, үйдө ооруп жаткан күйөөсүн багып, баарына кайыл болуп турмуш арабасын жалгыз өзү тартат. Шалы эккен дыйкандын түйшүгүн автор мындайча сүрөттөйт:

Шалы талаасы, Баткен
Шалы талаасы, Баткен

“Ошол күнү жамгыр катуу жаады, күндүн күркүрөгөнү сайды жаңыртып, ага кошул кетмен көтөрүп ары-бери чуркаган шалыкерлердин бири-бирине кыйкыра сүйлөгөнү, шалыпаяны улам жиреп кирип келаткан албуут дарыя шоокуму бир заматта бир айыл элин чакчелекейге салды.

Али бой жете элек эки өспүрүм уулдары менен шалыпаясын селден коргоп, улам балдары сайдан ташыган таштарды шалы четине тизип, аларды чым менен бекитип, кара терге түшүп жаткан Бүсаранын оюнан үйдө төшөктө ооруп жаткан эри кетпей турду. Жарым жылдан бери ооруйт, айыгып кетээр бекен? Кара ишке жарабай калды. Күн санап алдан тайып баратат. Кетмени менен чым оодарып жаткан Бүсаранын колдору өзүнүкү эместей, кыймылы башка, кетмени улам колунан ыргыйт, башындагы жоолугу сыйгаланып бетине түшөт, буттары баткакка тайгаланат, жаны жер тартат. Бирок жаан жаап, баары жапа тырмак күрүч камын жеп жатса бу кантип отуруп алат. Баари бир ал күч менен боюн жыйнап, элге окшоп шалыпаясынын четтерин бекемдей берди. Тегерегиндегилерге сыр алдырбады”.

Жазуучу жөнөкөй турмуштук деталдар аркылуу каармандын психологиялык абалын ачканга уста. Ошондой эпизоддордун бири.

“- Бүсара, бери болчу… – Күйөөсү каргылданган үнү менен тилин араң күрмөгөндөй сезилди. Келин эрине “жалт” карады да жүрөгү аңтарылып кетти. Анын көздөрү башкача эле. Ал аялын ушундай бир карады дейсиз, анда ага деген мээрим да, ыраазылык да, жакшы көрүү да, коштошуу да баары, баары турду… Бүсара бул көздөрдү карай албай күйөөсүнүн жаздыгынын четине бети менен кулады. Үнсүз ыйлай берди. Өлүм алдында жаткан эркек аялынын суу болгон чачтарынан шалыпаянын жытын туйду, дайра боюнун шамалын сезди. Шалдыраган денеси чыйрала түштү”.

Күйөөсү ооруканага кетип баратып айылдаштарына дагы бир аманатын айтат:

“Агайын туугандар, не бар, не жок, чакырганым, мындан ары менин аялымды “орунча” дебей өз ысымынан “Бүсара” деп айтып жүргүлө, Бүсара орунчадан өзгө айланды. Силерден өтүнүчүм да, айтаар керээзим да ушул… – Ушул сөздөрүн эптеп айткан күйөөсү ооруканага баргандан кийин көп өтпөй каза болду”.

Он жылдай чогуу жашап калган күйөөсүнүн акыркы сөзүн аткарып Бүсара балдарын чоңойтуп, аларга эне болуп, аялдык милдетин так аткарат. Бирок айылдаштарынын ага коюлган “орунча” деген аты жоголбой, кийин кемпир болуп каза болгондо да “Орунча” өлүптүр деген кабар тарайт.

Өрүк-эне

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров Топчугүл Шайдулаеванын чыгармаларынын негизинде кыска метраждуу көркөм тасма жаратуунун камында жүрөт. Анын пикиринде, Шайдулаеванын аңгемелеринде кызыктуу адам тагдырлары чагылдырылган.

Темир Бирназаров
Темир Бирназаров

- Биздин реалдуулукту психологиялык жагынан кылдат ачып берет. Ар бир чыгармасында тагдыр бар. Ушунусу менен айырмаланат. Кичинекей окуя аркылуу жазуучу каармандын дүйнөсүн, ошол мезгилдин мүнөзүн ачып, ошонусу менен башкалардан айырмаланат. Анын аңгемелеринин баары эле сонун. Маселен, “Өрүк-эне” аңгемесинде эне-кыздын тагдыры өрүк менен символдоштурулуп берилет. Мындай теманы кыргыз же дүйнөлүк адабияттан мен жолуктура элекмин. Кичинекей “Азапка салган айыз” деген аңгемеси бар. Эми мындай теманы жазыш үчүн кыздын азабын, психологиялык толгонууларын, кыйналган жан дүйнөсүн мыкты билиш керек. Ушул дүйнөлүк кинодо козголо элек тема.

Эженин аңгемелерин кыска метраждуу кино кылып тартсак деп ойлоп жүрөм. Жакында “Көрүстөндө” деген чыгармасын окуп калдым. Жазуучу аялдардын, өзгөчө кыздардын турмушун кылдат, ишенимдүү чагылдырат. Биз миграция тууралуу бир чыгарма тартсакпы деп ишти баштадык эле. Ал качан ишке ашары белгисиз, каражат деген кармап турат. Жазуучунун чыгармалары негизинен аялдар жөнүндө. Жүүнү бош эркектердин аркасында аялдар турат. Ошол аялдар өздөрүн курмандыкка чалып жиберишет. Турмушта андайлар көп. Мунун баары турмушту, аны кантип чагылдырууну мыкты билгендиктин натыйжасы.

Улут адабиятында буга чейин терең чагылдырыла элек өрүкзарлуу өрөөндүн көркөм дүйнөсү Топчугүл Шайдулаеванын аңгемелери аркылуу окурмандын көз алдынан өтөт. Бажырайып ачылган өрүк гүлдөрү, ары оонап – бери оонап агып аткан чоң дайранын боюнда шахмат сындуу чакмактарга бөлүнгөн шалыпая, мээнеткеч элдин күндөлүк түйшүгүнө жашырылган кайталангыс адам тагдырлары көркөм дүйнө катары экинчи өмүрүн өтөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG