Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Сарымсак менен Асылбек кайтпай калышты


"Күтүү", Асатилла Тешебаев.
"Күтүү", Асатилла Тешебаев.

Кыргыз аңгемесинин гүлдөө доору өткөн кылымдын 60–70-жылдарына туура келди. Жунай Мавляновдун көпчүлүк аңгемелери да ушул кезде жарыкка чыкты. Автордун айтылуу “Нан” аңгемеси 1956-жылы жазылган. Жазуучунун кийинки чыгармачылык багытын аныктап, согуш жана адам темасын дагы тереңдетип, көркөм-психологиялык өңүттөрүн терең иликтөө ушул чакан аңгемеден башталган.

Кертилген нан, үмүтү үзүлбөгөн эне

Жунай Мавлянов 1923-жылы Аксынын Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. Анын алгачкы чыгармалары согуштан кийинки жылдары жарыялана баштаган.

Узак жылдарга созулган чыгармачылык өмүрүндө жазуучунун адам жана согуш темасынын ар кыл өңүттөрүн иликтеген бир топ чыгармалары жарыяланды, алардын көбү чет тилдерге которулган.

Согуш жана адам темасын иликтеген “Ачык асман”, “Бийиктик”, “Кайрымсыз жылдар” романдары баш болгон аңгеме, повесттерин жараткан.

“Кайрымсыз жылдар” - жазуучунун өмүрүнүн соңку жылдарында жараткан ири туундусу. Согуш учуруна туш келген жаш адамдын жашоо-турмушун баштагыдай жаап-жашырбай, кыйла эле ачык сүрөттөгөн чыгармасы коомдук турмушта карама-каршылыктуу өзгөрүүлөр күчөп, адабиятка баштагыдай көңүл бурулбай калган убакта чыккан үчүнбү, негедир ошол кездеги адабият сынчыларынын баамына урунбады.

Жунай Мавлянов
Жунай Мавлянов

Автобиографиялык өң-түс алып кеткен ал чыгармада жазуучу окууну бутүп келгенден кийин алыскы айылда мугалимдик кылып, кантип согушка аттанганы, ошол кездеги элдин оор турмушу чагылдырылган болчу. Бул тема Жунай Мавляновдун чыгармачылыгынын негизги темасы болуп калды окшойт. Анын роман, повесть, аңгемелеринен совет элинин башына түшкөн оор мүшкүл, эр жигиттердин кан майданда курман болушу, калабадан аман келгендеринин өз жериндеги оор турмушу, ар кыл адам тагдырлары, кан майдандын алыскы кыргыз жериндеги жаңырыктары жеке адамдын тагдыры аркылуу баяндалат.

Жунай Мавлянов оболу адабият күйөрмандарына акын катары таанылып, удаа чыккан үч ыр жыйнагынан соң жалаң кара сөзгө көчүп, «Бекиш, сага эмне болду?» (1964), «Күтүү» (1966), «Менин күндөлүгүм» (1967), «Келе, колуңду» (1969), «Чагылган» (1972), «Нан» (1973), «Турмуш» (1979), «Эне» (1983), «Мен жана айылдаштарым» (1985) аттуу аңгеме, повесттерден куралган китептерин, «Ачык асман» (1972), «Бийиктик» (1977), «Кайрымсыз жылдар» (1995) романдарын жарыялаган. Ырдан кара сөзгө өтүү согуш апаатын ачык, ар тараптуу көрсөтүү зарылдыгынан улам чыккан, поэзия жазуучунун өз башынан өткөндөрүн кенен чагылдырууга мүмкүнчүлүк бере албагандыктан ал ушундай ишке өткөн болуш керек.

“Нан” аңгемеси тууралуу кеп кылардан мурда согуш темасынын кыргыз адабиятында чагылдырылышына кыскача токтоло кетүү зарыл. Белгилүү болгондой, сталиндик башкаруунун тушунда адабиятта “конфликтсиз теория” үстөмдүк кылып, советтик турмуш чындыгы жасалма көрсөтүлгөн. "Советтик турмушта карама-каршылык жок, жакшы адам менен эң жакшы адамдын ортосунда гана азыноолак түшүнбөстүк болушу мүмкүн, коммунизмди куруучу адамдын моралдык сапаты бийик" деген дымактуу идеологиялык түшүнүк үстөмдүк кылган. Ошон үчүн советтик аскерлер кан майданда коркок, акылы кем душманды оңой эле жеңип, кан майдандан кучак толо жеңиш менен кайткан маанайы шат жоокердин образы алдыңкы планга чыккан.

Жунай Мавляновдун аңгемесинде согушка үч уулун жөнөтүп, эки уулунан ажырап, өмүрү өткөнчө кан майдандан кайтпай калган балдарын күтүп жашаган эненин арманы баяндалган. Аңгемедеги окуялар айылдагы жөн-жай турмушту сүрөттөөдөн башталып, эски-жаңы үйлөрдүн таржымалына барып такалат. Жазуучу эски үйлөрдү бузуп, жаңысын салуу айылдыктардын ар биринин өз алдынча тарыхына, улуу муундун артында калган эстелигине байланышып кетээрине атайын басым жасайт.

“Жаныбек азыр бооруна кысып турган нандын четинен үч жери кетилген. Анын экөө улуу агаларынын тиши тийген жер. Үчүнчүсү – өзүнүкү.
Бу нанды Бүбүш апа өзү жаап, өз колу менен биринчи жолу тун баласы Сарымсак кан майданга жөнөп жатканда ат жалына сунган:
– Четинен тиштеп кой, балам! Ылайым туз-насибиң өз үйүңөн буюрсун!
Ушул тилек менен экинчи уулу Асылбекти, кийинчерээк Жаныбегин атказган. Жок, эненин тилегениндей болбой калды. Ал тилек кылгандай Сарымсак менен Асылбек кайрылып келип, эне колу сунган алиги нандан тиштебей калышты. Урушка жетпей кенже баласы Жаныбек гана кайрылып, бул үйдөн кайра даам татты, бирок аны эне көрбөй калды. Жеңиш жылы төрт жыл бою тиктеген анын көзү түбөлүккө жумулган болучу”.

Жунай Мавлянов - согушка катышып, анын азап-тозогун өз башынан өткөргөн жоокер жазуучу. Калемгердин “Ачык асман”, “Кайрымсыз жылдар” романында, повесть, аңгемелеринде согуш өксүгү жакындарынан айрылган айылдыктардын арылгыс арманы катары кемелине келтире сүрөттөлгөн. Маселен, “Бекиш, сага эмне болду?” аңгемесинде согуштан оор жарадар болуп келген жигиттин арманы, “Жалгыз бутактуу арча” повестинде майданга кеткен жарын күтө албаган аялдын өз жанын өзү кыйышы, “Сартбай” аңгемесинде айылдаштарына жакшылык кылуудан башканы ойлобогон март адамдын кан майдандан кайтпай калышы өкүнүч менен эскерилет.

"Жунай аке мырза киши болчу"

“Нан” аңгемесинде автор согуштан кайтып келген жигиттин жаңы үй курууга киришүүсүнүн турмуштук зарылдыгына кенен-кесири токтолот. Жөнөкөй турмуштук эпизоддон автордук идеянын маани-мазмуну ачыкка чыгат. Согуштун адамга алып келген азап-тозогу дагы бир сыйра эскертилет. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда, Жунай Мавляновдун согуш темасына кайрылбаган чыгармасын табыш мүмкүн эмес.

- Ал кишини жазуучу катары да мен жакшы билем. Жунай аке согушка катышып, ага канын берип келгендердин бири, жоокер жазуучу бир бутун кан майданга таштап келген. Бул жакта жоокерлерге нан даярдап, курал-жарагын жасап берип турган ооруктагылар аябай азап чегишкен. Бул жакта калгандарга нан жетпей, машак терип, ал үчүн канчалары катуу жазаланып, нандын улуу мааниси ушундай катаал мезгилде аябай билинет экен. “Нан” аңгемесинин борбордук “Огонёк” журналына чыгышы, сыйлыкка татыктуу болушу анын ооруктагы турмушту да мыкты билгенин айгинелейт. Мен көп эле мыкты жазуучуларды көрдүм, чыгармасы укмуш, бирок мүнөзү начар. Жунай аке мырза киши болчу, ал турмушта да, чыгармасында да мыкты болчу.

Согуш аяктаганына кыйла жыл болуп, эл турмушу кадыресе оңолуп калган учур. Жашоо-турмушу жакшыра баштаган эл жаңы үй салууга киришет.

"Сызда туулуп, сызда жатып өлөт экенбиз да"

Согуш алдында айылдагы жакшы үй Карабайдын гана үйү болчу. Шыбы фанерленген, айнектери чоң, бышкан кыштан салынган ал үйгө ал учурда суктанбаган айылдыктар жок болсо керек.

“Учурунда кимдер ага суктанбады дейсиң. «Бу дүйнөгө устун болуп калбагандан кийин, жарым күн болсо да, Карабайдыкындай үйдө жашаганга не жетсин!

Асты такта, шыбы фанер, туш-тарабы терезе… ичи-тышы аппак. Кирген кишинин баари ачылат. Үй болбосоң коё кал. Колунан иш келбесе да, Карабайдын зайыбынын ырысы бар неме экен». Карабайдын ушул үйү бүткөндө анын какондосуна барып келген күнкү таңдана айткан апасынын бул сөзү азыр анын кулагында угулгансыды”.

Жаныбектин апасы Бүбүш эне эле эмес, айылдагылардын баары ал үйгө ашык болчу.

“Чакырылбаса деле, Карабайдын бул үйүн көрүш үчүн дасторконуна эки нан болсо да ороп алып, өрүлүктөбөгөн катын бул айылда калбаган чыгар. Үйлөрүнө кайтып келгенден кийин алардын өз эрлерине сес көрсөткөнүн коё кал. Дасторконду ашкана жакка ыргытып жиберип: «Сызда туулуп, сызда жатып өлөт экенбиз да. Сат, уйду. Жетпесе, тиги эки эчкини кошо сат. Кара катык аш ичсек да, жарыгыраак үйдө олтуруп ичеличи, тирүүлөй көргө камалбай. Очокко от жаксаң, мурдуңан башка жериң жылыбаса. Сандалга отурсаң, бутуң ысыйт да, мурдуң какшайт. Ушул да турмушпу?» – деп, болбогон жерден буркан-шаркан түшкөн ичи тар аялдарын күйөөлөрү араң жоошуткандыгы тууралуу Жаныбек көп уккан”.

Улуу Ата Мекендик согуш башталарга жакын салынган Карабайдын үйү кийин анчалык деле мыкты, бары-жогу келишкен курулуш эместиги билинип, айылдагы эки бөлмө, алды сыз камыш үйлөргө караганда дурус дегидей үй автомат кучактап Европаны аралап келгендердин купулуна толбой калбадыбы.

“Тиги Батыш Европаны колуна мылтык кармап, жөө басып чыккан элдин тагдырын коргоочу кыргыз жигиттери да далайларды көрүп кайтпадыбы. Карабайдын үйүн адегенде шылдыңга айландыргандар да ошолор болду. "Ушул үйдүн эмнесин аваз кылдык экен, ошондо. Пайдубалын кара. Жерди ойбой-нетпей эле кирпич коё берген тура, кайран неме. Азыр көрчү, жайлоонун шүүдүрүмүн аралап мал издеген кишинин чапан этегиндей нымданганы нымданган. Ичине киргендер болсо, ышка карайып эски талдын кабыгындай дал-далынан кеткен фанерлерин, такыр жуулбагандыктан, жерге айланып калган тактайын көрүшөт да: «Байкуш Карабай далай жыл чоң болуп жүрдү эле, шып менен тактайды эч болбосо жыл аралатып майлатып койгонду билген эмес экен да. Зайыбычы – зайыбы. Тактанын үстүндө жатканды билген киши, аны жууп-тазалаганды эмне үчүн үйрөнүп албады экен?» – деп, анын өзүн жана үйүн аяп, сөз кылышат”.

Айыл элинин турмушу оңолгону үйүн жаңылап, тиричилигин жакшыртууга киришет. Алардын шылдыңына Карабай минтип жооп узатат: “Ар нерсе өз учурунда кооз. Убакыттын жылышы менен сулуулук да жашы өткөн кишидей көз кумарын кандырбай калат. Көрөм, силердин азыр макталып жаткан үйүңөрдү дагы, он беш-жыйырма жылдан кийин. Шаарларда газ менен ичи ысыган, өзүндө мончосу бар, ысык, муздак суусу үзүлбөй аккан үйлөр пайда болуп атыптыр. Газет окуйсуңарбы деги? Мына, ошол үйлөр бул айылга келгенде силердин көзүңөргө алтын сарай болуп көрүнгөн мобереки үйүңөр менин бул үйүмүн кейпин кийип калаары жөнүндө ойлодуңарбы?» – дечү теңтуштарынын ичиндеги жаштарына шылдыңдуу карап”.

Эски үйүн бузуп жаткан Жаныбек урандылардын арасынан таап алган ак баштыктагы нанды көрүп кыйын абалда калат. Далай жылдардан бери үйдүн шыбында илинип турчу нанды бапестеп, апасы өлгөндөн бери чаң жугузбай сактап келаткан согуштан кайтпай калган эки агасынан калган аялуу эстеликти минтип топурак арасынан таап алганы ага катуу тиет.

“Агалары менен энесинин ал эстелиги бут астында тепселип калганын көргөн Жаныбектин каңырыгы түтөй түштү: апасынын, уялаштарынын жыты ушул нанда сакталып калгандай аны бетине кармап жыттай берди эле, көз жашы чаңдуу жүзүнөн төмөн көздөй из салды. Ушул кезде нары жактан суу ичип чыккан Жеңишбек агасынын тиги абалын көрүп селт этти…
Эки жарым айдан кийин ак калтага салынган нан жаңы үйдүн шыбынан кайра орун алды…”

Эскинин ордуна курулган жаңы үйдө Бүбүш энеден калган нандын илиниши символикалык маани-мазмунга ээ.

Эне согушту жек көрөт

Өткөндү эскерүү, ортолук байланышты улантуу “Нан” аңгемесинин сюжеттик лейтмотивин түзөт. Профессор Сулайман Рысбаев Жунай Мавлянов бул чыгармасында согуш тууралуу элдик түшүнүктүн эсте каларлык символун таап алган деген пикирде.

- Согушка кетип аткан адамдын артында калгандары, жакындары кантип узатышат, кантип тосуп алышат, кан майдандан кайтпай калса кантип эскеришет – ушунун баары чоң маселе да. Согуш темасын ар кыл өңүттө козгогон Жунай Мавляновдун “Нан” аңгемеси өзгөчө орунда турат. Аңгемеде эненин согушту жек көргөндүгү баяндалган. Кыргыз эне балдарын "кайра туулган жерине келсе экен, насип кылган ырыскысын кайрылып келип дагы ооз тийсин" деп нандан ооз тийгизип узатып жатат. "Туз-насип буйруп кайтып келсин" деп, балдары тиштеп кеткен нанды бекем сактап, "ырыскыңар ушул нан болсун" деп күтүп отурбайбы.

Жунай Мавлянов айылдык адамдардын жай турмушун капыс жерден бузуп салган согуштун жеке адамга алып келген азап-тозогун, оор сыноого биротоло чөгүп калбай, жашоо-тиричилигин улантып жаткан майтарылгыс эркин психологиялык ынанымдуу эпизоддор менен көрсөтүүгө уста. Жазуучунун ар бир чыгармасынан айыл адамдарынын кайталангыс тагдыры, катаал учурга баш бербей, адамдык ариет-намысын бийик тутуп жашаган улуулугун көрүүгө болот.

Кан майдандан кайтып келгенден кийин Жунай Мавлянов бир топ жыл айылда жашап, билим берүү тармагында иштеген. Автор үчүн адабий каарман издөө проблемасы болбосо деле керек. Анткени ал каармандары менен чогуу жашаган, күн сайын көрүп-угуп жүргөн адамдардын жашоо-турмушун көркөм дүйнөгө “көчүрүү” анын чыгармачылыгына түгөнгүс азык болуп берген. Бекеринен автордун китептеринин бири “Мен жана айылдаштарым” деп аталбаса керек. 1960-жылдардын ортосунда башкалаага келип чыгармачыл уюмдун жетекчиси, кийинчерээк “Мугалимдер газетасынын” редактору болуп турган кезинде деле Жунай Мавлянов сырдакана темасынан алыстаган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG