Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:19

30-жылдардагы сталиндик кандуу репрессияны улай келген Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон балдарды атасыз калтырды. Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинде атасын эңсеген тестиердин өксүгү, каргадай кезинде катаал турмушка туш келген баланын арман-асирети баяндалган. Атаны күтүү, атаны эңсөө - автордун өзү башынан кечирген оор мүшкүл. Аны бийик адабияттын деңгээлине алып чыгуу Айтматов сындуу көркөм сөз чеберинин гана колунан келчү иш.

Атасын ал кинодон көрдү

Чыңгыз Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларында бешиктен бели чыга электе катаал турмушка кабылган балдар, атасынан айрылган тестиерлердин арман-кайгысы алдыңкы планга чыгып, катаал заман баяндалат. Толгонайды ээрчиген Жанболот, “Аксай десантынын” башчысы Султанмураттын бөрү этектеген замандагы күрөшү, ата-энесинен тирүүлөй ажыраган Бала - санай берсе четинен чыга берчү кичинекей каармандардын оор тагдырлары.

"Ата-Бейит" мемориалы.
"Ата-Бейит" мемориалы.

Атадан айрылууну, өмүр бою өкүт болуп калган арманды, каргадай баланы каптаган кайгыны Чыңгыз Айтматов өзү башынан кечирген. Жазыксыз атылып кеткен атасы бир күнү кирип келчүдөй эчен жылдар үмүт менен жашаган. Ошол сезим, ошол арман атасы кан майданга аттанган кезде курсакта калган алты жаштагы Авалбекте да бар болчу. Тек ал оюнкараак курагында ата деген сезим кандай оор болорун биле элек кезде эле.

Чыңгыз Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси кадимки баяндоо менен башталып, сюжеттин өнүгүшү жай турмуш көрүнүштөрүнө бурулат:

- Өз атасын ал биринчи жолу кинодон көрдү. Анда беш-алты жашар эселек чагы. Бул окуя тээ кыштактын сыртында агарып турган чоң кашарда жүн кыркында болгон иш. Совхоздун жүн кыркымы жылыга ушул жерде өткөрүлчү. Камыш менен жабылган төбөсү кийин шиферге алмаштырылганы болбосо, чоң кашар азыр да ордунда, адырдан түшө берген этекте, жол боюнда турат.

Мында ал энесин ээрчип ойноп келер эле. Энеси Жээнгүл, совхоздогу почта бөлүмүнүн телефонисткасы, ар жылы жай башталары менен кыркынчы болуп иштей турган. Аны үчүн Жээнгүл отпускасын алып, ага кошумча кош айдоо, туут маалында эртеден-кечке: "Алоо эле! Алоо!”— деп алоолоп туш-туштан жабалактаган ашыгыш кабарларды, буйруктарды, кала берсе сен-мен дешкен айтышууларды бирине-бирин токтотпой тезинен байланыштырып, дем алышсыз иштеген күндөрү, түндөрү үчүн убактысын эселеп, кыркын башталары менен аягына чейин күнүн коё бербей келип иштеп жүрчү...

"Оңой бекен жан бакмак" дегендей, жалгыз бой жесир аял ушуну менен эптеп түзүгүрөөк оокат кылуунун далалатында. Жүн кыркуунун акысы - иштеген эмгегине жараша эмеспи. Көп иштесең - көп, аз иштесең - аз аласың. Кышкы камын Жээнгүл чынында ушул жерден таба турган. Бир үйдө эки жан болсо да, отун-суу, кийим-кечек сыяктуу үй тиричилигинин эсеби бүтөбү...

Баласын таштар кишиси болбогон соң, Жээн­гүл аны кыркынга ала барар эле”.

Аңгемеде согуштан кийинки оор турмуш сүрөттөлгөн. Жалгыз уулу менен калган келин оордугуна карабай кыркынга келген. Энеси жумушта жүргөндө Авалбекке жыргал. Койчуларга жардамдашып, балдар менен ойноп, араба-машиналарга жармашып кой айдап, “бака-шака дүйнөнүн кызыгына батып, керели-кечке өзүнө окшоп ээрчий келген балдар менен карала-торала болуп ойногону-ойногон”.

Кино согуш жөнүндө экен

Анан ошондой күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип, аны элден мурда Авалбек көрөт. Көрүп эле тим калбай, элдин баарына бул жаңылыкты кабарлап чыгат. Жазуучу алдыда боло турган окуяны шашпай баяндап, сюжеттин кульминациялык чекитине жакындайт.

“Кино согуш жөнүндө экен.

Кашардын дубалына илинген аппак кездеменин үстүндө кымкуут салгылашуу жайнап жатып калды. Замбирек снаряддары жер челип, кулак тундура жа­рылып, удаа-удаа асманга ышкырына сызылган ракеталар түн караңгысын бир оокумга ийне көрүнчүдөй жапжарык тутандыра, боортоктоп жылган чалгынчылар жаткан жерин кулачтай селейип, кара түн, кара жер, кара асман астын-үстүн чатышып, сапырылып жатты. Ал эми пулемёттор жаакташа тытырап ок жаадырчы болсо — баланын жүрөгү алып учуп, аптыккан деми колкосуна тыгылат. Мына согуш деп ушуну айт! Мына согуш десе!

Энеси экөө жүн салынган кендир каптын үстүнө өйдөрөөк чыгып отурушкан эле. Элдин артында болсо да бул тараптан экран жакшы көрүнгөн. Авалбектин өз оюна койгондо, ал сөзсүз так экрандын түбүнө, совхоздон жетип келген өз курдуу балдарга аралашып отурмак. Ошол алдыңкы катарга кетүүгө аракеттенип да көрдү аздап, бирок Жээнгүл анысына көнбөдү:

- Жетет, безерман, керели-кечке дикилдейсиң, отур жаныма,—деп алдына алып, кучактап отурду”.

Аңгемеде кино көрүүчүлөрдүн экранда жүрүп жаткан окуяга карата мамилесине өзгөчө көңүл бурулат. Жамандык-жакшылыкты көп көргөн эл кинону өзүнө абдан эле жакын кабыл алат. Аны артта эненин үшкүрүгүнөн, танканын ок атар оозу бери бурулганда Жээнгүлдүн баласын бооруна бекем кысканынан, тообасын келтирип элейип отурган аялдын абалынан улам байкоого болот. Алардын катарында отурган Авалбек үчүн кинодогу окуялар - тек оюн, мадырабаштар күндө ойногон эле кадимки согуш оюну.

“Авалбек деген тигилердей жүрөксүз беле. Түк бир коркуп да койгон жок. Ал түгүл ичтен шаттанып да жатты: фашисттер жалп-жалп этип тоголонгондо. Ал эми биздикилер куласа, алар бир аздан кийин туруп кетчүдөй ишенимде болду.

Жо, деги согушта жүргөн кишилердин окко учканы өзүнчө бир тамаша. Куду согуш ойногон балдардын жыгылганындай кулашат. Андай кулаганды ал өзү деле эч кимден кем келтирбейт. Чуркап бара жатып, бутка бирөө тепкендей, оңко-чоңко атып сулап калат. Ырас, жер катуу эле болот, тийген жериң аябай эле ачышат. Анткен менен кайра тура калып, кайра чабуулга кирсең, ооруган жериңди унутуп каласьң. Айырмасы — тигилер дароо тура калбай, бүк түшүп жата берет экен.

Авалбек окко учуунун башкача да түрүн биле турган. Мисалы, айталы, ичке ок тийди. Мындай учурда алигидей тапатандан кетиш жарабайт. Адегенде ичти мыкчый кармап, анан бети-башыңды тырыштырып, тишиңди кычыратып, кускуң келгендей улам эңкейип, улам теңселе берип, анан шалак этип колдон куралды түшүрүп, ошондон кийин жыгылыш керек. Мындайда өзү бир аз жата түшүп, “жок, мен өлгөн жокмун” деп, тура жүгүрүп согушка кирер эле. Тигилер болсо турбай жата берет экен. Айырмасы ошол.”

“Тигиногу сенин атаң...”

Жазуучу согуш каарын сезген улуу муун менен катаал турмушка жаңыдан аралашып аткан баланын ортосундагы айырмалуу дүйнөгө абай салып, чиелешип бараткан окуянын өзөк жибин андан ары улайт. Кан майдандын көркөмдөштүрүлгөн сүрөтү же илим тилинде айтылчу “экинчи дүйнөнү” элеттиктер чын дилден кабыл алып, анын кызыгына арбалып, экрандагыларды нака турмуштун өзү катары кабылдашат. Ошон үчүн экрандагы кыргыз ырайлуу жоокерди энеси “сенин атаң” деп атпайбы.

“Замбирекчилер жети-сегиз адам экен. Арасында кебете-иреңи кыргызга окшогон бирөө (а балким, ал тек гана кандаш элдерден чыгар), экранда улам көрсөтүлүп көзгө жылуу учурай берди. "Атам экен" деп бала аны эч убакытта ойлобос беле, мындай ишти өзү капарына да албас беле... кандай десе болот... Энеси. Баарын энеси кылды.

- Тигиногу сенин атаң, - деп койду ал бир убакыт­та, баланын кулагына шыбырап.

Ушундан баштап жанагы замбирекчи Авалбектин атасы болду. Ушундан баштап кино анын атасы жөнүндөгү киного айланды. Совхоздо эле жүргөн жигиттер курдуу атасы жапжаш неме экен. Тыгырчыгынан келген, тоголок жүздүү, курч тиктеген көздөрү, көө, кир болгон бетинде жалт-жалт этип чагылат. Бала анын ачуулуу кабак-кашын, кашкайган тиштерин, башындагы темир каскасын, ыйыгындагы погондорун - баарын тең байкап отурду. Атасы мышыктай чапчаң экенине да баа берди. Мына азыр эле замбиректин дөңгөлөгүн карысына сала тирей берип, өзү артына чап кайрылып, алда кимге катуу кыйкырды: "Снаряддарды токтотпогула! Тез! Тез!”

- Апа, менин атам ушубу? - деди бала. Жээнгүл түшүнө бербей:

- Тынч отур. Алаксытпа,- деп койду.

- Менин атам дебедиңби өзүң.

- Ийи ошол. Жөн отурчу деги. Кишилер урушат.

Аттиң десе, эмне үчүн ушинтип айтты болду экен?

"Атадан калган туяк" фильминен көрүнүш. kino-teatr.ru сайтынан алынган сүрөт.
"Атадан калган туяк" фильминен көрүнүш. kino-teatr.ru сайтынан алынган сүрөт.

Көңүлү миң бөлүнүп, согушта мерт болгон теңин эстеп, ошого кайра күйүп, кайра санааркап, оозунан кокус чыгып кетти бекен? Же анчейин эле кайдыгер сүйлөп койду бекен? Же алда кандай кылт эткен оюна алданып, "Тигиногу сенин атаң" дегени, атасы аскерге кеткенде боюнда калып, дүйнөгө көз жарганы, ата дегенди билбеген, укпаган чунак бала кинодон көрүп болсо да элестетип жүрсүн дегениби?

А тиги эси жок энесинин айтканына ошол замат ишенди. Ошол замат сүйүнүп, ошол замат жүрөгү дүкүлдөп, ошол замат атага деген мээрими делебесин козгоду. Жоокер атасы менен кайсы уул мактанбасын. "Мына менин атам!”— деп көңүлүндө мактана кетти. Мына, ата деген ушул! Атасы жок жалгыз деп кордогон балдар эми көрүп алсын! Эми алар тийип гана көрсүн! Ушунда отурган чабандар да билсин, көрсүн.”

Авалбектин апасынан уккан жаңылыгы анын буга чейинки бир түстүү турмушун жаңыртып, башкача өң, башкача түс берет.

“Мына эми ал да аталуу болуп чыкты. Энеси: "Тигиногу сенин атаң",— дегенден бери, экрандагы солдат анын атасы болду. Ушуга эч шек койбой ишенип, бала атасына чын дили менен жан тартып эреркеп отурду. Мурда билип көрбөгөн аталуу балалыктын даамын ал эми оозанды. Атасынын бардык жүргөн-турганын жактырып ичи элжиреп, аны үйдөгү айнектин астында илинип турган өз атасынын сүрөтүнө айнытпай окшоштуруп жатты. Мурду, кашы, көзү — бүт эле өзү...

Жан ынтаасы менен тигиле, баланын азыр карап отурганын билгендей, анын атасы да кинодогу учкундай кыска өмүрүндө, өзүн эч убакта эстен кеткистей, кийин баласы сыймыктана тургандай жоокер кайратын кан майданда, эл алдында көрсөттү. Авалбек согуштун оюнчук эмес экенин эми сезди, окко учкан адамдын кулаганы тамаша эмес экенине да көзү жетти. Жоонун түрү каардуу, айбаттуу болуп бара жатты. Азыр эле тапкан атасы кантер экен деп, мына ошондо жакын кишиси үчүн мурда баштан өтпөгөн коркунуч тууп, ал коркунуч баланын жүрөгүн камады.”

Бир сааттан ашуун убакытка созулчу кино аяктагыча бала согуш деген эмне экенин, жакын адамынан ажыроо коркунучун сезип-туюп, атанын ушунчалык жакындыгын сезет.

“Ата, бол эртерээк!”

Чыңгыз Айтматовдун сыйкырдуу реализми окуяны кадыресе турмуштук ыңгайга которот.

“Киноаппарат чыртылдап, согуш жүрө берди. Нары жакта каптап келе жаткан кылка танкалар көрүндү. Шакылдаган чоюн каз тамандары удургута топурак шилеп, ок атар тумшуктары алдыга сунулуп, өңгүл-дөңгүл аңызда өйдө-төмөн килеңдеп, болот кийген кара күчтүн күркүрөп келе жатканы сүрдүү да, шаңдуу да. Танкалар көтөргөн чаң алардын артынан ээрчип, кайнап келе жатты. А биздин үркөрдөй болгон топ аскер жалгыз замбирегин сүйрөшүп, ал кезде сай кырына чыгууга жакын калышкан. Аз эле жер калган экен. Аны көрүп Авалбектин дити качып: "Ата, бол эртерээк! Бол. Биртике эле калды. Биртике эле. Карачы танкалар келе жатат. Танкалар!" — деп атасын шаштырып сүрөп жатты.

Мына замбирек да кырга чыкты. Замбирекчилер аны майда бадалдын четине бура тартышып, танкалардын жолун тороп, ок ата башташты. Бир аздан соң танкалар да ок кайрышты. Алар көп экен. Танкалардын суук түрүнөн үрөй учат...

Атышуу кызыды. Өз кыялында Авалбек атасы менен кошо өрт жалынды аралап, салгылашууда жүргөнсүп жатты. Немецтин танкалары кара түтүнгө чулганып, каз тамандары быркырап, эки көзү оюлган дөөдөй албууттанып, ордунан жылбай калганда, энесинин алдына отурган бала кубанганынан тыбырчылап, туйлап жатты. Ал эми биздин замбирекчилер жарылган снаряддардын сыныгы тийип жыгылганда, бала боюн жыйрып, томсоруп калып отурду. Замбирекчилер четинен кулап, азая бер­ди. Эненин бети ысык жашка нымданып, күйүп чыкты.”

Авалбектин оюна койсо атасы жалгыз өзү душмандарды талкалап, кан майдандан аман чыгышы керек эле.

“Балдар, менин атамдын өлгөнүн көрдүңөрбү?”

Бирок да танкалардын снарядынан советтик жоокерлердин замбиреги талкаланып, Авалбектин атасы жарадар болуп, апачык өлүмгө бет алып, күркүрөп-шаркырап келе жаткан танкаларга карай ынтылганын көрүп аны карап отургандар “дүр” дей түшөт.

“Жээнгүл баланын колун бекем мыкчып жиберди. Бала атасына жетүүгө умтулуп, атасын көздөй жулунду. Дал ошол учурда танканын пулемет атар оозунан шалактаган ок төгүлүп, Авалбектин атасы кыйган теректей сулады. Ал эки-үч ала-сала оодарылып, турууга жүткүнүп, анан чалкадан түшүп, эки колун эки жагына таштап жатып калды...”

Ушул жерге келгенде кино токтоп, отургандар кино дүйнөсүнөн өз дүйнөсүнө кайтып, эсин жыялекте Авалбектин кыйкырыгы чыгат:

“ - Балдар, менин атамдын өлгөнүн көрдүңөрбү? Ал менин атам болчу! Көрдүңөрбү, менин атам...

Кишилер жапырт кайрылып, эмне болуп кеткенин аңдабай айраң-таң болушту. Отурган каптын үстүнөн тоголоно жүгүргөн Авалбек, экрандын жанында, алдыңкы катарда жайланган орток балдарына шаттанып чуркап бара жатты. Алардын пикири ал үчүн баарынан да кымбат болчу. Бир топко чейин кашардагы көпчүлүктүн арасын оңтойсуз жымжырттык басты. Отургандар дале эмне болуп кеткенин туя бербей, бул эси жок баланын эмнеге мынча сүйүнгөнү кишилерге жетпей жатты. Өмүрү атасын көрбөгөн балага бул учурда атасынын өлүмү да (мейли кинодо, мейли кандай жагдайда болсо да) анын атасы бардыгын далилдеген майрам эле. Муну эч ким түшүнбөй, баары тең ийнин кагышып, кыжаалат. Киномеханиктин колунан лентанын тунике кутусу жерге түшүп кетип, каңгыр этип экиге бөлүнүп тоголонду. Эч ким ага көңүл бурган жок, киномеханиктин өзү да туникелерди ала койбоду”.

Баланын жаңылыгын чоңдор түшүнгөнү менен, курбалдаштары түшүнбөй, балдардын бири ачуу чындыкты алдыга жаят:

“ - Ал сенин атаң эмес. Эмне кыйкырасың? Түк да сенин атаң эмес, ал артист. Ишенбесең, тигиногу киночунун өзүнөн сура.

Иштин жайын сезе калган эстүү-баштуулар атасыз баланын жасап алган таттуу да, ачуу да алданмасын бүлдүргүсү келбей, "жок, ал сенин атаң эмес, башка" дегенге ооздору барбай, балдардын талашына аралашпады. Кантсе да чындыкты кино алып келген чоочун жигит өзү айтсын дегенчелик кылып, баары тең киномеханикке бет алып, күтүп калышты. Тигил да кийлигишпеди. Aппаратын оңдомуш болуп жатты.

- Жок, ал менин атам болчу, менин атам! — дей берди ызага туталанган Авалбек.

- Кайсынысы эле сенин атаң? Айтчы, кайсынысы эле? - деп алиги окуучу бала да тилин тартпады.

- Сен көргөн жоксуңбу? Менин атам гранатты алып танкага минтип... Анан минтип жыгылбадыбы! - Авалбек боюн жерге таштап, атасынын кандайча окко учканын көрсөттү. Дал өзүндөй келтирип, эки-үч ала-сала оодарылып, анан чалкадан түшүп, экрандын алдында эки колун эки жакка таштап, өлгөн жоокердей жатып калды.

Отургандар айласыздан дуу жарылып күлүп жиберишти:

- Ой бул артист турбайбы!

- Ой, жоругуң түшкүр!..

Бирок Авалбек күлгөн жок. Былк этпей, баатыр атасынын кейпин кийгендей, ошол калыбында экрандын бери четинде сулап жатты.

Күлкү тыйыла калып, кашардын ичин дагы да жүрөк өйүткөн дым басты.

- Э, Жээнгүл,— деди баягы "тообалап" кино көргөн аял. Анын үнү каргылданып, титиреди. — Эмне шал болуп отурасың? Карабайсыңбы тетиги баланы!

Эми элдин баары Жээнгүл жакка бурулду. Анын көзүнө жаш алып, унчукпай эрдин бек кымтып, түз басканын узата карашты. Жээнгүл баланын жанына келди да, аны өйдө тургузуп:

- Жүр, балам, жүрөгой. Ошол сенин атаң, - деп акырын айтып, аны колунан жетелеп тышка чыгып кетти.

Ушинтип алар кинону да аягына чейин көрүшкөн жок

Ай өйдөлөп калган экен. Төбөдө да, капталда да бейкут жылдыздар бейкут бетпагып, бул дүйнөдөн эч бир кабары жоктой — алыста. Бозомук түндүн аралыгында тээ бийикте тунарыңкы агарган зор тоолор да суз.

Бери четте совхоздун оттору үлпүлдөп, андан ары өлчөмсүз чоң талаа туңгуюктанып, караңгы көл сыяктуу көөшүлүп жатыптыр.

Алар үйүнө кайтып бара жатышты. Энеси унчуккан жок, ал да унчукпады. Бул саатта энеси эмне ойлоп бара жатканын бала билбеди. Тек гана жана көргөн атасын эсинен чыгаралбай, кичинекей муштумдарын кекене түйүп, жанында басып бара жатты. Бүгүнтөн баш­тап ал ата жолуна түшкөнүн билелек эле, атадан калган жалгыз туяк экенин билелек эле...”

“Атадан калган туяк” - Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолундагы “Жамийла”, “Гулсарат”, “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кассандра тамгасы”, “Тоолор ураганда” сындуу дүйнөгө таанымал чыгармаларынын катарында адам жана согуш, балалыгы кан майданга туш келген бүтүндөй бир муундун арманын, өмүр бою коштоп жүрчү өкүтүн баяндаган, профессор Лайли Үкүбаеванын айтымында, балалыгын согуш уурдап алган муундун эпосу десек жарашат.

Лайли Үкүбаева.
Лайли Үкүбаева.

- Атасына болгон сыймык анын жан-дүйнөсүн аябай көкөлөтүп салат. Ошондуктан ал алдыга чыгып “Менин атамды көрдүңөрбү? Атам мына мындай болуп калбадыбы! Мындай болуп баатырдык көрсөтүп, минтип өлбөдүбү!” - деп аны туурайт. Эми бул мындай караганда жөнөкөй гана бир эпизод катары көрүнөт. Бирок бул жерде автор согуш эң кичинекейлердин да кичинекейинин жүрөгүнө жеткендиги жөнүндөгү оор кырдаал, мезгилди сүрөттөп жатат. Дегеле кандай үй-бүлө болбосун, кайсы муундагы адамдар болбосун, согуш ошол муундун бардыгына тийип өткөнүн, бардыгынын жүрөгүн жаралап өткөнүн, ал эми согуштагы аталардын эрдиктери бардыгы үчүн сыймык болгондугу жөнүндөгү улуу, кичинекей нерсе болсо да эпопеяга тең масштабдуу чыгарма катары тарыхта кала берет деген ойдомун.

“Атадан калган туяк” аңгемесинин сюжетинин негизинде телефильм тартылып, ал кыйла жылдардан бери коюлуп келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG