Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:03

Эрнест Абдыжапаровдун “сыйкырдуу реализми”


"Саякбай" фильминен үзүндү. 26-сентябрь, 2016-жыл.

Маданияттагы баштапкы уңгуга кайтуунун ылайыктуу мисалы катары элдик улуу талант - манасчылык тууралуу баян кылган Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” аттуу жаңы фильмин айтууга болот.

Борбор Азия маданияты (мындан келди, адабият менен кино да) латын америкалыктардын артынан “сыйкырдуу реализм” термининин эн белгиси менен сыпатталып чыгышы зарылдай сезилчү. Жетимиш жылга созулган совет тарыхы бизди маданияттын табигый өнүгүшүнөн алыстатып салган. Азыр баштагы калыбына келүү аракети жүрүп жатат. Баштапкы уңгуга кайтуунун ылайыктуу мисалы катары элдик улуу талант - манасчылык тууралуу баян кылган Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” аттуу жаңы фильмин айтууга болот. Бу фильмде этнографиялык тактыкта чагылдырылган реалдуулук менен сыйкыр дүйнө, теңирчилик таанымынын керемети бирдей көрсөтүлгөн. Абдыжапаровдун фильми жалаң эле Кыргызстанда эмес, жамы Борбор Азияда кино өнөрүндөгү жаңы багытты ачат.

“Саякбай” тасмасы тууралуу кеп кылуудан мурда ХХ кылымдын ортосунан тартып жамы дүйнөнү кызыктырган латын америкалык романдардын “сыйкырдуу реализминин” негизги белгилери менен мүнөздөмөсүн эске сала кетели.

Биринчиси. Көнүмүш менен чектен тыш нерсени ортодон бөлүп турган чек жоголуп, окуянын керемет дүйнөгө байкалбай тартылып кетиши. Ал керемет реалдуу дүйнөгө ушунчалык батып кеткен экен, кереметтин өзү катардагы нерседей, ал эми катардагы нерсе кереметке айланып, минтип экөөнүн өтмө катар жупталып калышынын себеп-жөнү түшүндүрүлбөй эле калат.

Экинчиси. Мезгил агымы билинбей калат: өткөн учур чакка өтүп, азыркы болсо эч ойлонбой болочокко кошулуп кетет, анан бир учурда каармандар өздөрүнүн келечегин, дагы башкасын мурда эле билишкени ачыкка чыгып калат.

Үчүнчүсү. Баяндоого улуттук оозеки чыгармачылык менен аңыз кептер аянбай кошулуп айтыла берет. Анын үстүнө реалдуулук аңыз кеп, жомок, эпос менен мамыр-жумур болуп жуурулушуп кетет. Ага ылайык реалдуу каармандар менен катарлаш апыртма кеп ачыкка чыгып, маркумдардын арбактары, айкөл баатырлар жана башкалар окуяга кадимкидей катыша беришет.

Төртүнчүсү. Каармандар жамааттын энчисиндеги мифологиялык аң-сезимди алып жүрүүчүлөр катары чыгышат: кээде автор бир эле каарманына бүтүндөй бир уруунун, атүгүл жамы калктын жалпыланма портретин жүктөп коёт.

Бешинчиси. Сыйкырдуу реализм элдик ишеним-түшүнүктөргө негизделген, андайда көнүмүш фантастика деле кадыресе турмуштук окуяга айланып, жыйынтыгында ал окурмандын эсинде фантастика катары калат.

Дагы бул кубулуштун бир топ белгилерин терип-тепчип санап чыксак жарашмак. Жогоруда саналгандар деле Эрнест Абдыжапаровдун тасмасында алардын кайсынысы колдонулганын аныктоого жетиштүү.

Эки дөөнүн маеги

Ошентип Саякбайдыкына “үлкөн конок” келиптир, улуу манасчынын босогосун жапжаш Чыңгыз Айтматов аттап отурат, ал кезде дүйнөгө таанымал жазуучу боло элек, чыгармачылыкка ынтызар жигит. Сыйкыр менен керемет кийин болот.

Тасманын тарыхы жана маданий баалуулугу тууралуу кеп кылсак, анда албетте, кинону жаратуучулар кыргыз маданиятынын эки лөгү – манасчы Саякбай Каралаев менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кездешүүсүн алдыга алып чыгышкан. Эгер бул катардагы эле баяндоо болсо бир жөн, ал ушул турушунда деле бир топ кызыгуу жаратмак, а бирок фильм авторлору дагы тереңге сүңгүп отурушпайбы: киночулар экөөнүн жолугушуусуна сыйкырды – улуу “Манас” эпосунун мезгил менен мейкиндикте каалгып жүрүшүн кошушкан.

Кинонун башталыш сүрөтү – көрүүчүнү айран калтырган кереметке толгон: толкун чачкан Ысык-Көл жээгиндеги кичинекей үй; жуулган кирди жайган зайып; 60тан ашкан Саякбай, аялына келип тезирээк дасторкон жаюуну буйруганы, чоң конок камылгасы. Чоң конок аны кантип тосуп аларынан кабарсыз, анын келери деле айтылган эмес, тек Саякбайдын болжолунда (мүмкүн ага түшүндө аян берилгендир) бүгүн үйүнө конок келет.

Качан гана машинадан жапжаш жигит түшкөндө карыя таң калганын жашырбайт: “А мен чоң конок келет деп...”. Чын-чынына келгенде Саякбайдын үйүнө “чон конок” келет. Манасчыга кездешкени жапжаш Чыңгыз Айтматов келип отурбайбы, ал кезде анын атак-даңкы дүйнөгө тарай элек. Керемет, сыйкыр бул жерде алдын-ала туюмга катылган, сезимди ээлеп, болочок менен байланыштын жолун ачкан жолугушуу.

Оомал-төкмөл тагдыр

Тарыхый учур жагдай-жайына токтолсок, бул жерде баары тең жөп-жөнөкөй: тасмада баяндалган негизги учур – 1950-жылдардын аягы, ага өткөндү эскерүүгө байланышкан беш эпизод киргизилген, эскерүүлөр так хронологиялык тартипте жайгаштырылган эмес. Жаштык, манасчынын келинчеги Бейшекан менен сүйлөшкөнү (1921); Саякбайдын балалыгы, анын ата-энесинин орустун сүргүнгө айдалган адамдары менен кошуна жашаганы (1904); Саякбайдын төрөлүшү (1894); балалыкка байланышкан дагы бир эпизод (1904) жана манасчынын ата-энесинен ажырашы (1916).

Өткөндү эскерүү ушунчалык эле керекпи? Саякбайдын өмүр баянын айтып бериш үчүн албетте, зарыл. Мына ушул беш эпизоддун экөөнө такталган тиричилик эпизоддору десе жарашат. Бирок алар да ар кандай стилистикалык планда чечилген.

Бейшекандын чоо-жайын баяндаган биринчи эпизод Абылхан Кастеевдин керемет сүрөт ачкычы аркылуу чечилген. Мында ХХ кылымдын башындагы кыргыздардын (казактардын) турмуш-тиричилиги ынанымдуу көрсөтүлөт. Чатырап толуп турган жайлоонун керемет көрүнүшү, жасалгалуу боз үйдүн ичи укмуш тартылган. Бул жерде фильмдин сүрөтчү-коюучусу Толгобек Койчумановдун жана талаа менен көчтү келиштире тартуу жагынан Борбор Азиядагы эң мыкты таланттардын бири оператор Хасан Кадыралиевдин эмгегин белгилей кетиш керек.

Экинчи эпизодду “Үй-бүлөлүк карым-катыш” деп койсок болот. Анда Саякбай манасчы коңшусу орус кызы Лена менен көчөт отургузат – бул эпизод стили жагынан Тарас Шевченконун “казак” акварелдерин эске салат. Түстөрдүн арасынан экөөнү - кара менен акты гана бөлүп алган бул эпизод деле реалдуу, ага улай “сыйкырдуу реализм” башталат. Ленанын агасы Сергей апасына: “Кумда көчөт өсмөкпү” деп, кум үстүнө терек көчөттөрүн отургузуп койгон балдардын жоругуна күлөт. Фильмде ошол кум үстүнө отургузулган кош көчөт кийин тирелген кош терек болуп жетилет, чын дилден тилек кылып иш баштаса анын натыйжасы болбой койбостугу фильмде дагы бир ирет ырасталат.

Кайып дүйнө

Кийинки үч “эскерүү” сыйкырдуу дүйнөгө гана тийиштүү.

Саякбай өзүнүн кантип төрөлгөн учурун билбестиги эч кимге талаш туудурбас. А бирок ал төрөлгөн учурун айтууга өтөт, тагыраагы бул эпизод мындайча көрсөтүлөт: энеси Саякбайды төрөй албай, азап тартып атканда айылга манасчы келип, “Манас” айта баштайт. Айкөл Манастын жары Каныкейдин арбагы төрөттөн кыйналып аткан аялга көмөк көрсөтүп, бул жарыкчылыкка Саякбай манасчы келет.

Менин оюмча, фильмдеги ашкан маанилүү жана өзгөчөлүү эпизод – кичинекей Саякбайдын Каныкейдин арбагы менен жолугушканы. Бала талаада чуркап баратат, чуркаган бала барып-барып көккө сиңип кетет. Бала боз үйго туш келип, бирок үйдүн туурдуктары жок, жылаңач кереге, ичкериде дасторкон жайылып, Каныкей баланы шашпай даам сызууга, демин басып отуруга чакырып, мунун баары “Манастын” саптарына айланып, даам сызуу, аны сезүү, акырында ага берилүү менен коштолот. “Мындан ары сен “Манас” айтасың” дейт Каныкей. Анан жамгыр төгүп кирет. Кинодо баласын издеген ата, бала болсо күпүлдөп “Манас” айтып атыры, баласынын токтолбосун билген ата чапаны менен уулун жаандан калкалайт. Бул эпизоддо улуттук фольклордун каармандары реалдуулукка жуурулуп, тирүүлөр арбактар менен жолугуп, баары аралашып, жалгыз Каныкей эмес, эпостогу үч баатыр ат ойнотуп окуяга кирип кетишет.

Арон Брудный “Мүмкүндүктөр мейкини” китебинде Саякбай Каралаев көргөн түшкө кайрылып, анда улуу манасчы Каныкей эненин колунан ооз тийген бир кесим эттин аркасында манасчы болуп калганын белгилейт. Башкача айтканда, үчүнчү “эскерүү” – нака реалдуулук эмес, манасчынын түшү, аягы реалдуулукка айланып кеткен түш. Ал эми арбак менен сүйлөшүү – адаттан тыш окуя деле эмес, кыргыз менен казактын маданиятына мүнөздүү нерсе. Негизи эле арбакка ишенүү көпчүлүк элдерге мүнөздүү нерсе. Маселе бул жерде сүрөткердин (жазуучулар, киночулар) бул материалга кантип кайрылышына байланыштуу.

Өтмө катар реалдуулук

Фильмдин финалдык сценасы адамды аптыктырчу окуяга айланган – Саякбай Каралаев айылдаштарынын алдында күпүлдөп “Манас” айтууда. Бул эпиздо Төлөмүш Океевдин “Манасчы” документтүү фильминен алынган, анда Мухтар Ауэзов "ХХ кылымдын Гомери" деп атаган улуу жомокчу Саякбай Каралаев тартылган. Бардык иштерин жыйыштырып койгон айылдыктар бала-чакасын жанынан алып, төгүлгөн жамгырга, токтолбогон шамалга карабай Саякбай манасчыны угуп олтурушат.

Эрнест Абдыжапаров да угуп отурган элди шашпай көрсөтүп чыгат, алардын арасында Чыңгыз Айтматов олтурат, Саякбайдын бала кездеги курдашы Сергей (кийинки генерал Баженов), карылар, жаштар, балдар, кыз-келиндер, аялдар. Азыноолок тыным – манасчы алдындагы чыныдан кымыз ууртап, анан кайра күпүлдөп жомокко кирип, айкөл Манастын эрдиктерин баяндоого киришет.

Мына ушул кезде денең “дүр” дей түшөт, коркунучтан эмес, өткөн менен бүгүнкүнүн минтип тизе кагыштырып отурганы, качан жок болуп, сөөгү сөпөт болгон жакын адамдарың жаныңда отурганын сезүү денеңи бир алдын ичиркентери бышык, болуп атканды аңдоо ушинтип аптыктырып коёт.

Кайрадан баяндоонун ынгайы өзгөрөт: жумшак ымырттыктан түс көккө, муздакка көчөт, көктөн каалгып түшүп аткан кар бүртүктөрүнө аралаш камера экинчи айлампаны алдыга тартат, мына алдыбызга Чыңгыз Айтматов, аны менен чогуу отурган Саякбайдын ата-энеси; Ленинград блокадасында курман болгон Лена, Саякбайдын бала кездеги курбусу; аны менен Сергей, ата-энеси; генерал Панфилов, айтылуу 28 панфиловчу, алардын алдына барып да Саякбай кан майданда “Манас” айткан.

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

Мына ушул кезде денең “дүр” дей түшөт. Коркунучтан эмес, өткөн менен бүгүнкүнүн минтип тизе кагыштырып отурганы, качан жок болуп, сөөгү сөпөт болгон жакын адамдарың жаныңда отурганын сезүү денеңи бир алдын ичиркентери бышык, болуп атканды аңдоо ушинтип аптыктырып коёт. Кар калыңдай түшөт, экранда жарандык согуштун катышуучулары, окуя дагы терендейт, кылымдар тереңинен Каныкей, Манастын баатырлары чыгышат.

Биринчи ирет борборазиялык кинодо мезгил агымын бир жерге чогултуу ыкмасы колдонулууда, тарых катмарлары мифологиялык катмарлар менен биригүүдө. Бул “сыйкырдуу реализмге” мүнөздүү ыкма, тирүү каармандар арбактар менен чогуу жүрүшөт, өткөндү эскерүү азыркы учурга аралашып кетет. Теректер кум үстүндө өсөт. Бүркүт адамды сактайт. Улуу манасчы Саякбай Каралаев жазуучу Чыңгыз Айтматовго батасын берет, рухий билимдин туусун өткөрүп берет. Апыртпай айтканда деле, бул өзу эгемен Кыргызстанда тартылган эң мыкты фильмдердин бири, улуу маданият тууралуу жаңыча баян кылган мыкты чыгарма.

Макаланын автору - Борбор Азиядагы белгилүү казак кино сынчысы жана кино таануучусу Гүлнара Абикеева.

Которгон Бекташ Шамшиев.

Материалдын түп нускасы «Азаттыктын» сайтында жарыяланган (“Азаттык” радиосунун казак редакциясы).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG